Categories

Михаил Горбачев: “Ысык – Көл форуму маданияттардын жана цивилизациялардын жакындашуусунун башталышы болгон”

Мурдагы СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев III Эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоду.

«Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жаткан жылы башталган III Эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучуларына салам жолдойм.

Бул дата планетанын ар кайсы бурчтарында да белгиленерине ишенем. Анткени Чынгыз Төрөкулович өзүнүн китептери менен дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдардын сүймөнчүгүнө айланган. Кеменгер жазуучу өз талантын элге арнаган. Анын чыгармачылыгы жана бүт ишмердиги адамды урматтоо, адамдардын болочогу үчүн тынчсыздануу менен өтмө катар болчу.

Мына ушул Чынгыз Төрөкуловичти 1986-жылы Чыгыш менен Батыштын көрүнүктүү интеллектуалдарынын — жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин форумун чакыруу идеясын көтөрүп чыгууга алып келди. Бул дүйнөдө „кансыз согушту“ токтотуу үчүн алгачкы аракеттер башталган кездеги маданияттардын диалогунун жана цивилизациялардын жакындашуусунун башталышы болгон.

Сиздердин форум 1986-жылы Чынгыз Айтматов жана анын кесиптештери баштаган салтты улунтат деп үмүттөнөм», — деп белгиленет Михаил Горбачевдун кайрылуусунда.

 
Categories

Окумуштуу жана дипломат Федерико Майор: “Айтматов адамдык баалулуктарды сактоодо акылман жана эрктүү болгон”

Окумуштуу жана дипломат Федерико Майор Ысык-Көл форуму туурасында эскерүүлөрү менен бөлүшкөн катын Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматовго жолдогон.

«Урматтуу Эльдар,

Чыңгыз Айтматов менин жашоомдогу эң маанилүү адам жана ошол бойдон дайыма сакталып калат. Ал адамдык баалулуктарды сактоодо акылман жана эрктүү болгон. Мен Ысык-Көл форумун, өзгөчө Кыргызстандагы алгачкы жолугушууну эч качан унутпайм. Андан кийин көп жерлерден жолуктук. Ошондой эле мен аны Манастын миң жылдыгында көрдүм.

Менин жакында жарык көргөн „Келечек жөнүндө эскерүү“ китебимде сиздин атаңызга бир катар абзацтарды арнадым.

Учурдан пайдаланып Ысык-Көл форумуна жана Ага арналган ыр саптарымдын айрымдарынан үзүндү келтирүүгө уруксат этиңиз.

»Баардык гүлдөрдөн

айырмаланган бул жерде

сездим дагы күчүм менен

жөнөкөй жана ишенимдүү бул сөздөрдү жаздым:

Жолугуу, кол кармашып келечекке бирге баруу- чечими«

21-сентябрда Парижде мен ага:

»Мен үнүмдү көтөрөм

Күнүгө…

Качан сүйүү

Жер жүзүн ээлеп алмайын«, -деп жазгам

Манастын миң жылдыгында „Жалгыз чара — бул адамдар“.

Мен ошондой эле анын ЮНЕСКОнун башкы директору катары мага Кыргызстандын элчиси катарында ишеним грамотасын тапшырганы эстейм.

Ал 2008-жылы 10-июлда Нюрнбергде каза болду. Бирок ал биздин акылыбызда жана жүрөгүбүздө дайым сакталат», -деп белгиленет Федерико Майордун катында.

 
Categories

Сооронбай Жээнбеков: Айтматов мезгилдин руханий компасы катары дайыма келечекке жол багыттайт

Президент Соронбай Жээнбеков бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылыш аземине катышып сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Урматтуу форумдун катышуучулары! Ардактуу коноктор! Айымдар жана мырзалар!

Баарыӊыздарды Чыңгыз Айтматовдун мекенинде, меймандос кыргыз жеринде тосуп алып жатканыбызга кубанычтамын.

Заманыбыздын улуу инсаны, залкар жазуучу жана ойчул Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90-жылдык мааракесине жана ал негиздеген Ысык-Көл эл аралык форумуна кош келиңиздер.

