Categories

БИР КАТАР МЕДИКТЕРДИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛДҮ

Президент Садыр Жапаров 1-апрелден баштап Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга көтөрүлгөнүн Instagram баракчасы аркылуу билдирди. Ал эми калган медиктер менен маданият кызматкерлеринин айлык акылары 1-июлдан баштап 50 пайызга жогорулай турганын айтты.

“Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жана пенсия, жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча булактарды издеп жатабыз. Ушинтип четинен каржылоону таап көтөрүп турбасак, баарын бир мезгилде көбөйтүүгө бюджетибиз туруштук бере албайт экен. Кудай буюрса, эмгек акыларды, пенсия, жөлөк пулдарды жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүүгө жетишебиз”, – деген мамлекет башчы.

Жапаров эмне үчүн биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлүп жатат деген суроого жооп берген. “Биринчиден, албетте, медицина кызматкерлеринин иши абдан оорлоду. Экинчиден, өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан кызматтан баш тартып кетишкен экен. Ошол себептен шарт түзүп берүү жолу менен баарын кайтарып келишибиз керек”, – деп жазган президент.

Жапаров пандемиянын айынан кыргызстандыктар эле эмес, бүткүл дүйнө эли кыйын акыбалда турганын жана ушуга байланыштуу эмгек акыларды жогорулатуу боюнча болгон аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

 
Categories

ПРЕЗИДЕНТ СПОРТЧУЛАРДЫ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анын айтымында, кыргызстандык спортчулар ири эл аралык мелдештерде, дүйнөлүк чемпионаттарда жеңишке жетишип, элдин сыймыгы болуп, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо өрнөк көрсөтүшүүдө. Мындан тышкары, Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, Паралимпиада оюндарында өлкөнү татыктуу көрсөтүп келүүдө.

«Токиодо өтө турган ХХХII Жайкы олимпиада оюндарына 5 спортчу лицензия алды. Алар Олимпиада оюндарында жеңишке ээ болуп, пьедесталга көтөрүлө алат деп терең ишенем. Түркияда боло турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын спортчулары өлкөбүздүн туусун бийик көтөрөт деп зор ишеним артабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар дайым өлкөбүздүн атын чыгарып, элибиздин сыймыгы болуп кала берет», – деген өлкө башчы куттуктоосунда.

Ошондой эле Жапаров улуттук спортчуларга эл аралык аренада жеңишке жетишүүсү үчүн зарыл шарттар түзүлөрүн айтып, мындан тышкары, эмгек шарттарын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп каларын белгилейт.

 
Categories

ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА КИРГИЗИЛГЕН ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 5-апрелде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

Анда Жайыл районунун “Сосновка” жана Токтогул районунун “Арал” постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаалардын каттамы тескелген. Бүгүн, 6-апрелден тарта “Сосновка” жана “Арал” постторунда убактылуу киргизилген чектөө алынды.

 
Categories

«БИР АДАМДАН БИР КӨЧӨТ»: МИНИСТРЛИК КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРГА КАЙРЫЛДЫ

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктарды бак отургузуп, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга чакырды. Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, бул иштер экологияны коргоо максатында жасалууда.

“Акыркы учурда дүйнө жүзүндө глобалдык климаттык өзгөрүүлөр болуп, экология жабыркап жатат. Мындай учурлар Кыргызстанда дагы кездешүүдө. Буга байланыштуу “Бир адамдан бир көчөт” аттуу чакырык менен өлкөнү жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга чакырабыз”, – деп жазылат билдирмеде.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров “Экологиялык коопсуздук жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар” жөнүндөгү жарлыкка кол коюп, өкмөткө бир нече сунуш берилген.

 
Categories

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ: ӨТКӨНҮН УНУТКАН КЕЛЕЧЕГИН КӨРӨ АЛБАЙТ

Вооружённый этно-региональный конфликт за власть в Таджикистане, последовал после провозглашения независимости.

