Categories

Чыңгыз Айтматов: Толстойду тирилтүү керекпи?

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк. Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

 -Байкашымча, айрым чыгармаларыңызда, айрыкча “Кассандранын тамгасында” орустарды терс каарман катары көрсөткөндүгүңүзгө орустардын арасында өпкөлөө бар окшойт.

-“Тавро Кассандрада” космосто жүргөн каарман Америка жана орус цивилизациясына таандык өкүл. Космостун жолун ачкандардын ордуна  калмактанбы, монголдонбу, кыргызданбы бирөөнү апарып сүйлөтүп коюу колдон келет. Сонун болор эле. Бирок “типология” болбой калат да. Чоң адабиятта ынандыруу максаты турат да. Ишенич туудурбаган китеп канчалык кызык болгону менен кемчиликтүү.

Азыркы жазып жатканым өзүбүздүн Таласта, жакындагы  Жубалы (Казакстанда) боло турган окуя, ошоердеги кишилердин турмушу. Албетте,анда өзүбүздүн кишилерди жазам. Ал эми андан ары кетсем, чөйрөсү, маселелери кишилери башка болот. Мунун эч кандай өйдө – төмөнү жок.

-“Кассандранын тамгасында” аял каармандын аты эмнеликтен Руна? Анын байыркы рун жазууга байланыштуу символикалуу жагы барбы?

-Руна башыбыздан өткөн тарыхтын бир тамгасы. Аялга жараша турган ысым. Ал эми Рунанын тагдыры да өзүнчө замана баяны. Кезинде идеологияны ар кимдин мээсине мык каккандай орнотуш үчүн эчен –эчен кишилер сүрүлдү, куулду. ”Чын эле ушундай болгонбу?” деп азыр ага ишениш  кыйын. Анда жазалоо-амал катары, адамды кул өңдүү  баш ийдирүү куралы катары биринчи катарда турчу.

Жазаны колдонунун да өзүнчө максаты, маданияты, философиясы болуш керек. А мурда жаза бардык элди багындырыш, ал тургай, аң-сезимин бийлеп алыш үчүн жумшалган тынбаган амал эле. Руна ошонун бир курмандыгы.

Руна деген атка маани берип, символ кылган жокмун. Андай аттар европада бар. Мен аттын кыска, кооз болгону жакшы экенин байкадым. Америкада, бир аз күлө түшсө болот, аты узун киши саясий мансапка жете албай тургандыгын, Бил,Том, Боп деген сыяктуу кыска аттуулар саясий мансапка тез жетерин тамаша кылып айтышат. Америкалыктар немистердин, славяндардын 5-6 муундан турган фамилиясына таңданышат ”Эмне үчүн мынчалык узак?” дешип ийиндерин кысышат.

-“Кылым карытар бир күндө” башка шири кийгизип, ашкан зордук жолу менен маңкурттукка жеткирилген бечара тууралуу баяндадыңыз.”Кассандранын тамгасында” Крыльцов илим жолу менен жараткан маңкурттар тууралуу кейиштүү кеп салдыңыз. Деги адамзат маңкурттардан кутулабы?

-Крыльцов бийлик сүргөн идеологиянын тапшырмасын аткарып, табигый жол менен туулуп өскөн адам баласына өзгөртүү киргизүү, аны автомат сыяктуу, идеологияга кыңк этпей баш ийип, ошонун үйлөгөн күүсү менен жүрө турган руханий сокур жандарды жаратуу максатында жүрдү да. Ошондо менин жазгандарым фантастика болсо, азыр, бир кызык, чындыкка айланып баратат өңдөнөт.

Маңкуртизм ар түрдүү формада, ар кандай кезде кездешет. Өзүнүн аң-сезимине ээ болбой, бир нерсеге ээрчип, фанатизм жагына кеткендерди да маңкурт дей башташты.

Адамдын аң-сезимине, ой жүгүртүүсүнө таасир эткен толуп жаткан каражаттар, аспаптар бар.Телевидение, газет-журналдар алдына атайын арамза максат койсо, кишини маңкуртка айландыра алат.

  -Крыльцов “икстектүүлөрдү” жаратканды Горбачевдун учурунда токтотту го. Муну менен ага чейинки советтик кишилердин бардыгы иксрод эле дегениңизби?

-Жо-оок,мындай да. Горбачевго чейин тоталитаризмдин, идеологиянын , зордуктун жетилип турган учуру болчу. Аны баарыбыз билебиз, башыбыздан өткөн. Горбачев перестройканы баштабадыбы. Азыр перестройка жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып жүрөт.Тилдегени тилдеп,каргаганы  каргап жатат. Ал ар кимдин өз эрки, өз түшүнүгү. Менимче, ал тарыхый козголуш болду. Эгер перестройка болбосо, тарыхтын ар жагы кандай болот эле, эмне менен бүтөт эле, үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып, адам баласынын түбүнө жетет беле? Аны ойлогондор аз.”Кечээ мындай эле,бүгүн мындай” деп күндөлүк оокатты ойлойт.

А чынында перестройка бизди, бүткүл адамзатты тарыхый кыйроодон куткарды. Аны чын-чынына келгенде Горбачевдун өзү да ошончолук ойлоп, максат койгон эмес чыгар.

Тарыхта мындай бурулуш бирөөнүн колу, эрки менен жасалбайт. Бул тагдырдын, бир топ себептердин кошулушунан жаралган тарыхый процесс.

