Categories

Улуттук баш кийимди мазактагандарга айыппул салуу сунушталууда

Мындай демилгени Жогорку Кеӊештин  депутаттары Экмат Бакбакпаев менен Бакирдин Субанбеков көтөрүп чыгышты. Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзам долбоорунун башкы максаты ак калпакты өлкөнүн маданий символу катары пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат. Мындай салт көптөгөн башка өлкөлөрдө деле бар. Андан сырткары, Бузуулар жөнүндө кодекске да өзгөртүү киргизилип, кыргыздын улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1 миӊ сом, юридикалык жактарга 5 миӊ сом айыппул салуу чарасы сунушталып жатканы белгилүү болду.

Бирок, өкмөт мыйзам долбооруна карата каршы корутунда бергени белгилүү болду. Өкмөт өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоору Конституциянын 18-беренесине кайчы келип, жарандардын укуктарынын чектелишине өбөлгө түзөт.

Демилгечи арабызда кыргыздын ак калпагын итке кийингизип мазактаган адамдар бар, коомчулук аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатканын айтты. Муну депутат Алмазбек Токторов да колдоду. Анын пикиринде, мыйзам долбоору башка жарандардын укугун чектебейт.

 
Categories

Асан Турсункулов, сүрөтчү: “Улуттук музей ар нерсени иле койчу жайма базар эмес”

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи барып эле ар нерсени иле койчу жайма базар эмес. Мындай пикирин белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов билдирди.

Анын айтымында, расмий иш-чаралар болсо гана маданият министрлиги кийлигишет, ал эми калган көргөзмөлөргө музейдин жетекчилиги түздөн- түз жоопкер.

” Улуттук музей бара калып эле колго илингенин иле койчу жайма базар эмес. Бардык нерсени жетекчилик көзөмөлгө алышы керек болчу. Келишим музейдин директору менен гана түзүлөт. Эч бир көргөзмө кокусунан болуп калбайт. Алдын ала 3 же 6 ай ичинде пландалат. Кээ бир учурда январь айында эле бир жылдык план толуп калат. Ошондуктан бир көргөзмө үчүн алдын ала арыз беребиз. Мамлекеттик чоң деңгээлдеги иш-чаралар болсо гана министрлик кийлигишет. Калган учурларда жалаң аталган жайдын жетекчилиги менен гана сүйлөшүүлөр жүрөт”,- дейт Турсункулов. 

 

 

 
Categories

Бүгүн “Ош–Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чарасы жыйынтыкталат

 

«Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» Эл аралык маданий иш-чарасынын расмий жабылуу аземи бүгүн,  30-ноябрда Ош шаарында өтөт. Ош шаарынын мэриясынын билдиргенине караганда, жергиликтүү бийлик, калаанын борбордук аянтында жана Улуттук драм театрда маданий иш-чараларды уюштуруп жатат.

Анда «ТҮРКСОЙ» эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин туруктуу кеңешинин 37-отуруму, сүрөтчүлөрдүн жолугушуусунда тартылган эмгектердин жана Ашык Вейселдин сүрөт көргөзмөсүнүн расмий ачылышы сыяктуу бир канча маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, быйыл Ош шаары – “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталып, жыл ичи бою шаарда түрк элдеринин каада-салтын, тарыхын, маданиятын чагылдырган бир топ Эл аралык иш-чаралар, фестивалдар жана спорттук оюндар өткөрүлдү.

 
Categories

Анкара шаарында мульти аспапчы Н.Нышанов жана комузчу Г.Байгашкаеванын концерти уюштурулду

Анкара шаарында ТҮРКСОЙдун имаратында Кыргыз  Элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Улуттук консерваториясынын доценти, “Устатшакирт Плюс” Коомдук Фондунун көркөм жетекчиси мульти аспапчы Н.Нышанов жана комузчу Г.Байгашкаеванын концерти уюштурулду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Иш-чарада темир жана жыгач ооз комузда, чоордо, сыбызгыда, комузда ж.б. музыкалык аспаптарда залкар музыканттардын чыгармалары аткарылып, музыкалык аспаптардын жасалышы тууралуу кыскача видео-фильм көрсөтүлдү.