1991-жылдары Совет мамлекети кыйрап калгандан кийин Тажикистан оор саясий-экономикалык, согуштук  кырдаалга  тушукту. 1992-1997-жылдар аралыгында бул өлкөдө өрт алган граждандык согуштун кесепети кандай оор болгонун 2005-жылы 18-майда Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин Дүйшөмбүгө жасаган расмий иш сапары учурунда Тажик Президенти Эмомали Рахмон өтө өкүнүч менен минтип эскерген:

“Биз өтө оор  жарандык согушту баштан кечирдик. Бул ички  согушта 100 миңден ашуун  атуулдарыбыздан айрылдык. Өлкөнүн  экономикасы  4 млрд. АКШ доллар өлчөмүндө зыянга учурады. Мындай каргашалуу окуяны эч бир мамлекет башынан кечирбесин. Ошол оор күндөрдө тажик элине достук колун сунган кыргыз элине ырахмат айтамын. Тынчтыктын кадыры канчалык экенин биз жон терибиз менен сездик. Сиздердин өлкөдө да тынчтык болсун” деп, кыргыз делегациясын абдан жылуу тосушкан. Бул  мамлекеттик делегациянын курамында журналист катары мен да болгондуктан мунун баарын өз көзүм менен көрүп, күбө болдум. Ошол кезде Акаевдик режим кулап, бийлик башына К. Бакиев жаңы келген болчу.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ: ӨТКӨНҮН УНУТКАН КЕЛЕЧЕГИН КӨРӨ АЛБАЙТ

Чындыгында дал ошол 1992-1997-жылдар аралыгында Тажикстанда кандай каргашалуу окуялар болуп, өлкөнүн он миңдеген эли тозуп, кычыраган кышта үй-жайларын таштап, жылаңайлак Кыргызстанга өтө качып, баш калкалашкан. Алардын дээрлик көпчүлүгү дале болсо Кыргызстанда жашашууда. Ошол учурда тажик-ооган чек арасы да кайтаруусуз калгандыктан Орто Азия өлкөлөрүнүн тынчтык орнотуу батальондору («Ценразбат”)  тажик-ооган чек арасын кайтарып турушкан. Кыргызстандын аскер батальону Ишкашимде (Тоолуу Бадахшан автоном облусу) чек ара күзөтүндө турганда ал жакка журналист катары мен да барып, чек арадагы кырдаал менен таанышып келгем. Тоолуу Бадахшан элинин ошол кездеги оор турмушу менин көз алдымдан дале болсо кетпейт.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ: ӨТКӨНҮН УНУТКАН КЕЛЕЧЕГИН КӨРӨ АЛБАЙТ

Буларды эскерип айтып жатканымдын себеби кыргыз-тажик эли эзелки тарыхтан бери бекем достукта, ынтымакта жашап келишкен. Кыргыз баатыры Манастын аялы Каныкей (Санирабига ) энебиз да тажик кызы болгону эки элдин кылым карыткан достугунан кабар берет. Эми бүгүн кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү кызуу талкуланып жатканда тажикистандык айрым  Хамрохон Зарифи сыяктуу  “политтехнологдор” ар нерсени айтып, эки өлкөнүн эзелтен келе жаткан достук мамилесине муздак суу бүркүп, өздөрүнүн башынан өткөн кечээки эле жарандык согуштун кесепетин тез унутушуп, Кыргызстанды “тынчыбаган, саясий туруксуз” өлкө деп шылдыңдагансып жатышат. Ооба, Кыргызстан да эгемендүүлүк алган жылдары оор сыноолорду , саясий туруксуздукту башынан өткөрүп келет.  Чындыгында мамлекеттин пайдубалын түптөө оңой иш эмес экен. Ошентсе да бүгүн тажикистандык саясатчылар Кыргызстанга күлө тургандай жыргаган абалда эмес. Балким алар бизге суктанышса болоор. Алар оор тоталитардык, үй-бүлөлүк башкарууну башынан кечирип жатышат. Учурда тажик президенти Э. Рахмондун кызы президенттик администрацияны жетектесе, уулу Дүйшөмбү шаарынын мэри, ошол эле учурда парламенттин бир палатасын да жетектейт. Нонсенс! Мындай жөрөлгө дүйнөдө жок. Тажик саясатчылары Кыргызстанды сындагандан көрө ушуларга көңүл бурушпайбы?! “Өз башындагы төөнү көрбөй, башкалардын башындагы чөптү көргөн” Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи сыяктуу “политтехнологдор”  кай жакты карашат?! Дал ушул Хамрохон Зарифи сыяктуу “эшек тушоосун чечпеген” саясатчылардын айынан чек ара маселеси бүгүнкүгө чейин чечилбей келди.

