Categories

Унаа жолдорго акы төлөнө баштайбы? (видео тасма)

Кыргызстандагы жолдордун сапатын жакшыртуу, тыгындарды азайтуу максатында айрым тилкелерге же альтернативасы бар унаа жолдоруна акы төлөө демилгесин киргизүү менен абалдан чыгууга болот. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министрлиги атайын сунуш даярдап, тийиштүү документтерин ырастоого аракеттенүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен айрым эл  өкүлдөрүнүн  демилгесин колдоого болот, бирок кээ бир жагдайларды эске алуу керек дешет.  Акы төлөнүүчү жолдор маселеси  кийинки сюжетте.

 
Categories

ЖК да кыргыз-жапон парламенттер аралык кызматташуу форуму болуп өттү

Инвестиция тартуу жана коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын экономикалык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча кызматташуу  темасында биринчи кыргыз-жапон парламенттер аралык форум болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук топтун жетекчиси Таалайбек Масабиров өлкөнүн өнүгүшү, инвестиция тартуу боюнча жапониялык кесиптештери менен бүгүнкүдөй форум уюштурууну демилгелеп, жүзөгө ашырып жаткандыгын белгиледи.

Жыйын жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев Жапонияда баардык маселелер парламентте гана чечиле тургандыгына токтолуп, Кыргызстанда парламентаризмди бекемдөө максатында жапон парламентинин тажрыйбасы менен бөлүшүү зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Абдывахаб Нурбаев болсо чакан жана орто ишкерликти Жапониянын JICA эл аралык уюмунун алкагында өнүктүрүүгө көңүл бурду. Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбеков бул форумдун эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташуусуна чоң салым болоорун, кыргыз-жапон алакасын тереңдетүү үчүн экономикалык, маданий байланыштарды өркүндөтүү зарылдыгына токтолду.

Жапония парламентчилери менен ишкерлери айыл чарбасындагы экологиялык өнүмдөргө басым жасап, ыңгайлуу баада экспорттоо, туризм тармагын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо тармагына заманбап жабдууларды тартуу менен жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана башка маселелер боюнча пикирлерин ортого салышты. Ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу тууралуу дагы сөз жүрдү. Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура Кыргызстанга инвестиция тартууда башкы маселе мыйзамдуулуктун, укуктук-ченемдик актылардын так иштеши жана сот акыйкаттуулугу өтө маанилүү экендигин кошумчалады.

Жапония парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргызстан менен достук лигасынын башчысы, Ген Накатани кыргыз-жапон форумунда айтылган сунуш-пикирлер менен каалоолорду Жапонияга барганда кеңири чөйрөдө кылдат талкуулап, аларды иш жүзүнө ашырууга ар тараптуу аракеттерди көрө тургандыгын билдирди. Форумдун ишин жыйынтыктаган Жогорку Кеңештин депутаты, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук топтун жетекчиси Таалайбек Масабиров дагы кесиптешинин пикирин кубаттап, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүдө мыйзамдардагы айрым мүчүлүштүктөргө терең маани берип, аларды четтетүүнүн үстүндө иш алпарууну убада кылды.

 
Categories

Айыл өкмөттөрдү кантип дотациядан чыгарабыз?

Республика боюнча 453 айыл өкмөттүн 75 гана өзүн өзү каржылабаса, калган 378 дотацияда турат. Аймактарды өнүктүрүү жылында, калган айылдарды дагы борбордук каржылоодон чыгаруу маселеси учур талабы. Ал үчүн жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чегерилчү киреше салыгын жүз пайызга жеткирүү демилгесин адисттер көтөрүшүүдө. Бул боюнча жобо иштелип чыгып жөнгө коюлса, 2021- жылга чейин баары болбосо дагы айыл өкмөттөрдүн  тең жарымы дотациядан чыгып калышаарын айтышат адисттер. Ошондой эле аймактарды өнкүтүрүү жылына карата, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан аймактарды өнкүтрүү жылына карата, социалдык –экономкалык өнүктүрүү программалары иштелип чыгып, бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрүнө жиберилүүдө.

