Categories

Доллардын куну дагы жогорулады

Улуттук банктын 04.11.2020 ж болгон корсөткүчү

03.11.202004.11.2020
USD/KGS81.800083.7000+2.32%
EUR/KGS95.157997.7951+2.77%
RUB/KGS1.01521.0462+3.05%
KZT/KGS0.18840.1932+2.55%

Бишкектин акча алмаштыруу жайларында 04,11,2020

 

 
Categories

РФ КР ИЧКИ ИШТЕРИНЕ КИЙЛИГИШПЕЙТ

Кыргызстанда болуп жаткан нерселер – кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Орусия президенти Владимир Путин “Валдай” эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтты. “Кыргызстанда болуп жаткан нерселер – кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып, ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл”, – деди Путин. Ошондой эле ал Россия Федерациясы Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн көп нерсе кылганын, кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты. Ошондой эле ал мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн элдери менен көптөгөн жылдар бою бир мамлекеттин алкагында жашагандыктан ар тараптан жакындыктар бар экенин кошумчалады.

 
Categories

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРГА КАЙРЫЛДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, анда саясаттан оолактап, ишке өтүү зарылдыгын белгиледи. “Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл. Саясатты токтотуп, ишке өтөлү. Күндөн-күнгө таажылуу вирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды. Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок”, – деди президент. Мындан тышкары, өлкө башчы Кыргызстан укуктук өлкө экенин айтып, маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилиши керектигин кошумчалады.

 
Categories

Саясатчылар элди ойлойбу?..

Соңку күндөрү өлкөбүздө саясат жогорку чыңалууда турат.
Парламенттик шайлоону ыплас мыйзам бузуулар менен өткөргөн бийлик эл тарабынан жарым жартылай жазаланды.
Мындай дегеним президент Сооронбай Жээнбеков Акүйдөн куулганы менен дачасына жашынып иштеп жатат.
Өлкөбүздөгү кырдаал турукташып, баары мыйзам талаасына түшкөндө кызматымдан кетем деген президентти айрым саясатчылар менен жакын адамдары айткан сөзүнөн кайтууга үндөп жатат.
Эгер андай болсо анын кесепети канчалык кайгылуу жана өкүнүчтүү болоорун президент сезбей жатса анда чын эле абдан кейиштүү.
Кечээ Канат Исаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлоого жетишкен президент жана анын жан жөкөрлөрү кайра күчтөнүп баштадык дешсе чоң жаңылышат.
Парламенттен премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаровго жарлык чыгаруудан баш тартып, артка кайтаруусу чоң чырдын башталышына жол ачпаса болду.
Анткен менен президенттин антип артка кайтарууга укугу жок. Баш мыйзамда андай норма каралбаган.
Баш мыйзамда президент дайындайт же дайындабайт деген эле так эреже бар.
Үч күн ичинде президент кол койбосо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелип өкмөт иштей берет.
Демек Садыр Жапаровдун өкмөтү мыйзамга ылайык ишке киришти.
Демек президент жаңы эреже тапты.
Ушундан улам президент кырдаалды турукташтырмак түгүл кайра курчутууга жол ачты.
Өкүнүчтүү…
Анткени элдин маанайы такыр башка.
Жээнбековдун эл арасындагы кадыр баркы төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.
Демек анын мындан ары өлкөнү башкарууга такыр моралдык укугу калбады.
Ал азыр жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп коюуп кетем деген ойго келди.
Өткөн парламенттик шайлоону дал ушул президент таза, ачык өткөрө албай шерменде болдуго.
Анан эми кантип кайра шайлоо өткөрүүгө укуктуу болмок.
Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан борбордук аянтка чогулууда.
Кайрадан кооптуу абал жаралууда.
Саясатчылар бир пикирге келип, бардык саясий оюндарды токтотпосоңор болбойт.
Элди кыйнабагыла!
Элдин жашоосун, өлкөнүн экономикалык абалын ойлонгула!
Ансыз да көйгөйлөр өтө көп…

 
Categories

Аманкуловду айыптаган митинг

Бүгүн Бишкек шаарында “Биримдик” партиясысынын төрагасы Марат Аманкуловдун айткан сөздөрүнө каршы митинг өтүүдө.
Марат Аманкулов белгилүү бир чоң жолугушууда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирген сөздөрдү айткандыгы интернет айдыңында ызы чуу жаратып жатат.
Интернет эле эмес бүтүндөй кыргыз коомчулугу абдан тынчсыздануу менен Аманкуловду кескин айыптоодо.
Чындыгында Марат Аманкуловдун ал айткандары чыккынчылыкка тете сөз болуптур.
Ал Орусиянын депутаттары менен жолугушуу учурунда кадимкидей эле аларга жагынуу, кошомат таризинде айтылган сөздөрү кыргыз мамлекетинин көз карандыгына шек келтирген сөздөр экендиги көрүнүп эле турат.
Ушундай өз элинин чыккынчылары бийликчил партиянын башында тургандыгы абдан өкүнүчтүү жана коркунучтуу.
Андыктан Аманкуловду ал жетектеген партиянын Лидерлигинен жана шайлоо тизмесинен тез арада чыгаруу зарыл.
Антпесе коомчулук Аманкуловдун Евразиячыл чакырыктарынын артында чоң күмөндүү иштер бар экендигин жана анын артында бийлик турушу мүмкүн деген чоң кооптонуу жаралууда.

Аманкуловду айыптаган митинг Аманкуловду айыптаган митинг Аманкуловду айыптаган митинг Аманкуловду айыптаган митинг

 
Categories

Ала-Тоо аянтында чоң майрам болбойт

Көз карандысыздыкты алган 29 жылдан бери биринчи жолу 31-август эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлбөйт.
Ала-Тоо аянтындагы чакан иш чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышат.
Бирок ага элдер чакырылбай он лайн көрсөтүлөт.
Майрамдык салют атылганы эле болбосо, башка эч бир өзгөчөлүгү жок белгиленет.