Акыркы учурда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларын чечүүгө жасаган жигердүү аракети колдоого гана алынууга тийиш. Анткени коңшу өлкөлөр ар дайым чек ара чыры менен жашабай, маселени биргеликте чечип, чогуу-чаран өнүгүп-өсүшү керек. Биз Кудай кошкон түбөлүктүү коңшу мамлекеттербиз. Аймактын коопсуздугу, тынчтыгы, өнүгүп-өсүшү  чогуу аракетти талап кылат.  Муну өзбек президенти Ш.Мирзиёев эң жакшы түшүнүп, өзбек-кыргыз чек арасын чыр-чатаксыз чечүүнү колго алды. Тажик президенти Э. Рахмон да тажрыйбалуу, кыраакы саясатчы катары ушундай кадамдарга барып, эки өлкөнүн чек ара маселесине чекит коюлушуна колдоо көрсөтүүсү керек. Антпесе бул маселе “Чубактын кунундай” чубалып кете берет. Андан эки өлкөгө тең эч пайда жок.

Сакы Садыков, журналист

 
Categories

АПРЕЛДЕГИ ЭС АЛУУ

Кыргызстандыктар 7-апрелде майрамдын эсебинен эс алышы күтүлүп жатат. Мындай маалымат өкмөттүн 2021-жылга карата өндүрүш календарынын токтомунда жазылган.

Элдик Апрель революциясы күнү шаршембиге туш келет. Апрелде башка майрамдык күндөр жок. Ушуну менен беш күн иштегендер бир айда тогуз жолу эс алат.

Белгилей кетсек, апрель айында Рамазан айы, тагыраагы, орозо 13-14-апрелге туш келиши болжолдонууда. Бирок ал эс алуу күнү деп эсептелинбейт.

Рамазан айынан кийин майда Орозо айтка байланыштуу эс алуу болот.

 
Categories

РЕСПУБЛИКАЛЫК АЙТЫШ: БАШ БАЙГЕНИ ИДРИС АЙИТБАЕВ АЛДЫ

Бишкекте өткөн республикалык айтышта баш байгени Идрис Айитбаев, ал эми биринчи орунду Баян Акматов алды. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фонду кабарлады.

Аталган фонддун 20 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган айтыш кечээ, 28-мартта Улуттук филармонияда өттү. Айтыштын финалына чыккан Акматбек Султан уулу экинчи орунду, ал эми Тынчтык Эсенбай уулу үчүнчү орунду ээлеген.

Байге фонду бир миллион сом болгон айтышка жалпысынан 12 акын катышкан. Тандоо турунда 42 акын өнөрүн көрсөткөн.

Анын жыйынтыгында Идрис Айитбаев 200 миң сом, Баян Акматов 150 миң сом, Акмат Султан уулу 100 миң сом, Тынчтык Эсенбай уулу 50 миң сом, калган сегиз акынга 30 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык берилген.

 
Categories

АКЧА ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

Кечээ, 22-мартта Кыргызстанда акча жумалыгы башталды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жумалык өлкөнүн бардык аймактарында «Өзүңө сак бол, акчага бек бол!» деген ураан менен өтүп, 28-мартка чейин уланат.

Кыргызстан жаштардын каржылык жактан мыкты билим алуусуна мүмкүнчүлүк берүү, аларды акчаны туура жана сарамжалдуу колдоно билүү маданиятына үйрөтүү максатында Дүйнөлүк акча жумалыгын 2015-жылдан тарта өткөрүп келет.

Бир жума ичинде Улуттук банк, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар, анын ичинде коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары бардык санитардык талаптарды сактоо менен каржылык сабат боюнча жалпы билим берүү иш-чараларын: мектептерде каржылык сабат сабактарын, университеттерде көчмө дарстар менен тренингдерди, коммерциялык банктарда саякаттар менен ачык эшик күндөрүн, улуттук видеороликтер жана балдардын тарткан сүрөттөрү боюнча сынактарды, өзгөчө капчык сынагын өткөрүшөт.

 
Categories

САЛЫК КЫЗМАТЫ ДЕКЛАРАЦИЯНЫ ТАПШЫРУУНУ ЭСКЕРТТИ

Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, декларация 1-апрелге чейин эртең мененки саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алынат. “Декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин деле тапшырса болот”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн, жер участокторунун ээлери, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

 
Categories

МУФТИЙЛИККЕ 8 ТАЛАПКЕР АТ САЛЫШАТ

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтий кызматына сегиз талапкер ат салышат. Мындай маалыматты Аалымдар кеңеши өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. Кечээ уюмдагы Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин документтерин каттоону жыйынтыктады.

“Натыйжада Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна сегиз талапкер ат салышуу ниетин билдирген. Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды”, – деп айтылат маалыматта.

Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29, 30, 31-март жана 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин, кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү.

17-февраль күнү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна сынак жарыяланган болчу.