Categories

Турсунбек Акун Атамбаевден 100 миң сом өндүрүү үчүн сотко кайрылды

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ар – намысына шек келтиргендиги үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаев 100 миң сом төлөп берүүсүн талап кылып, Октябрь райондук сотуна арыз жазды. Бул тууралуу Турсунбек Акун өзү маалымат каражаттарына билдирди.

Ал маалыматтарга караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаев “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев абактан бошогондо Т. Акун 100 миң доллар пара алган деп айткандыгы үчүн сотко берген. Турсунбек Акун: “100 миң сом Атамбаев үчүн чоң акча эмес. Мен ал акчаны кайрымдуулук иштерине жетимдер үйүнө берем”,-деди.

Ошондой эле мурдагы акыйкатчы “Апрель” телеканалынан да  Атамбаевдин 8–июнда митингде акча алгандыгы тууралуу айткандыгын эфирге  кетиргендиги үчүн 20 миң сом айып пулга жыгууга даяр. Эгерде аталган телеканал кечирим сураса арызын кайтарып алышы мүмкүн.

 
Categories

Сатылып жаткан ундардын 80 пайызы Казакстандыкы

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан өлкөбүзгө сырттан контрабанда жолу менен кирип жаткан ундар тууралуу маселе көтөрүлгөн болчу.

Депутат Алмазбек Эргешов: “Контрабанданын айынан өлкөнүн казынасына айына 2 млрд. сом бюджетке түшпөй жатат. Бул каражатка 20 мектеп салсак болот. Кыргызстанда базарларда сатылып жаткан ундун 90 пайызы контрабанда болуп жатат. Контрабанда боюнча комитетте карап, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын  күн тартибине киргизүү керек. Ошол эле учурда Кыргызстандагы ун комбинаттары бүтүндөй токтоп турушат. Алардын айрымдары 650 млн. сом жылына салык төлөшөт”,-деген.

Ал эми бүгүн  ата мекендик ун өндүрүүчүлөр Президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жасашты. Анда  Кыргыз-Казак чек арасында аткезчилик менен күрөшүүнү сурашты.  Алардын маалыматына караганда,  ата мекендик ун өндүрүүчүлөр мурда  рыноктун 80 пайызын ээлеп келишсе, азыр болсо 20 пайызын гана ээлеп калышкан.

 
Categories

Дүйшеев: “Уран кенинин утурумдук пайдасына караганда зыяны көп”

Тоо-кен өнөр жайы жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев Кыргызстандын аймагында уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу демилгесин колдой турганын Жогорку Кеңештеги коомдук угууда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Орозбек Дүйшеев: “Тоо-кен тармагында бирдиктүү саясат жок. Ошонун айынан 2019-жылдын 1-январына карата 2800 лицензия берилиптир. Уран – өтө зыяндуу зат. Андан адам эле эмес, экология да бузулат. Урандын экономикалык жактан да пайдасы аз, анын калдыктарынан арылууга миллиарддаган сом каражат жумшалат, – деди.

Эске сала кетсек, “Кыргызстанда геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, окумуштуулар менен эксперттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

 
Categories

Кубанычбек Кадыров: Атамбаевдин “мурун эле миллионер болчумун” дегени калп

“Жүз пайыз билем аны. Экөөбүз олтурганда жигиттерди чакырып “тигинден барып 2 миң доллар, мындан миң доллар сурап кел” деп айтканын өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уккам.  Атамбаевдин “мурун эле миллионер болчумун” дегени калп”-деди, “Жаңы Ордо” гезитине берген маегинде.

 
Categories

“Фрунзе Гипермаркетиндеги көз боемочулук”

Бул видео биздин www.newtv.kg веб сайтынын ‘Мобилдүү репортер’ рубрикасына келип түшкөн.
Жогорудагы тасмада кардар элди алган товарларына көңүл буруп, алданбоого чыкырат.

 
Categories

Текебаевдин иши боюнча президентке кайрылуу жолдонду

Акыркы күндөрү саясатчы Өмүрбек Текебаевди камактан бошотуу аракеттери кызыгандыгы байкалууда. Муну айрымдар учурда өлкөбүздөгү саясый себептер менен байланыштырса, айрымдар анын орусиялык ишкер Л. Маевскийдин камакка алынышы менен байланыштырышууда.

Бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Ө. Текебаевге байланыштуу маалымат жыйын өткөзүштү. Жыйында аталган фракциянын депутаттары президентке кайрылуу жолдогону маалым болду.

