Categories

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: А. Атамбаев саясый өлүк экенин билбей эле чарпылып атат

Саясатчы, журналист Сабыр Муканбетов  “Майдан.kg” гезитине өлкөбүздөгү саясый абал жана экс-президент А. Атамбаев тууралуу пикирин билдирди. 

С. Муканбетов: “Эми бул экс-президент А. Атамбаев тууралуу абдан көп айтылды, жазылды. Экспрезиденттин жеке керт башынын гана камын жеген андай арам оюн кыргыз коомчулугу жакшы билип калды. Эми аны эл эч качан колдобойт.

Ал саясый өлүк экенин билбей эле чарпылып атат. А эл болсо билип турат. Андыктан ал, КСДП мененби же башка партия менен барабы толк жок! Акыркы маалымат жыйынында аягына чейин турбай кетип калып, артынан башкалар ал үчүн сүйлөп, “Атамбаев КСДПнын тизмесин баштап шайлоого барат” деп айттырып жатканы бекеринен эмес. Өзү айта албады, себеби ишеним жок. Менимче, Алмазбек Атамбаев өзү деле кырдаалды түшүнүп, соодасы бүткөнүн сезип, сынып калгандай… Өмүрбек Текебаев элге алынган, сөзү ишеним жараткан саясатчылардан.

Бирок Өмүкенин Алмазбек Атамбаевдин саясый келечегине шанс бергенсиген сөзү менимче ишеним жаратпайт. Анын бул сөздөрү Атамбаевге, анын тагдырына, келечегине карата эмес, башка жактарга багытталган, кырдаалды өзгөртүү ниетинде, жеке мүнөздүү маселе деген ойдо калдым”,-деди.

 

 
Categories

Нурланбек Шакиев, New TV телеканалынын башкы директору: «ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВДУН АРАКЕТТЕРИ КОЛДООГО АРЗЫЙТ»

“Супер-Инфо” гезити,  7-13-март, 2019-жыл

– Нурланбек мырза, сиз жетектеген New TV телеканалы обого чыккандыгына көп убакыт боло элек. Азыркыдай оор атаандаштыктын шартында өз көрөрмандарын, аудиториясын таап калдыбы? Сөзүбүздү ушундан баштасак…

– Рахмат. Туура айтасыз. Азыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ММК) ортосунда абдан чоң атаандаштык бар, телеканалдардын арасында дагы. Жалпы ММКлардын ичинде телекөрсөтүү тармагы абдан чоң финансылык, материалдык каражатты талап кылат. Айрыкча теленин толук форматын камтыган телеканалдар үчүн. Дегеним, бүгүнкү күндө өлкөбүздө жалпысынан чоң-кичинеси болуп 50гө жакын телеканал бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү өздүк контенти жок, кино, концерт же башка телеканалдардын продукцияларын кайра чагылдырып көрсөтүп жатышат. Анан да көпчүлүгү бир эле аймакты камтыйт. Тактап айтканда, бүтүндөй өлкөбүздүн аймагына көрсөтүлбөйт. Көбүнчөсү Бишкек менен Чүйдү же Ош менен Жалал-Абадды гана камтыйт. Мамлекеттик телеканалдарды кошпогондо өлкөбүздүн дээрлик көпчүлүк аймагын камтыган үч-төрт эле телеканал бар. Албетте, анын бири – New TV. Ошондой эле биздин телеканал спутник аркылуу Евразия континентине да чыгат. Ошону менен катар заман талабына ылайык, социалдык түйүндөрдө, YouTube, Facebook, Instagram`дарда да биздин жүз миңдеген катталуучуларыбыз бар.

Эң башкысы, биздин көрсөтүүлөрүбүздүн дээрлик 70 пайызын өзүбүз өндүрөбүз. Андыктан New TV толук форматтагы кадыресе чоң телеканал болуп эсептелет. Анткени бизде таңкы көрсөтүүлөрдөн тартып, маданият, спорт, бир нече автордук программалар жана ар саат сайын обого түз чыгып турчу жаңылыктар программалары бар.

– Бүгүнкү телеканалдардын багыты, көз карашы көрөрмандарга бештен белгилүү. New TV калыс, орток көз карашты карманат деп жатасыз. Андай болуш кыйын…

– Албетте, кыйын. Анткен менен биз алгач обого чыкканда эле көрүүчүлөрүбүзгө нейтралдуу болобуз деп убада кылганбыз. Мүмкүн болушунча биз ошол абалды сактап келе жатабыз. Болгонун болгондой көрсөтүп, боёксуз маалыматтарды бергенге аракеттенип келебиз. Балким, ошол туругубуз үчүн кайсы бир деңгээлде батыраак өз аудиториябызга ээ боло алдык. Биз ар дайым калыс, нейтралдуу болуп, коомдогу болуп жаткан оң-терс көрүнүштөрдү так чагылдырсак деген максаттабыз. Негизи телеканалдар коомдун күзгүсү эле эмес, агартуучулук милдетти да кошо алып кетишибиз абзел. Жашоо турмушубуздагы айрым кемчиликтер менен ката жактарыбыздан канткенде арылабыз деген сыяктуу көрсөтүүлөр көбүрөөк болушу шарт.