Концертке жергиликтүү маданий ишмерлер, Анкарадагы Элчиликтердин ѳкүлдѳрү, түрк жана кыргыз студенттери, Азербайжан Республикасынын ТҮРКСОЙдогу расмий ѳкүлү жана ТҮРКСОЙдун кызматкерлери, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз мекендештер катышты.

 
Categories

Бүгүн Бишкекте Иран адабиятынын көргөзмөсү болот

Бүгүн , 22-ноябрда Бишкекте Иран Ислам Республикасынын искусство жана адабият чыгармаларына арналган көргөзмө өткөрүлөт. Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Аталган иш чара Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада саат 14:00дө башталат. Ошондой эле көргөзмөдө Ирандын адабиятынан тышкары тарыхы, искууствосу тууралуу жазылган перс, орус жана кыргыз тилдериндеги китептер да сунушталмакчы. Мындан тышкары иран элинин колдо жасалган уз буюмдары, килемдери тартууланып, “Шахнаме” дастанынан жандуу театралдаштырылган оюн көрсөтүлөт жана иран музыкасы уктурулат.

Каалоочулардын баардыгына эшик ачык.

 
Categories

Өзбектанда “Сулайман-Тоо – бүткүл дүйнөлүк мурас объектиси” аттуу көргөзмө ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 20- ноябрь күнү Өзбекстандын Мамлекеттик тарых музейинде “Сулайман Тоо- бүткүл дүйнөлүк мурас обьектиси аттуу” көчмө көргөзмө  ачылды. Бул туурасында Өзбекстандагы элчиликтен билдирди.

Иш-чарага Кыргызтандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов,Өзбекстандын Мамлекеттик тарых музейинин жетекчиси Жаннат Исмаилова, “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жетекчиси Султан Абдрахманов, “Мурас” тарых жана маданий мурастар фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов жана башка өкүлдөр катышты.

Экспозиция “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси менен Өзбекстандын Мамлекеттик тарых музеинин ортосундагы 2019-2024 жылдарга кызматташуу тууралуу мемориандумун ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмө 2020 жылдын 20 январына чейин уланат.

Өзбектанда "Сулайман-Тоо – бүткүл дүйнөлүк мурас объектиси" аттуу көргөзмө ачылды Өзбектанда "Сулайман-Тоо – бүткүл дүйнөлүк мурас объектиси" аттуу көргөзмө ачылды Өзбектанда "Сулайман-Тоо – бүткүл дүйнөлүк мурас объектиси" аттуу көргөзмө ачылды

 
Categories

“РухЭш” сайты жаңы адабий конкурс жарыялады

«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы бул конкурс адабияты өнүккөн дүйнө элдеринде жүргүзүлүп келген тажырыйбалардын негизинен алынды жана ишке ашырылмакчы.

Аталган конкурстун максаты – поэзия, проза (аңгеме, эссе) жаатында эмгектенип жүргөн кыргыз тилдүү авторлор үчүн чыгармачылык атаандаштыкты күчөтүү. Ким эмне айткысы келсе – көркөм адабияттын туюнтмалары аркылуу айтсын.

Жеңүүчүлөр төмөндөгү талаптар боюнча аныкталат:

ПРОЗА

Жаңыча көркөмдүк формада изденүү

Курч сюжеттүү күтүүсүз табылга

Сөз чеберчилиги

ПОЭЗИЯ

Мазмундуу уйкаштык

Курч калем, курч ойлор

Сөз чеберчилиги

Конкурстун ШАРТТАРЫ:

Конкурска катышууга баардык авторлор укуктуу жана эч кимдин жаш курагы чектелбейт. Авторлордун эмгектери ruheshsaity@gmail.com дареги аркылуу кабыл алынат жана сөзсүз түрдө «Конкурска» деп белгиленүүгө тийиш.

А) Биринчи баскычтагы кабыл алынар чыгармалардын көлөмү – поэзия 3 бет, аңгеме, эссе 4 беттен ашпоого тийиш (формат А5, тамга Calibri, кегль 12).

