Categories

МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН МАЙНИНГ-ФЕРМАЛАР АНЫКТАЛДЫ

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан электр тармагына ири зыян келтирген майнинг-фермалардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Ыкчам-тергөө иштери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан майнинг-ферманы иштетүүгө электр энергиясы мыйзамсыз берилгенин тапты. Андан сырткары, электр кубатын керектөөдөн ири пайда таап, андан улам республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө кирбей калган ири өндүрүш ишканаларын аныктады” – деп айтылат маалыматта.

Аталган факт УКМКнын сотко чейинки өндүрүшүнө катталган. Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү даректер боюнча майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн 2000ге жакын жабдуу алынган. Учурда УКМК мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.

 
Categories

КАЙРАДАН АЛА КАЧУУ

Чүй облусунда кыз ала качып бара жаткан эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Билдирмеге караганда, 20-май күнү кечки саат 22:00дөр чамасында милицияга радиостанция аркылуу Бишкектин Октябрь районунан эки белгисиз адам 19 жаштагы кызды уурдап, белгисиз тарапка алып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

“Чүй облустук милициянын инспекторлору “Перехват” планы менен “Сосновка” постунан түнкү саат 00:30дар чамасында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны токтотуп, ала качууга шектелген эки жигитти кармашкан. Алар кызды Талас облусуна алып кетип бара жатканы аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.

Колго түшүрүлгөн 23 жана 26 жаштагы жигиттер, ошондой эле ала качууга дуушар болгон кыз Бишкек шаарынын Октябрь райондук тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

 
Categories

МАМЛЕКЕТТИК КАРЖЫЛЫК КӨЗӨМӨЛ КЫЗМАТЫНЫН СТАТС-КАТЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы “Н.Ж.Б.”(Нурматова Жылдыз Байишевна) акча каражаттарын мыйзамсыз алууга катыштыгы бар экендиги аныкталып, УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын статс-катчысы “Н.Ж.Б.” кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык аракеттерине барганы аныкталып, арыз ээсинин материалынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

2020-жылдын октябрында аталган «Н.Ж.Б.» ишеним менен “Ж.И.” аттуу жаранга компаниянын өзүнүн жетекчилиги астында өткөрүлгөн товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча тендерге катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү шылтоосу менен 22 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттарды өзүнө ыйгарып алган.
Мунун менен катар ал көрсөтүлгөн каржылык колдоо үчүн арыз ээсине мамлекеттик кызматка орношууда ар тараптуу жардам көрсөткөн жана бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөгө тез-тез иш сапарларын камсыз кылган. Аталган иш-аракеттерге мыйзамдуулукту берүү максатында, “Н.Ж.Б.” насыяланган каражаттарды пайдалануу максатын көрсөтүү менен тиешелүү келишим түзгөн.

Мындан тышкары “Н.Ж.Б.” кызматтык бөлмөсүнөн жана жашаган жеринен жүргүзүлгөн тинтүү учурунда документтерди жасалмалоо максатында колдонулган ар кандай мамлекеттик органдардын жана коммерциялык структуралардын мөөрлөрүн, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жасалма белгилери менен жеткирүү боюнча келишимдер табылып алынды.
Азыркы учурда “Н.Ж.Б.” катышкан башка мыйзамсыз фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.

 
Categories

ТАШИЕВ: КУМТӨР БОЮНЧА БИР НЕЧЕ ЭКС-ПРЕМЬЕР, ДЕПУТАТТАР ЖООПКО ТАРТЫЛАТ

“Кумтор Оперейтинг Компани” ишканасына карата төрт кылмыш иши козголуп, териштирилип жатат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Төраганын айтымында, бир кылмыш иши компаниянын жетекчилигине, калганы мамлекеттик кызматтарда иштеген жооптуу кызматкерлерге карата ачылган. Анын арасында Кыргызстандын бир нече экс-премьери жана Жогорку Кеңештин депутаттары бар.

“Жадагалса бизде ошол убакта кээ бир депутаттар “Кумтөрдөн” кандайдыр бир суммада каражат алганы туурасында материалдар бар. Ошондуктан мен сиздерден бардык иштерди сурабай турууну суранам. Эгер сиздер бүгүн токтом кабыл алып берсеңиздер, эртеңден баштап буга тиешеси бар бардык кызматкерлерди, адамдарды жоопко тартууну баштайбыз”, — деди Ташиев.