– Телекөрсөтүүлөр жөнүндөгү мыйзамдардын аткарылышы азыр кандай абалда?

– Бул маселе дале курч бойдон калууда. Дээрлик көпчүлүк жеке телеканалдар тийиштүү мыйзамды аткарбай келишүүдө. Биз мыйзамда жазылган талаптарга толук баш ийебиз жана так аткарып жатабыз. Биздин көрсөтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде жана 70 пайызы өздүк өнүм. Тилекке каршы, мыйзам талабына жооп бербеген көпчүлүк телеканалдарга тийиштүү мамлекеттик органдар катаал чараларды көрүп, акыркы чечимдерди чыгарбай жатышат. Антпесе мыйзам баарына бирдей иштебей атаандаштыкка доо кетип жатат.

– ММКларда айтылган маалыматтарга мамлекеттик органдардын, коомчулуктун реакциясына оюңуз кандай?

– Эми бул жагы жагдайга жараша болуп жатат го. Дегеним, азыр ММКлардан сырткары социалдык түйүндөр аркылуу көп нерселер бат чагылдырылып жатат. Коомчулук ошого көбүрөөк ыктап баратат. Бирок анын терс жактары аябай көп. Алар көбүнчө жалган, такталбаган маалыматтарды фейк кылып таркатып жатышпайбы. Анан ага коомчулуктун башы айланып, ишенип-ишенбей калышууда. Өкүнүчтүүсү, социалдык түйүндөр ММК катары кабылданбаган соң мыйзам чегинде чара көрүлбөй калып жатат. Бул нерсе ММКларга абдан терс таасирин тийгизүүдө. Анткени интернеттеги маалыматтарга көпчүлүк терең ишенип алышат.

– Бул маселе жеке эле бизде эмес да…

– Мен өткөн жумада Европанын бир катар өнүккөн өлкөлөрүнө барып келдим, атап айтканда, Чехия, Италия, Францияга. Анан кайтып келе жатып Украинада болдум. Алардын эли жалганга азгырылбайт жана жалганды бизчелик айтышпайт. Жалган айтуу көпчүлүккө жат көрүнүш. Андыктан интернетке дээрлик туура жана далилдүү нерселер жайгаштырылат экен. Бизде, тилекке каршы, тескерисинче. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, Европадагы телеканалдардын материалдык, техникалык базасы бизден бери дегенде жыйырма жыл алдыга кетиптир. Башкасын айтпай, бизге жакын болгон Украинага эле келсем, алар да бизден жети-сегиз жыл алдыда экен. Киевде эки күн болуп, алдыңкы телеканалдарга кирип көрүп, бир катар жолугушууларды өткөрүп чыктык. Алардын бизге окшоштугу – эки ирет ыңкылап жасашты. Анан сөз эркиндиги биздегидей абдан эле эркин. Окшоштугубуз көп. Буюрса, биз дагы быйыл заманбап, келечектин телесине ылайыкталган атайын өзүнчө жаңы имарат курууну пландап жатабыз. Заманбап көрсөтүүлөрдү тарта турган чоң студияларды курабыз. Кудайга шүгүр, эки жылга жетпеген аралыкта жакшы өсүштөргө жеттик. Алдыга мындан дагы эки эсе чоң максаттарды коюп жатабыз.

– Биздеги сөз эркиндигин абдан эркин дедиңиз. Бүгүнкү күндө деле ММКларды миллиондоп сотко берүүлөр, бийлик башындагылардын жыйналыштарына ММКларды бөлүп чакыруу, киргизбей коюулар көп эле болуп жатпайбы?

– Тилекке каршы, сиз айткан көрүнүштөр бар. Соттошуулар мыйзам чегиндеги эле көрүнүш. Кандай гана ММК болбосун эң оболу терең изилдеп, так далилдер менен маалымат таратуу абзел. Тескерисинче, биздин өзүбүздөн да кээде ошондой катачылыктар кетип калууда. Мен кызматкерлерибизге дайым айтам, «бардык маалыматтар эки тараптын пикирине дал келсин, бир жактуу болбогула, тактагыла» деп.

Ал эми бийлик жетекчилеринин жыйналыштарга бөлүп чакыруусу же киргизбей коюусу бул абдан кейиштүү. Жакында эле биздин телеканалды өкмөттүн отурумуна чакырбай коюшту. Силердин гезитти да өгөйлөй башташты. Бул туура эмес. Мен дароо эле «туура эмес кылып жатасыңар» деп тийиштүү органдарга айттым.

Эч качан ММКларды бөлүп, өгөйлөбөш керек. Баары жакшы болсо неге жашырышат, демек, жаман жактары көп. Андыктан элге, коомчулукка чыгып кетпесин дешип чочулашып, коркуп, киргизбей, чакырбай жатышат. Андай болбойт! Тескерисинче, кандай гана бийлик болбосун балээнин баарын ошондо көрөт. Эч качан журналисттерди таарынтып, өз-жатка бөлүп кыжырына тийбеш керек. Биздей ачык демократиялык укуктук коомду курабыз деген өлкөдө андайга жол жок.

