Categories

Эгиздерге баш кошкон эгиздер (видео)

Эгиз жигиттер эгиз кыздарга баш кошконун көрдүңүз беле? Биздин “Таң маанай” берүүсүндө таттуу эгиз түгөйлөр конокто болду.

 
Categories

Шахзода кыргыз тасмасында. Эксклюзивдүү маек. (видео)

Өзбек кино актрисасы Шахзода Матчанова менен болгон маек.

 
Categories

Таң калтырган буюмдарды таштан жасаган уста Нурлан Аламанов (маек)

Ылайды,темирди,жыгачты ар кандай калыпка салып, камырдай жууруган усталар арбын. Бирок жөнөкөй ташка жан киргизип, ар кандай формадагы буюмдарды жасаган чеберлер чанда кездешет. Дал ошондой таштын тилин таап, өнөрү менен эл оозуна алынып келе жаткан усталардын бири Аламанов Нурлан Турганбекович. Ал кереметтүү Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу  Бөкөнбаев айылында жашайт. Чебер устанын жасаган эмгектерине кызыгып, өзгөчө өнөрү тууралуу баарлаштык. 

Нурлан мырза, Саламатсызбы? Устачылык менен качантан бери алектенесиз?

Саламатчылык! Чон рахмат! Бул өнөргө кызыгуу менде бала кезде эле ойгонду десем жаңылбаймын. Себеби, кичинемде эле жыгачтарды ар кандай калыпта жонуп, кескенди жактырчумун. Кийин ар кандай буюм-тайымдарды жасап жүрдүм. Ал эми таш менен алектенип баштаганыма бир жылдай болуп калды. Ага чейин көбүнчө жыгач жана жаныбарлардын мүйүздөрү менен алектенчү элем. Бирок таш өзүнүн ар түрдүүлүгү, кооздугу, катуулугу менен башынан эле кызыктырып келчү. Анан биротоло таш менен алектенүүгө өтүп кеттим.

“Аккан арыктан суу агат” деп коет эмеспи кыргызда. Сизге бул өнөр кимден өткөн?

Өзүмдүн энем негизи колунан көөрү төгүлгөн чебер, эжем мыкты сүрөтчү. Анан ошондон улам ойлойм бизге тай журтум тараптан өтсө керек деп. Себеби, атам тарапта мындай өнөр менен алектенгендер жокко эсе. Кудайдан берилген  талантты деле сабырдуулук менен, талыкпаган эмгектин аркасында таптап, өстүрсөң анан өз жемишин берет да.  Эл ичинде ар түрдүү өнөрдүн ээлери көп, болгону аны өрчүтүп кеткендер аз. Мээнетиң катуу болсо тапканың таттуу болот эмеспи. Анан ар дайым жаңы изденүүнүн үстүндө болуу керек. 

Учурда таш менен кандай буюмдарды жасайсыз? Ташты да тандап колдоносузбу? Негизи кайдан алып пайдаланасыз?

Азыркы учурда таштан раковиналарды жана жуунучу бөлмөгө керектүү нерселерди, шам чырактарды жасап жатам. Дагы жакшы пландарым бар келечекте. Албетте, таштын да мыктысын тандап колдонуу зарыл. Антпесе сапаттуу ойдогудай буюм жаралбайт. Эң алгач сыртындагы ар кандай табигый оюларга абдан көнүл бөлөмүн. Негизи биздин Тоң өрөөнү таштак келгендиктен көбүнчө өзүбүз жактан алып колдоном. Бирок өзгөчө таштар үчүн башка аймактарга барууга да туура келет. Жумушум ушул болгон үчүн эч качан тажабаймын.

Бул өнөрүңүз үй-бүлөлүк бюджетке салым кошобу? Эмгектериңизди негизи эле сатууга чыгарасызбы?

Учурда акырындан интернет булактары аркылуу жарнама болуп,сатылып жатат. Таш раковиналар Кыргызстанда мурда болбогондуктан элдин ишенимине кирүү үчүн убакыт керек. Себеби, биз кытайдын товарларына көнүп калганбыз да. Ал эми бул таш менен жасалып жаткандар экологиялык жактан таза, бышык, оңой мене сынбайт. Ар бири уникалдуу таштын өзүнүн оюлары менен калат. Эч качан эки раковина окшош жасалбайт.

Сиз өңдүү таш менен үй шартында ушундай эмгектерди жасагандар барбы дагы? Идеяны кайдан аласыз?

Таш менен иштеген скульпторлор жана эстелик жасаган адамдар албетте бар. Бирок раковина жасаган азырынча Кыргызстанда мен элемин.(күлүп) Жаңы идеяларды көбүнчө жаратылыштан издеймин. Дайыма изденүүнүн үстүндө жашап, бышып, жетилгенде гана ишке ашырамын.

Негизги өзүңүздүн кесибиңиз эмне? Азыр ошол багытыңыз боюнча эмгектенесизби?  

Өзүмдүн жогорку билимим айыл чарба багытында, кесибим агроном. Бул тармакта беш жыл иштедим. Кийин мобилдик байланыш компаниясында эмгектенип, андан соң бир ишканада бугалтер болуп иш алып бардым.Бирок бары бир ичтеги талант, каалоо тынч уктатпай койду. Акыры баарын таштап устачылык менен алектенип кеттим. Адам качан өзү каалаган, эңсеген нерсеси менен алектенгенде гана жашоодон рахат алып жашайт. Жашоонун маңызы да ушул болсо керек.

 Адатта мындай өнөрлөр атадан балага, устаттан шакиртке өтүп уланып келет эмеспи. Сиз дагы башкаларга да үйрөтүп, шакирт тарбияласам деп ойлойсузбу?

