Categories

ВОЛОДИН МАМЫТОВДУ КУТТУКТАДЫ

Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы, ЖККУнун Парламенттик ассамблея төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовду президенттик шайлоо жана референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу Мамдуманын сайтында кабарланды. Эскерте кетсек, шайлоо 10-январда өттү. Спикерлер телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. “Кыргызстанда иштеген байкоочулар добуш берүү ачык-айкын, адилеттүү болгонун белгилешти”, — деди Мамдуманын төрагасы. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Володин менен Мамытов Орусия жана Кыргызстандын парламенттери аралык мамилени бекемдөөнүн жолдорун талкуулашты.

 
Categories

СИ ЦЗИНЬПИН ЖАПАРОВДУ КУТТУКТАДЫ

КЭР төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандагы президенттик шайлоодо көп добуш алган Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктаганын талапкердин шайлоо штабынын басма сөз кызматы 12-январда билдирди. Анда Кытай лидери Жапаровго ийгилик каалап, “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында эки өлкөгө тең ыңгайлуу болгон кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин айтканы кабарланды. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Вашингтон Садыр Жапаровду президент болуп шайланды деп тааный турганын билдирген. Шайлоо жыйынтыгын бир катар эл аралык уюмдар тааныганын жарыялашты. Казакстандын, Орусиянын, Түркиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери, Иран жана Британиянын лидерлери Жапаровго куттуктоо жолдоду.

 
Categories

МИРЗИЁЕВ ЖАПАРОВДУ КУТТУКТАДЫ

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефондук сүйлөшүүдө Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабы кабарлады. Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Өзбекстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырган. Тараптар иш сапардын мөөнөтүн дипломатиялык каналдар боюнча аныктоого макулдашкан. Мирзиёев Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан алдында турган кыйынчылыктарды жеңип чыгарына жана мамлекеттүүлүк менен улуттук биримдикти бекемдөө, социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү программаларды ишке ашырарына ишенерин билдирген. Садыр Жапаров эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык эки элдин бакубатчылыгы жана кызыкчылыгы үчүн өнүгө тургандыгына ишенимин билдирди.

 
Categories

ЭРДОГАН ЖАПАРОВДУ КУТТУКТАДЫ

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабы билдирди. «Бир тууган эки элдин ортосундагы мамилелерди жана кызматташууну мындан ары да жакшыртуу үчүн бирге иш алып барууга даяр экенимди билдирем», – деп айтылат куттуктоодо. Ошондой эле Эрдоган кыргыз элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

 
Categories

ТҮРКИЯ КЫРГЫЗСТАНДЫ КУТТУКТАДЫ

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 10-январда өткөн президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет барагында жана “Твиттерде” жарыялады. “Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана референдум тынчтык жана коопсуз кырдаалда жыйынтыкталганына биз кубанычтабыз. Президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн байсалдуу болушун каалайбыз. Түркия Кыргызстандагы демократиялык жүрүмдөрдүн өзүнө бардыгын камтуучулуктун жана коомдук жарашуунун негизинде жыйынтыкталышына карай жасалган кадамдарды колдойт”, – деп жазылган билдирүүдө.

 
Categories

МАМЫТОВ ШЕВЧЕНКОНУ КУТТУКТАДЫ

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Лас-Вегаста өткөн UFC 255 турниринде титулун коргогондугу менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти. “Өлкөнүн жалпы эли сиздин таймашты чыдамсыздык менен күтүп, беттешти башынан аягына чейин тынчсыздануу менен көрүштү. Сиз Кыргызстандын сыймыгысыз жана сиздин аркаңыздан өлкөнүн желеги дүйнөлүк спорт майданында дагы бир жолу бийик желбиреди. Чемпиондукка жол талбаган эмгек менен аракеттин аркасында салынат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздин бир тууганыңыз Антонинаны дагы ошол эле мелдештеги жеңиши менен куттуктайм. Мен сизге мындан ары дагы Кыргызстанды чет өлкөлөрдө даңазалай бересиз деп бекем ишенем, ал эми мекендештердин колдоосу жана каалоо-тилектери сизге тирек болот. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана спорттук карьераңызда жаңы жеңиштерди каалайм”, — деди Мамытов. 22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды.

 
Categories

САДЫР ЖАПАРОВ ӨНӨР АДАМДАРЫН КУТТУКТАДЫ

Өнөр адамдарынын көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоого, элибиздин маданий казынасын байытууга кошкон баа жеткис салымын жогору баалайбыз. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылды. “Маданият — турмуштун күзгүсү демекчи, көркөм өнөр жана маданият ишмерлери коомдо улуттун сыймыгы. Алар кайсы гана доор болбосун саясий идеологиялык абалга көз каранды болбой, ачык-айкын ой-пикирлерин айтышып, таамай сүйлөп, улуттук сапатыбызды, адеп-ахлактуулукту көрсөтүп келишкен. Себеби, көркөм-өнөр жана маданият чөйрөсү ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат”, – деп айтылат куттуктоодо. Жапаров маданият кызматкерлеринин эмгеги ар дайым коомдо жогору бааланарын белгилеп, театр, кино, сүрөт, музыка жана жалпы маданият жаатында жаңы табылгалар менен улуттук маданиятты өнүктүрүп жаткан мекендештерибизге ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

 
Categories

РАЗЗАКОВДУН 110 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада коомдук саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата илимий конференция жана “Алтынды дат баспайт” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмө “Улут сыймыгы”, “Элине өтөгөн эмгек”, “Эскерүүлөр” аттуу 3 бөлүктөн турду. Анда И. Раззаков жөнүндөгү китептер, газета-журналдык макалалар, фотодокументтер жайгаштырылды. Мындан тышкары, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата Сооронбай Жусуевдин “Исхак” поэмасын Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, ал эми Султан Раевдин калемине таандык “Исхак Раззаков” спектаклин Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры сахналаштырып, көрүүчүлөргө онлайн тартуулашты. Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков «Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка жыл башында кол койгон. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сөзүн жолдоп, анын Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон чоң салымын белгиледи.

 
Categories

ЖККУ БАШ КАТЧЫСЫ ЖАПАРОВДУ КУТТУКТАДЫ

Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Баш катчысы Станислав Зась Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Куттуктоодо: “Кыргызстандын эл аралык чөйрөдө абройлуу, аймактык саясатта таасирлүү орду бар. ЖККУга мүчө өлкөлөр уюмдун алкагында аскердик-саясий кызматташтыкты бекемдөөдө Кыргызстандын салымын жогору баалайт”, – деп жазылган. ЖККУнун Баш катчысы куттуктоосунда премьер-министр Садыр Жапаровго бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик каалап, Кыргызстандын элине туруктуу өнүгүү каалаган.

 
Categories

КАРЫЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ. ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда кыргызстандыктарды улгайгандардын эл аралык күнү менен куттуктады. Өлкө башчы кыргыздар кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан эл экенин айтып, мындан ары да калктын ушул нускалуу каада-салтын бекем сактоого милдеттүүбүз деди. «Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт. Көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган улуулардын терең акылы, көсөмдүгү жаштарыбыз үчүн көөнөрбөс сабак болууда», -деди Жээнбеков. Президент карыяларга элдин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатышканы үчүн ыраазылык билдирди.