– Азыркы бийликке, оппозицияга көз карашыңыз кандай?

– Экөөсүнө тең бирдей түз көз караштамын. Туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп ачык эле айтып келе жатам. Чынын айтсам, азыр бизде күчтүү оппозициячы жок. Болгону оппозициялык маанайдагы саясатчылар бар. Бул жакшы эмес. Анткени ар дайым күчтүү, эл ээрчиген оппозиция болбосо бийликтегилер элди этибарга албай, каалагандай калчай баштайт. Бийликти айтсам, президент азырынча олуттуу чоң каталарга жол бере элек. Ал эми өкмөт бир аз чабалыраак иш алып барууда…

– Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматта бир жылдан ашык убакыт иштеди. Бул аралыкта ишинен оң көрүнүштөрдү байкай алдыңызбы?

– Мамлекет башчысы катары бир жыл ичинде өлкө тагдырын тездик менен бир нукка бура салуу же элдин турмушун жакшырта салуу мүмкүн эмес. Анан да азыркы Баш мыйзамга ылайык, экономиканы жана бардык ички саясаттын дээрлик бүт баарын өкмөт аныктайт жана жүргүзөт. Андыктан президенттин ыйгарым укуктары мурунку президенттердикиндей кубаттуу эмес, чектелүү. Ошого карабай Сооронбай Шарипович туруктуу, омоктуу иш алып барууда. Жеке мен өзүм Сооронбай Шарипович менен бир нече жолу жолугушуп сүйлөшүп, пикир алыштым. Президент катары алты жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштерди жасай турган көптөгөн ой-максаттарын өзүнөн угуп келе жатам. Айрыкча таза, татыктуу кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу, коррупция менен талбай күрөшүү, элет элинин жашоо шартын жакшыртуу сыяктуу аракеттери колдоого арзыйт. Андыктан келерки жылдан тартып президенттин иш-аракеттерине баа берип баштасак болот. Бүгүн бир аз эртерээк…

– Бакиев президент болгондо Акаев, Атамбаев президент болгондо Бакиев чет жакта качып жүрүшкөн эле. Атамбаев бул «салтты» өзгөртүп, өлкөдө кала алды. Ал эле эмес, учурдагы бийликке оппозициялык маанайда шайлоодо партиясын баштап чыкканы жатат. Мындай абалда иштөө президент Жээнбековго оңой болбосо керек. Кандай ойлойсуз?

– Ачык айтсам, мурдагы эки президент өлкөбүздөн сыртта жүрүшкөндүктөн экс-президент Атамбаевге иштеш кыйла жеңил болду. Анан да Алмаз Шаршенович өлкөдөгү бардык терс көрүнүштөрдү ошо Акаев менен Бакиевге төңкөп салып, өзүнүн иши жакшы жүрүшпөй жатса эле «эски бийликтегилер күнөөлүү» деп жүрдү. Ал эми Сооронбай Жээнбеков ушуга дейре эски бийликти кескин сынга албастан, аларга күнөө койбой иштеп жаткандыгы көңүл жубатат. Анткен менен Сооронбай Шарипович дале болсо Атамбаевдин кадрларынан арыла элек. Анан албетте, кыйын болот. Негизи эле Атамбаев «Эрдик кылсаң сүрө кыл» дегенчелик болбоду. Кызматтан кеткенден кийин тынч, жай турмушун кылса болмок. Тескерисинче, «Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тарттың» дегенчелик болду. Тынч жатпай, жаңы президенттин ишине кийлигишип, акыл үйрөтүп, тең ата башкарууну көздөгөнү өзүнө мүшкүл иш болду.

Кубан Жумамидинов

 
Categories

Аскар Акаев Кыргызстанга келүүгө тоскоолдуктар жок экенин айтты

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Орусиянын «Московский комсомолец» басылмасына маек берип, президент Сооронбай Жээнбековдун ишине жогорку баа берди.

А. Акаев «Менимче Жээнбеков президенттикке эң татыктуу талапкер болгон жана ал аны өзүнүн даанышмандык башкаруусу менен далилдеп жатат. Ал коңшу өлкөлөр менен мамилени оңдоп, А. Атамбаев мураска калтырып кеткен ыңгайсыз кырдаалды жоё алды. Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү системалуу түрдө баштады. Мен башында мындай аракетти өзүнүн жеке бийлигин күчтөнтүү үчүн жасап жатат деп ойлогом, бирок азыр ал коррупция менен күрөштү мамлекет үчүн жасап жатканынан шегим жок», — деген.

Ал өзү берген маекте Алмазбек Атамбаев да ЖЭБдеги чыр боюнча соттоло турганын божомолдоп, аны кескин сынга алган.