Ошондой эле ал учурда “Кумтөр” боюнча коррупция беренеси менен мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка өкмөт мүчөлөрү тергөөдөн өтүп жатканын кошумчалады.

 
Categories

РАДАРДЫ ТЕБЕЛЕП, КАЧЫП КЕТКЕН АЙДООЧУ ИЗИ СУУЙ ЭЛЕКТЕ КАРМАЛДЫ

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Lexus LX470 унаасынын айдоочусу “Автопатруль-Радар” аппараттык-программалык комплексин тебелеп, качып кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Окуя 15-апрель күнү саат 15:30дар чамасында Кемин районунун Бообек айылында болгон.

“Айдоочу изи сууй электе ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Унаа айып короого киргизилип, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды”, – деп айтылат маалыматта.

Көчмө “Автопатруль-Радар” аппараттык-программалык комплексинин наркы 2 миллион 324 миң 477 сомду түзөрү белгиленди.

 
Categories

30 БАТИР, ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИ ЖЕКЕ ТАРАПТАРГА БЕРИЛИП КЕТКЕН

Баткендеги “Кадамжай-Коммунальщик” мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү 30 батир, 10 жана 15 сотыхты түзгөн эки жер тилкеси жеке жактарга берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Мүлктөр аталган ишкананын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан сатылган.

“Тагыраагы, жогоруда кеп болгон мамлекеттик мекеме менен ишкананын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу аркылуу жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен”, – деп жазылган билдирмеде.

Учурда Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздары жазылган. Андан сырткары, кызматкерлердин аракетине баа берүү үчүн Жазык кодексинин 320-беренеси – “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” менен козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

 
Categories

М.КАЗАКПАЕВ 14-ИЮНГА ЧЕЙИН КАМАККА АЛЫНДЫ

Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелип жаткан Марат Казакпаев 14-июнга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-апрелде кабыл алды. Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө камак жайына киргизилди.

Мындан тышкары, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган дагы бир шектүү Т.М.А. аттуу жаран 13-июнга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы да 14-апрелде аныкталды. УКМК мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары эки адам кармалганын 13-апрелде кабарлаган.

Кийин шектүүлөрдүн бири Марат Казакпаев экени расмий кабарланган. УКМК мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилейт.

 
Categories

ИЗДӨӨДӨГҮ ЖАРАНДАР МОСКВАДАН ТАБЫЛДЫ

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү мекенинде мамлекеттик издөө жарыяланган жарандарды колго түшүрүү боюнча көрүлгөн аракеттердин негизинде РФ аймагында жашынган үч шектүүнү кармады.

Ага ылайык, 2011-жылы 1990-жылкы эки шериги менен Сокулук районундагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээлерин сабап 100 миң сомун алып кеткен. 2012-жылы шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип, 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөө жарыяланган 1952-жылкы аялдын жүргөн жери дагы аныкталган. Мындан сырткары, 2020-жылдан бери балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан 1979-жылы туулган жаран дагы кармалган.

Учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө.

 
Categories

МАМЛЕКЕТКЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛГАНДАР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эки кыргызстандыкты мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен камакка алды.

Мекеменин басма сөз кызматы 13-апрелде тараткан маалыматта алар тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында кармалганы, чыккынчылык кылганы тууралуу далилдер бар экени айтылат.

Атайын кызмат кылмыш ишиндеги жашыруун сырдын даражасын эске алуу менен бул факт тууралуу кененирээк маалымат коомчулукка жарыяланарын кошумчалады.

 
Categories

ҮЧ ТАЛАПКЕР КАРМАЛДЫ

Мурда жасаган кылмыштары үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Башкы прокуратуранын өкүлү билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандар Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Иш алдамчылыкка жана башка адамга тиешелүү болгон мүлктү өздөштүрүүгө байланыштуу экени айтылды. Ошондой эле прокуратура органдарына шайлоо мыйзамын бузуу тууралуу 32 кайрылуу түшкөн.

Прокуратура органдары интернет тармактарына көзөмөл жүргүзүп, кылмыштар боюнча 13 материал, жоруктар боюнча 4 материалды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. 2 иш БШКга жөнөтүлдү, 1 иш каралып жатат.