Categories

КЫРГЫЗСТАН «ГАЗПРОМБАНК» МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЙДУ

Кыргызстан Орусиянын “Газпромбанкы” менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Документ мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу жаатындагы келишимдерге банктык колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-ноябрда “Газпромбанктын” биринчи вице-президенти жана башкармалыктын мүчөлөрү менен жолугушту.

Алар банктык колдоо кызматтарын илгерилетип, мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдерин да талкуулашканын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Меморандумга кыргыз тараптан финансы министри Алмаз Бакетаев жана “Газпромбанктын” аткаруучу вице-президенти Олег Мельников кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусияга 22-ноябрда кеткен.

 
Categories

ӨЛКӨГӨ ТҮРКИЯНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛДИ

Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Октай 10-сентябрда Бишкекте өтө турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышат. Ушул күндөрү баш калаада кыргыз-түрк бизнес-форуму дагы өтүүдө.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар документтерге кол коюу жана “Маариф” мектебинин ачылышы пландалууда. Түркия альтернатива катары “Маариф” фондунун мектептерин сунуштаган.

Кыргызстанда былтыр октябрь айында бийлик алмашкандан кийин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барып, анда “Маариф” мектептерин ачууга мүмкүнчүлүк берген макулдашууга кол коюлган.

 
Categories

КЫРГЫЗ-БЕЛАРУСЬ КЫЗМАТТАШТЫГЫ

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Беларусь премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар ар кайсы тармактардагы кыргыз-беларусь кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, эки өлкөнүн экономикалык потенциалын түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришкен.

Беларусь премьер-министри Роман Головченко Улукбек Мариповду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Жолугушуунун жыйынтыгында өкмөт башчылары жакынкы аралыкта соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясынын X жыйынын жана бизнес-форумун Бишкекте өткөрүүнү макулдашышты.

 
Categories

ТҮРК АКАДЕМИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ

Кыргызстан Түрк академиясы менен кызматташтыгын арттырууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу 1-февралда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралы менен жолугуп, кызматташтык маселелерин талкуулады. Академиянын жетекчиси түрк элдеринин географиясын жана адбиятын чагылдыруучу биргелешкен китептерди басып чыгаруу боюнча пландары жана уюмдун жалпы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Министрликтин жетекчиси түрк элдеринин тарыхы жана маданияты жөнүндөгү маалыматтарды кеңири жайылтуу багытында чогуу кызматташууга даярдык бар экенин билдирип, академияга мүчө мамлекеттердин мамилесин бекемдөөдө маданий-гуманитардык кызматташтык чоң ролго ээ экенин белгиледи.

Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Азербайжандын Нахчыван шаарында 2009-жылы кабыл алынган. Уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө.

 
Categories

РУСЛАН КАЗАКБАЕВ БИСМЕЛЛАХ ВАЗИРИНИ КАБЫЛ АЛДЫ

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ооганстандын Кыргызстандагы элчиси Бисмеллах Вазирини кабыл алып, бир катар маселелерди талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда тараптар кыргыз-ооган мамилелерин өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле диний экстремизм менен эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөштү. Казакбаев Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын жакшыртууга багытталган чараларды ооган тарап менен биргеликте кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи. Ооганстанда этникалык кыргыздар топтолуп жашаган жерлерде инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, мектептерди, ооруканаларды жана жолдорду куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту. “Казакбаев акыркы саясий окуялардын жүрүшүндө Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоо үчүн ооган тарапка ыраазычылык билдирүү менен жаңы шайланган президенттин инаугурация аземине чакырды”, – деп айтылат маалыматта.

 
Categories

ТИМ: Орусиянын КРдеги Элчиси менен жолугушуусу

2021-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсү, коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү, үзгүлтүксүз авиакаттамдарды жаңылантуу сыяктуу кыргыз-россия кызматташтыгынын  күн тартибинин бир катар актуалдуу маселелери боюнча  пикир менен алмашышты, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдериндеги боло турган тышкы саясий   иш-чараларды талкуулашты.

 
Categories

КРдин Түркиядагы Элчиси К. Өмүралиев ТИКАнын Президенти менен жолугушту.

         2020-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Президенти Серкан Кайалар менен жолугушту.

         Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТИКАнын Кыргызстанда ишке ашырылып жана пландаштырылып жаткан саламаттыкты сактоо, туризм, маданият ж.б. тармактардагы долбоорлорун талкулашты.

         Коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаалды эске алып, Элчи Өмүралиев ТИКА аркылуу ишке ашырылып жаткан Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын долбоору тез арада толук кандуу ишке кирерине ишенимин билдирди.