Акаев Атамбаевдин учурунда Кыргызстанга келип, эки бир тууганын акыркы сапарга узата албай калганын эскерип, аны өлкөгө келтирбөөгө аракеттер жүргөнүн айтты. Жээнбековдун учурунда мындай аракеттер болбогонун айтып, жаңы команданын ага карата мамилеси жылуу экенин кошумчалады.

 
Categories

Эгиздерге баш кошкон эгиздер (видео)

Эгиз жигиттер эгиз кыздарга баш кошконун көрдүңүз беле? Биздин “Таң маанай” берүүсүндө таттуу эгиз түгөйлөр конокто болду.

 
Categories

Шахзода кыргыз тасмасында. Эксклюзивдүү маек. (видео)

Өзбек кино актрисасы Шахзода Матчанова менен болгон маек.

 
Categories

Таң калтырган буюмдарды таштан жасаган уста Нурлан Аламанов (маек)

Ылайды,темирди,жыгачты ар кандай калыпка салып, камырдай жууруган усталар арбын. Бирок жөнөкөй ташка жан киргизип, ар кандай формадагы буюмдарды жасаган чеберлер чанда кездешет. Дал ошондой таштын тилин таап, өнөрү менен эл оозуна алынып келе жаткан усталардын бири Аламанов Нурлан Турганбекович. Ал кереметтүү Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу  Бөкөнбаев айылында жашайт. Чебер устанын жасаган эмгектерине кызыгып, өзгөчө өнөрү тууралуу баарлаштык. 

Нурлан мырза, Саламатсызбы? Устачылык менен канча убакыттан бери алектенесиз?

Саламатчылык! Чон рахмат! Бул өнөргө кызыгуу менде бала кезде эле ойгонду десем жаңылбаймын. Себеби, кичинемде эле жыгачтарды ар кандай калыпта жонуп, кескенди жактырчумун. Кийин ар кандай буюм-тайымдарды жасап жүрдүм. Ал эми таш менен алектенип баштаганыма бир жылдай болуп калды. Ага чейин көбүнчө жыгач жана жаныбарлардын мүйүздөрү менен алектенчү элем. Бирок таш өзүнүн ар түрдүүлүгү, кооздугу, катуулугу менен башынан эле кызыктырып келчү. Анан биротоло таш менен алектенүүгө өтүп кеттим.

“Аккан арыктан суу агат” деп коет эмеспи кыргызда. Сизге бул өнөр кимден өткөн?

Өзүмдүн энем негизи колунан көөрү төгүлгөн чебер, эжем мыкты сүрөтчү. Анан ошондон улам ойлойм бизге тай журтум тараптан өтсө керек деп. Себеби, атам тарапта мындай өнөр менен алектенгендер жокко эсе. Кудайдан берилген  талантты деле сабырдуулук менен, талыкпаган эмгектин аркасында таптап, өстүрсөң анан өз жемишин берет да.  Эл ичинде ар түрдүү өнөрдүн ээлери көп, болгону аны өрчүтүп кеткендер аз. Мээнетиң катуу болсо тапканың таттуу болот эмеспи. Анан ар дайым жаңы изденүүнүн үстүндө болуу керек. 

Учурда таш менен кандай буюмдарды жасайсыз? Ташты да тандап колдоносузбу? Негизи кайдан алып пайдаланасыз?

Азыркы учурда таштан раковиналарды жана жуунучу бөлмөгө керектүү нерселерди, шам чырактарды жасап жатам. Дагы жакшы пландарым бар келечекте. Албетте, таштын да мыктысын тандап колдонуу зарыл. Антпесе сапаттуу ойдогудай буюм жаралбайт. Эң алгач сыртындагы ар кандай табигый оюларга абдан көнүл бөлөмүн. Негизи биздин Тоң өрөөнү таштак келгендиктен көбүнчө өзүбүз жактан алып колдоном. Бирок өзгөчө таштар үчүн башка аймактарга барууга да туура келет. Жумушум ушул болгон үчүн эч качан тажабаймын.

Бул өнөрүңүз үй-бүлөлүк бюджетке салым кошобу? Эмгектериңизди негизи эле сатууга чыгарасызбы?

Учурда акырындан интернет булактары аркылуу жарнама болуп,сатылып жатат. Таш раковиналар Кыргызстанда мурда болбогондуктан элдин ишенимине кирүү үчүн убакыт керек. Себеби, биз кытайдын товарларына көнүп калганбыз да. Ал эми бул таш менен жасалып жаткандар экологиялык жактан таза, бышык, оңой мене сынбайт. Ар бири уникалдуу таштын өзүнүн оюлары менен калат. Эч качан эки раковина окшош жасалбайт.

Сиз өңдүү таш менен үй шартында ушундай эмгектерди жасагандар барбы дагы? Идеяны кайдан аласыз?

Таш менен иштеген скульпторлор жана эстелик жасаган адамдар албетте бар. Бирок раковина жасаган азырынча Кыргызстанда мен элемин.(күлүп) Жаңы идеяларды көбүнчө жаратылыштан издеймин. Дайыма изденүүнүн үстүндө жашап, бышып, жетилгенде гана ишке ашырамын.

