Categories

Кумтөр кенинде дайынсыз эки кызматкерди издөө иштерине альпинистер да кошулду (фото)

Учурда жеринде 18 оор техника иштеп жатат.  Альпинистер дагы издөө иштерине кошулду.  Кескин түрдө жылган үйүлгөн жараксыз катмардын жалпы аянты: узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12,825,000м3. Бул тууралуу  ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кумтөр кенинде дайынсыз эки кызматкерди издөө иштерине альпинистер да кошулду (фото)

Дайынсыз болуп жаткан эки адамдын болжолдуу калган жерлери адистер тарабынан аныкталып, учурда ошол аймакта техникалар иштеп жатат. Жалпысынан 94 куткаруучу тартылган: ӨКМден, Кумтор ишканасынан, кинологдор ж. б. Мамэкотехинспекциянын тоо-кең адистери чалгындоо иштерин жүргүзүп,  коркунуч туулган жерлерге атайын аспаптарды орнотуп тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кумтөр кенинде дайынсыз эки кызматкерди издөө иштерине альпинистер да кошулду (фото) Кумтөр кенинде дайынсыз эки кызматкерди издөө иштерине альпинистер да кошулду (фото)

 
Categories

Өзгөндө өрттөн бир адам каза болду

3-декабрында саат 01:40 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылында Акматов көчөсүнүн №9 турак үй толугу менен күйгөн. ОКМден алынган маалыматка караганда, өрттүн жалпы аянтты 99 чарчы метр, анын кесепетинен үй ээси 1990-жылы туулган С.А. каза болгон.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

 
Categories

Өрттөн 5 адам жабыркады

Ленин районунун Стаханов көчөсүндө эки кабаттуу турак үйдө өрт чыккан. ӨКМдин маалыматына караганда, өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан өрт чыгып, анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн №19 жана №20 батирлеринин 90 чарчы метр чатыры, үй буюмдары жана кийим кечелер күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1975-жылы туулган Б кызы А. түтүнгө ууланган, 1965- жылы туулган С. А. бети жана колунан III-даражадагы күйүк алган, 1962-жылы туулган С. Н. колунан күйүк алган жана түтүнгө ууланган, 2012-жылы туулган А. К. жана 2016-жылы туулган С кызы А. түтүнгө ууланган. Жабырлануучулар тез жардам кызматы аркылуу Бишкек шаардык №4 жана №3 ооруканасына жеткирилген. Абалдары туруктуу.

 
Categories

Кумтөрдө дайынсыз жоголгондор изделүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК ишканасынында 2 кызматкери дайынсыз жоголду деген маалымат 1-декабрь күнү түшүп, ӨКМден  куткаруучулар  издөө иш-чараларына тартылган. ӨКМден алынган маалыматка караганда, учурда издөө иш-чаралары улантылууда.  Жалпысынан 31 куткаруучу тартылган.  Куткаруучуларды   министрдин орун басары полковник К. Ахматов жетектөөдө.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 1-декабрында, таңкы 5:43тө «Кумтөр» кенинде Лысый суусунун өрөөнүндөгү бош тек үймөгүнүн түндүк бөлүгү кескин кыймылга келген. Компания кооптуу аймактан тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн кызматкерлерин дароо эвакуациялап баштап, бардык тоо-кен иштерин токтоткон.

Компанияда болгон окуя боюнча бардык тиешелүү мамлекеттик көзөмөл органдары, дайынсыз жоголгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү дароо кабарланган. Учурда издөө жана куткаруу иштери уланууда.

 
Categories

«Кумтөрдө» иштеген эки киши дайынсыз болууда

«Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер дайынсыз болууда. Алар кен казуу аймагындагы жер көчкүдөн кийин табылбай калышкан. Бул өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка караганда, өкмөт башчы Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берген.

“Кумтөр” ишканасынын өкүлү Гаврилова:  “Жекшемби күнү эртең менен Кумтөр кениндеги участкалардын биринде жер көчкү жүргөн. Баштапкы маалыматтар боюнча эки киши дайынсыз болууда. Азыр издөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет”, — деди.

 
Categories

Бишкекте залдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Борбор калаадагы машыктыруучу залдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-ноябрда 9:30дар чамасында өрт өчүрүү кызматына маалымат келип түшкөн.  Жеринде куткаруучулардын эки унаасы иштеп, жалын 10.52лер чамасында өчүрүлдү.

Андан жабыркагандар боюнча маалымат бериле элек.

 
Categories

Өлкө боюнча 1 сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталган

Сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрт катталган аймактар: Бишкекте 4, Чүй 4, Ош шаары 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл 2, Жалал-Абад аймагында 2.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, өрт кырсыгынын басымдуу бөлүгү турак үйлөрдөн чыккан. Турак үйдүн жашоочулары электр энергиясына этияттык менен мамиле кылбагандыктан өрт кырсыгы катталууда.