Б) Экинчи баскычтагы профессионал адабияттын дасыккан өкүлдөрүнүн кабыл алынар чыгармаларынын көлөмү – поэзия 10 бет, аңгеме, эссе 20 беттен ашпоого тийиш.

Байгелик орундар

ПРОЗА

1-орун – 50 000 (элүү миң) сом

2-орун – 30 000 (отуз миң) сом

3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом

ПОЭЗИЯ

1-орун – 50 000 (элүү миң) сом

2-орун – 30 000 (отуз миң) сом

3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом

Көркөмдүк талапка жооп берген эмгектер конкурстун уюштуруучулары тарабынан кабыл алынан. О.э. ruheshsaity@gmail.com дарегинен «Сиздин эмгек кабыл алынды» деген жооп алган катышуучу «РухЭш» сайтынын ЭЛСОМ 0558080860 эсебине 1000 (бир миң) сом взнос акысын төлөөгө тийиш.

Авторлорго эскертүү  

  • Мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат (соцтармакта жарыяланган чыгармалар  конкурстан четтетилет!)
  • Тексттер сабаттуу болсун жана Ө Ң Ү тамгасы жок эмгектер кабыл алынбайт.
  • Адеп-аклак, ыйман чегинен ашкан чыгармалар конкурстан четтетилет.
  • Ар бир автор өзүнүн сүрөтүн кошо жөнөтүүгө тийиш.
  • Конкурстук чыгармалар авторлордун аты-жөнүсүз, номер түрүндө жарыяланат. О. э. конкурс жыйынтыгы чыкканга чейин калыстар курамынын аты-жөндөрү да жашыруун сакталат.

Калыстар курамы

Конкурстун калыстары уюштуруу тобу жана кадыр-барктуу авторлордон куралат.

Уюштуруучулардын милдети

«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы бул конкурста жеңүүчү деп табылган авторлордун эмгектерин «РухЭш» сайтынын адабий агенттигинин эксперттеринин (адабиятчылар, сынчылар) талдоосуна салып, атайы сын макалаларды жарыялайт.

Жобо жарыяланган күндөн тартып конкурстук чыгармалар кабыл алынат. Кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-майы күнү токтотулат. 

 
Categories

Эки акындын арзуусу жана дүйнөсү

Бүгүн, 15-ноябрда Караганды облустук драма театры Бишкекке 2 күндүк гастроль менен келди. Бишкек шаардык драма театрынын залында көрүүчүлөргө Рахымжан Оторбаевдин “Фариза менен Мукагали” спектаклин тартуулап, көпчүлүктүн кол чабуусуна арзыды.

Анда казактын эки улуу акынын арзуусу жана дүйнөсү баяндалат.

Эртең да дал ушул театрдын сахнасында Роза Муканованын “Эч ким күнөөлүү эмес” спектакли  көрүүчүлөргө тартууланат.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: Сүймөнкулдун тарткан сүрөттөрүн карап олтуруп, анын жан дүйнөсүнүн тереңдигине, көз карашынын курчтугуна ынандым

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан залкар сүрөткер Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, сөз сүйлөдү.

Турмушта жашоосу кыска болсо да, элдин эсиндеги өмүрү узун, мекен үчүн өтө чоң, бир адамдын өмүрүнө сыйбай турган эмгек өтөгөн инсандар унутулбайт. Албетте, кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбойт.

Сүймөнкул агабыз өтө сейрек кездешчү тагдырга туш болду.  Ага Жараткан Кудай талантты кош колдоп берип койгон экен.  Ал чыгармачылыктын ааламына сүрөт өнөрү менен кирди, өзүнүн даңазалуу турмуш жолун сүрөтчүлүктөн баштаган. Ошентсе да, анын ааламга кеткен атак-даңкы кино өнөрү менен байланыштуу болду.Киноактерлук таланты менен өзүн гана эмес, жалпы кыргыз элин дүйнөгө дагы бир ирет таанытты, таң калтырды, суктантты.

»Кыргыз өңү — Чокморовдун өңүндөй» болуп дүйнөгө тарады, ал кыргыздын руханий символуна айланды, элибиздин нукура сүймөнчүгү болду.