Негизги өзүңүздүн кесибиңиз эмне? Азыр ошол багытыңыз боюнча да эмгектенесизби?  

Өзүмдүн жогорку билимим айыл чарба багытында, кесибим агроном. Бул тармакта беш жыл иштедим. Кийин мобилдик байланыш компаниясында эмгектенип, андан соң бир ишканада бугалтер болуп иш алып бардым.Бирок бары бир ичтеги талант, каалоо тынч уктатпай койду. Акыры баарын таштап устачылык менен алектенип кеттим. Адам качан өзү каалаган, эңсеген нерсеси менен алектенгенде гана жашоодон рахат алып жашайт. Жашоонун маңызы да ушул болсо керек.

 Адатта мындай өнөрлөр атадан балага, устаттан шакиртке өтүп уланып келет эмеспи. Сиз дагы башкаларга да үйрөтүп, шакирт тарбияласам деп ойлойсузбу?

Келечекте албетте, жакшы ойлорум бар. Буйруса акырындык менен ишке ашып келе жатат. Жогоруда айтпадымбы, дал ушул таш менен алектенип келе жатканыма бир жылдын жүзү болду. Ошондуктан алгач таштын болгон сырынын баарын толук өзүм үйрөнүп алган соң, шакирт даярдоо кыялым. Дагы убакыт керек ага.

Жасаган буюмдарыңыздын баасы канчадан башталат? Көл өрөөнү туристтик аймак эмеспи, чет өлкөлүктөргө да жарнама кылып саткан учурларыңыз болдубу?

Таштан жасалган буюмдарым салмагы оор болгон үчүн туристтерге ылайык келбей калат. Бирок башка эмгектерим Азербайджан, Катар, Германия, Орусия, Казакстанга сыяктуу өлкөлөрдөн кардарларын таап жатат. Ар бир буюмга өзүнчө баа коюлат. Сарпталган убакытка, колдонулган шаймандарга жана материалдын уникалдуулугуна жараша. Биздин элдин капчыгына ылайыкталган баалар десем да болот.

Маектешкен: Гүлзада Абдырахманова

 
Categories

“Мамлекет айфон чыгарып, көпүрө сал деген жок болгону түкүрбө деп жатат”. Нуржигит Кадырбеков.

“Мамлекет айфон чыгарып, көпүрө сал деген жок болгону түкүрбө деп жатат”.

 
Categories

Салымбеков футболго канча акча сарптайт? (видео)

“Дордой” ассоциациясынын президентти, коомдук ишмер, мурдагы депутат Аскар Салымбеков менен биздин журналист Дастан Касканов маектешип келген.  

 
Categories

Ислам Кылычбек уулу “Чет жактан алган билимимди өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам деймин”

 Учурда чет өлкөгө жумуш издеп кеткенден дагы, билим алып жүргөн жаштардын саны арбын. Алар алган билимин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам деп ниет кылат. Дал ошондой чет жактан алган билимин, Кыргызстанга келип пайдалансам деген жаштардын бири Ислам Кылычбек уулу. Ал учурда Түндүк Кипр өлкөсүндөгү алдыңкы университеттердин биринде билим алууда. Келечек пландары, ал жактагы жашоосу жөнүндө маек курдук.

Саламатсызбы Ислам мырза? Мекениңизден алыста жүргөнүңүзгө канча жыл болду? 

Саламатчылык! Билим сапары менен чыгып, өлкөдөн алыста жүргөнүмө 2 жылга чукулдап баратат. Учурда Түндүк Кипр мамлекетинде илим алуу жолундамын. 

Башка өлкөнүн жашоо шартына көнүү кыйын болгон жокпу? Окууга кандай программа менен өттүңүз?

Алгач келгенде бир аз кыйынчылыктар болду, убакыттын өтүшү менен бардык нерсеге көнөт экенсиң. Азыр көптүн катарында жашап атабыз. Мен бул жакка конкурс аркылуу тапшырып келип калдым. Бул окуу жай гранттык негизде чет өлкөлүк стутенттерге сынак  жарыялайт. Аны интернеттен тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Талаптары абдан эле оор болду, бирок ага карабастан жараткандын буйругу менен өтүп кеттим. Буйруса быйыл аяктоо алдында турам.

Кыргызстанда кайсы окуу жайда билим алдыңыз? Ал жактын билим берүүсү менен салыштырууга болобу?

Кыргызстанда  ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун дин-таануу бөлүмүн аяктадым. Салыштырууга болбойт деп айта албаймын, Кыргызстанда деле айрым жогорку окуу жайларда билим берүү сапаты өсүүдө. Бирок Кипрде окутуу ыкмасы  биздикинен айрымаланып турат. Негизи ар ким бир нерсени өз убагында кечиктирбей кыла билүүсү шарт. Окууда изденүү жана өз алдынча аракеттенүү алдыңкы  талаптардын бири. Студенттин окууга катышуусу менен кошо, анын оюн угуу профессорлор үчүн маанилүү. Башкача айтканда, студенттердин барына мотивациялык жана индивидуалдуу кадам жасалат. Бул албетте алардын жакшы окуусуна шарт түзөт.