 
Categories

Озерное айылында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Озерное айылында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, турак үйдүн темир чатыры күйгөн. Анын кесепетинен бир киши каза болду. Ошондой эле үйдүн жанындагы таштанды жана музоо өрттөнүп кетти.

Кырсыктын келип чыгышына электр жабдыктарын туура эмес колдонуу себеп болгон.

 
Categories

Тайгалакта колду чөнтөккө салып жүрүү коркунуч жаратат

Учурда тоңгон  муздун тышкы катмары бир нече сантиметрге жетиши мүмкүн. Сууктун түшүшү  менен көчө жаракаттарынын саны өсүүдө. Дарыгерлердин айтымында, мындай күндөрү жабыркагандардын саны 2 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигиинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Тайгаланып жыгылып кетүү коркунучун  азайтуу үчүн төмөнкү жүрүм-турум эрежелерин сактоо керек. Тайгалак  көчөдө кетип бара жатканда  шашпагыла,  кескин кыймыл аракет кылбагыла,  дайыма  алды жагынарды карагыла.  Айлананы  кароо керек болсо, басып бара жатып эмес, токтоп туруп караганга аракет кылгыла.  Басып бара жатканда буттун кыймылы  эркин болуп,  тизе бир аз бүгүлгөн абалда  болушу керек, дене  бир аз алдыга умтулуп турушу керек. Колду чөнтөккө салып жүрүү адаты чоң  коркунуч жаратат. Жыгылып бара жатканда колду чөнтөктөн чыгарып, бир нерсени карманып калганга үлгүрбөй калууңуз мүмкүн. Улгайган адамдарга башына желим  капталган желим таяк таянып жүрүү сунуш кылынат.

Жолдун автоунаа өтүүчү тарабынан мүмкүн болушунча  алыс кармануу керек.  Ошол эле учурда чатырында муздар тоңуп калган имараттардын дубалдарынын жанына өтпөй эле койгон жакшы. Жолду  кесип өтүүдө да абдан сак болушубуз керек. Көчөнүн башка тарабына жөө кишилер өтүүчү атайын өтмөктөрдөн  гана өтүү керек.

Тайгакта тепкичтер дагы эң чоң коркунучту жаратат. Андыктан, тайгалак тепкичтер менен түшүүдө  бутту тепкичке бойлото коюу керек, себеби бул тең салмактыкты жоготкон учурда ылдый көздөй кылдаттык менен жылмышып түшүүгө жардам берет.

Кышкы бут кийим ыңгайлуу жана тайгаланбай турган болушу керек. Бут кийимдин кургак таманына, такасына лейкопластырь же изолента чаптап койсоңуз болот (кайчылаштырып же тепкич сымал чаптагыла).  Көчөгө  чыгаардын алдында  бут кийимдин  таманын  наждак кагазы менен  сүртүп койсоңуз да жардам берет.

Эгерде жыгылуунун алдын алуу мүмкүн болбой калса. Таманды толук жерге коюп кылдаттык менен басуу керек.  Жөө жүрүүдө буттар бир аз бошоң, кол эркин болушу керек. Эгер сиз тайгаланып кетсеңиз, жыгылуунун бийиктикти азайтуу үчүн дароо отуруңуз.

Эгер болбой эле кулап кетээриңизди  сезип турсаңыз,  хоккейчилер сыяктуу ылдый отуруп, бир  тарапка кыйшайыңыз. Чалкасынан  кулаган адамдын кыр аркалары жана омуркасы жабыркап, ал эми колдорун  алдыга созуп жыгылганда –ийин же билек сынып кетиши мүмкүн, ошондуктан  ошондуктан дене мүчөлөрүңөрдү топтоого аракет кылгыла: чыканактарды капталга кысып, башты ийинге катып, булчуңдарды чыңалткыла.

Жаракат  алган учурда, өзүн өзү дарылоодон баш тартып, медициналык кызматкерге сөзсүз жана токтоосуз кайрылыңыз.

 
Categories

Бишкекте банктардын бирине куралдуу кол салуу болду

Бүгүн, 26-ноябрда болжол менен саат эрте мененки саат 8:00 чамасында Бишкектеги банктардын бирине куралдуу кол салуу болду. Бул туурасында Kaktus басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя “ЭкоИсламик” банкынын Жунусалиев жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги филиалында катталган.

Учурда бул боюнча ыкчам издөө жана териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын укук коргоо органдары билдирди.

 

 

Бишкекте банктардын бирине куралдуу кол салуу болду