“Укпадыңбы?!”
Аллоо… Мырзайым, сенсиңби? өзүңсүңбү?
Бүгүн сага бир жигит төгүлсүнбү…
Мен өзгөрдүм, баары үчүн кечирип кой,
Дарегиңде кайра Б….. көрүнсүнбү?..
-Деди дагы сөздөрүн улай берди,
Угуп жаттым, кечирим сурай берди.
Нелерди тиленчү элек деген сайын,
Негедир жашым уюп кулай берди.
Өкүндүм өзүңсүз айларыма,
Өзүмдү тапшырайын кайра мына.
Эреркип кыялданып олтурамын,
Эмне белек кылсам деп майрамыңа.
Кечирим бер экинчи ката кылбайм,
Кейитпейм, ашыкча маза кылбайм.
Жибип койчу суранам акын кызым,
Жигиттик сөзүм эми капа кылбайм.
Аллоо… Мырзайым, сүйлөйсүңбү?..
Же бүттүбү, баардыгы… сүйбөйсүңбү?
Сезимдери жаралуу бир жигитмин,
Сенсиз жашаш кандай оор билбейсиңби?
Эх… Үмүт үзбөй жашаган күдөрүңдөн,
Үйрөндүңбү көп сабак күмөнүңдөн.
Кайра мени тызылдап издеттирген…
Кайран сенин кабарсыз жүрөгүңдөн!..
Буга чейин, кайда элең?.. Уктадыңбы?
Таарынтып эч мөөрөй утпадыңбы?
“Мээримиң сагындым”-деп чалыптырсың,
Мен бирөөгө жубай болгом укпадыңбы?!
***
“Түшүндүм апа”
Жолумдун баары түз эмес экен,
Жомоктун баары түш эмес экен.
Акыры аңдап түшүндүм апа…
Адамдын баары сиз эмес экен.
Көзүнөн нуру тамганды көрдүм,
Көкүрөк толо арманды көрдүм.
Кылбасам дагы эч кимге зыян,
Кылыгы жаман жандарды көрдүм.
Чагылган, оттор өчкөнүн билем,
Чалышат алар өздөрүн билем.
Баягы сенин суу куйган гүлүң,
Бараткан сайын өскөнүн билем.
Жартымды жаман тордоду апа,
Жакшылар жамап оңдоду апа.
Жабыгып дүйнөм чачылаар кезде,
Жараткан өзү колдоду апа…
Күбүлгөн шактай күз болдум эчен,
Күйүткө калып жүз тоңдум эчен.
Энтигип далай арыштап барам,
Элиңе жакын кыз болгун десең.
Жолумдун баары түз эмес экен,
Жомоктун баары түш эмес экен.
Акыры аңдап түшүндүм апам…
Адамдын баары сиз эмес экен.
****
“Сырдаш көлүм”
Ыссык-Көл чынында терең белең?
Ыр болуп мен сага келем дегем.
Санаада мен сыңары жандар канча?
Сырларын сага айтып берем деген?
Жоголгон сүйүүм жүрөт агымыңда,
Жоктодум, издедим жаңы ырымда.
Жоолугун салаар кезде “Апакеси”,
Жолдордун бөлүндүк жарымында.
Айла барбы арзуунун чөкпөшүнө,
Арга барбы мен айтпай өтпөшүмө.
Алтын-Көлүм өзүңө чоң аманат,
Ал жигит арманын төкпөсүн ээ?..
Тамчысын сүйүүнүн курутпаймын,
Таңдайга түшкөн сынып куруттаймын,
Тагдырым бөлөккө жазылса да,
Таптакыр мен аны унутпаймын.
Эх Көлүм энчиңде кала албадым,
Эңседим, эзилдим жана албадым.
Тилинген жүрөктү титиретет…
Тизгинсиз мупмуздак шамалдарың.
Курдаш болуп калайынчы жээгиңде,
Кубат берчи кулап жаткан кебиме.
Куураганча махабатка Көлүм аай,
Кумуң менен сиңип кетсем эмине.
Ыссык-Көл толкусаң төгүлбөгүн,
Ыйыгым мен бүгүн төрүңдөмүн.
Ышкымды сезимден козгоп жаша,
Ырымдан эч качан бөлүнбөгүн!!!
***
Жатам үйдө, жалгыз бөлмө, бир айнек,
Жаштыгымды агызып сүтүм менен.
Качанкы бир мезгилдин урматына,
Кайра алдым каламды күтүлбөгөн.
Күтүлбөгөн, кеп уктум күтүлбөгөн,
Күдөрүм ай не менин үзүлбөгөн.
Билбейм неге жүрөгүм тызылдады,
Биздин сезим калгансып үтүр менен.
Жодур көзүм, нагыз мырза, кара кашым,
Жонго артып турмуштун арабасын,
Бакыт болуп жамгыр жаап үлпөтүңдө.
Салтанаттуу жай басып баратасың.
Барагыма батпаган, түгөнбөсүм,
Бара жаткан багытың түнөрбөсүн.
Тоо башында аткан таң эч нерсе эмес,
Турмушуңдун таңы аткан күнү өлбөсүн.
Карегимден карааны эскирбесим,
Кандай жакшы көрөрүм эч билбесим.
Үйүңөргө баткан күн эч нерсе эмес,
Сүйүүңөргө бөкөм ай кеч кирбесин!
***
Мен өмүрдө сендик болдум каралдым,
Адам сүйдүм, ырды сүйдүм тазардым.
Буга чейин жазгам эчен ашык ыр,
Мындан кийин дагы далай жазармын.
Ошондо да, азыр дагы, эртен да,
Оозго батпай ойноп турат жалын тил.
Окуганда сен кызыгып бир сап ыр,
От кармаган мен жаныңда барым бил…
Билгин дагы, билбегендей бекем бол,
Бирөөлөрдүн бактысы эмес… сеники.
Жактырганың жалгыз эле мен болуп,
Жазыла элек ырлар болсун меники!
Күн туттугуп, күлкүм жерге кулаба…
Күндөрүмдүн эң жакшысын сүйөмүн!
Сен кубаттап жүргөн үчүн, мен эркин,
Ырларымды, ырдай жазып жүрөмүн!!!
***