Кайсы багытта билим алуудасыз? Окуудан сырткары эмне менен алектенесиз?

Жакынкы Чыгыш Университетинде коммуникация бөлүмүнүндө магистратура багытында билим алуудамын. Окуудан сырткары, эл аралык студенттер борборунда менеджерлик кызматта иштеймин. Ошо эле учурда, Кыргызстандык студенттер биримдигин негиздедик. Учурда студенттердин башын чогултканга аракет жасап жатабыз, ай сайын семинар уюштуруп турабыз. Түндүк Кипр мамлекети ,саясий себептерден улам таанылбаган өлкө болуп эсептелет эмеспи. Ошол себептүү расмий ыйгарым укуктуу элчилик жок, андыктан кыргыз  студенттердин башын бир жерге топтоого өбөлгө  бололу деп түздүк.

Кыргызстандын билим берүү тармагына кандай реформа жасоо керек деп ойлойсуз?

Билим берүүдө өзгөчө региондордогу мектептерге көңүл бөлүнсө, анткени айылда окуган бала менен шаар жеринде окуган баланын айрымасы аябай чоң эмеспи. Айталы, Баткенден 11- классты бүтүп калаага келип билим алуу кыялы болсо, Бишкектеги 11- класстын окуучусу АКШга  билим алганы кетип аткан болот. Шаардагы болгон айрым мүмкүнчүлүктөр, элет жерлеринде да болсо, айылдагы балдар үчүн пайдалуу болмок.

Канча тил билесиз? Тил үйрөнүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?

“Жети элдин тилин бил, жети түрлүү билим бил”,-дейт эмеспи. Андыктан орус, арап, түрк, жана англис тилин учурда өздөштүрүп жатамын. Адам баласы аракет кылса баарын кыла алат. Анткени канча тил билсең ошончо адамсын дейт эмеспи. Тил сенин жан дүйнөңдү байытат жана жашоону ар кайсы терезеден байкоого өбөлгө түзүп берет. Колдонгон ыкмаларым жөнөкөй эле, жаңы сөз жаттап аны практика да колдономун.

Келечекте пландарыңыз кандай? Ошол жакта каласызбы же келип өлкөбүздө эле алган билимиңизди өнүктүрүүгө жумшайсызбы? Кыргызстандагы айлыктын аздыгынан көп жаштар билим алган жагында калып жатат эмеспи?

Пландарым алгач магистратурамды ийгиликтүү бүтүрүп алсам деген ойдомун.  Азырынча чечим чыгара элекмин, кыска бир убакыт чет өлкөдө иштеп тажрыйба топтосом дейм. Башка жерде султан болгончо, өз жериңде ултан бол дейтко. Бул жактан алган билимимди жана тажрыйбамды келечекте туура колдонуп, өлкөмө ак кызмат кылсам деп тилек кыламын. Албетте айлык акы өтө маанилүү нерсе, казынабызга жараша айлык берип жатат да мамлекет деле. Айлык аз деп барбай жүрө берсек, болбой калатко. Биздин өлкөдө тааныш билиш акча сурамай ж.б нерселер бар эмеспи, ошолор көрүнүштөр кейитет. Акча сурабай  чет өлкөдөн окуусун бүтөрүп барган студенттерге мамлекет жакшылап көңүл буруп койсо жакшы болмок.

Кыргызстанды 10 жылдан кийин кандай элестетесиз? Кайсы тармагын өнүктүрүүгө салым кошсом дейсиз?

Советтер Союзунан бөлүнүп чыкканыбызга 30 жылдын жүзү боло элек. Ошентсе да эгемендүүлүктү алгандан кийин, жаштардын өз алдынча ой жүгүртүүсү креативдүү жана бир прогресс бардай көрүнөт. Жаштар учурда кандай болсок, келечегибиз ошондой болот. Андыктан жакшылыктан үмүт үзбөймүн, учубуз куру эместей, мыкты азаматтардын мууну келе жатат. “Кул жеймин дейт куйрукту, кудайым берет буйрукту”, дейт эмеспи. Кайсыл тармак болсо да, эң башкысы адилеттүүлүк менен элдин акысын жебей, татыктуу мамлекет үчүн кызмат кылсам деймин.

Маегибиздин  соңунда кичи мекениңиз тууралуу айтсаңыз.  Кайсы жерде туулуп өстүңүз?

Мен алыскы айтылуу Аксы районунун Жерге-Тал айылында жарык дүйнөгө келдим. Ошол жердин абасын жутуп, суусун ичип балалыгым өттү. Айылдын чаң баскан көчөлөрүндө , ат чабып, талаада кой кайтарган күндөрдү эңсеп, сагынамын.  Айрыкча чет жерге чыкканда ал сагыныч, кусалык уламдан улам көбөйүүдө. 

Окууларыңызга ийгилик! Чооң раxмат!