1986-жылы, дал ушул жерде, дүйнөнүн көрүнүктүү 17 интеллектуалы глобалдык цивилизациянын ошол учурдагы көйгөйлөрүн жана келечектеги тобокелчиликтерин талкуулоо үчүн чогулган эле. Алар адамзаттын аӊ-сезими саясаттын туткунунда калып, ой жүгүртүүсү ядролук коркунучка кептелгенин, Жер шарында адамдардын чогуу жашоо мүмкүндүгү кризиске кабылганын сезишкен. Ушул улуу инсандар дүйнөлүк кырдаал үчүн ыктыярдуу жоопкерчиликти өздөрүнө алып, андан чыгуу жолун маданият айдыӊынан издешкен.

Кыргыз элинин даанышман уулу Чыңгыз Айтматов демилгелеген Ысык-Көл форуму дүйнөлүк аренада түзүлгөн ошол мезгилдин чакырыктарына жаӊычыл жооп сунуштаган. Маселени чечүү жолдору — экономикада, технологияда же саясатта эмес, адамдардын аӊ сезимин өзгөртүүдө экенин ырастаган.

Адамзатты глобалдык капсалаңдан сактап калуу үчүн ар кайсы маданиятка таандык болгон, түрдүү диний ишенимди тутунган, башка дүйнө таанымды алып жүргөн инсандар жаңыча ой-жүгүртүүсү зарыл экенин далилдеген. Цивилизациялык, улуттук айырмачылыктарына карабай, бирдиктүү аракеттенүү жана жаӊычыл ойлонуу менен гана адамзат өзүн сактап калаарын тастыктаган.

Кийин Айтматов өзү жазгандай, биринчи Ысык-Көл форумун өткөрүү орду — Борбордук Азия — глобалдуу проблемаларды талкуулоого абдан ылайыктуу мейкиндик деп табылган.  Анткени бул регион — ар кандай цивилизациялардын, улуттардын, диндердин, маданияттардын айкалышы орун алган дүйнө жүзүндө өтө сейрек кездешчү чөлкөм.

Тарыхтын ар кайсы мезгилинде, Борбордук Азияда рим, түрк, иран, грек, араб, кытай цивилизациялары жайылган. Бул территория, фанатизм эмес, эркин ой жүгүртүүнүн мейкиндиги болгон.  Орто Азия элдеринин менталитетинде көчмөндөрдүн улуу көчүнүн издери калган, сенек болбой, түбөлүк кыймылдын деми сезилип турган.

Көп учурда Борбордук Азия глобалдык тенденциялардын башаты болуп, адамзаттын тарыхындагы жаӊы этаптарды аӊдап сезүүгө ыӊгайлуу аймак болгон. Борбор Азиянын байыркы салтын улап, кыргыз жергесинде өткөн биринчи Ысык-Көл форуму — тарыхты, учурду жана келечекти түшүнүүнү жаӊы деӊгээлге чыгарды десек болот. Ошондо жаӊы планетардык ойлонууга өбөлгө болгон кереметтүү жерибиздин ушул касиети бүгүн дагы бир жолу жанданат деп ишенем.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Мына ошол даңазалуу биринчи Ысык-Көл форумунан бери туура отуз эки жыл өттү. Чыңгыз Айтматов баштаган асыл жөрөлгө кийин Европада, Латын Америкасында уланды.

Улуу инсаныбыз Айтматов демилгелеген нарктуу салтты улантуу максатында бүгүн сиздер менен кайрадан кыргыз жергесинде жүз көрүшүп олтурабыз.

Бул жолку Ысык-Көл форуму Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, учурдагы заман коогалаңдарын талкуулоо үчүн улуу инсандын асыл мурастарына кайрылат. Анткени Чыңгыз Айтматовду түйшөлткөн көйгөйлөргө үндөш жаӊы глобалдуу чакырыктар жаралды.

