Categories

№19 түзөтүү абагында аскерге кызмат өтөөгө келген жоокер октон каза болду

Сокулук районундагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган  №19 түзөтүү абагында кечээ аскерге кызмат өтөөгө келген жоокер атынып алды. Бул туурасында ЖАМКтын маалымат кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, ал жазында эле кызмат өтөөгө чакырылган.  Жоокер, 18 жаштагы Ош облусунун жараны экендиги айтылууда, ал күнү  күзөттө турган.

Эмне себептен өзүн атканы али белгисиз. Аскер прокуратурасы иликтөөнү баштады.

 
Categories

Сания Шакированын өмүрүн алган авто авария боюнча кылмыш иши козголду

Буга чейин “Дүйнөнүн сулуу айымы-2018” наамынын ээси Сания Шакирова авто авариядан улам каза таап, айдоочуну кошкондо эки адам жараат алгандыгын ММКлар кабарлаган эле. Бул Ысык-Көлдө 2-июнда болгон жол кырсыгы боюнча “Жол коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу” беренесине ылайык кылмыш иши козголгондугу тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Атайын маалыматтарга караганда, авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал аймагында болгон. Сания Шакирова жана анын жигити түшкөн таксинин айдоочусу автоунааны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн.

30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн Miss Universe Beauty-2018 сынагына катышып, “Дүйнөнүн сулуу айымы” аталган. Ал эми “Дүйнөнүн эң сулуу айымы” титулун орусиялык катышуучу алган.

Саниянын артында үч баласы калды.

 
Categories

Жол кырсыгынын кесепетинен Форд-Фокус унаасынын айдоочусу көз жумду

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2018-жылдын 31-май күнү саат экиден он тогуз мүнөт өткөндө  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында мамлекеттик № В 03-06АХ Форд-Фокс үлгүсүндөгү унаа менен мамлекеттик № S 35-65 AI Мерседенс-Бенц D-811  үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгынын кесепетинен Форд-Фокус унаасынын айдоочусу 1977-жылы туулган И.У.М. кырсык болгон жерде көз жумган, жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А. Ш.С оор жаракат алган. КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары кырсык болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн барышкан. Тез жардам кызматкерлери каза болгон жана жабыркаган адамды Кант шаардык ооруканасына жеткиришкен.