Categories

БААНЫ НЕГИЗСИЗ АРЗАНДАТКАН

Талас облусунда төө буурчактын баасын атайылап арзандатып жаткан фактылар аныкталды. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев алгачкы кеңешмесинде төө буурчактын баасын жасалма түрдө арзандатып келген алып сатарлардын ишине бөгөт коюу тапшырмасын берген. Анын алкагында Финпол Талас облусунун жергиликтүү бийлиги жана Салык инспекциясы менен биргеликте комиссия түзгөн. “Рейддин алкагында ишмердүүлүгү салык органдарында катталбаган тараптар Талас облусундагы фермерлерден өтө арзан баада төө буурчак сатып алып жаткан бир нече фактылар аныкталды. Алар алган товарды кайра кымбат баада сатуу максатын көздөгөн. Мындан ары бааларга мониторинг жасалып, сатып алуучулар менен бааны негизсиз төмөндөтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды.

 
Categories

УКМК УКТ МҮЧӨЛӨРҮНҮН ҮЙҮН ТИНТТИ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Ош облусунун аймагындагы уюшкан кылмыштуу топтордун 23 мүчөсүнүн үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Иш-чара “кылмыш жасоо үчүн уюшкан топ түзүү” фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, бул иш-чара криминалдык элементтердин коомдук-саясий кырдаалга таасир этүүсүнө жол бербөө максатын көздөгөнү маалыматта айтылат. Санкцияланган тинтүүлөрдүн жыйынтыгында эки Калашников автоматы, эки травматикалык тапанча, 32 мм. калибрдеги белгисиз мылтык, 12 мм. калибрдеги “ТОЗ-34” маркасындагы көзөнөктүү эки мылтык, оптикалык мээлегичи бар мылтык, белгисиз маркадагы колдо жасалган мылтык, ТОЗ-16 маркасындагы мылтык, 15 бычак, жезден жасалган эки кастет жана көп сандагы октор табылган. Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылып жаткандыгын кошумчалашты.

 
Categories

КАЗАКСТАНГА АЛТЫН ЖАСАЛГАЛАРЫН МЫЙЗАМСЫЗ ӨТКӨРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Кыргызстандан Казакстанга алтын жасалгаларын мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. 14-октябрда «Чалдыбар-автожол» көзөмөл өткөрүү жайынан 10 млн. 200 миң сомдон ашуун суммадагы тиешелүү документтери жок жүк кармалган. Транспорт каражатын текшерүү учурунда чек ара кезмети айдоочунун кабинасынан 1993-жылы туулган Кыргызстандын жаранына таандык 3 кг. 648 гр. алтын жасалгаларын табышкан. Ювелирдик жасалгалар – сөйкөлөр, шакектер, билериктер, чынжырлар жана кулондор 10 кутучага салынып, отургучтун астына катылган сумканын ичинде болгон. Айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Алдын ала баалоо боюнча товардын жалпы суммасы 10 млн. 214 миң 400 сомду түзгөн. Тиешелүү документтер толтурулган соң мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

 
Categories

500 КИЛОГРАММДАН АШЫК БАҢГИЗАТ ТАБЫЛДЫ

Токтогулда 38 жаштагы кишинин үйүнөн 541 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 15 даана канистр, 5 даана челек, 4 даана каптан күрөң-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Мындан сырткары, “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу курал, 12 даана ок, гильзалар бар экени аныкталган. Соттун чечимине ылайык, шектүү эки айга камака алынып, тергөө уланууда.

 
Categories

ЗИЛАЛИЕВ АБАККА КАЙТАРЫЛДЫ

Митинг учурунда абактагы башка саясатчылар менен эркиндикке чыгарылган Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын абагына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. Эске салсак, Зилалиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын абагынан үй камагына чыгарылган. “6-октябрга караган түнү жаза өтөө жайынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен Дүйшөнбек Зилалиев кечээ кайрадан УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыр мыйзамсыз бошотулган башка адамдар изделүүдө”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

 
Categories

УКТ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан “Баха” аттуу каймана аты бар, Базар-Коргон районунун тургуну, мурда Орусияда жана Кыргызстанда киши тоноп соттолгон, 39 жаштагы жаранды кармады. Ал Ички иштер министрлигинин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Анын үстүнөн 22-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун 60 жаштагы тургуну милицияга “Баха аттуу жаран бирөөдөгү карызын өндүрүп бере турган жана тендерлик иштерде пайдасына чечип берерин” айтып, 110 миң сом акчасын алып коюп, бербей жүргөнүн айтып кайрылган. Аталган факты Жалал-Абад облустук милициясынын бирдиктүү реестрине катталып, «Алдамчылык» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Иштин алкагында 1-октябрь күнү шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Жалал-Абад шаардык сотунун тинтүү жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

 
Categories

21 ЖОЛУ ДАРЕГИН АЛМАШТЫРГАН. №2 ФОРМА БОЮНЧА ТАҢ КАЛЫЧТУУ ОКУЯ

Алима Таңатарова деген шайлоочу №2 форма боюнча 21 жолу арыз берип, 21 жолу дарегин алмаштырган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады. “Балким ал шайлоо системасы кандай иштейт деп текшерип көрүшү мүмкүн, жакындарынын катталып кой деген суранычын аткаргандыр. Кээде шайлоо дарегиңди алмаштырууга аргасыз болгон жагдай болот, бирок мындай учур өтө таң калычтуу”, -деп жазылат постто. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтуусу боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодогу №2 форма ыкмасы менен шайлоочуларды каттоону иликтеп жатат. Анын жүрүшүндө №2 форма менен дарегин алмаштырууга арыз бергендердин саны 496 миң 239 деп аныкталган. Бирок каттоого алынган шайлоочулардын саны андан да аз.

 
Categories

Абылгазиев да жоопко тартылат

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шалаакылык боюнча жоопко тартылат өңдүү.
Анткени таажылуу вирус пандемиясына байланыштуу иш аракеттерде бир катар өкмөттүн кемчиликтери боюнча жактоочу Канат Хасановдун арзына Башкы прокуратуранын жообунда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жүргүзүп жаткан иликтөө, тергөө иштеринде Абылгазиев боюнча да материал бар экендиги айтылган.
Коомчулуктун Мухаммедкалый Абылгазиев суудан кургак чыгып кетеби деген тынчсыздануусуна негиз жоктой.
Эгер чын эле Абылгазиевдин иши тергөөдө болсо ким болбосун эртеби, кечпи акыры жооп берет деген сөз бекер айтылбагандыгына дагы бир жолу күбө болобуз.