  -Кайсы каарман – аялбы же эркек, оң же терс жөнүндө жазуу оңойбу же кыйынбы?

-Баары эле кыйын го дейм чындап келгенде. Үстүртөн жазсаң, кете берет. XX кылымдын аягында окурман ынанарлык образ түзүш керек. Азыр адам баласынын аң-сезимин, жүрүм-турумун, кылык-жоругун көрсөттүш өтө кыйын. Саяссаты бир жагында, ички дүйнөсү бир жагында, философиясы бир жагында, күндөлүк кызыкчылыгы бир жагында.Ошонун бардыгын эске албаска мүмкүн эмес.

  -“Кассандранын тамгасында” Филофейдин илимий ачылышы адамзатты чуу түшүрүп, дүйнөнү астын-үстүн кыла жаздады. Ал эми турмушта англиялык окумуштуулар койду, америкалыктар торпокту көчүрмөлөп, кишини  көчүрмөөлөгө  ыкыс берип турса деле кымындай каршылык көрсөткөнгө жарабады го?..

-Анткени, клонирование азырынча тажрыйба катарында болуп жатат. А кокус  эртең ал бардыгына тиешелүү болсо,ошондо көрөсүң  чууну.

Азыр дагы изденүүлөр жүрүп жатат.Компьютерде адамдын аң-сезимин сактап калуунун амалын тапканы жатышат.

Адам баласынын жаралышы керемет нерсе да. Биология жолу менен алганда, төрөлүп, буйруган өмүрүн жашап, ажалы жеткенде кете турган жол-жобосу да. Муну өзгөртүш болбойт да.

Албетте, 100гө чыксам , анан 110го чысам, дагы жашасам деп өлбөстүктү эңсегендик – ал турат. Дары-дармек таап, ар бир кишини 100 жашка чейин жеткирип койсо,жаманбы? Жакшы. Анын жанагинтип кийлигишип, адамды илим-билимдин жолу менен өзгөртөбүз десе, менин өзүмүн оюмча-бул чоң бузукулук.

-Кишини көчүрмөлөө илимий жетишкендик эмеспи?

-Илимий жетишкендик. Илимди дагы жөнү , этикасы менен колдонуш керек. А болбосо, адам баласынын түпкү сапаттарын бузуп, талкалап, өзгөртүп жибериши мүмкүн.

  -Илимпоздорго изденүү багытында чек коюлса кантер эле?

-Адам баласынын бир касиети-тынбай изденүү. Ошонтип барып, атомдун түзүлүшүн билип, энергиясын пайдалануунун жолун тапты. Атом энергиясы ачылганда Эйнштейндин өзү айтса керек эле “Бул коркунучтуу табылга болду” деп. Менин өзүмүн оюмда, ошондо атомдун сырын билген 5-6 окумуштуу чогулуп, “Кой,муну жашыралы. Бизден башка эч ким билбесин” деп бири-бирине ант берип, токтотуп салса, балким ,тарых башкача болмок.

А бирок ошентип макулдашкан күндө да бирөө бийликти ойлойт, бирөө атакты эңсейт, бирөө байлыкты көздөйт. Атагын чыгарыш үчүн  сырды жарыя кылып жибериши мүмкүн эле. Адам баласы ошондой да. Кишини бул жагынан токтото албайт.

-Жана электрондук цивилизация жөнүндөгү уу-дуулуу кабарды сөзүңүзгө кыстарып өтпөдүңүзбү. Аны Америкага барып иштеп жаткан илимпоз Болонкин  маалымдады.

-Ал Крыльцов менен бирге иштешип, анан ошол жакка барган.(Күлүп).Өзүмүн кабылдашымда. Ал мына ошол тукумдан.

  -Болонкиндин айтымында ,электрондук цивилизация келгенде, бир селки Сизди сыртыңыздан сүйүп калса, компьютердин жардамы менен Сизди жасатып алуу мүмкүндүгү бар экен. Буга макулсузбу?

-Жок.Жо-жо-жок. (Чыңгыз Төрөкулович колун шилтеди).Биологиялык турмуштун чегинен чыгып  кетиш жарабайт.Бул шайтандык. Дьявольщина!

  -Киши биологиялык өмүрү бүткөндө мээсиндеги программасын компютердин чибине көчүртүп кетип, ал жасалма денеде түбөлүк жашап, иштей алат тура..

-Түшүндүм. Ага да макул эмесмин. Бардыгы өз жолу, өз орду менен болуш керек. Анда тиги…Толстойду, Достоевскийди тирилтип иштетели. Бирок ал чыгармачылык эмес да. Анык табылга болбойт. Жасалма турмуш, жасалма киши. Жасалманын бардыгы терс нерсе.

Даярдаган Назаркул кызы Назик

 
Categories

Чыңгыз Айтматов: “Жаңы кылымда даяр оокат жок..”