Келечекте албетте, жакшы ойлорум бар. Буйруса акырындык менен ишке ашып келе жатат. Жогоруда айтпадымбы, дал ушул таш менен алектенип келе жатканыма бир жылдын жүзү болду. Ошондуктан алгач таштын болгон сырынын баарын толук өзүм үйрөнүп алган соң, шакирт даярдоо кыялым. Дагы убакыт керек ага.

Жасаган буюмдарыңыздын баасы канчадан башталат? Көл өрөөнү туристтик аймак эмеспи, чет өлкөлүктөргө да жарнама кылып саткан учурларыңыз болдубу?

Таштан жасалган буюмдарым салмагы оор болгон үчүн туристтерге ылайык келбей калат. Бирок башка эмгектерим Азербайджан, Катар, Германия, Орусия, Казакстанга сыяктуу өлкөлөрдөн кардарларын таап жатат. Ар бир буюмга өзүнчө баа коюлат. Сарпталган убакытка, колдонулган шаймандарга жана материалдын уникалдуулугуна жараша. Биздин элдин капчыгына ылайыкталган баалар десем да болот.

Маектешкен: Гүлзада Абдырахманова

 
Categories

“Мамлекет айфон чыгарып, көпүрө сал деген жок болгону түкүрбө деп жатат”. Нуржигит Кадырбеков.

“Мамлекет айфон чыгарып, көпүрө сал деген жок болгону түкүрбө деп жатат”.

 
Categories

Салымбеков футболго канча акча сарптайт? (видео)

“Дордой” ассоциациясынын президентти, коомдук ишмер, мурдагы депутат Аскар Салымбеков менен биздин журналист Дастан Касканов маектешип келген.  

 
Categories

Ислам Кылычбек уулу “Чет жактан алган билимимди өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам дейм”

     Учурда чет өлкөгө жумуш издеп кеткенден дагы, билим алып жүргөн жаштардын саны арбын. Алардын айрымдары окуп, иштеп ошол жакта калып калса. Айрымдары алган билимин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам деп  ниет кылат. Дал ошондой чет жактан алган билимин, Кыргызстанга келип пайдалансам деген жаштардын бири Ислам Кылычбек уулу. Ал учурда Түндүк Кипр өлкөсүндөгү алдыңкы университеттердин биринде билим алууда.  Келечек пландары, ал жактагы жашоосу жөнүндө сурап, маек курдук.

Саламатсызбы Ислам мырза? Мекениңизден алыс жүргөнүңүзгө канча жыл болду? Кайсы өлкөдөсүз?

Саламатчылык.  Билим сапары менен чыгып, өлкөдөн алыста жүргөнүмө 2 жылга чукулдап баратат. Учурда Түндүк Кипр мамлекетинде илим алуу жолундамын. 

Ал жактын жашоо шартына көнүү кыйын болгон жокпу? Окууга кандай программа менен өттүңүз?

Алгач  келгенде бираз кыйынчылыктар болду, убакыттын өтүшү менен баардык нерсеге көнөт экенсиң. Азыр баары жакшы, көптүн катарында жашап атабыз. Мен бул жакка конкурс аркылуу тапшырып келип калдым. Бул окуу жай гранттык негизде, чет өлкөлүк стутенттерге сынак  жарыялайт. Аны интернеттен тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Талаптары аядан эле оор болду, бирок ага карабастан жараткандын буюругу менен өтүп кеттим. Буйруса быйыл аяктоо алдында турам.

Кыргызстанда кайсы окуу жайда билим алдыңыз? Ал жактын билим берүүсү менен салыштырууга болобу?

Кыргызстанда  ОшМУнун Арашан Гуманитардык Институтунун дин-таануу бөлүмүн аяктадым. Салыштырууга болбойт деп айта албайм, Кыргызстанда деле айрым жогорку окуу жайларда билим берүү сапаты өсүүдө. Бирок Кипрде окутуу ыкмасы  биздикинен айрымаланып турат. Негизи ар ким бир нерсени өз убагында кечиктирбей кыла билүүсү шарт. Окууда изденүү жана өз алдынча аракеттенүү алдыңкы  талаптардын бири. Студенттин окууга катышуусу менен кошо, анын оюн угуу профессорлор үчүн маанилүү. Башкача айтканда, студенттердин барына мотивациялык жана индивидуалдуу кадам жазалат. Бул албетте студенттердин жакшы окуусуна шарт түзөт.

Кайсы багытта билим алуудасыз? Окуудан сырткары эмне менен алектенесиз?

Жакынкы Чыгыш Университетинде коммуникация бөлүмүнүндө магистратура багытында билим алуудамын. Окуудан сырткары, эл аралык студенттер борборунда менеджерлик кызматта иштеймин.Ошо эле учурда, Кыргызстандык студенттер биримдигин негиздедик. Учурда студенттердин башын чогултканга аракет жасап атабыз, ай сайын семинар уюштуруп турабыз. Түндүк Кипр мамлекети ,саясий себептерден улам таанылбаган өлкө болуп эсептелет эмеспи. Ошол себептүү расмий ыйгарым укуктуу элчилик жок, андыктан кыргыз  студенттердин башын бир жерге топтоого өбөлгө  бололу деп түздүк.

Кыргызстандын билим берүү тармагына кандай реформа жасоо керек деп ойлойсуз?

Билим берүүдө өзгөчө региондордогу мектептерге көңүл бөлсө, анткени айылда окуган бала менен шаар жеринде окуган баланын айрымасы аябай чоң эмеспи. Айталы, Баткенден 11- классты бүтүп Бишкеке келип билим алуу кыялы болсо, Бишкектеги 11- класстын окуучусу АКШга  билим алганы кетип аткан болот. Шаардагы болгон айрым мүмкүнчүлүктөр, элет жерлеринде да болсо, айылдагы балдар үчүн пайдалуу болмок.