Биринчи Ысык-Көл форумунан бери дүйнө жүзүндө көп жаӊы мамлекеттер пайда болду. Азыркы дүйнөнүн көпчүлүгүн түзгөн анча чоӊ эмес өлкөлөрдүн өнүгүү жолдорун, келечегин талкуулоо — форумдун максаттарына үндөш.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн, капитализм менен социализм тирешип турган доорго туура келген эл аралык нормалар эскирди. Дүйнөлүк карым-катнашты жөндөп туруу үчүн курулган институттарды жаӊылоо зарылдыгы жаралды. Эски механизмдер менен жаӊы келечекти куруу мүмкүн болбой калды. Жаӊы мамилелерди, жаӊы нормаларды, жаӊы институттарды издөө жүрүп жатат.

Глобализация дүйнө мамлекеттерин айрым жактан окшош кылганы менен, көп айырмачылыктарды дагы тереӊдетти. Батыштын бай өлкөлөрү менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-экономикалык ажырым азайган жок. Жер шарынын „алтын“ миллиарды менен „ачка“ миллиарды эки башка дүйнөдө жашап жатат.

Кайрадан күчөп бараткан ич ара тирешүүлөр, локалдык согуштар, анын ичинде соода согуштары, миллиондоп жер оодарган качкындар — адамзаттын зор көйгөйүнө айланды. Терроризм менен экстремизмден коргонуу — ар бир мамлекеттин, дүйнө коомчулугунун күн тартибиндеги курч маселе болуп турат.

Диндердин ортосундагы кагылышууларды болтурбоо, толеранттуу жашоого умтулуу, руханий жакырданууга жол бербөө — өтө актуалдуу глобалдык тема бойдон калды. Чыңгыз Айтматов көрөгөчтүк менен көтөргөн маселелер — улам бузулуп бараткан экологияны коргоо, табият менен гармонияда жашоону камсыз кылуу, улуттар арасындагы биримдикти сактап, өлкөлөр ортосундагы интеграцияны чыӊдоо — бүгүн да актуалдуу, ал тургай мурдагыдан да курч мүнөзгө ээ болду.

Жогоруда белгиленген көйгөйлөрдү талкуулоо — бүгүнкү Ысык-Көл форумунун негизги максаттарына кирет деп эсептейм.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Чыңгыз агабыз кылымдын кыйырына сереп салып, доордун тамырын тартып, келечегин аӊдаган масштабдуу сүрөткер эле. Журтубуздун башынан өткөн улуу өзгөрүштөрдүн дастанчысы, жарчысы болду.

Кыргыз эли — кандай кеменгер эл, кандай улуу калк экенин, асылдык жана айкөлдүк сапаттары каны-жанына сиңген санжыралуу журт экенин бүт ааламга жар салган гениалдуу уул, чыныгы патриот — Чынгыз Айтматов болду. Өткөн заман тууралуу бүт билгендерин, жүрөгү менен сезип, акылы менен туйгандарын зор талант менен чагылдырып, урпактарга мурас кылып калтырып кетти.

Ал чыгармаларында негизинен кыргыз элинин турмушун жазды. Ааламга кыргыз образын, кыргыз мүнөзүн, кыргыз дүйнө таанымын жеткирди. Бирок, кыргыздын жашоосу аркылуу жалпы эле адамзаттын тилегин, кубанычы менен көз жашын айткан жазуучу болду.

Кыргыз элинин гениалдуу уулу кичинекей айылдан сапарга аттанып, кең ааламга канатын какты. Космос мейкиндигине, мухит тереңине, тарых сересине ой чаргытты. Дүйнөлүк маданияттын асманында жаркырап жанган жылдыз болду.

Технократтык идеяларга ашкере берилип кеткен, асылдык менен аруулуктан кол жууп бараткан адамзатка нечен эскертүүлөрүн жасады. »Планетаны сактагыла, Жер-энени ыйык туткула!« деп ар дайым мурасын айтып, осуятын табыштап жүрүп өтүп кетти, Чыңгыз агабыз!

Айтматов айткандай „Баарыбыз бир кайыктабыз, биздин алдыбызда улуу космикалык мухит“. Адамзат кайыгын бул мухитте чайпалтпай, дүйнөнү сактап калууну табыштады.

Залкар жазуучубуз — адабияттын гана өкүлү эмес, ойчул, философ, гуманист. Айтматовсуз дүйнөлүк маданият толук болбой, бөксөрө түшөт.