NewTV

 
Categories

Базарларда санитардык көзөмөл жакшы эмес

Жалал-Абад шаарынын базарларында ачык сатылган тамак-аштарга талаптагыдай көзөмөл жок. Үйлөрүнөн каалагандай жасап келишип, ачык  жерде соода-сатык жүргүзүп жаткан көрүнүштөр көп. Бул терс көрүнүштүн алдын алуу максатында атайын тийиштүү кызматтар текшеримиш болушат, бирок андан жыйынтык чыга элек. Бул көйгөйлүү маселе шаар мэриясынын Эпидемияга каршы өзгөчө комиссиясынын кезектеги отурумунда каралды. Базарларлардагы санитардык абалды жакшыртууну колго алуу зарылдыгы айтылды. Анткени сатинардык абалга көңүл бурулбай жаткандыктан быйылкы 4 айда сарык оорусуна чалдыккандар өткөн жылдагыдан 8 эсе көп болду. Бул оору балдар арасында көп болуп жатканы кейиштүү. Өзгөчө комиссия базарларда санитардык нормаларды сактоону күчөтүү боюнча көп пункттуу чечимди кабыл алып, тийиштүү жактарга жаза чараларын көрдү.

NewTV

 
Categories

Көлдөгү эс алуу жайлары талапка жооп бербейт

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын басымдуу бөлүгүнүн саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок. Айрым пансионаттар эки-үчөөлөп бир жайды колдонушат. Мамэкотехинспекция быйыл  жээк бойлой жайгашкан эс алуучу жайларды текшерип, талапка жооп бербегендерин туристтерди кабыл алууга тыюу салды.

Ысык-Көл аймагындагы 18 дей эс алуучу жай быйыл туристтик сезондо иштей алышпайт. Мамлекеттик экотехинспекция алардын ишин убактылуу токтотту. Буга эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайларындагы талаптардын аткарылбашы жана өрт коопсуздугу боюнча тийиштүү чара көрүлбөгөнү себеп болгон.

Ысык –Көл району боюнча жалпысы болуп жүз элүүдөн ашуун эс алуучу жай бар. Бирок бул адисттер айткан расмий гана маалымат боюнча, көмүскөдө иш алып барган паснионттар мындан эки эсеге көп болушум ыктымал. Сексен пайыздан ашуунунда саркынды сууларды тазалоочу жайлар жок, болгон күндө деле көпчүлүгү тээ союз мезгилинде салынган бойдон жаңылана элек.

Эс алуучу жайлардын ээлери билдиргендей, саркынды суу тазалоочу жайды салууда эн эле арзан дегени он миң доллардын тегерегин түзөт. Бул сумманы көпчүлүк ишкерлер бир сезондо эле таба алат деген да жаңылыштык. Ал эми өкмөт Балыкчы, Каракол шаарларына ири саркынды сууларды тазалоочу жайларды куруу демилгесин он жылдан бери көтөрүп келгени менен ушул күнгө чейин жүзөгө аша элек.

Көлдүн экологиясын саркынды суулар гана булгап жаткан жок. Эс алганды өтө жакшы өздөштүргөн айрым жарандардын кайдыгерлигинен улам, суудан да желим баштык, бөтөлкө тамак-аштын калдыктары чыгып турат.

Адистер жеринен текшерип, эскертүү берген эс алуучу жайлардын дагы бир мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгер 18 июнга чейин абалды жөнгө салып эреже талаптарды аткарса кайра алардын иш алып баруусуна уруксат берелиши мүмкүн. Мындан сырткары майда-барат коопсуздук чаралары сакталбаган пасионат ээлерине айып пул салынды. Бирок ал сумма деле көп эмес,  болгону 18 миң сомду түзөт.

 NewTV

 

 

 
Categories

Чек арадагы абалга тынчсызданган депутат

Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кеткенче чек ара маселелеринин чечилиши тууралуу өкмөттүн маалыматын угушу керек. Мындай сунушун бүгүн парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров айтты.

 Ал чек арага өзгөчө көңүл бурулбаса маселе күчөп бара жатканын белгилеп, “Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы өкмөт аралык комиссиянын иштөөсү жөнүндө да жабык болсо да карап чыкпасак болбойт”, -деди. 

Бир күн отурушубуз керек деген Зулпукаров бул шайлоочулардын да талабы экенин баса белгиледи.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарында такталып бүтө элек тилкелер бар. Ал жерлерде түрдүү чыр-чатактар болуп турат. 4-июнда Лейлекте дагы бир окуя катталды. Адам өмүрүнө зыян тийген жок, бирок эки тарап бирин-бири айыптоодо.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайда

Президент Сооронбай Жээнбеков жетектеген кыргызстандык расмий делегация Бээжинге барды. Аэропорттон аны ардактуу кароолдун ротасы тизилип тосуп алышты. Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен 6-8-июнда Кытайда мамлекеттик сапарда болот. Бээжинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу менен жолугат. Андан ары 9-10-июнда президент Жээнбеков Циндао шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Саммиттин жүрүшүндө ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташтыкты талкуулайт. Бул саммитте кытай тарап ШКУдагы төрагалыгын  жыйынтыктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берери пландалууда.