Канча тил билесиз? Тил үйрөнүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?

“Жети элдин тилин бил, жети түрлүү билим бил”,-дейт эмеспи. Андыктан орус, арап, түрк, жана англис тилин учурда өздөштүрүп жатамын. Адам баласы аракет кылса баарын кыла алат. Анткени канча тил билсең ошончо адамсын дейт эмеспи. Тил сенин жан дүйнөңдү байытат жана жашоону ар-кайсы терезеден байкоого өбөлгө түзүп берет. Колдонгон ыкмаларым жөнөкөй эле, жаңы сөз жаттап аны практика да колдономун.

Келечекте пландарыңыз кандай? Ошол жакта каласызбы же келип өлкөбүздө эле алган билимиңизди өнүктүрүүгө жумшайсызбы? Кыргызстандагы айлыктын аздыгынан көп жаштар билим алган жагында калып жатат эмеспи?

Пландарым алгач магистратурамды ийгиликтүү бүтүрүп алсам деген ойдомун.  Азырынча чечим чыгара элекмин, кыска бир убакыт чет өлкөдө иштеп тажрыйба топтосом дейм. Башка жерде султан болгончо, өз жериңде ултан бол дейтко. Бул жактан алган билимимди жана тажрыйбамды келечекте туура колдонуп, өлкөмө ак кызмат кылсам деп тилек кылым.

Албетте айлык акы өтө маанилүү нерсе, казынабызга жараша айлык берип жатат да мамлекет деле. Айлык аз деп барбай жүрө берсек, болбой калатко. Биздин өлкөдө тааныш билиш акча сурамай ж.б нерселер бар эмеспи,ошолор көрүнүштөр кейитет. Акча сурабай  чет өлкөдөн окуусун бүтөрүп барган студенттерге мамлекет жакшылап көңүл буруп койсо жакшы болмок.

Кыргызстанды 10 жылдан кийин кандай элестетесиз? Кайсы тармагын өнүктүрүүгө салым кошсом дейсиз?

Советтер Союзунан бөлүнүп чыкканыбыз 30 жылдын жүзү боло элек. Ошентсе да эгемендүүлүктү алгандан кийин, жаштардын өз алдынча ой жүгүртүүсү креактивдүү жана бир прогресс бардай көрүнөт. Жаштар учурда кандай болсок, келечегибиз ошондой болот. Андыктан жакшылыктан үмүт үзбөйм, учубуз куру эместей, мыкты азаматтардын мууну келе жатат. “Кул жеймин дейт куйрукту, кудайым берет буйрукту”, дейт эмеспи. Кайсыл тармак болсода, эң башкысы адилеттүүлүк менен элдин акысын жебей, татыктуу мамлекет үчүн кызмат кылсам дейм.

Маегибиздин  соңунда кичи мекениңиз тууралуу айтсаңыз.  Кайсы жерде туулуп, өстүңүз?

Мен алыскы айтылуу Аксы районунун Жерге-Тал айылында жарык дүйнөгө келдим. Ошол жердин абасын жутуп, суусун ичип балалыгым өттү. Айылдын чаң баскан көчөлөрүндө , ат чабып, талаада кой кайтарган күндөрдү эңсеп, сагынамын.  Айрыкча чет жерге чыкканда ал сагыныч, кусалык уламдан улам көбөйүүдө. 

Окууларыңызга ийгилик! Чооң раxмат!

Маектешкен: Гүлзада Абыраxманова

 
Categories

Чыңгыз Айтматов: “Цивилизация – өнөр, технология, илим-билим “

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк. Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

– Жалаң терең философияга кеттик.Окурмандарды кыйнайсың го минтип отурсаң.(Чыңгыз аке жумшак күлдү. Анан саал ойлоно түшүп сөзүн улады). Мага бирөө кат жазыптыр. Өзү учкуч. Адабиятчы. Баягы бир жылкы каты келгенде абдан кызыгып окуп, терең киши экенин сезгем. Жооп бергем. Анан унутуп калыптырмын. Эми 10-15 бет кат жазыптыр, ойлору абдан кызыктуу. Адабиятты улам татаалдаштыра берсек, каякка барабыз? Мен Кызыл жоолук жалжалымды эңсеп жүргөн кишимин. Ошон үчүн дагы кайрылам. Маркестин “Сто лет одиночество” дегени өтө мыкты жазылган. Бирок мен андан көрө “Робинзон Крузону”унутпайм. Мына ошондой однолинейный нерсе керек. Бардыгыбыз эле татаалдаштырып жаза берсек, адабият окулбай калышы мүмкүн”, дейт. Мен муну ал кишинин оюна толук кошулганымдан эмес, маселинин коюлушунан улам айтып жатам. Бул маселеде бир табышмак бар. Мен ойлонуп атам. Бир жагынан окурмандарым азайбаса экен, аларга кызыктуу нерсени жазып берсем дейм. Экинчи жагынан адабият дайыма кыймылда боло турган, өнүгө турган нерсе. Дагы бир жагы бар: жаңы ыкма, жаңы амал,  жаңы көз караш керек деп ойлойм.Окурмандарга аманчылык болсо, буйруса, дагы бир нерсе жазып берем.

  -Маркес демекчи.”Жүз жыл жалгыздыкта” сүрөттөө, кишинин жан дүйнөсүнө үңүлүү, жок го. Орошон окуялар бир эки сүйлөм менен баяндалып, маалыматтарды көнөктөтө бергенсийт…

-Мен дагы таң калып атам. Көбүнчө информация сыяктуу кетет. Ички сезим, психология почти жок. Бир барактын ичине 100 жылдык окуяларды шыкап коёт.

