Categories

ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)

Ош шаарында ири текстиль фабрикасы курулуп жатат. Ишкана 7 миңге чейин адамды жумуш менен камсыздайт. Фабриканын ээси, ишкер Нурбек Осмоновдун 9-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековго берген маалыматына караганда, текстиль фабрикасы кийим-кече тигип, кездеме токуп чыгарат. Ишкананын жылдык кубаттуулугу 10 миллион даана кийим-кече тигип, 1,5 миң тонна пахта менен жүндөн 4,5 миллион метр кездеме чыгарууга эсептелген. Өндүрүштө Жапония менен Германиянын шаймандары колдонулат. Фабрикага жалпысынан 38 млн. доллар инвестиция салынган, анын 970 миллион сому курулушка жумшалган. Осмоновдун маалыматы боюнча, өндүрүшкө ишкерлер өз каражатынан тышкары “РСК Банктан” 6 млн. доллар насыя алып сарпташкан. Учурда Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу маселеси сүйлөшүлүп жатат. Текстиль фабрикасы жылына 16 миң тонна чийки затты талап кылат. Бул талапты канааттандыруу үчүн Кара-Суу, Араван жана Ноокен райондорунда пахтаны кайра иштетүүчү заводдорду курууну максат кылган. Муну менен катар пахта майын өндүрүүчү завод курулмакчы. «Кыргыз текстиль ЛТД» ишканасы Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон берки аралыкта курулган алгачкы ири текстиль фабрикасы.

Бишкек – Кара-Балта жолу быйыл бүтөбү?

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ишенсек Бишкек – Кара-Балта жолу ушул 2020-жылы толук реконструкцияланып бүткөрүлөт экен.
Бирок аталган жолдогу жасалып жаткан иштердин ыргагагы анчалык ишеним жаратпайт.
Деги эле жолдун курулушунун сапаты ойдогудай болбой жатат.
Эки жылдан бери карай төшөлгөн асфальт бир жылга жетпей ар жеринен тешилип жаткандыгын көрүп жатабыз.
Аталган жолдун узундугу 45,1 чакырымды түзөт.
Реконструкция иштерин Кытайдын China Raiway компаниясы жүргүзүүдө.
Адистердин айтымында бул компаниянын жол курууда тажрыйбасы өтө жакшы эмес.
Ошондуктан эки жылда толук бүткөрүлөт деген долбоор үч жылга созулуп олтурат.
Быйыл да бүтөр бүтпөсү арсар бойдон калууда.

Categories

Сентябрда 11 мектеп ачылат

Республика боюнча 1- сентябрга карата 11 мектептин толук курулушу бүткөрүлүп жаңы окуу жылына ачылат.
Бул көрсөткүч акыркы 15 жылдагы эң аз сан.
Анткени быйыл пандемиядан улам каржы маселеси татаалданышына байланыштуу көптөгөн курулушу жүрүп жаткан мектептерге толук каржылоо болбой токтогон.

Categories

Кургуйга кеткен курулуш

Акыркы жылдары өлкөбүздүн экономикасындагы өсүштүн бир өңүтү курулуш тармагынын эсебинен болуп жаткан.
Курулуштагы эң чоң үлүш Бишкекте андан кийин Ош шаары менен Ысык-Көлдө болчу.
Пандемиядан улам аталган тармак катуу жабыркап, акыркы алты айда 8,9 пайызга ылдый кулаган.
Кыргызстандагы жумуш орундары да дал ушул курулуштун эсебинен аз да болсо чечилип келген.
Айрыкча турак жай курулушу алсырады.
Курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерин көбүнчө Орусиядагы эмгек мигранттарыбыз сатып алышчу.
Азыр алардын көпчүлүгүнүн акыбалы батир сатып алууга эмес эптеп жан багууга араң жетүүдө.
Алардан сырткары алыскы чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибизда Бишкектен үй сатып алууга далалат кылышчу.
Мына ушундай жагдайдан улам курулуштун темпи жайлап, айрымдары такыр токтоп калды.
Жаңы баштайбыз дегендер арасат абалда ойлонуп олтурушат.

Categories

Мэр Суракматов Тыналиев көчөсүндөгү тротуарлардын бүтбөй жатканына нааразычылыгын билдирди

Калаа башчысы Азиз Суракматов жолчулардын Тыналиев көчөсүндөгү тротуарларды төшөп, веложолдорду  салуу иши боюнча нааразычылыгын билдирди.  Бул тууралуу  Суракматов шаар кызматтарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен  болгон  жыйынында айтты.

Белгилей кетсек,  ал жерде курулуш иштерин  “Сагын Б”компаниясы жүргүзүп, эки жылдан бери бүтпөй келет. Иштин мындай жай жүрушуно Жал кичи районун жашоочулары да нааразычылыктарын билдиришкени бар.  Курулуш маселеси боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевге катуу көзөмөлдү күчөтүү иштерин тапшырды.