Кайрылууда орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин калп көрсөтмөсү менен Ө. Текебаев камалганы, анын камалышы ал адамдын шылуундугун ырастап тургандыгы айтылат. Кылмыш ишти кайра кароо керектиги белгиленген.

 
Categories

Азамат Жаманкулов: “Мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңүздөрдү суранам”

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жалпы жарандык коомчулукка  кайрылуу жасады. Анда мындай деп айтылат:

Азамат Жаманкулов: “Бүгүнкү күндө жалпы маданият тармагында  жасала турган иштер арбын. Алсак,   кыргыз  элинин тарыхый-маданий жана рухий мурастарын сактоо менен маданият жана искусство, кесиптик  классикалык музыкадан баштап, элдик чыгармачылык чөйрөсүн өнүктүрүү, калктын ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына аралашуусу үчүн шарттарды түзүү, туристтик сектордо көрсөтүлүүчү   кызматтардын сапатын жогорулатуу, Кыргызстандын  туристик потенциалын көтөрүү жана эл аралык аренага Кыргызстандын кадыр баркын калыптандыруу вазийпасы эң негизгилерден болуп турат.

Алдыда жалпы маданият тармагында аткарыла турган көптөгөн иштер  турат. Жалпы маданият  тармагында  көйгөйлөр да жок эмес, аны   жоюу үчүн болгон күч аракетимди жумшоого аракет кылам.

Биз улутубуздун улуулугун, тарыхыбыздын тактыгын, руханий байлыгыбыздын,  унутта калып бара жаткан улуттук каада – салттарыбызды маданиятыбыз менен гана тааныта  алабыз. Бул үчүн маданият тармагында эмгектенген ар бир кызматкер өз салымын кошуусу керек. Муну менен катар, маданият тармагындагы эмгектенип жаткан ар бир кызматкер өтөгөн кызматы, маданият тармагына кошкон салымы үчүн өзүнүн баасын алышы керек.

Бүгүнкү күндө министрликке  келген жарандардын 90 пайызы  наам, сыйлык алуу маселелери  менен келип жатышат. Бул көрүнүштү токтотуубуз  керек.  Жалпы жарандык коомчулуктан: “Мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңөрдү суранам”.  Андыктан, аткарыла турган иштердин маанилүүлүгүн эске алып,  маданият тармагында жасалып жаткан иштерге көмөк көрсөтүп,  мага арка бел болууга чакырам.

Министрлик өз компетенциясынын чегинде сыйлыкка келип түшкөн документтерди коллегия курамы менен карап, процедура боюнча мамлекеттик сыйлыктарды кароо боюнча катчылыкка жөнөтөөрүн белгилеп кетким келет” – дейт.

 
Categories

Биз калем менен тарыхты жараткан адамдарбыз

Биз бүгүн маркум журналисттерди эскерүү менен алардын жеке өмүрүн эмес, өлкөбүздүн 28 жылдык тарыхын эстедик. 1990  – жылдарды эстейличи. Тарыхтын дөңгөлөгүн тегереткен журналисттер болгон. Сөз эркиндиги болбосо, кайдан демократия келсин?

Журналисттердин калеминен, кыргыз эгемендүү мамлекетинин алгачкы сарчөбү түптөлдү. Легендарлуу парламентти жараткан да журналисттер болгон. Эгер журналисттер болбосо, алардын эмгеги коомчулукка кайдан жетмек? Журналисттердин калеминен тарых жаралды. Кичиней калемдин учунан тарыхты жаратуу эмне деген эмгекти талап кылат?  Биз ушуну жасай алдык. Бул эмгек үчүн ар дайым сыймыктанууга акылуубуз, деп ойлойм.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары кандай татаал, оор болсо, биз бүгүн эскерип жаткан кесиптештерибиздин айрымдарынын тагдыры, жеке турмушу оор болду. Бул нерсени да айтып коюушубуз керек.

28 жылдык эгемендүүлүгүбүздүн тарыхында көзү өтүп кетишкен 120 журналист биздин досторубуз, курбу, бирге окуган курсташтарыбыз болчу. Бир кезде жаныбызда басып, тамаша айтып жүрсө, бүгүн арабызда жок. Бирок, сөзү, эмгеги, чырмачыгылыгы калды. Ар бирибиздин үйдө алар менен бирге баскан сүрөттөр жеке альбомдорубузда сакталып калды.  Алардын арбактарына жакшы сөз айтуу да аларды бейишке чыгарса керек.