-Чыгармаларыңыздын келечектеги тагдыры…

-Ойлоном, албетте,ойлоном. Балдардын балдарына жетеби биздин китептер. Ошого кызыгуу болобу деген сыяктуу ойлор бар. Ойлонбой коюу мүмкүн эмес. Ойлобоско айла жок .Келечекти алдын ала кантип айтабыз, турмуш көрсөтө жатат да.

  -Компьютер, интернеттен улам китептин зарылдыгы жоголорун айтып жаткандардын оюна кошуласызбы?

-Мен ойлойм: китеп баары бир калат. Бир эле текстти компьютерден окуган башка да, китептен окуган башка таасир калтырат. Китепти өзүңүн затын катары колуңа кармап отуруп окуйсуң. А компьютердики жаркылдап кетет берет.

  -Александр Мень атындагы сыйлыкты алганда сүйлөгөн сөзүңүз “Независимая газетага” басылды. Ошондо жаңы 2 түшүнүк колдонуптурсуз. Бири “культура миролюбия”. Мындай сөздү, түшүнүктү мурда орус басма сөзүнөн , адабиятынан жолуктурбаган элем. Сиздин сөзүңүздөн бери колдонула баштады.

-Ал ЮНЕСКОнун демилгесинен улам жаралган сөз. Мурда адамдын оюна, аң-сезимине келбеген нерсе. Мунун өзүнүн философиясы бар. Мисал үчүн ушул күнгө чейин адам баласынын мыктылык, бийиктик жагын  эмне менен баалачы элек? Көбүнчө баатырлык жагынан.Тиги Москвада Жуковду килтейген атка мингизип коюптур. Бул эмненин эстелиги? Согуштун культу. Жуковдун мыкты кол башчы болгону чындык. Мен аны танып жатканым жок. Бирок адам баласы ушунтип жер талашып, суу талашып ,бирин бири кырып, зордоп, кордоп келе береби? Башка жол жокпу тарыхта? “Ата көрү, бул баатыр экен. Мынча кишини чапты” дей бербей, “Бул мынча кишиге жардам берди. Мынча кишини оорудан, өлүмдөн куткарды. Жакындап келаткан чоң чатакты токтотту”-деп, адам баласын ошого үйрөтүү ,тарбиялоо керек. Бул бир жагынан философиялык , бир жагынан психологиялык чоң маселе. ЮНЕСКО адам баласын туулгандан тартып жанагы мен айткандай тарбиялап, башкача өнөр үйрөтүү демилгесин көтөрүп жатат. Аны “культура мира” деп коюптур. Чогулушунда мен сүйлөп , демилгени колдодум да “культура миролюбия” – “тынчтыкты сүйүү маданияты” деп, тактап сунуш кылдым.”Культура мира” болгондо дүйнөсү да, тынчтыгы да аралашып калат.(Жөтөлүп). Адамды жакшылыкка үйрөтүш кыйын. Жамандыка үйрөтүш опоңой. Азыр көчөгө чык, жамандыкты иштегендер толуп жатат. А жакшылыкка үндөш ,үйрөтүш, ынандырыш керек. Ага дин жагы да,маданият жагы дагы аракеттенип, умтулуп  келетат нечен-нечен миң жылдардан бери. Бир күнү эле ошону тыйып койсоң, адамдын ичиндеги бекинип, ырылдап отурган  айбан үстөмдүк кылат экен.  (Жумшак күлүп).Адам баласы очередде да бирин-бири түртөт “мен биринчи болом”деп.

  -Ошол эле сөзүңүздө “гуманистик цивилизация” деген жаңы түшүнүктү колдонупсуз.Цивилизациянын өзү гумандуулук эмеспи?

-Цивилизация деген бул өнөр, технология, илим-билим. Аны терс нерсеге колдонсо да  болот. Укмуштуу подводный лодка менен барып, бир материктин астына бомба коюп, талкалап салуу мүмкүн.

Цивилизацияга руханий табихат керек гуманистикке жеткире турган. Мындан мурда да канча цивилизациялар жашады. Бир цивилизация келип, экенчисин талкалап, ордун ээледи. Байыркы грек цивилизациясын рим цивилизациясы сүрүп чыкты. Аны Византия цивилизациясы ээледи .Византиядан орунду түрк цивилизациясы тартып алды. Гуманисттик цивилизациянын эң алдыңкы приоритети адам баласына маданияттын жарык нурун берет.

  -Сиз айткан эки идея аркылуу ЮНЕСКО Рим папалыгындай абырой күтө алабы?

-Мүмкүн, мүмкүн.

  -Бул менин өзүм дей турган каарманыңыз барбы?

-Антип түз айта албайм. Баардыгы чогултулган , идеяларыма туура келген нерселер. Синтетический.

-Окурмандар эмнеликтен “Согуш жана тынчтыкка” эмес , детективдерге кызыгат? Ал жер жүзүн өрттөй каптап барат го. Өзүңүз детектив окуган учуруңуз барбы?

-Адам баласынын эң күчтүү рефлекси эмнеде? Коркунуч да, өзүн өзү сактоодо. Биринчиден өлүм коркунучу бийлейт кишини. Детективде бирөөнү өлтүрүп кетет. Ким өлтүрдү? Эмне үчүн өлтүрдү? Кандай амал менен? Ошону билүүгө ар ким кызыгат. Эмне үчүн? Анткени, өзү ошондой абалга туш болушу мүмкүн. Экинчиден, ошентип бирин бири өлтүрүп, сүрүшүп, куушуп жүрсө, а бул өзү жакшынакай үйүндө тыптынч , коркунуч башында жок, тигилердин коркунучуна кызыгуу туудуруп окутат. Детективдин технологиясы ошол. Андыктан эч убакта токтой турган нерсе эмес.