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк. Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

-Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргызстан мүчөлүккө кабыл алынбай турганы жөнүндө каңшаар тарап,айрым гезиттер ал жөнүндө дабалары кана жазган эле.Анан Теңир жалгап, КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң биринчи болуп, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө өтүп кеттик. Бул ийгиликте элчи катары Сиздин үлкөн үлүшүңүз бар экенин уктум. Аңгемебизди ошондон баштасак…

-Мейли,арзый турган аңгеме.Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна 132 мамлекет мүчө. Россия баш болуп, дөө Кытай жана башкалар кирүүгө умтулгандар толуп жатат. Мурда Кыргазстандын БСУга кирүүгө 2-3 аракети ар кандай шылтоолор менен оңунан чыкпаган. Бул жолу Эсенгул Өмүралиевге Женевадагы өкүлүбүз, биз жардамдаш болдук. Президентибиз Аскар Акаевдин БСУнун Европа бирикмесинин жетекчиси Сантерге жазган катын түз жеткиздик. Сантердин эксперттери менен 2-3 жолу пикирлештик. 5-октябрда Европа мамлекеттеринин Министрлер Советинин кеңешмеси өтүп, көп маселелердин арасында бизди катарга алуу , албоо маселеси да каралды. Анын алдында Тышкы иштер министирине жолугуп, өлкөбүздөгү стабилдүүлүк , тынчтык , экономикалык жетилүү жагынан канчалык зааркел түшүндүрдүк.

Эмнебиз болсо да сатууга, эмнени болсо да сатып алууга Бүткүлүк дүйнөлүк базарга бизге жол ачылды. Сантер менен А.Акаев бири бирине кат жазышып, ыракмат айтышып, ыраазычылык билдиришти.

Брюсселдеги элчилигибиз орун-очок алып, ишибизди жүргүзүп жатабыз. Дагы мыктыланса, дагы өнсө деген тилектер, аракеттер бар.

-Сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу үчүн имаратты жалдоого бизде эле ат башындай алтын керек. А Сиздин шарапатыңыз менен Европада биздин сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулганы жатыптыр го, каңырыш укпасам…

– Маданият жагынан Европарламент менен келишим түздүк. Анын имаратына оңой менен киргизе койбойт, а бизге көркөм сүрөт көргөзмөсүн уюштурууга имаратын 15 күнгө акысыз берип жатат.

Европада сүрөт толуп жатат. Аларды жайып көргөзгөнгө жай жок. Залды жалдаганга аренда акысы өтө кымбат. НАТО, Евросоюз,ТАСИС,күндөлүк дипломатиялык иштерибиз бар. Аларды жүргүзүп жатабыз. Элчилигибиз дагы да мыкталса, өнсө деген тилектер,аракеттер бар.

Уландысы бар

Даярдаган Назаркул кызы Назик

 
Categories

Чыңгыз Айтматов: “Менде юмор жок…”

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк.  Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

  -XXI кылымда элетте эл калабы?

-Бул өтө оор маселе. Жүрөккө батчу маселе. Албетте, шаар деген шаар. Ал – ордо. Ал эми негизги күч – кубат айылдан келет.

Шаардын көчөсүн карасаң эл толуп кетиптир. Аларды айыпташ кыйын. Тиакта жасай турган жумушу, өндүрүш жок, күн көрө албайт. Шаарга келгенде, аларага бейишти түзүп койгон эч ким жок. Көчөдө ар нерселерди сатат.Жаштар шаардан өз ордун таба албай, ар кандай окуяларга байланышып калып жатат. Ошонун бардыгы кандайдыр башкача атмосфера түзөт. Адамдын кулк-мүнөзүнө да, ыйманына да ар түрдүү таасири тийүүдө. Анткени, жаштардын күч-кубатын, рухун жумшай турган шарт жок болуп жатат. Буга бир-эки киши айыптуу эмес, тарыхый процесс.Театрларда мына ушул көрсөтүлсө…

Экономикалык бийик деңгээлге жетсек, менин оюма койсо, кыялымда айылдар сакталып турса. Бирок турмуш оңолсо, айылдар толугу менен электрлешип, газ, суу түтүгү, радио, телефон иштеп, толугу менен телекоммуникацияланып,жолдор асфальтталып, ар бир үйдө өзүнүн машинасы болсо, айылда турганга не жетсин!Ошону менен катар илгерки адатыбыз менен жашаса…Ошого жетебизби, жокпу? Кем –карч боло берсе, өзгөчө, жаштар бакыт издеп туш-тушка кетет экен да кыдырып. Бул зор, улуттук маселе. Улуттун тагдыры айылга байланыштуу.

-XXI кылымдагы кыргыз жазуучусун кандайча элестетесиз?

-Кыргызча жазат негизинен. Бирок эмики жаштардын диапозону кеңири болот. Англис тилин үйрөнөт. Бизге орус тили чоң кызмат кылып берди, азыр да кызмат кылып жатат. Бирок азыркы аймагы, чөйрөсү жетишээрлик эмес. Жакшы билсең , эки – үч тилде жазганга не жетсин! Көп тилдүүлүк – коомдун эволюциялык өнүгүүсүнүн фактору.

  -XXI кылымда кыргыз жазуучусу , балким. Сиздей түйшүкө түшпөй ,чыгармасынын өзөгүн айтып, компютерге тапшырма берип коюп, компьютерден дапдаяр повесть, романдарды четинен чубап ала берер?

– Андайлар бар. Ал түгүл шахмат ойнойт экен. Бирок тирүү рухка, кишиге жепейт.Тирүү рух-ал өзүнчө космос, түгөнгүс нерсе чындап келгенде. Прогресс болуп жатпайбы. Жүз жыл мурдагы адам баласынын өнөрү түшүнүгү менен азыркыны салыштырыш мүмкүнбү? Ал биздикиндей акыл-эске коомдук аң-сезимге ээ беле? А кийинкилер бизден бетер өнүгөт. Ошондуктан, компьютер техникалык жактан өтө өрчүшү мүмкүн, бирок адам баласындай аң-сезимге, түшүнүкө ээ боло албайт.