Маектешкен: Гүлзада Абыраxманова

 
Categories

Чыңгыз Айтматов: “Цивилизация – өнөр, технология, илим-билим “

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк. Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

– Жалаң терең философияга кеттик.Окурмандарды кыйнайсың го минтип отурсаң.(Чыңгыз аке жумшак күлдү. Анан саал ойлоно түшүп сөзүн улады). Мага бирөө кат жазыптыр. Өзү учкуч. Адабиятчы. Баягы бир жылкы каты келгенде абдан кызыгып окуп, терең киши экенин сезгем. Жооп бергем. Анан унутуп калыптырмын. Эми 10-15 бет кат жазыптыр, ойлору абдан кызыктуу. Адабиятты улам татаалдаштыра берсек, каякка барабыз? Мен Кызыл жоолук жалжалымды эңсеп жүргөн кишимин. Ошон үчүн дагы кайрылам. Маркестин “Сто лет одиночество” дегени өтө мыкты жазылган. Бирок мен андан көрө “Робинзон Крузону”унутпайм. Мына ошондой однолинейный нерсе керек. Бардыгыбыз эле татаалдаштырып жаза берсек, адабият окулбай калышы мүмкүн”, дейт. Мен муну ал кишинин оюна толук кошулганымдан эмес, маселинин коюлушунан улам айтып жатам. Бул маселеде бир табышмак бар. Мен ойлонуп атам. Бир жагынан окурмандарым азайбаса экен, аларга кызыктуу нерсени жазып берсем дейм. Экинчи жагынан адабият дайыма кыймылда боло турган, өнүгө турган нерсе. Дагы бир жагы бар: жаңы ыкма, жаңы амал,  жаңы көз караш керек деп ойлойм.Окурмандарга аманчылык болсо, буйруса, дагы бир нерсе жазып берем.

  -Маркес демекчи.”Жүз жыл жалгыздыкта” сүрөттөө, кишинин жан дүйнөсүнө үңүлүү, жок го. Орошон окуялар бир эки сүйлөм менен баяндалып, маалыматтарды көнөктөтө бергенсийт…

-Мен дагы таң калып атам. Көбүнчө информация сыяктуу кетет. Ички сезим, психология почти жок. Бир барактын ичине 100 жылдык окуяларды шыкап коёт.

-Чыгармаларыңыздын келечектеги тагдыры…

-Ойлоном, албетте,ойлоном. Балдардын балдарына жетеби биздин китептер. Ошого кызыгуу болобу деген сыяктуу ойлор бар. Ойлонбой коюу мүмкүн эмес. Ойлобоско айла жок .Келечекти алдын ала кантип айтабыз, турмуш көрсөтө жатат да.

  -Компьютер, интернеттен улам китептин зарылдыгы жоголорун айтып жаткандардын оюна кошуласызбы?

-Мен ойлойм: китеп баары бир калат. Бир эле текстти компьютерден окуган башка да, китептен окуган башка таасир калтырат. Китепти өзүңүн затын катары колуңа кармап отуруп окуйсуң. А компьютердики жаркылдап кетет берет.

  -Александр Мень атындагы сыйлыкты алганда сүйлөгөн сөзүңүз “Независимая газетага” басылды. Ошондо жаңы 2 түшүнүк колдонуптурсуз. Бири “культура миролюбия”. Мындай сөздү, түшүнүктү мурда орус басма сөзүнөн , адабиятынан жолуктурбаган элем. Сиздин сөзүңүздөн бери колдонула баштады.

-Ал ЮНЕСКОнун демилгесинен улам жаралган сөз. Мурда адамдын оюна, аң-сезимине келбеген нерсе. Мунун өзүнүн философиясы бар. Мисал үчүн ушул күнгө чейин адам баласынын мыктылык, бийиктик жагын  эмне менен баалачы элек? Көбүнчө баатырлык жагынан.Тиги Москвада Жуковду килтейген атка мингизип коюптур. Бул эмненин эстелиги? Согуштун культу. Жуковдун мыкты кол башчы болгону чындык. Мен аны танып жатканым жок. Бирок адам баласы ушунтип жер талашып, суу талашып ,бирин бири кырып, зордоп, кордоп келе береби? Башка жол жокпу тарыхта? “Ата көрү, бул баатыр экен. Мынча кишини чапты” дей бербей, “Бул мынча кишиге жардам берди. Мынча кишини оорудан, өлүмдөн куткарды. Жакындап келаткан чоң чатакты токтотту”-деп, адам баласын ошого үйрөтүү ,тарбиялоо керек. Бул бир жагынан философиялык , бир жагынан психологиялык чоң маселе. ЮНЕСКО адам баласын туулгандан тартып жанагы мен айткандай тарбиялап, башкача өнөр үйрөтүү демилгесин көтөрүп жатат. Аны “культура мира” деп коюптур. Чогулушунда мен сүйлөп , демилгени колдодум да “культура миролюбия” – “тынчтыкты сүйүү маданияты” деп, тактап сунуш кылдым.”Культура мира” болгондо дүйнөсү да, тынчтыгы да аралашып калат.(Жөтөлүп). Адамды жакшылыкка үйрөтүш кыйын. Жамандыка үйрөтүш опоңой. Азыр көчөгө чык, жамандыкты иштегендер толуп жатат. А жакшылыкка үндөш ,үйрөтүш, ынандырыш керек. Ага дин жагы да,маданият жагы дагы аракеттенип, умтулуп  келетат нечен-нечен миң жылдардан бери. Бир күнү эле ошону тыйып койсоң, адамдын ичиндеги бекинип, ырылдап отурган  айбан үстөмдүк кылат экен.  (Жумшак күлүп).Адам баласы очередде да бирин-бири түртөт “мен биринчи болом”деп.