Кече жакында кызыктуу бир окуя болду.”Литературная газетага” Аркадий Ваксберг экөөбүздүн маегибиз басылды. Мен анын эмнеликтен майдараак тамга менен берилгенин сурап калдым. Жанындагы хроника чоң-чоң тамгалар менен басылыптыр. ”Түшүнсөң, эгерде сен бала кезиңде бирөөнү бычактап, чоңойгондо бирөөнү муунтканыңды сүйлөп берсең, анда гезиттин биринчи бетине килтейген тамгалар менен берет элек. Анткени,окурман ошону окуусу келет. Экөөбүздүкү философия” , – дейт. (Күлө). Мен дагы Ваксбергдики чынбы деп калдым. Азыркы гезиттер ошондой болуп кетти, адам баласынын күндөлүк инстинкти , рефлекстерин пайдаланат. Кеңири таркаса, кирешеси болот. Баары эле айланып келип, базардын оокаты. Эми эмне кыласың. Адам ушундай жаралган экен, турган турушунун бардыгы карама-каршылык. Бир жагынан жакшылыка үндөп, терең маданияттуу бол деп турсаң, бир жагынан жамандык азгырат.

Ал эми детективди бала кезимде окугам. Азыр окугум келет, убакытым жок. Анан азыр анын баары (Колдорун кыштарды жыйнап жаткандай жаңсап)бышкан кирпичтей болуп калды.

  -Детективдин биздин учурдагы  чыгааны ыраматылык Жордж Сименон повестерин 800 сөз гана жазарын айткан…

-Детективге сөз байлыгынын анчалык зарылчылыгы жок чыгар. А чыныгы көркөм чыгарма өтө керек.

-Чыгармаларыңыз кол жазма кезинде эле англис, немис , жапан жана башка тилдерге которула баштайт. Андыктан которууга ылайыктайсызбы?

-Андай атайын койгон максат жок.Өзүнүн табигый агымы менен кетет.

Даярдаган Назаркул кызы Назик

 
Categories

Чыңгыз Айтматов: Толстойду тирилтүү керекпи?

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк. Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

 -Байкашымча, айрым чыгармаларыңызда, айрыкча “Кассандранын тамгасында” орустарды терс каарман катары көрсөткөндүгүңүзгө орустардын арасында өпкөлөө бар окшойт.

-“Тавро Кассандрада” космосто жүргөн каарман Америка жана орус цивилизациясына таандык өкүл. Космостун жолун ачкандардын ордуна  калмактанбы, монголдонбу, кыргызданбы бирөөнү апарып сүйлөтүп коюу колдон келет. Сонун болор эле. Бирок “типология” болбой калат да. Чоң адабиятта ынандыруу максаты турат да. Ишенич туудурбаган китеп канчалык кызык болгону менен кемчиликтүү.

Азыркы жазып жатканым өзүбүздүн Таласта, жакындагы  Жубалы (Казакстанда) боло турган окуя, ошоердеги кишилердин турмушу. Албетте,анда өзүбүздүн кишилерди жазам. Ал эми андан ары кетсем, чөйрөсү, маселелери кишилери башка болот. Мунун эч кандай өйдө – төмөнү жок.

-“Кассандранын тамгасында” аял каармандын аты эмнеликтен Руна? Анын байыркы рун жазууга байланыштуу символикалуу жагы барбы?

-Руна башыбыздан өткөн тарыхтын бир тамгасы. Аялга жараша турган ысым. Ал эми Рунанын тагдыры да өзүнчө замана баяны. Кезинде идеологияны ар кимдин мээсине мык каккандай орнотуш үчүн эчен –эчен кишилер сүрүлдү, куулду. ”Чын эле ушундай болгонбу?” деп азыр ага ишениш  кыйын. Анда жазалоо-амал катары, адамды кул өңдүү  баш ийдирүү куралы катары биринчи катарда турчу.

Жазаны колдонунун да өзүнчө максаты, маданияты, философиясы болуш керек. А мурда жаза бардык элди багындырыш, ал тургай, аң-сезимин бийлеп алыш үчүн жумшалган тынбаган амал эле. Руна ошонун бир курмандыгы.

Руна деген атка маани берип, символ кылган жокмун. Андай аттар европада бар. Мен аттын кыска, кооз болгону жакшы экенин байкадым. Америкада, бир аз күлө түшсө болот, аты узун киши саясий мансапка жете албай тургандыгын, Бил,Том, Боп деген сыяктуу кыска аттуулар саясий мансапка тез жетерин тамаша кылып айтышат. Америкалыктар немистердин, славяндардын 5-6 муундан турган фамилиясына таңданышат ”Эмне үчүн мынчалык узак?” дешип ийиндерин кысышат.

-“Кылым карытар бир күндө” башка шири кийгизип, ашкан зордук жолу менен маңкурттукка жеткирилген бечара тууралуу баяндадыңыз.”Кассандранын тамгасында” Крыльцов илим жолу менен жараткан маңкурттар тууралуу кейиштүү кеп салдыңыз. Деги адамзат маңкурттардан кутулабы?

-Крыльцов бийлик сүргөн идеологиянын тапшырмасын аткарып, табигый жол менен туулуп өскөн адам баласына өзгөртүү киргизүү, аны автомат сыяктуу, идеологияга кыңк этпей баш ийип, ошонун үйлөгөн күүсү менен жүрө турган руханий сокур жандарды жаратуу максатында жүрдү да. Ошондо менин жазгандарым фантастика болсо, азыр, бир кызык, чындыкка айланып баратат өңдөнөт.

Маңкуртизм ар түрдүү формада, ар кандай кезде кездешет. Өзүнүн аң-сезимине ээ болбой, бир нерсеге ээрчип, фанатизм жагына кеткендерди да маңкурт дей башташты.

Адамдын аң-сезимине, ой жүгүртүүсүнө таасир эткен толуп жаткан каражаттар, аспаптар бар.Телевидение, газет-журналдар алдына атайын арамза максат койсо, кишини маңкуртка айландыра алат.