-Сиздин ар кандай чырдан алыс жүргөнуңүздү да жактырбагандар  бар. Бирөөлөрү Сизди советтик түзүлүшкө ачык каршы чыкпаган деп айыпташса , башкалары Аскар Акаев менен араздашпаганыңызга нааразы…

-“Фудзиямадагы кадыр түн” Америкада коюлуп , алгачкы жолу барганда бир жазуучу аңгемелешип калдым. Экөөбүз аркы-теркини сүйлөшүп отурганда айтат? ”Силердики жыргал, чатак чыкса эле силерди камап салат. А биздики жер өрттөсөн да көңүл бурбайт. Мени түрмөгө салып койсо жакшы болоор эле” , – дейт. – Чыңгыз Төрөкуловичке кошулуп эрксизден биз да күлдүк. Таң калып оозум ачылды. Ой, түрмөгө түшкөндүн эмнеси жакшы десем. Ошондо менин атагым чыгат эле”- дейт.

-Эки нерсе менин оюма көп түшөт. Биринчиден, кылымыбыздын алп жазуучусу Мухтар Ауэзовдун нар көтөргүс “Абай жолу”романында жүзүмдөй гана азил бар. Бирок ,окурмандын эсели эсинен кетпейт. Ошонун сыңарындай, Сиздин повесть романдарыңыздын ичинен “Кызыл жолук жалжалымда” гана азил кездешет. Илияз бузулган машинасын оңдоп алдында жатканда кирзо өтүкчөн неме келип жанына токтоп калат эмеспи .Илияз жактырбай “Чоң эне ары өтүп кетиңиз” дейт. Анда тиги ”Мен чоң эне эмесмин”,-дейт. Илияз жанына кыз келгенин ошондо билип, сурайт:  “Сулуусуңбу?” – “Карап көрбөйсүңбү”,-дейт Асель буйдалбай. Эки ашыктын капыстан алгачкы кездешүүсүнүн мазмунун гана айтып отурам. Эң жөнөкөй,табигый таңдайдайдан даамы кетпес таберике айланган тамаша. Башка чыгармаларыңызда эмнеликтен бул сыяктуу эт жүрөктү элжиреткин азилдерди колдонбойсуз?

-Мен өзүм, чынын айтайын юмору азыраак кишимин. Мало юморлуу кишимин. Анча куудулдугум жок. Башкалардыкы төгүлүп турат, кайнап турат. Кээде ойлойм: Мен эгер , жазуучу болбосом, же молдо болмокмун. Кудайдын сөзүн ордуна жеткире сүйлөгөн, же композитор болмокмун. –Чыңгыз Төрөкулович жумшак күлдү. –Хотя чертмек черте албасам нота билбесем да кыялымда музыка жарата тургансыйм. Синфонияларды жаза тургансыйм. Убагында музыкалык билим алып калсам, балким,композитор болмокмун.Себеби, музыкада юмор жок. Фольклор, частушка- мастушканы айтпаганда. Улуу музыкалар абдан драмалуу. Мага ошол жакын. Менде кудуулдук , кер какшыкчылдык жок. Жок нерсе жок да.

-Сизден мүмкүн мыкты кинорежирссер чыкмактыр? Чыгармаларыңыздын бардыгы киного ылайыктуу го.

-Кинорежиссер болмокмун деп ойлобойм. Композитор болбой калганымы ойлойм. –Чыңгыз Төрөкулович жыргап күлдү. – Бетховендей болсом го деп ойлойм кээде…

  – “Ыссык-Көлдү сагынуу” деген ырыңыз бар го Дарика Жалгасынова ажайып аткарган…

-Ал Мурат Брюссеге келгенде ооздон бир чыгып кеткен кеп да. Ойлогон эмесмин, ага Мурат музыка жазат деп…

-Көпчүлүктүн көңүлүнөн кетпеген суроону бербей кетсем, кабарчалык милдетимен кутулбасмын. “Кайрылып куштар келгиче”…

-Учкан бойдон жүрөт,кайрыла элек…

Чыкем менен маегим эки күнгө, үч сааттан ашык  убакытка созулду.Анткен менен, убакыттын кыйласын телефон, келген-кеткендер алды. Улуу жазуучу күргүштөп келген киночулардын, кабарчылардын, жөн жай кишилердин эле эмес, телефондун да көңүлүн кыйбагандай, баардыгына жооп кайтарып жатты. Аңгыча  саат төрткө жетти, беште учуп кетмек.Телефон кайрадан шыңгырап , Чыкем шаша жооп кайтарды: “Чемоданга көр-жерлерди салып жатам”. Мен кыргыз кылымы жөнүндөгү башкы жана соңку суроомду берүүгө үлгүрбөдүм. Бирок өкүнбөйм. Анткени Чыкем “Тавро Кассандры” романынын алгачкы бетине “Төлөн иниме!Кезеги келсе,дагы бир маектешсек деген ойдомун” деп бадырайта жазган таберигин берди.