Бирок, аларда мамлекетибиз, элибиз оңолсо деген зор кыял, үмүт бар болчу. Алар өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин дал ушундай үмүт, тилектер менен жашашты. Аларды жашаткан сүйгөн журналисттик кесиби, бир куплет ыры, чыгармачылыгы болчу.

Алардын калеминен акыйкаттыкты издеген канчалаган көз жаш тыйылды. Керек болсо, алардын калеминен улуттар аралык кастык да токтоду. Ал турсун мен мындай айткым келет, Алардын калеминен эми эми атылып кетчү автомат атылбай калды. Адамдардын өмүрү сакталды. Муну 1990 – 2010 – жылдагы окуялардан улам жакшы билебиз

Биз жаман десек жаман болгон. Биз жакшы десек жакшы болгон учурлар болду. Биздин пикирден, биздин айткан сөздөрдөн саясый карама каршылыктар да келип чыкты. Балким өлкөбүз андан пайда көрүп же болбосо тескерисинче зыян тартып калган учурлар болгондур.  Анкени, биз коомдук пикирди жаратуучуларбыз. Ал эми коомдук пикир  эң зор күч. Андыктан жакшы сөздөрдү айтуу учуру келди го дейм…

Майрамыңыздар менен калемдештер!

 
Categories

«Хеллоуин» майрамы эмне?

Батыштан келген бузукулук Кыргыз элин маңкурт кылды, кайдан келген маанисиз майрамдарды белгилеп келебиз. 31-октябрга караган түнүндө белгиленген «Хеллоуин» майрамын биздин жаштар да майрамдаган учурлар жок эмес.

Ар-бир майрамдын чыккан тарыхы, жана ишенимине байланыштуу бир себеби болот эмеспи. А биздин кээ бир жаштар анын маани-маңызын түшүнбөстөн, «Хеллоуин» майрамын белгилешүүдө. «Хеллоуин» – тарыхтагы орду, уламыштарга караганда, биринчи жолу Ирландия жана Шотландия аймактарында  X-XI-кылымдарда (язычник) бутпарастар белгилей башташкан. Уламыш ишениминде, ар жылдын 31-Октябрь түнүндө жан алгыч жерге түшүп, тирүү адамдарды алып кетмекчи болот. Ошол күнү аман калуу максатында элдин баары тышкы  кебетесин өзгөртүп алышчу. Себеби, тирүү адам жок дегенди билдирүү үчүн. Ошол ишенимде майрамдап келишкен.

Ошол майрам бизге керекпи? Жаштар көчөдө ар кимди туурап аба-ырайынын суугуна карабай, улан-кыздар жарым жылаңалач жүрүшөт. Бул чындыгында Кыргыз эли үчүн ѳтѳ жат, адам чоочуган көрүнүш.

Убакыттын өтүшү менен биздин өлкөдө офицалдуу түрдө майрам болуп калабы?  Кыргыз эли анын ичинде өзгочө жаштар кайсы элдин маданияты, жүрүм-турум эрежелери болбосун ээрчип кетебиз. Мындай касиетибиз кээде улуттук баалуулуктарыбызды жоготуп, мамлекеттин аброюн тѳмѳн түшүрүп жатканы шексиз. Андыктан жаштарды башка элдин ыксыз майрамы аталган күндѳрүнѳ маани бербөөсүнө чакыраар элем.

Таалайбек уулу Данияр, студент

 
Categories

«Көк бөрү” эл аралык оюнга айланса “Көкпар” болуп калбайбы?

Кыргыз эли каада-салтка, үрп-адатка бай эл болуп саналат. Жакында эле “Көк-бөрү” аттуу кино тасмасы чыкты, ал фильмде комедия, айыл жергесиндеги чыныгы жашоо сүрөттөлгөн. Чынында бул-чыныгы жигиттер тууралуу тасма. Фильмде көрүүчүнүн бүйүрүн кызыткан чапчаң кыймылдар, курч окуялар жыш.

Мени бушайманга салган 2- 3 жылдан кийин Көчмөндөр оюнубузду тарттырып жибербесек деген көйгөй?

А бирок, чындап эле чет элдин бул оюнга кызыгуусу курчуп, күчөп бараткансыйт. Көк-бөрү оюну ушундай деңгээлде дүйнө элине тараса эң жакшы көрүнүш. Бирок, биз кыргыздар “Көкпар” кылып Казактарга тарттырып жибербесек болгону…

Таалайбек уулу Данияр, студент