  -Крыльцов “икстектүүлөрдү” жаратканды Горбачевдун учурунда токтотту го. Муну менен ага чейинки советтик кишилердин бардыгы иксрод эле дегениңизби?

-Жо-оок,мындай да. Горбачевго чейин тоталитаризмдин, идеологиянын , зордуктун жетилип турган учуру болчу. Аны баарыбыз билебиз, башыбыздан өткөн. Горбачев перестройканы баштабадыбы. Азыр перестройка жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып жүрөт.Тилдегени тилдеп,каргаганы  каргап жатат. Ал ар кимдин өз эрки, өз түшүнүгү. Менимче, ал тарыхый козголуш болду. Эгер перестройка болбосо, тарыхтын ар жагы кандай болот эле, эмне менен бүтөт эле, үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып, адам баласынын түбүнө жетет беле? Аны ойлогондор аз.”Кечээ мындай эле,бүгүн мындай” деп күндөлүк оокатты ойлойт.

А чынында перестройка бизди, бүткүл адамзатты тарыхый кыйроодон куткарды. Аны чын-чынына келгенде Горбачевдун өзү да ошончолук ойлоп, максат койгон эмес чыгар.

Тарыхта мындай бурулуш бирөөнүн колу, эрки менен жасалбайт. Бул тагдырдын, бир топ себептердин кошулушунан жаралган тарыхый процесс.

  -Кайсы каарман – аялбы же эркек, оң же терс жөнүндө жазуу оңойбу же кыйынбы?

-Баары эле кыйын го дейм чындап келгенде. Үстүртөн жазсаң, кете берет. XX кылымдын аягында окурман ынанарлык образ түзүш керек. Азыр адам баласынын аң-сезимин, жүрүм-турумун, кылык-жоругун көрсөттүш өтө кыйын. Саяссаты бир жагында, ички дүйнөсү бир жагында, философиясы бир жагында, күндөлүк кызыкчылыгы бир жагында.Ошонун бардыгын эске албаска мүмкүн эмес.

  -“Кассандранын тамгасында” Филофейдин илимий ачылышы адамзатты чуу түшүрүп, дүйнөнү астын-үстүн кыла жаздады. Ал эми турмушта англиялык окумуштуулар койду, америкалыктар торпокту көчүрмөлөп, кишини  көчүрмөөлөгө  ыкыс берип турса деле кымындай каршылык көрсөткөнгө жарабады го?..

-Анткени, клонирование азырынча тажрыйба катарында болуп жатат. А кокус  эртең ал бардыгына тиешелүү болсо,ошондо көрөсүң  чууну.

Азыр дагы изденүүлөр жүрүп жатат.Компьютерде адамдын аң-сезимин сактап калуунун амалын тапканы жатышат.

Адам баласынын жаралышы керемет нерсе да. Биология жолу менен алганда, төрөлүп, буйруган өмүрүн жашап, ажалы жеткенде кете турган жол-жобосу да. Муну өзгөртүш болбойт да.

Албетте, 100гө чыксам , анан 110го чысам, дагы жашасам деп өлбөстүктү эңсегендик – ал турат. Дары-дармек таап, ар бир кишини 100 жашка чейин жеткирип койсо,жаманбы? Жакшы. Анын жанагинтип кийлигишип, адамды илим-билимдин жолу менен өзгөртөбүз десе, менин өзүмүн оюмча-бул чоң бузукулук.

-Кишини көчүрмөлөө илимий жетишкендик эмеспи?

-Илимий жетишкендик. Илимди дагы жөнү , этикасы менен колдонуш керек. А болбосо, адам баласынын түпкү сапаттарын бузуп, талкалап, өзгөртүп жибериши мүмкүн.

  -Илимпоздорго изденүү багытында чек коюлса кантер эле?

-Адам баласынын бир касиети-тынбай изденүү. Ошонтип барып, атомдун түзүлүшүн билип, энергиясын пайдалануунун жолун тапты. Атом энергиясы ачылганда Эйнштейндин өзү айтса керек эле “Бул коркунучтуу табылга болду” деп. Менин өзүмүн оюмда, ошондо атомдун сырын билген 5-6 окумуштуу чогулуп, “Кой,муну жашыралы. Бизден башка эч ким билбесин” деп бири-бирине ант берип, токтотуп салса, балким ,тарых башкача болмок.

А бирок ошентип макулдашкан күндө да бирөө бийликти ойлойт, бирөө атакты эңсейт, бирөө байлыкты көздөйт. Атагын чыгарыш үчүн  сырды жарыя кылып жибериши мүмкүн эле. Адам баласы ошондой да. Кишини бул жагынан токтото албайт.

-Жана электрондук цивилизация жөнүндөгү уу-дуулуу кабарды сөзүңүзгө кыстарып өтпөдүңүзбү. Аны Америкага барып иштеп жаткан илимпоз Болонкин  маалымдады.

-Ал Крыльцов менен бирге иштешип, анан ошол жакка барган.(Күлүп).Өзүмүн кабылдашымда. Ал мына ошол тукумдан.

  -Болонкиндин айтымында ,электрондук цивилизация келгенде, бир селки Сизди сыртыңыздан сүйүп калса, компьютердин жардамы менен Сизди жасатып алуу мүмкүндүгү бар экен. Буга макулсузбу?

-Жок.Жо-жо-жок. (Чыңгыз Төрөкулович колун шилтеди).Биологиялык турмуштун чегинен чыгып  кетиш жарабайт.Бул шайтандык. Дьявольщина!

  -Киши биологиялык өмүрү бүткөндө мээсиндеги программасын компютердин чибине көчүртүп кетип, ал жасалма денеде түбөлүк жашап, иштей алат тура..