Даярдаган Назаркул кызы Назик

 
Categories

Ч. Айтматов: “Мемуар жазар кез келди…”

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк. Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

Уландысы

 -СССРдин убагында нечен-нечен залкар калемдештериңиз менен калың катташар элеңиз. Эми кимдер менен байланышып турасыз?

-Байланыштар абдан начарлап кетти. Кээде жөнү келип калып эстейм. Бирөөнүн аты чыгат… Бирөөлөр каза болот. . .

Баягыда бир таң калганым. НАТОдо чоң жыйын өтүп жатат, аскерге тиешеси бар кишилер жана элчи-дипломаттар катышкан. Баш-аягы көрүнбөгөн чоң зал, ай тегерек тартып отурабыз. Танаписте аскерче кийинген бир киши келип, орусча сүйлөп эле мени кучактап көрүшүп калды. Көрсө, Армениянын аскер министри экен. Мен тааныган жокмун чыны. «Вы меня не узнаете?» дейт.- Нет, я вас не узнаю, извините, десем – «Ну как же, я писатель такой то, вы же помните, с вами встречались, мы были в Ереване, мы были в Минске, мы были в Москве… » дейт. Corушуп жүрүп аскер министри болуптур. Ушундай укмуш өзгөрүштөр болуп кетти. Советтик түзүлүштүн, албетте, өз максаты бар эле. Бирок, ошол максаттын аркасы менен биз уюмдашып, жакындашып, бири-бирибиз менен катташып жүргөнбүз. Ушерге канчасы келди. Ар замандын өзгөчөлүгү бар турбайбы. Социализмдин терс жагын санап отурбайын, ал күнүгө айтылып жатпайбы.Оң жагы – адабият, өнөрдү бир багытка үндөп, колдон келишинче шарт түзгөн.Ойлоп карасаң, эми андай болууга мүмкүн эмес.

Эркиндиктин жол-жобосу ушундай го, индивидуализмге артыкчылык берилип, коллективизм четте калып атат. Бизде мурда тескерисинче болчу. Биз ошол турмушка көнүп калыптырбыз.Турмуш түп тамырынан өзгөрдү.Аны түшүнүшүбүз керек.

Терс жагы – улуттук идеологияны күчөтө бергенде, карама-каршылык өрчүйт экен.  Россиянын азыркы күнү ошондой. Жириновский баш болуп, орус улутчулдары «ба- ланчалар, түкүнчөлөр бизге каршы, буларды минтпесек, тигилерди тигинтпесек болбойт»-деп элдин жинин козгoп атат. Интеллигенция буга өтө жооптуу: алар улутчулдарга кошулуп кетеби же аны азайтууга, тыйюуга жардамдашабы?

Өзүңөр билесиңер, кайра куруунун убагында мен Москвадагы турмушка көбүрөөк аралашып калдым. Анда, Карабак маселеси жок. Бирок, Армяндын Балаян деген публицистти, дагы бир акын аял бар эмеспи, аралашып эле жүргөн кишилер, атын унутуп турбайымбы. Ошолор “Мынабу жердин баары биздики. Биз эң байыркы элбиз. Биздин маданиятыбыз укмуш, тиги Вавилон менен жашташ” деп улам күчөтүп отурду. Анда муну маданият жөнүндөгү дискуссия катары эсептегенибиз. Акыры эмне болду! Тирешип, кан төгүлдү. Канча киши курман болду. Улуттук маданияттардын бири-бирине келишпестигинин аркасында чыккан каргаша. Элдин арасын бузуп жибериш oпoңой, кайра жараштырыш кыйын.

   -Орусиянын айрым гезиттери орто азиялыктар биригишип, бизди ойрондошу мүмкүн деп жазып жатышпайбы…

-Менимче, бул провокация. Россияга эмнеге биз коркунуч туудурабыз? Россияга коркунуч туудурбай эле, турмушубузду оңдоп алалычы. Эмне болсо да, Россия менен  Орто Азияны бөлүш мүмкүн эмес, тагдырыбыз орток. Майда болобу чоң болобу, ар бир элде бузукулар бар. Айылда да бузукулар бар. Аңдып эле бирди бирге кагыштырууну каалап турат. Ошондойлор саясатчылардын арасында да бар. «Баатырлыкты» эңсегендер да. Мурунку, эпикалык замандарда баатыр атка минип, найза кармап, кылыч чаап, көзгө көрүнгөн. Ошол сезим калган да.Эми эч  болбосо трибунага чыгып, бирөөнү тилдеп, макала жазып бирөөгө тийишип,өзүн көрсөтүү үчүн кээде элдин арасын бузуп жиберүүгө чейин баргандар бар.

 -Эркиндик колго тийди. Орусиянын адабиятында төңкөрүш байкалабы?

