Categories

Чек арада атышуу болду

Бүгүн 6-августта таңкы саат 5.00дөр чамасында Кыргыз – Тажик чекарасында атышуу болгон.
Окуя “Көк Таш” чекара заставасына караштуу Эки Таш деген жерде болгон.
Кыргыз чекарачылары күзөттө болушкан.
Атышуудан аталган чекара заставасынын командиринин милдетин аткаруучу Ш. К. оң колуна ок тийип, жарат алган.
Азыр жарат алган командир Баткен шаарында ооруканада жатат.
Абалы туруктуу.
Учурда эки өлкөнүн чегара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Чекарада кырдаал туруктуу.

Чек арада атышуу болду

 
Categories

Шаардагы шайтан арабачылар

Патрульдук милициянын маалыматына ылайык үстүбүздөгү жылдын жети айында велосипед тепкен адамдардын катышуусунда 71 жол кырсыктары катталган.
Анын экөөсү адам өлүмү менен аяктаган.
Калган 69 да ар түрдүү жаракаттар болгон.
Андыктан Патрульдук милиция шайтан араба менен жол улагандар тийиштүү эрежелерди бек сактоого чакырган.
Быйылкы жылы Бишкек шаардык мэриясы мурда пландалган веложолдордун көпчүлүгүн куруп бүткөрүүнүн алдында турат.
Анткен менен салынган жолдордун сапаты жакшы болбой шаар тургундарын нааразы кылууда.

 
Categories

Ливандын борборунда чоң жарылуу болду

Бүтүндөй шаарга запкы алып келген жарылуу бүгүн 4-август кечке жуук катталган. Жергиликтүү басма сөз каражаттарынын маалыматына караганда, жарылуудан көптөгөн имараттар курап, астында адамдар калышы мүмкүн. Азыркы учурга 1000ден ашуун жабырлануучулар катталганы белгилүү, бирок бул сан дагы өсөт.

Жарылуунун так себеби белгисиз.

Кээ бир басылмалар кырсык майрамдык салюттар кампасында катталды деп жазууда.

 
Categories

Тынбай эле сел жүрүүдө

Акыркы апта ичинде өлкө аймагында мезгил мезгили менен нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрүүдө.
Тогуз-Торо, Кара-Кулжа, Нарын, Жети-Өгүз, Ноокен райондорунда сел жүрдү.
Аталган райондордун баарында бактыга жараша чоң кыйроолор болгон жок.
Анткен менен ички чарбалык көпүрөлөрдү, жолдорду бузуп кетти.
Селдин кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары ыкчам иш алып барды.
Негизи эле быйыл жаз алды менен Кыргызстандын көпчүлүк райондорунда сел жүрүп, жаратылыш кырсыктары токтобой эле болуп туру. Алардын эң эле чоң зыянга учуратканы Лейлек районунда болду.
Анда турак үйлөрдү, короо жайларды сел каптап, кыйроолорго учураткан.

 
Categories

Дагы сел жүрдү

Кечээ түштөн кийин нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолунун үч бөлүгүндө катуу сел жүрүп, бийиктиги эки метрге чейин агындылар топтолгон.

Кечээ караңгы түн ортосуна чейин транспорт жана жолдор министрлигинин техникалары иштеп, жол толук тазаланды.

Акыркы жумада өлкөбүздүн бир катар аймактарында сел жүрүп, ондогон ички чарбалык көпүрөлөрдү бузуп, ички жолдоргода зыян алып келди.

Айрым турак үйлөрдү сел каптап, көптөгөн короо жайларды сел каптаган.

Бактыга жараша чоң кыйроолор жок.

 
Categories

Кадамжайда сел жүрдү

Кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Кадамжай районунун Орозбеков, Охна айылдарында катуу сел жүрүп алты көпүрөнү алып кеткен.

Ошондой эле ички чарбалык жолдорго да зыян келтирип, унаалардын кыймылын кыйынчылыкка кептеди.

Азыр селдин кесепетин жоюу аракетине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары иштеп жатат.

Кечээки нөшөрлөп жааган жамгыр өлкөбүздүн башка да аймактарында суу ташкындарын, селдердин жүрүүсүн күчөттү.

 
Categories

Өрттөнгөн сарай, томсоргон фермер

Кара-Суу  районунун Төлөйкөн айылында тоют  толо жыйылган сарай толук күйүп кеткендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт өчүрүү кызматы күйүп жаткан сарайды бир сааттын ичинде өчүрүшкөн.
Сарайда төрт жүз түк тоют болгон.
Тилсиз жоо фермерди томсортуп кетти.

 
Categories

Бир суткада эки киши сууга чөктү, алардын бири жаш бала

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 7-июлдагы маалыматы боюнча соңку  бир сутка ичинде эки адам сууга чөгүп каза болду.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айылынын Борду-Кыя суусуна 6-июлда 19 жаштагы жигит түшүп кеткен. Анын сөөгү кечинде табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле 6-июлда Чүйдүн Кемин районуна караштуу Нур айылында Чүй суусуна 12 жаштагы бала түшүп кеткен. Баланын сөөгүн куткаруучулар бүгүн эртең менен таап, милицияга өткөрүп беришти.

Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен болсо, алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу.

 
Categories

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду

Бүгүн, 27-июнда таңкы саат 6да Бишкек-Ош унаа жолунда Сосновка айылына жетпей “Лексус” жана жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Агенттикке Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, “Лексус” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, карама-каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.

Ошондой эле агенттикке ӨКМден маалымдашкандай, жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам каза болгон. Алардын үчөө аял кишилер, 1 эркек жана 1 бала, ошондой эле 1 кичинекей кыз жабыркаган, анын өздүгү такталууда.

Жерине келген куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөктөрүн унаадан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 
Categories

Индияда чагылган тийип 110 адам көз жумду

Индияда чагылгандын кесепетинен 110 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Жаратылыш кырсыктары менен күрөшүү департаментине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык 25-июнда болгон. Каза болгондордон тышкары 32 адам жабыркап, ооруканага жаткырылган.