Ч.Айдарбеков Эстониянын жана Нидерланддардын ТИМ башчылары менен жолугушту
Братислава шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Эстония Республикасынын Тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу жана Нидерланддар Королдугунун Тышкы иштер министри Стеф Блок менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Эстониянын тышкы саясий мекемесинин башчысы менен эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле 2020-жылга пландаштырылган өз ара сапарларды уюштурууну талкуулашты. Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыты IT-чөйрө болуп саналарын белгилешти, ушуга байланыштуу, Кыргызстандагы эстониялык долбоорлорду, ошондой эле «Түндүк» ЭВӨСтү ишке ашыруунун алкагында мүмкүн болгон жаңы долбоорлорду талкуулашты.
Нидерланддардын ТИМ башчысы менен жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды.
Тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн жана кызматташтыктын бардык спектри боюнча эки тараптуу байланыштарды активизациялоо үчүн ар кандай деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруунун зарылчылыгын белгилешти.
Ушул жылдын 15-17-октябрында Нидерланддар Королдугунун айыл чарбалык соода мисииясынын Бишкек шаарына болгон сапарынын маанилүүлүгү, ошондой эле сапардын алкагында тегерек столдун иши белгиленди.