Эрезеге жете электердин эс оодарган оюну
Рейддин жүрүшүндө компьютердик клубдардын биринен эрезеге жете элек кардарларды кездештире албадык. Бирок, ал клубга жанаша жайгашкан көңүл ачуучу жайда эс алып жаткандардын чоң тобуна кез келүүгө болот.
Бул жерден эрезеге жете элек кыздардын алкоголдук ичимдик ичкенин, документти сурабай туруп ичимдиктердин сатылганын, ал турмак өрт коопсуздугу да сакталбаганын – кошумча чыгуу каалганын, өрт өчүрүүчү атайын каражаттын жоктугун, а башкы каалга ачкыч менен кулптанаарын көрүүгө болот. Кыскасын айтканда эреже бузуунун изобилиеси ушул жерде.
Көңүл ачуучу жайдын кызматкерлеринин айтымында, башкы каалганы ачкыч менен атайын бекитишет, анткени айрым кардарлар акысын төлөбөй качып кетиши мүмкүн.
Ушул жана башка кабарлар менен “Күнжүрүш” кечки жаңылыктар топтомунан, саат 20:00-21:00 аралыгында тааныша аласыздар.
Источник: NewTV