Categories

Баш калаада жалпы жонунан узундугу 38 чакырымды түзгөн 23 көчө оңдолууда.

Борбордо “Жолдорду калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында жолдорду оңдоо иштери уланууда.  Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Алтымышев көчөсүндө (мурд. Ремесленная) асфальт төшөлүп башталды.  Бул иштер Садырбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн ортосунда жүрүүдө. Аталган көчөдө жол жээгиндеги бордюрлар алмаштырылып, жаңы асфальт төшөлүүдө. Ал эки катмардан туруп, курамына майда таш жана мастика кошулуп, туруктуулугу күчөтүлгөн.

Долбоор боюнча Нуркамал жана Репин атындагы көчөлөрүндө дагы оңдоо иштери жүрүүдө. Ал жакта жолдун алдыңкы катмары тегизделип, даярдалууда. Оңдоо иштери июнь айынын соңунда бүтөт.

“Бишкек шаарынын көчөлөрүн жана унаа жолдорун калыбына келтирүу” долбоорунун алкагында жалпы жонунан узундугу 38 км түзгөн 23 участок көчө оңдолууда.

Categories

Бишкекте темир жол көпүрөнүн асты сары таш менен капталып жатат

Бишкек шаарында Кулатов көчөсү менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосундагы темир жол көпүрөсүнүн асты сары таш менен жасалууда.

Эскиздик долбоорун “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын адистери тарабынан даярдалып, анда декоративдүү таш менен жасалгалоо каралган. Оңдоо иштеринин аянты 3 миң чарчы метрди түзөт. Мындан тышкары, комплекстүү түрдө жарыктандыруу иштерин  жасоо каралган.

Учурда көпүрөнүн чыгыш тарабында оңдоо иштери жүрүүдө. Ички жагына сары таш чапталып, ар бир таш эки жолу жылтылдатып сүрүлүп, атайын коргоочу катмар менен майланып чыгат.

Оңдоо иштери 60 күндө бүтүрүлүп 2019-жылдын июнь айынын аягында соңуна чыгат.

Categories

Быйыл Бишкек-Кара-Балта жолунун 20,32 чакырымына асфальт төшөлөт

Биринчи вице-премьер-министр  Кубатбек Боронов Бишкек-Кара-Балта жолун куруунун 4-фазасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Жалпы долбоордук тилкеге эки кат асфальт бетон төшөлүп, көпүрөлөр, чакан жасалма курулуштар, аялдамалар жана тротуарлар оңдолот. Мындан тышкары алты жаңы жер өтмөгү курулуп, учурдагы төрт өтмөктү оңдоо ишке ашырылат.

Бүгүнкү күнү жолдун түштүк тарабынан 3,7 км жана түндүк тарабынан 1,8 км асфальт бетондун төмөнкү катмары төшөлдү. Ошондой эле электр берүүчү линиялардын 205 жаңы тирөөчтөрү орнотулуп, 82 жерде суу түтүктөрүн куруу аяктады. Төрт көпүрөдө курулуш иштери уланууда (Жантай суусу, Сокулук суусу, Ак-Суу суусу, Ак-Суу сел нугу), Желамыш көпүрөсүндө иштер дээрлик аяктады. 2019-жылы жер казуу иштерин аяктоо жана жалпы 20,32 чакырым аралыкка асфальт бетон төшөө пландалууда.

Кубатбек Боронов:  «Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушун аяктоо жана жол бетин кеңейтүү түндүк жана түштүк аймактардын ортосундагы унаа каттамдарын жөнгө салууга шарт түзөт. Бул тилке бүтүндөй өлкө үчүн зор роль ойнойт. Жаңы тилкелердин курулушу заманбап шарттарга жооп берүүгө тийиш, анткени бул жол республикадагы эң кыймыл жыш жолдордон болуп саналат», – деди.

Categories

Бишкек: Абай көчөсү 2 айга жабылат

Бишкектин Абай көчөсүнүн Медеровдон Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү 25-марттан 15-майга чейин оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар алмаштырылат. Мэрия айдоочуларды Панфилов менен Тыныстанов көчөлөрү аркылуу жүрүүнү сунуштайт.

Categories

№ 5 – кичи райондогу тогуз кабаттуу үйдүн курулушу убактылуу токтотулду

Вице-мэр Уланбек Азыгалиев № 5 – кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча иш жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгы “Наше право” коомдук фонду менен биргеликте бул курулуштун мыйзамдуулугун текшерүү максатында укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Учурда бардык жагдайларды текшерүү иштери жүрүп жатат. Октябрь райондук прокуратурасынын көрсөтмөсү түшкөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасына жана Экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспециясынын аймактык башкармалыгына аталган объекттин куруу жана монтаждык иштерини убактылуу токтотууга тапшырма берилди.

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспециясы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы тогуз кабаттуу үйдүн долбоорун жана курулушка уруксат берүүчү  документтерин текшерүүгө алышат.