Улуу жердешибиз улуттук гана руханий лидер болбостон, планетардык масштабдагы интеллектуалдык элитанын, дүйнөлүк акылмандардын катарын толуктап турат. Айтматов мезгилдин руханий компасы катары дайыма келечекке жол багыттайт.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Ардактуу коноктор!

Биз, кыргыздар сыймыктанчу, дүйнөлүк маданиятка кошкон салымыбыз — бул улуттук улуу эки дөөлөтүбүз „Манас“ жана Чыңгыз.  Экөө теӊ адамзат үчүн кайталангыс, уникалдуу, көөнөрбөс баалуулук экендиги шексиз!

Бүгүн өтүп жаткан Ысык-Көл форуму — улуу инсан, улут акылманы, дүйнө кеменгери Чыңгыз Айтматов агабызга болгон биздин тереӊ таазимибиз. Алыстан ат арытып келген ардактуу конокторду, окумуштууларды, интеллектуалдарды, бардык катышуучуларды Айтматов түптөгөн Ысык-Көл форумунун кезектеги жыйналышы менен кызуу куттуктайм!

Баарыңыздарга албан ийгилик, мазмундуу диалог, чын ниеттен чыккан баарлашуу, маанилүү талкууларды каалайм!»

 
Categories

Казак акыны Олжас Сулейменов: “Маданият – бүткүл адамзатты бириктирүүчү касиетке ээ”

“Айтматов жана доор чакырыктары” эл аралык Ысык-Көл форуму Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өз ишин баштады. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Кыргызстандын илимий жана маданий интеллигенциясы, ЮНЕСКОнун өкүлдөрү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жакындары катышууда.

Мартабалуу коноктор сөз алып сүйлөп жатышат.

Атактуу акын Олжас Сулейменов: “Ысык – Көл форуму планетагы интеллектуалдардын форуму. Маданият ар дайым өнүгүп-өсүп туруш керек. Маданият гана бүткүл адамзатты бириктирүүчү касиетке ээ.  Адабият акыркы жылдары кризисте жашап жатат. Адабият бийлик менен кызматташканда, бийлик маданиятка, адабиятка көңүл бурганда өнүгөт. Мени сүйүндүргөнү мындай жөрөлгө Кыргызстанда байкалып жатат. Ошон үчүн Чыңгыз Айтматовдун урматына дүйнөнүн интеллектуалдары бул жерге келип отурушат. Тилекке каршы башка мамлектеттерде мындай демилге жок.

Мен Ысык – Көл форумуна ийгилик каалайм.

Быйылкы форум Айтматовдун 90 жылдыгына арналды. Иш-чарага ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Дуйсен Касеинов, казак жазуучулары Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов баштаган КМШ өлкөлөрү, Кытай, Түркия жана Түштүк Кореядан жазуучу, илимпоздор келди.

Бишкекте ачылган форум 7-октябрга чейин Ысык-Көлдө уланат.

 
Categories

Малайзиядагы сулуулук сынагына КРнын атынан Азалия Дүйшөналиева катышууда

Кыргызстандык Азалия Дүйшөналиева Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан Miss Cosmopolitan World 2018 сулуулук сынагына катышууда. Бул тууралуу сынактын расмий сайты кабарлады.

Дүйшөналиева социалдык тармактагы жеке баракчасына аталган иш-чарага катышкан Кыргызстандын биринчи өкүлү экендигин жазган.

“Дүйнө жүзүнөн келе турган бардык катышуучулардан биринчи болуп учуп келдим. Алардын саны 40ка жакын”, – деп жазган ал.

Жеңүүчү 19-октябрда аныкталат.

Белгилей кетсек, Азалия Дүйшөналиева жеке ырчы, мурда “Кыз Бурак” тобунун курамында ырдаган.

 

 

 
Categories

Бишкекте “Импульс” аталышындагы эл аралык театралдык фестиваль өтөт

Бишкек шаарында Арсен Умуралиев атындагы шаардык драма театрында V “Импульс” аталышындагы эл аралык театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, иш-чара театрдын 25 жылдыгына жана театрдын негиздөөчүсү, актёр Арсен Умуралиевдин 85 жылдыгына карата уюштурулууда.

