Categories

ТЕКЕБЕВ МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛАТ

Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди. Буга чейин активист Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган. Кечээ Административдик сот Ормуковдун өтүнүчүн канааттандырганы белгиленди. Өмүрбек Текебаев “Коррупция” беренеси боюнча соттолгонунан улам ажыраган мандатын кайтарып алуу боюнча арызын берген. Буга ага карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, ишти кайра башынан кароого жөнөтүлгөнү негиз болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы саясатчынын арызын 15-октябрда канааттандырып, Текебаев кайра депутат болуп парламентке кайтып келген.

 
Categories

Саясатчылар элди ойлойбу?..

Соңку күндөрү өлкөбүздө саясат жогорку чыңалууда турат.
Парламенттик шайлоону ыплас мыйзам бузуулар менен өткөргөн бийлик эл тарабынан жарым жартылай жазаланды.
Мындай дегеним президент Сооронбай Жээнбеков Акүйдөн куулганы менен дачасына жашынып иштеп жатат.
Өлкөбүздөгү кырдаал турукташып, баары мыйзам талаасына түшкөндө кызматымдан кетем деген президентти айрым саясатчылар менен жакын адамдары айткан сөзүнөн кайтууга үндөп жатат.
Эгер андай болсо анын кесепети канчалык кайгылуу жана өкүнүчтүү болоорун президент сезбей жатса анда чын эле абдан кейиштүү.
Кечээ Канат Исаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлоого жетишкен президент жана анын жан жөкөрлөрү кайра күчтөнүп баштадык дешсе чоң жаңылышат.
Парламенттен премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаровго жарлык чыгаруудан баш тартып, артка кайтаруусу чоң чырдын башталышына жол ачпаса болду.
Анткен менен президенттин антип артка кайтарууга укугу жок. Баш мыйзамда андай норма каралбаган.
Баш мыйзамда президент дайындайт же дайындабайт деген эле так эреже бар.
Үч күн ичинде президент кол койбосо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелип өкмөт иштей берет.
Демек Садыр Жапаровдун өкмөтү мыйзамга ылайык ишке киришти.
Демек президент жаңы эреже тапты.
Ушундан улам президент кырдаалды турукташтырмак түгүл кайра курчутууга жол ачты.
Өкүнүчтүү…
Анткени элдин маанайы такыр башка.
Жээнбековдун эл арасындагы кадыр баркы төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.
Демек анын мындан ары өлкөнү башкарууга такыр моралдык укугу калбады.
Ал азыр жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп коюуп кетем деген ойго келди.
Өткөн парламенттик шайлоону дал ушул президент таза, ачык өткөрө албай шерменде болдуго.
Анан эми кантип кайра шайлоо өткөрүүгө укуктуу болмок.
Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан борбордук аянтка чогулууда.
Кайрадан кооптуу абал жаралууда.
Саясатчылар бир пикирге келип, бардык саясий оюндарды токтотпосоңор болбойт.
Элди кыйнабагыла!
Элдин жашоосун, өлкөнүн экономикалык абалын ойлонгула!
Ансыз да көйгөйлөр өтө көп…

 
Categories

Элдин чыдамы кетүүдө

Акыркы күндөрү өлкөдөгү саясий кырдаалдын кооптуу бойдон калышы элди тынчсыздандырууда.
Азыр ар кандай саясий интригаларды токтотуп, ынтымакка келип, элдин өлкөнүн тагдырын баарынан жогору коюуну эл талап кылып жатат.
Ал үчүн Президент С. Жээнбеков менен С. Жапаров тез арада жолугушуп сүйлөшүп кырдаалды жөнгө салуулары зарыл.
Антпесе өлкөбүздө эки баштуу бийлик өкүм сүрүп, натыйжасы абдан кейиштүү болуп калат.
Ортодо өз кызыкчылыктарын элдикинен жогору көрүшкөн саясатчылар ар кандай кутум уюуштуруулары толук мүмкүн.
Андыктан ачык айтып ак сүйлөп, баарын эл алдында бир беткей чечип, бир жактуу бийлик жүргүзүү керек.
Мындай баш аламандык дагы көпкө узарса анда элдин чыдамы түгөнүп, баардык демилге элге өтүп кетсе эч ким эч нерсеге жооп бере албай калат.
Ошого жеткирбөө зарыл.
Өлкөбүздөгү бардык саясий күчтөр тезинен бир столго олтуруп, баарын укуктук талаага киргизүү зарыл.
Учурда мурда болуп көрбөгөндөй ынтымак биримдик өтө керек болуп турат.
Антпесек башка өлкөлөргө биз кыргыздар бийликти кулатууга гана күчтүү болуп, мамлекеттин бүтүндүгүнө келгенде алсыз жагыбызды көрсөтпөшүбүз зарыл.

 
Categories

Кол жоолукка айланган депутаттык мандат

Акыркы эки айда Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтүп бараткан алтынчы чакырылышынын депутаттары мөөнөтүнөн мурда мандаттарын тапшыруулары абдан өөн учурай баштады.
Анткени партиянын кийинки тизмеде кезек күтүп отургандарга эки ай, бир ай калганда мандатын берүү өтө эле жагымсыз жагдай болуп калды.
Алардын максаты эптеп эле өмүр баянына ЖКнын депутаты болгон деген эле керек болуп турат.
Мына мындан төрт ай мурун мандат алган Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Жаныбек Жоробаев кечээ мандатын тапшырып берди.
Эми анын ордуна тизмеде турган бирөөсү эки жумалык мандат алат.
Балким жаңы мыйзам кабылдап Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтү аяктап калган үч айда жаңы мандат берилбейт деген чек киргизүү учурдун талабы болуп калды окшойт.
Антпесе депутаттык мандат кол жоолукка айланып калды.