 
Categories

Сот реформасынын алкагында бир топ мыйзамдар кабыл алынды

Сот реформасынын алкагында бир топ мыйзамдар кабыл алынып, учурда фемида өкүлдөрү жаны жарандык процесстик кодекстин негизинде иш алып барууда. Баш аягы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү мыйзамдын 10го чукул беренесине өзгөртүүлөр киргизилген. Парламенттин тийиштүү комитети өзгөртүүлөр киргизилген мыйзам долбоорун биринчи окууда талкууга алышты.

Негизинен мыйзам долбоору жарандык процесстик кодексине, административдик процессуалдык кодекстерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Юстиция министрлиги Жогорку сот менен биргеликте иштеп чыккан мыйзам долбоорун талкуулоо мезгилде айрым депутаттар кээ бир өзгөртүүлөргө кайдыгер мамиле болуп калган деген сын-пикирлерин билдиришти. 37-берененин 4-бөлүгүндө Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун бюджет долбоорлору КРнын бюджеттик кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өкмөткө макулдашуу үчүн судьялар кеңешине жөнөтүлөт деп жазылган. Бул жерде бюджеттик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр сот тармагында эмгектенгендердин кызыкчылыгын коргобой калган деген пикирлер бар.

Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Феруза Жамашеванын айтымында бул өзгөртүүлөр сот реформасынын алкагында жүзөгө ашып жатыптыр. Учурда сот тутуму жаңы жарандык процесстик кодекстин негизинде иш алып барышса, ал эми жазык процесстик кодексиндеги кабыл алынган өзгөрүүлөр келерки жылдын башынан тарта күчүнө кирээри маалымдалды. Талкууга алынган долбоорду процесстик мыйзамдарга шайкеш келтирүү керек. Бирок олуттуу деле өзгөрүү жок дешет адистер.

Соңунда комитетте талкууга алынган мыйзам долбооруна кворум жок болгондуктан добуш берилген жок.

 
Categories

Сотторго миллиардаган сом бөлүнөөрү каралууда

Сот тутумуна болгон ишенимди жогорулатуу үчүн максаттуу программа иштелип чыгып, ал бүтүндөй тармакты жакшыртууга багытталмакчы. Бул тууралуу Бишкек шаарында уюштурулган иш-чарада судьялар жана эксперттер журналисттерге айтып беришти. Анткени коомчулукта сын пикирге кабылып, бул тармакка болгон нааразылыктар күч.

Ишенимге ээ болбой калды деген сот тармагына сын-пикир канчалык көп айтылып, реформалоо аракети көрүлгөнү менен азырынча он жыйынтык байкала электигин өлкө башчыга соттордун үстүнөн түшкөн арыздардын көптүгүнөн билүүгө болот. Мындан улам мамлекет башчы өзү да коопсуздук кеңешинде, андан соң сот органдарын реформалоого арналган жыйында да баса белгилеген жайы бар. Бирок сот тармагына болгон ишенимди жогорулатуу үчүн эн оболу аларды каржылоо, шарт түзүп берүү маселеси тураары да бештен белгилүү. Судьялар жана эксперттер сот тутумун жакшыртуу үчүн максатуу программа иштеп чыгарылганын журналисттер менен болгон жыйында айтып беришти.

“Келечекте көз карандысыз, адилет сот системасын түзүү боюнча аракеттер жүрүүдө. Бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн мыйзамдуулук боюнча тажрыйбалары алынды. Бүгүнкү кундө коррупция менен курөшүү өзгөчө актуалдуу маселе болууда. Максаттуу программа коррупция, ага таасир эткен жагдайлар менен системалуу түрдө күрөшүүнү көздөйт. Биз бул программа жүзөгө ашса келечегинен чоң натыйжаларды үмүттөнүп жатабыз” – дейт Чүй облусунун райондор аралык соту Нурлан Султаналиев.

Ал эми экс-судья Мадина Давлетбаева: “Албетте бүгүнкү күндө чыр-чатак, талаш-тартыш маселени чечүү үчүн жарандар сотко кайрылууга туура келет. Адилеттуу чечимдерди күтөт. Маселенин чечилүүсү документтерди талдоо, окуяны териштирүү тажрыйбалуу адистерге байланыштуу”,– деди.