-Россия чоң эл, күчтүү эл. Аймагы зор, байлыгы зор.Ошого карабай,темселеп турган кези. Бир жагын карасаң. Жаңы ачылыштарга умтулгандар, бир жагын карасаң – постмодернизмдин абдан тескери жолдоруна кеткен. Мурун адабий сынчылар адабий процесстерди аңдап сезүүчу көмөкчү күч катары эле. Азыp алар жабыла бир тарапты  колдоп , өзгөчө даңазалайт экен. Алардын мактагандарын колума алып, окуй албай койдум. Анан чындыкты айттым: же мен абдан артта калып, түшүнүксүз болуп калгам, же силер укмуштуу түрдө алдыга кетип, ме түшүнбөгөн  шумдуктарды ачып жатасыңар дедим. Сорокин деген чыгыптыр, айланайын, адам баласынын жийиркенерлик шумдуктарын жазат. Каармандары адеп-ахлактан айрылып бүткөн бачабаз чал, бала, дагы бир аял,эркек.Алар акырында бул дүйнөдөн жадап, күпүлдөп иштеп жаткан эт туурагыч машинелерге бойлорун таштайт. Андан фарщ болуп агып чыкканын жазуучу жан дили менен берилип сүрөттөйт. Ошого сынчылар суктанып “мына, карагылачы, кандай керемет” дешет. Адам баласы боюн ала кача турган жагдайларды булар, тескерисинче, поэтизациялашат

  -Арийне, кыйчалыш учурга туш келдик. Анткени менен жагымсыз жагдайларда кишинин жан-дүйнөсүн нак жашылыкка жетелей турган чыгарма жаратуу мүмкүн эмеспи?

– Эмне үчүн Американын, Европанын согуштан мурунку, согуштан кийинки учурлары адабият менен өнөрдө мыкты чагылдырылган? Айткылачы,Хэмингуейге, Фолькнерге, же Гессеге, Томас Маннга теңелеген классиктери  барбы азыр? Батыштагылардын өздөрү менен сүйлөшүп калам, аталган классиктерге азыр тең келүүчүлөр жок. Анткени, азыр карама-каршылыктар пастап, жайгерчилик өкүм сүрүп, турмуш жаңы деңгээлге жетти. Алар адамдын психологиясынын подсознаниеси багытында изденишүүдө.

Кыйынчылыктан, татаал шарттардан чыгуунун жолун издегенде адам баласынын руху жаңы куралга ээ болот. Адабият, өзгөчө театр, кино, ал тургай, музыка өзүнө ошондон жемиш издеши керек. Азыркы турмуш адабият процессине көп нерселерди ачып бергени турат. Орустарда “выстраданная истинна” деген сөз бар эмеспи. Ал азап-тозок тартып жеткен чындык. Биз дал ошол эң улуу чындыкка жетишүүгө милдеттүүбүз.

  -Дүйнөгө Дүйшөндү бердиңиз. Турмушта жаңы Дүйшөн жаралар бекен?

-Баары өзгөрбөдүбү. Дүйшөндүн жанында компьютер деген чыкты. Компьютер көп маселени мойнуна алып, таасирин тийгизип жатат. Дүйшөндөй  мугалимдердин болушу кыйыныраак. Бирок, мугалимдик бардык жан, ынтаасын коюп, берилип иштөөнү талап кылат. Берилип иштеген мугалимдер кайсы заманда болсун зарыл. Алар болсо экен деген тилектемин

 – Уул-кыздарыңызды кандай тарбиялайсыз? Кыргызчасынан урушкан учуруңуз барбы?

– Эмне үчүн болбосун. Урушкан учур болот. Балдарды тарбиялоодо ата-эненин жоопкерчилиги турат мурдагыдай эле. Дагы да тиливизор деген балекет бар. Бир жагы ал кызыктырып балдарды алаксытат, ар нерседен кабардар кылат. Бир жагынан жаман нерселерди да көрсөтөт. Балдарды жалаң тиливизордун тарбиясында калтыруу жарабайт. Өзүнүн түздөн-түз таалимин берүү милдети түбөлүк ата-эненин мойнунда. Ата-энелердин насаатына жүрүм-туруму төп келиши керек. Тарбия – балдар жакын кишилерин урматтап-сыйлоого үйрөтүүдөн башталууга тийиш. Ал анан өркүндөп өсө берет.

  – Tөгөрөктүн төрт бурчун көрдүңүз. Европанын ортосунда жашап жатасыз …

– Өзуң туулуп-өскөн чөйрөгө эч нерсе тең келе албайт. Мейли, мыкты-мыкты музейлерде жүр, мейли, мыкты-мыкты адамдардын араларында жүр, баары бир жакшыбы, жаманбы бала кезден үйрөнгөн чөйрөгө эч нерсе жетпейт. Мына, бүгүн кызык окуя болду. Жамбылда окуп жүргөндө Жолбарисов деген бала болор эле. Мен ошондо ойлочу элем. Жолбарсовпу же Жолбарисовпу деп. 1948 – жылы окууну бүтүп таркаганбыз. Ошондон бери көрүшкөн эмеспиз.

-Чыңгыз Төрөкуловичтин көз алдына кырчындай жаш чагы, курбулары тартылдыбы, чын дилинен күлдү. –  Туптуура жарым кылым болуптур. Ал бүгүн келип, экөөбүз Шахановдун элчилигинен жолуктук. Пенсияда экен. Таң калам. Заманың ушундай тез өзгөрүп кеткенине .Көп нерсени, жатаканабызды, окууга барганыбызды эстедик, укмуш болду мен үчүн. Эх – ээ. – Чыңгыз Төрөкулович дагы күлдү. Анан баштагы ойлуу түрүнө кайра түштү. – Ал кездеги жаштар, ал кездеги биздин аң – сезим башкача болчу. Жамбылга барган сайын үйүмө баргандай болом.

  -Эскерүү жазганы жаткан окшойсуз?

-Ойлонулган,ичте бышып жүргөн темалар бар. Бирок мемуар жаза турган да кезек келди. – Чыңгыз Төрөкулович азыраак үшкүрүп алды. – Кээде көзүм жетпей калат: жакшы мемуар жаза аламбы, жокпу. Көп нерселер унутулуп калды.