-Түшүндүм. Ага да макул эмесмин. Бардыгы өз жолу, өз орду менен болуш керек. Анда тиги…Толстойду, Достоевскийди тирилтип иштетели. Бирок ал чыгармачылык эмес да. Анык табылга болбойт. Жасалма турмуш, жасалма киши. Жасалманын бардыгы терс нерсе.

Даярдаган Назаркул кызы Назик

 
Categories

Чыңгыз Айтматов: “Жаңы кылымда даяр оокат жок..”

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк. Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

-Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргызстан мүчөлүккө кабыл алынбай турганы жөнүндө каңшаар тарап,айрым гезиттер ал жөнүндө дабалары кана жазган эле.Анан Теңир жалгап, КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң биринчи болуп, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө өтүп кеттик. Бул ийгиликте элчи катары Сиздин үлкөн үлүшүңүз бар экенин уктум. Аңгемебизди ошондон баштасак…

-Мейли,арзый турган аңгеме.Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна 132 мамлекет мүчө. Россия баш болуп, дөө Кытай жана башкалар кирүүгө умтулгандар толуп жатат. Мурда Кыргазстандын БСУга кирүүгө 2-3 аракети ар кандай шылтоолор менен оңунан чыкпаган. Бул жолу Эсенгул Өмүралиевге Женевадагы өкүлүбүз, биз жардамдаш болдук. Президентибиз Аскар Акаевдин БСУнун Европа бирикмесинин жетекчиси Сантерге жазган катын түз жеткиздик. Сантердин эксперттери менен 2-3 жолу пикирлештик. 5-октябрда Европа мамлекеттеринин Министрлер Советинин кеңешмеси өтүп, көп маселелердин арасында бизди катарга алуу , албоо маселеси да каралды. Анын алдында Тышкы иштер министирине жолугуп, өлкөбүздөгү стабилдүүлүк , тынчтык , экономикалык жетилүү жагынан канчалык зааркел түшүндүрдүк.

Эмнебиз болсо да сатууга, эмнени болсо да сатып алууга Бүткүлүк дүйнөлүк базарга бизге жол ачылды. Сантер менен А.Акаев бири бирине кат жазышып, ыракмат айтышып, ыраазычылык билдиришти.

Брюсселдеги элчилигибиз орун-очок алып, ишибизди жүргүзүп жатабыз. Дагы мыктыланса, дагы өнсө деген тилектер, аракеттер бар.

-Сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу үчүн имаратты жалдоого бизде эле ат башындай алтын керек. А Сиздин шарапатыңыз менен Европада биздин сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулганы жатыптыр го, каңырыш укпасам…

– Маданият жагынан Европарламент менен келишим түздүк. Анын имаратына оңой менен киргизе койбойт, а бизге көркөм сүрөт көргөзмөсүн уюштурууга имаратын 15 күнгө акысыз берип жатат.

Европада сүрөт толуп жатат. Аларды жайып көргөзгөнгө жай жок. Залды жалдаганга аренда акысы өтө кымбат. НАТО, Евросоюз,ТАСИС,күндөлүк дипломатиялык иштерибиз бар. Аларды жүргүзүп жатабыз. Элчилигибиз дагы да мыкталса, өнсө деген тилектер,аракеттер бар.

Уландысы бар

Даярдаган Назаркул кызы Назик

 
Categories

Чыңгыз Айтматов: “Менде юмор жок…”

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк.  Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

  -XXI кылымда элетте эл калабы?

-Бул өтө оор маселе. Жүрөккө батчу маселе. Албетте, шаар деген шаар. Ал – ордо. Ал эми негизги күч – кубат айылдан келет.

Шаардын көчөсүн карасаң эл толуп кетиптир. Аларды айыпташ кыйын. Тиакта жасай турган жумушу, өндүрүш жок, күн көрө албайт. Шаарга келгенде, аларага бейишти түзүп койгон эч ким жок. Көчөдө ар нерселерди сатат.Жаштар шаардан өз ордун таба албай, ар кандай окуяларга байланышып калып жатат. Ошонун бардыгы кандайдыр башкача атмосфера түзөт. Адамдын кулк-мүнөзүнө да, ыйманына да ар түрдүү таасири тийүүдө. Анткени, жаштардын күч-кубатын, рухун жумшай турган шарт жок болуп жатат. Буга бир-эки киши айыптуу эмес, тарыхый процесс.Театрларда мына ушул көрсөтүлсө…

Экономикалык бийик деңгээлге жетсек, менин оюма койсо, кыялымда айылдар сакталып турса. Бирок турмуш оңолсо, айылдар толугу менен электрлешип, газ, суу түтүгү, радио, телефон иштеп, толугу менен телекоммуникацияланып,жолдор асфальтталып, ар бир үйдө өзүнүн машинасы болсо, айылда турганга не жетсин!Ошону менен катар илгерки адатыбыз менен жашаса…Ошого жетебизби, жокпу? Кем –карч боло берсе, өзгөчө, жаштар бакыт издеп туш-тушка кетет экен да кыдырып. Бул зор, улуттук маселе. Улуттун тагдыры айылга байланыштуу.

-XXI кылымдагы кыргыз жазуучусун кандайча элестетесиз?

-Кыргызча жазат негизинен. Бирок эмики жаштардын диапозону кеңири болот. Англис тилин үйрөнөт. Бизге орус тили чоң кызмат кылып берди, азыр да кызмат кылып жатат. Бирок азыркы аймагы, чөйрөсү жетишээрлик эмес. Жакшы билсең , эки – үч тилде жазганга не жетсин! Көп тилдүүлүк – коомдун эволюциялык өнүгүүсүнүн фактору.

  -XXI кылымда кыргыз жазуучусу , балким. Сиздей түйшүкө түшпөй ,чыгармасынын өзөгүн айтып, компютерге тапшырма берип коюп, компьютерден дапдаяр повесть, романдарды четинен чубап ала берер?