Бүгүнкү күндө сот тутумундагы эн чоң проблема сот аппаратында турат. Арыз дооматтар дароо эле судьянын колуна тийип, териштирүү башталбайт. Аппараттагы канцелярия бөлүмүнө түшөт. Анда тынымсыз келип кеткен адистердин алмашуусунан ишти кароо узакка созулуп кетээри жашыруун деле эмес. Түйшүк көп, маяна аз болгондуктан кадрлардын бат-бат алмашып жаткандыгы да белгилүү. Эгерде сот тармагын электрондоштурууга өткөрсө ишти женилдетет деп ишенүүгө болот. Албетте анан да сапаттуу, билимдүү кадрлар да керек.

Сот системасын каржылоо бүгүнкү күндө эң негизги маселелердин бири экендигин эл аралык уюмдар да ырасташууда. Бул тармакка 5 жылга 12 миллард сомдон ашык каражат каралууда. Бирок фемида өкүлдөрү каржылоону жакшыртмайын реформа ыкчам жүрөт деп айтууга болбойт дешүүдө. Ал эми иштелип чыккан максатуу программа техникалык, материалдык базаны чыңдоо менен бирге кадрлардын сапатын, мекемелердин ифраструктурасын да жакшыртууга багытталган. Эми маселе анын жүзөгө ашуусунда турат.

Адистердин белгилөөсүндө бир мезгилдеги кадрлардын туура эмес тандалуусу, саясаттын туура эмес жүргөндүгү, судьяларга болгон басым кысымдардын кесепети ишенбөөчүлүккө алып келген. Эми аларды калыбына келтирүү убакыттын иши. Заматта акыйкат сот тутуму орнойт деп айтуу жомок деген эксперттер адилеттүү чечим чыгаруу үчүн сот системасына шарт түзүү, аларды каржылоо зарыл. Сот системасын каржылоого багытталган иш чарада тармактын күнгөй тескей маселелери кенен кесир түшүндүрүлдү.

NewTV

 
Categories

Арстанбап жайкы сезонго даярбы?

Жалал-Абад облусундагы жайкы эс алуучуларды жана чет элдик туристтерди өзүнө тартуучу кооз жайлардын бири – Арстанбап. Бул аймакты туристтердин көп келүүчү жайына айландыруу, ага карата заманбап шарттарды түзүү аракеттер болгону менен бирок дале жетишсиз. Тийиштүү туристтик зарыл инфраструктуранын жоктугу байкалат. Жыл сайын туристтердин саны өскөнү менен эс алуучуларга керектүү шарттар түзүлүп жатабы? Байланыш, конокторду тейлөө жагынан өзгөрүүлөр барбы? Жолдор оңдолуп, кошумча ыңгайлуулуктар түзүлгөнбү? Аймактык кабарчыбыз иликтеп көргөн.

Кыргызстандагы эң бийик шаркыратмасы, үлкөн токой аянты бар Арстанбап – Жалал-Абад облусундагы туристтер көп келүүчү аймак. Түзүлгөн шарт анчалык жакшы болбогону менен бул жакка каттаган эс алуучулардын саны арбын. Буга чейин сырттан саны алынбай келген болсо, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эми гана колго алып жатканын айтышат.

Келген эс алуучуларды тейлөөнү айыл тургундары өздөрү ишке ашырууда. Жергиликтүү калктын 10 пайызы үй шартында жасаган азыктарын туристтерге сунуш кылып, бул багыттагы ишкердик да өнүгүп жатат. Алар өлкө аймагынан келгендердин жана чет элдик туристтердин табит-тандоосуна карап аракет кылганды үйрөнүшкөн.

Арстанбаптагы туристтерди бушайман кылган нерсе – телефон байланышынын жана интернеттин начардыгы. Бул бир эсе турмуш-тиричилик жактан ыңгайсыздыкты жаратса, экинчи жагынан коопсуздукка да таасирин тийгизет. Жергиликтүү ишкерлер мындай абалга туристтер менен иштөөчү компанияларды айыпташууда.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Жалал-Абад облусу боюнча туристтик жайларга келген эс алуучулардын жалпы саны 315 миң 329 кишини түзгөн. Мунун ичинде жергиликтүү эс алуучулардын саны 308 миң 960, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келгендердин саны 6 миңден ашты.

Эгерде эс алуучу жайларга баруучу жолдор, ал жердеги ыңгайлуулуктар, заманбап тейлөө сервиси болсо, алардын саны мындан да көп болмок.