-Муну сурап жатканым: эскерүү жазарыңызды уккандан бери далай тааныш – туунуштарыңыз көптөн үмүттөнүп жүрүшөт “атымы атап, мактап коёр бекен?” деп.Шектүү шексинет дегендей, кооптонуп: “Кокуй, мени Айтматов түбөлүккө шерменде кылып салар бекен? Коргонуунун эң мыкты жолу озунуп кол салуу эмеспи, мен аны мурдараак жамандап коёюн”, – деп шашылгандар да бар.

Чыңгыз Төрөкулович күлүп жиберди. Ал кишиге кошо Абдылдажан Амантурович Акматалиев экөөбүз да күлдүк.

-Менин андайым жок. Канча кишилер өйдө-төмөн болуп жүрөт… Таң калам кээ бир кишилерге…

Назаркул кызы Назика

Уландысы бар

 
Categories

Чыңгыз Айтматов: “Космостон өзүбүздүн турмушка кайра келдим…”(маек)

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк. Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…  

– 20-25 жылдай илгери немис беле , же француз бекен, журналистинин “Айга барып фильм тартууну каалайсызбы?” деген суроосуна Сиз “Ойлогон ой, көздөгөн максатыма Кудай жер үстүндө жеткирсе, шүгүрчүлүк” деген мааниде жооп кайтаргансыз. Буйруса, “Кассандранын тамгасы” адамзаттын тарыхында космостон тартылган кино болчудай. Фантастиканын Рей Бредбери жана Робер Мерль, Айзек Азимова жана Артур Кларк сыяктуу классиктеринин англис, француз тилиндеги оңдогон романдары эмес, Сиздин үркөрдөй кыргыз сүрөткеринин чыгармасына тарых таңданар тагдыр туш келгени жөнүндө кандай ойдосуз?

-Жакшы жөрөлгө. Көңүл бурулуп атат. Мен, албетте, кубаттайм. Мага эки жолу кайрылышты. Бир жолу немистер, бир жолу россиялыктар, тартууга уруксат бердим. Тигилердин айтымына караганда, кинону тартууга 13-14 миллион доллар кете турган. Батышта кинонун мамлекетке тиешеси жок. Өзү менен өзү.Тарта турган киши каражатты өзү табат. Андай аракет бар. Каражатты табат го, тартарына ишенип турам.

Бул кино, менимче, бир топ жаңылык киргизет эле дейм.Тартуу, мазмууну жагынан. Анткени, буга окшогон темада жазылып жаткан китептер жок санда.

Кинонун ар түрлүү жагдайлары бар .Кассалык фильмдердин жөнү бир башка. Жеңил –желтек мелодрамалар экранга чыгып атат, агып атат. Алар да керек. Бирок терең ойлуу чыгармалар болушу зарыл. ”Кассандранын тамгасы”ошондой болууга чамасы бар го деп ойлойм.

 -Сценарийин жазууга өзүңүз катыштыңызбы?

-Жок. Бул жолу мен баш тарттым. Колум тийбейт.

Жумушум көп ойлоп койгондорумду жазып бүтпөй жатам. Анан сценарийге киришсем, кыйыныраак болот го.

 – Өздөрүнө койсоңуз, америкалыктар “Жамийла” повестиңизди тартканда, мазмунуна кошумча киргизип жибергендей кылбас бекен?

-Мүмкүн, мүмкүн.

 -Америкалыктар “Жамийланы”киного тартарда сценарийи менен тааныштыңыз беле?

-Америкалыктар келип тартабыз дегенде, мен үчүн абдан кызыктуу болду. Жок, мен силерге тарттырбайм деп айтышка негиз жок эле. Албетте, биз үчүн күнүгө болуп аткан окуя эмес да.

“Жамийланын”сценарийи менен таанышкандай болгом. Биз күткөндөй болбосо да , негизинен фильм дурус чыкты, көрүүчүлөргө жакты. ”Жамийланын”оригиналдуулугу-аткаруучулар тыштагы артистер экенинде . ”Жамийланы”менимче, вьетнамка аткарды. Бул башка улуттун өкүлдөрү кандай түшүнүп, кандай ойноору жөнүндөгү өзүнчө бир чоң эксперимент, кинематографиянын өзгөчө түрү болду.

Ал эми “Кассандра тамгасынын” темасы “Жамийланыкындай” улуттук эмес, универсалдуу, ошондуктан бардыгы ордунда болот го.

– Чыгармаларыңыздын ичинен фильмге айландырылбаганы калбады окшойт. Айрымдары эки сыйра экрандаштырылды. ”Кызыл жоолукту” совет доорунда эле түрк туугандар тартышты. “Жамийла”жагдайында жаңы эле сүйлөштүк. Ошончо кинолоруңуздун ичинен кайсынысы жаныңызга жакыныраак?

-“Ак кеме”. Анан “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”. Башка фильмдер да жаман болгон жок. Бирок экөө  мага абдан жакты. Кийинки кезде Бакыт Карагулов тарткан “Боорондуу бекет”, менимче, купулга толорлук.

 -“Кылым карытар бир күн” Венада коюлуп,өзүңүздү  оюндун бет ачарына атайын чакырышкан турбайбы…

– Аны театрда эмес, ээн турган станциядагы анык темир жолдун өзүнчө барып ойношту. Көрүүчүлөр отура турган жай жасап коюшуптур.Кадимки турмуштун өзү. Поюздар ары – бери жүрүп турду.