“Импульс” феcтивалынын негизги максаты — кыргыз театр искусствосун өнүктүрүү жана дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, чет элдик театрлар менен кызматташып, тажрыйба топтоо болуп саналат», — деп жазылат маалыматта.

Иш-чара 9-октябрдан 13-октябрга чейин болот.

 
Categories

Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жана кесипкөй ишмердүүлүктөгү чоң жетишкендиктери үчүн ар түрдүү тармактын ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Салтанаттуу сыйлоо аземи бүгүн, 2-октябрда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өттү.

Жалпысынан 150 эмгекчил, коомдук, маданий жана саясий ишмерлер сыйлыктарга ээ болду.

 
Categories

Жалал-Абадда ыр кесе сынагы өткөрүлдү

Бүгүн, 29-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюштурулган республикалык ыр кесе телесынагы өттү.  Бул тууралуу Newtv.kg порталына өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаар башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары менен бирге Ысык-Көл, Нарын облустарынан келген атайын коноктор күбө болушту.

Эске салсак, ыр кесени буга чейин теңир тоолуу, наркы бийик Нарын облусу  уюштуруп,эрежеге ылайык  эстафетаны Жалал-Абадга өткөрүп берген. 

 Ушуну менен кезектеги ыр кесе Ысык-Көл өрөөнүндө өтөт.

Жалал-Абадда ыр кесе сынагы өткөрүлдү

Жалал-Абадда ыр кесе сынагы өткөрүлдү

Жалал-Абадда ыр кесе сынагы өткөрүлдүЖалал-Абадда ыр кесе сынагы өткөрүлдү

 
Categories

Виктор Цойдун паспорту 9 миллион рублга сатылды

Кечээ, 26-сентябрь күнү Виктор Цойдун паспорту “Литфонд” аукциондук үйүндө 9 миллион рублга сатылды. Лоттун баасы анын баштапкы баасы 2,5 миллион рублдан 3 эседен көп өскөн. Советтик музыканттын жазуу китепчеси 3 миллион рублга, “Хочу перемен” ырынын кол жазма түрүндөгүсү 3,6 миллион долларга сатылган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Документ Цойго 16 жашында, 8 айга кечиктирилип берилген.  “Литфонддун” башкы директору Сергей Бурмистровдун айтымында, аукциондук үйдүн адистери Ички иштер министрлигине сурам жөнөтүшүп, паспортко анын аныктыгын тастыктаган экспертиза жасашкан.

Цойдун жазуу китепчесинде ленинграддык жана москвалык рок-музыканттардын, анын ичинде Борис Гребенщиковдун, Майк Науменконун, Артемий Троицкийдин жана башкалардын телефондору жазылган.

Виктор Цой- советтик аткаруучу, “Кино” тобунун (1982-1990) негиздөөчүсү жана лидери. “Звезда по имени Солнце”, “Хочу перемен!”, “Группа крови”, “Дальше действовать будем мы” жана башка ырлардын автору. 1962-жылы Ленинградда төрөлгөн. 1990-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Сөөгү Санкт-Петербургдагы Богословск мүрзөсүнө коюлган.

 
Categories

Кочкордо манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгы белгиленет

Нарындын Кочкор районуна караштуу Ормонхан айылында 29-сентябрь күнү көрүнүктүү манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдады.

Майрамдык иш-чарага илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, белгилүү төкмө акындар, коомдук жана саясий ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышары айтылды.

Сагымбай Орозбак уулу 1868-жылы Ысык-Көлдүн күңгөй тарабындагы Кабырга деген жерде жарык дүйнөгө келип, бирок Кочкордо жашап өткөн. 

Окумуштуу-фольклорчулар арасында анын варианты кыргыздын баатырдык эпосунун классикалык версиясы болуп саналат. Андан жазып алынган “Манас” 180 миң 378 сапты түзөт.

1930-жылы Ысык-Көлдөн Кочкорго үй-бүлөсү, туугандары менен кетип бара жаткан учурда оорудан улам көз жумган.