– Андайлар бар. Ал түгүл шахмат ойнойт экен. Бирок тирүү рухка, кишиге жепейт.Тирүү рух-ал өзүнчө космос, түгөнгүс нерсе чындап келгенде. Прогресс болуп жатпайбы. Жүз жыл мурдагы адам баласынын өнөрү түшүнүгү менен азыркыны салыштырыш мүмкүнбү? Ал биздикиндей акыл-эске коомдук аң-сезимге ээ беле? А кийинкилер бизден бетер өнүгөт. Ошондуктан, компьютер техникалык жактан өтө өрчүшү мүмкүн, бирок адам баласындай аң-сезимге, түшүнүкө ээ боло албайт.

-Сиздин ар кандай чырдан алыс жүргөнуңүздү да жактырбагандар  бар. Бирөөлөрү Сизди советтик түзүлүшкө ачык каршы чыкпаган деп айыпташса , башкалары Аскар Акаев менен араздашпаганыңызга нааразы…

-“Фудзиямадагы кадыр түн” Америкада коюлуп , алгачкы жолу барганда бир жазуучу аңгемелешип калдым. Экөөбүз аркы-теркини сүйлөшүп отурганда айтат? ”Силердики жыргал, чатак чыкса эле силерди камап салат. А биздики жер өрттөсөн да көңүл бурбайт. Мени түрмөгө салып койсо жакшы болоор эле” , – дейт. – Чыңгыз Төрөкуловичке кошулуп эрксизден биз да күлдүк. Таң калып оозум ачылды. Ой, түрмөгө түшкөндүн эмнеси жакшы десем. Ошондо менин атагым чыгат эле”- дейт.

-Эки нерсе менин оюма көп түшөт. Биринчиден, кылымыбыздын алп жазуучусу Мухтар Ауэзовдун нар көтөргүс “Абай жолу”романында жүзүмдөй гана азил бар. Бирок ,окурмандын эсели эсинен кетпейт. Ошонун сыңарындай, Сиздин повесть романдарыңыздын ичинен “Кызыл жолук жалжалымда” гана азил кездешет. Илияз бузулган машинасын оңдоп алдында жатканда кирзо өтүкчөн неме келип жанына токтоп калат эмеспи .Илияз жактырбай “Чоң эне ары өтүп кетиңиз” дейт. Анда тиги ”Мен чоң эне эмесмин”,-дейт. Илияз жанына кыз келгенин ошондо билип, сурайт:  “Сулуусуңбу?” – “Карап көрбөйсүңбү”,-дейт Асель буйдалбай. Эки ашыктын капыстан алгачкы кездешүүсүнүн мазмунун гана айтып отурам. Эң жөнөкөй,табигый таңдайдайдан даамы кетпес таберике айланган тамаша. Башка чыгармаларыңызда эмнеликтен бул сыяктуу эт жүрөктү элжиреткин азилдерди колдонбойсуз?

-Мен өзүм, чынын айтайын юмору азыраак кишимин. Мало юморлуу кишимин. Анча куудулдугум жок. Башкалардыкы төгүлүп турат, кайнап турат. Кээде ойлойм: Мен эгер , жазуучу болбосом, же молдо болмокмун. Кудайдын сөзүн ордуна жеткире сүйлөгөн, же композитор болмокмун. –Чыңгыз Төрөкулович жумшак күлдү. –Хотя чертмек черте албасам нота билбесем да кыялымда музыка жарата тургансыйм. Синфонияларды жаза тургансыйм. Убагында музыкалык билим алып калсам, балким,композитор болмокмун.Себеби, музыкада юмор жок. Фольклор, частушка- мастушканы айтпаганда. Улуу музыкалар абдан драмалуу. Мага ошол жакын. Менде кудуулдук , кер какшыкчылдык жок. Жок нерсе жок да.

-Сизден мүмкүн мыкты кинорежирссер чыкмактыр? Чыгармаларыңыздын бардыгы киного ылайыктуу го.

-Кинорежиссер болмокмун деп ойлобойм. Композитор болбой калганымы ойлойм. –Чыңгыз Төрөкулович жыргап күлдү. – Бетховендей болсом го деп ойлойм кээде…

  – “Ыссык-Көлдү сагынуу” деген ырыңыз бар го Дарика Жалгасынова ажайып аткарган…

-Ал Мурат Брюссеге келгенде ооздон бир чыгып кеткен кеп да. Ойлогон эмесмин, ага Мурат музыка жазат деп…

-Көпчүлүктүн көңүлүнөн кетпеген суроону бербей кетсем, кабарчалык милдетимен кутулбасмын. “Кайрылып куштар келгиче”…

-Учкан бойдон жүрөт,кайрыла элек…

Чыкем менен маегим эки күнгө, үч сааттан ашык  убакытка созулду.Анткен менен, убакыттын кыйласын телефон, келген-кеткендер алды. Улуу жазуучу күргүштөп келген киночулардын, кабарчылардын, жөн жай кишилердин эле эмес, телефондун да көңүлүн кыйбагандай, баардыгына жооп кайтарып жатты. Аңгыча  саат төрткө жетти, беште учуп кетмек.Телефон кайрадан шыңгырап , Чыкем шаша жооп кайтарды: “Чемоданга көр-жерлерди салып жатам”. Мен кыргыз кылымы жөнүндөгү башкы жана соңку суроомду берүүгө үлгүрбөдүм. Бирок өкүнбөйм. Анткени Чыкем “Тавро Кассандры” романынын алгачкы бетине “Төлөн иниме!Кезеги келсе,дагы бир маектешсек деген ойдомун” деп бадырайта жазган таберигин берди.

Даярдаган Назаркул кызы Назик