 -Советтик “Союз”кемеси менен америкалык “Аполон”космосто жалгашканы ойдо жок окуя болду эле. Анын сыңарындай Сиз да дүйнөгө реалист жазуучу катары таанылып, сыйлыктарды биринин артынан бирин алып, чет элдик академияларга анык мучөлүккө шайланып, жазуучулук багытыңыз, ыкмаңыз өзгөрүлбөс деңгээлге жеткенсиген кезде “Кылым карыткан бир күндө” жана “Кассандранын тамгасында” фантастикага баш койдуңуз. Эми Сизди фантастардын катарына кошсок болобу?

– Негизинен мен өзүмдү реалист жазуучу деп эсептеймин. Фантазия реализмди жандап жүрүүгө акылуу. Мен реализмсиз көркөм өнөр өмүр сүрүшү мүмкүн экендигин элестете албайм. Реализм адабияттын эң маанилүү агымы бойдон калат. Аны ар кандай эксперименттер коштоп жүрөт.

 – Жаңы чыгармаларыңызда космостон жерге кайтасызбы?

– Чыңгыз Төрөкулович күлдү.

-Космостон өзубуздүн турмушка кайра келдим. Бирок жазып жатканымды бүтө элекмин.Согуштан кийинки окуя.

 – Орус тилиндеби же кыргызчабы?

– Азырынча орус тилинде. Кыргызча да өзүм жазып чыгууга ниетим бар. Кыргызча жазар заман келди. Мурун өзүбүздүн ичибиз тар болгондон кийин, Москвадан жарыялап, сыноодон өткөрчү элек. Эми бардыгы бош убакытка байланыштуу. Кенен убакыт болсо, эки тилде жазганга эмне жетсин! Негизи жазылса, көрө жатарбыз.

 – Жогорку Кеңеште, шүгүрчүлүк,чачташкандар жок. Жакында Орусиянын Жириновскийи Мамлекеттик думада чаң-тополоң түшүрбөдүбү. Андай тентектер Европада да барбы?

– Люксембургдун парламентинде бышыксынган кээ бир депутаттар айтыптыр: “Нечен жылдан бери фермерлерди колдоп, мамлекеттик бюджеттен акча берип келатабыз. Качанкыга чейин ушинтебиз.Келгиле,токтотолу ”, – деп. Ал телевидениеден берилет. Чарбакерлер уюшуп, чоң-чоң машинелерге уйларды, койлорду, чочколорду салып келишип, шаардын борбордук аянтына жайып жиберишет: ”Мына,силерге кереги жокбу,бизге да кереги жок”. – деп. Ал, анан полицейскийлер баштап малдын аркасынан чуркайт. Бул телевидениеден  көрсөтүлөт. Эң кызыгы – алиги маселени көтөргөн депутаттардын аттарын чочколордун жонуна жазып коюшуптур. Эртеси шашылыш жыйын өтүп, жанагы депутаттар туура эмес маселе көтөргөн үчүн фермерлерден кечирим сурашат. Ошол окуя эсимен кетпейт.

 -Бет алды жүргөн ээсиз малды кармап, бекер союп жеп жыргагандыр айрымдар?

– Алардын оюна андай иш келбейт. Адам баласынын кулк-мүнөзү башкача болуп калат экен жетилгенде. Бир жолу Люксембургдан жеңеңерди Бишкекке узаттым. Бир топ мезгилден кийин телефон чалсам, “Жакшы жеттим. Бирок баягы сумкам жок”,-дейт. “Эмне сумка?”- “Ичинде түрлүү –түрлүү шакек-макек, тигил-бул бар эле”. – Аэропортто калса,жоголду да . Кайгырба”, – деп койдум. Эки күндөн кийин элчилигибиздеги катчы кыз полициядан телефон чалып жатканын айтты. Таң калып, трубканы алып тыңшасам, баягы сумка тууралуу чалыптыр. Көрсө, сумканын ичиндеги бир кагазда фамилия жазылып калган экен, ошондон билишиптир. Аэропортто ээсиз калган сумканы кымтып кетүү эч кимдин оюна келбептир.

 – Ал жакта ууру дегеле жокбу?

– Польша тараптагы чегин ачып койгондо , бери жактан баргандар ар жерде турган жайнаган машинелерди мине кача баштайт. Ошондо эстерине келип, гараждарга токтотуп, көзөмөлдөгө өтүштү.

 – Жаңылбасам, люксембургдук журналист Сизден кайсы чыгармаңыз ийгиликтүү чыкканын, жолдуу деп эсептээриңизди сураганда, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөттү” атагансыз. Андан бери беш жыл өттү. Оюңуз өзгөрдүбү?

– Антип “Ала дөбөттүн” жасалышы , жазылышы , маңызы жагдайында айткам. – Чыкем адатынча оң жаагын таянып, саамга ойлоно түштү. Чыгармаларын көз алдынан өткөрүп,таразалап жаткансыды. – Менимче, “Кыямат” биринчи орунда го.

 – Орус сыны “Кылым карытар бир күндү ” XX кылымдын уулу романы катары баалап жүрбөйбү?

– Балким…

Даярдаган Назаркул кызы Назик

Уландысы бар