Ал таланттуу сүрөтчү, кыл калемдин мастери катары да мыкты эмгектерди жаратты. Анын негизги кесиби — сүрөтчүлүк өнөрү, Чокморовдун өмүрүндө өзгөчө орунду ээлейт. Бул өнөрүн дүйнөгө таанымал болуп, зоболосу бийик болуп турганда да, жаны ооруп, өлүм алдында турганда да таштаган жок. Өмүрүнүн акырына чейин карманды, кийинки муунга айтаар сөзүн, негизинен, сүрөтчүлүк өнөрү аркылуу айтып кетти.

Сүймөнкул агабыз жөнүндө кеп кылганда, жөн гана анын турмуш фактыларын белгилеп, жашоосундагы окуяларын эскерип кетүү жетишсиз. Сүймөнкул Чокморовдун элесин сыйлаган адам — анын ички ааламына баш бакса гана, анын улуулугун, залкарлыгын байкайт. Мен жакында Улуттук көркөм сүрөт музейибизге атайын барып, агабыздын көргөзмөсүн көрүп келдим. Тарткан сүрөттөрүн карап олтуруп, анын жан дүйнөсүнүн тереңдигине, дүйнө таанымынын кенендигине, көз карашынын курчтугуна ынандым.

Сүрөтчүлүк талантын төгүп, кыл калеми менен жараткан дүйнөсү — кыргыз жеринин сулуулугун, кыргыз элинин, залкар инсандарыбыздын улуулугун даңазалап турат. Сүймөнкүл агабыздын сүрөттөрүндө — анын элибизди, жерибизди, көлүбүздү, тоолорубузду, талааларыбызды — ушунчалык сүйгөнү көрүнүп турат. Сүймөнкул агабыздын чыгармалары бардык кыргыз баласынын жүрөгүнө жакын.

Анткени ар бир көрүүчү сүрөттөрдөн өзүнүн айылын, ошол жердин аксакалдарын, энелерин, жаштарын көргөндөй болот. Анын сүрөттөрүндө камтылган элет жеринин табияты, айылдыктардын жашоо образы, эмгек адамдарынын элестери, замандаштарыбыздын портреттери аркылуу — бүтүндөй бир доордун көрүнүшү. Ошол доордун элеси жоголуп кетпей, живопись аркылуу урпактарга жетип жатканына ыраазы болосуң.  Сүймөнкул Чокморов элибиздин залкар инсаны — Саякбай манасчынын төрт портретин тарткан экен. Аларды карап олтуруп, Саякбай атабыздай кеменгер инсандын улуулугун, өзүндөй залкар инсан гана сезе билет, улуу сүрөтчү гана анын элеси менен кошо ички ааламын көрүүчүгө жеткире алат деген ойго келесиң.

Чокморов өзүнүн кайталангыс таланты менен, тарткан сүрөттөрүндө башкаларга байкалбаган, өзү көргөн, өзгөчө дүйнөнү калтырып кетти. Ал 800дөн ашык сүрөттөрдүн автору, ошол сүрөттөр аркылуу өзгөчө дүйнөнү жаратты. Ушул ааламдын көркөмдүгүн, ошол дүйнөнүн кооздугун көрөм дегендер үчүн — көркөм сүрөт музейибизде Сүймөнкул Чокморовдун 80ге жакын сүрөтү илинип турат.  Анын тарткан 27 полотносу дүйнөнүн атактуу музейлеринде сакталып калды.

 
Categories

Садык Шер-Нияз “Лос-Анджелестин ардактуу атуулу” наамын алды

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз “Лос-Анджелестин ардактуу атуулу” наамын алды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып, сүрөтүн жарыялады.

Калвер Сити, Лос Анджелестин ардактуу атуулу деген наам ыйгарышты.

Опубликовано Sadyk Sher-Niyaz Четверг, 14 ноября 2019 г.

Белгилей кетсек, Лос-Анжелесте Шер-Нияз негиздеген “III Аsian World Film Festival (AWFF)” кинофестивалы бешинчи ирет өттү.