  -Ошол эле сөзүңүздө “гуманистик цивилизация” деген жаңы түшүнүктү колдонупсуз.Цивилизациянын өзү гумандуулук эмеспи?

-Цивилизация деген бул өнөр, технология, илим-билим. Аны терс нерсеге колдонсо да  болот. Укмуштуу подводный лодка менен барып, бир материктин астына бомба коюп, талкалап салуу мүмкүн.

Цивилизацияга руханий табихат керек гуманистикке жеткире турган. Мындан мурда да канча цивилизациялар жашады. Бир цивилизация келип, экенчисин талкалап, ордун ээледи. Байыркы грек цивилизациясын рим цивилизациясы сүрүп чыкты. Аны Византия цивилизациясы ээледи .Византиядан орунду түрк цивилизациясы тартып алды. Гуманисттик цивилизациянын эң алдыңкы приоритети адам баласына маданияттын жарык нурун берет.

  -Сиз айткан эки идея аркылуу ЮНЕСКО Рим папалыгындай абырой күтө алабы?

-Мүмкүн, мүмкүн.

  -Бул менин өзүм дей турган каарманыңыз барбы?

-Антип түз айта албайм. Баардыгы чогултулган , идеяларыма туура келген нерселер. Синтетический.

-Окурмандар эмнеликтен “Согуш жана тынчтыкка” эмес , детективдерге кызыгат? Ал жер жүзүн өрттөй каптап барат го. Өзүңүз детектив окуган учуруңуз барбы?

-Адам баласынын эң күчтүү рефлекси эмнеде? Коркунуч да, өзүн өзү сактоодо. Биринчиден өлүм коркунучу бийлейт кишини. Детективде бирөөнү өлтүрүп кетет. Ким өлтүрдү? Эмне үчүн өлтүрдү? Кандай амал менен? Ошону билүүгө ар ким кызыгат. Эмне үчүн? Анткени, өзү ошондой абалга туш болушу мүмкүн. Экинчиден, ошентип бирин бири өлтүрүп, сүрүшүп, куушуп жүрсө, а бул өзү жакшынакай үйүндө тыптынч , коркунуч башында жок, тигилердин коркунучуна кызыгуу туудуруп окутат. Детективдин технологиясы ошол. Андыктан эч убакта токтой турган нерсе эмес.

Кече жакында кызыктуу бир окуя болду.”Литературная газетага” Аркадий Ваксберг экөөбүздүн маегибиз басылды. Мен анын эмнеликтен майдараак тамга менен берилгенин сурап калдым. Жанындагы хроника чоң-чоң тамгалар менен басылыптыр. ”Түшүнсөң, эгерде сен бала кезиңде бирөөнү бычактап, чоңойгондо бирөөнү муунтканыңды сүйлөп берсең, анда гезиттин биринчи бетине килтейген тамгалар менен берет элек. Анткени,окурман ошону окуусу келет. Экөөбүздүкү философия” , – дейт. (Күлө). Мен дагы Ваксбергдики чынбы деп калдым. Азыркы гезиттер ошондой болуп кетти, адам баласынын күндөлүк инстинкти , рефлекстерин пайдаланат. Кеңири таркаса, кирешеси болот. Баары эле айланып келип, базардын оокаты. Эми эмне кыласың. Адам ушундай жаралган экен, турган турушунун бардыгы карама-каршылык. Бир жагынан жакшылыка үндөп, терең маданияттуу бол деп турсаң, бир жагынан жамандык азгырат.

Ал эми детективди бала кезимде окугам. Азыр окугум келет, убакытым жок. Анан азыр анын баары (Колдорун кыштарды жыйнап жаткандай жаңсап)бышкан кирпичтей болуп калды.

  -Детективдин биздин учурдагы  чыгааны ыраматылык Жордж Сименон повестерин 800 сөз гана жазарын айткан…

-Детективге сөз байлыгынын анчалык зарылчылыгы жок чыгар. А чыныгы көркөм чыгарма өтө керек.

-Чыгармаларыңыз кол жазма кезинде эле англис, немис , жапан жана башка тилдерге которула баштайт. Андыктан которууга ылайыктайсызбы?

-Андай атайын койгон максат жок.Өзүнүн табигый агымы менен кетет.

Даярдаган Назаркул кызы Назик