Categories

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

Ушул жылдын 9-апрелинде  Бишкек шаарынын 42 жаштагы И.Г. аттуу жашоочусу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, арызда   9-апрель күнү арыз ээсинин Лебединовка айылындагы үйүнө бейтааныш эркек киши кирип, колундагы бычагы менен арыз ээсин коркутуп, анын «Самсунг жана Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылганын билдирген. 

Бирок, жабырлануучу туугандарынын жардамы менен шектүүнүн качып кетүүсүнө мүмкүндүк беришпей, милицияга телефон чалышкан. Аламүдүн районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, кармалган жарандын өздүгүн такташкан учурда, ал Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 27 жаштагы К.А. аттуу экендиги такталган.

Окуя болгон жерден далил заттар алынып, чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NewTV

 
Categories

Опузалап акча талап кылгандар кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 1974-жылы туулган Ш. У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2016-жылдан бери арыздануучуга зордук-зомбулук көрсөтүп, коркутуу жолу менен 50 000 АКШ долларын талап кылып келген “Бекен”, “Байзак”, “Темирлан”, “Игорь”, “Абдулкахим” жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата тийиштүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты 2018-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин 3-бөлүмүнүн (опуза талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 100 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен төмөнкүлөр кармалган:

– 43 жаштагы О. А. Аттуу Чүй облусунун Кемин районунун тургуну, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын ыкчам катоосунда турат.

– 60 жаштагы А. Б. Аттуу Бишкек шаарынын тургуну. Мурда бир нече жолу соттолгон.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы убакта О.А. менен А. Б. аттуулардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NewTV

 
Categories

Бишкекте 500 миң сомдук кымбат баалуу жасалгалар уурдалды

Бишкекте мурда соттолгон адам кымбат баалуу жасалгаларды уурдоого шектелип кармалды.

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.  

Маалыматка караганда, 2-апрелде Биринчи май ИИБине борбор калаанын тургуну кайрылып, үйүнө ууру киргенин айткан.  

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, 2-апрель күндүз белгисиз адамдар үйгө кирип, жалпы баасы 525 миң сомду чапчыган кымбат баалуу жасалгаларды уурдап кеткени аныкталган. Текшерүү учурунда үйдүн терезесине кадалган темир торду чыгарышып, айнекти талкалап киришкени белгилүү болуп, мындан улам бир нече кишиден турган топ жасаган деп божомолдонгон.  

Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде шектүү катары үч адам кармалды: мурда соттолгон 1980-жылы туулган К.А., 1993-жылы туулган А.Б. жана 1980-жылы туулган Т.А.  

Алар убактылуу жайга киргизилди.  

Булак: NewTV

 
Categories

Балыкчыда жаран орой мамиле жасаган милиция кызматкеринин үстүнөн арызданды

КР ИИМдин Ички иликтөө кызматына ишеним телефону аркылуу Балыкчы шаарында жайгашкан “Супер хошан” кафесинде жарандык кийимчен белгисиз милиция кызматкерлери кафенин ээсин тилдешкендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Бул фактыга кызматтык иликтөө жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ысык-көл облусу боюнча ички иликтөө кызматына тапшырышкан. 

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти. 

Алынган маалымат боюнча, ушул жылдын 4-апрель күнү болжол менен саат 18:30 чамасында кафенин ээси жубайы, балдары менен кошо тамактанып жаткан учурда кафеге жарандык кийимчен төрт жаран кирип келип, тамак алууга буйрутма беришкен. Бир нече убакыт өткөн соң, жогоруда аталган адамдар маданиятсыз сөздөр менен сүйлөй баштаган учурда кафенин ээси бул жакта алардан башка балдар дагы бар деп алар тарапка эскертүү берген. Кафенин ээси, дагы бир жолу эскертүү берген учурда жагорудагы адамдар менен уруша кетишкен. Кафенин ээсинин айтымында, окуя болгон учурда уруша кеткен балдардын бирөөсү мас абалында болгондугу, андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ысык-көл облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлерине бул факты боюнча видеосьемка тапшырылганын билдирген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ысык-көл облусу боюнча ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүшүп, белгисиз кызматкерлердин өздүгү такталган.

Алар, Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери болуп чыгышып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттерине Кыргыз Республикасынын ИИОнун кесиптик этикасын так аткаруу боюнча жана юридикалык жактан баа берилет.

Булак: NewTV

 
Categories

Жалал-Абадда мал уурлук менен алектенген кылмыштуу топтор кармалды

Ушул жылдын январь, февраль, март айларында Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон районунун тургундары жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылышкан.

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти. 

Анда Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон айылдарында жайгашкан жайыттардан белгисиз адамдар   жалпысынан 18 бодо мал,1 торпок, 50 кой уурдаган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин, Сузак, Базар-Коргон РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам- иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары 25 жаштан 48 жашка чейинки 9 жергиликтүү тургун кармалган.

Аларга карата жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөө кызматы   Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш ишин  козгоп, сот тарабынан 2 айга камака алынып тергөө иштери уланууда.

Ал эми, тоо жайытарында уурдалган мал жандыктардын жалпы чыгымы болжол менен 767 миң сомду түзгөн.

Учурда, кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

 
Categories

“Арча Бешик” конушунда аялдын сөөгү табылды

Бишкектин “Арча Бешик” конушундагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.   

Маалыматка караганда, бул тууралуу милицияга бүгүн эртең менен кабарланган.  

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган. Сөөктү кароодо кыздын денесинен ар кандай жарааттар табылган. Маркумдун өздүгү аныкталып, ал ошол эле конуштун 30 жаштагы тургуну болуп чыкты.  

Сөөктү экспертизага өлүкканага жиберишкен. Учурда өлүм эмнеден келип чыкканы иликтенүүдө.  

Уточняется, что звонок на пульт «102» поступил сегодня утром. 

 Булак: NewTV

 
Categories

Астана Аблязовго киши өлтүрүүнү “уюштурган” деп кылмыш ишин козгоду

Казакстандын Башкы прокуратурасы мурдагы банкир, президент Назарбаевдин элдешкис душманы Мухтар Аблязовго жаңы кылмыш ишин ачты. Ага 2004-жылы «ТуранАлем» банкынын башкы менежери Ержан Татишевди «өлтүрүүнү уюштурган» деген айып тагылууда.

Казак башкы көзөмөл мекемесинин билдирүүсү маалымат каржаттарына 3-апрелдин кечинде чыкты.

Аблязов буга чейин социалдык сайттарга Татишевдин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин жазган. Ал ошондой эле өткөн айда Татишевди өлтүрүүгө «буйрук берген» деп айтыпталып, 10 жылга кесилген ишкер, «Казстройстекло» заводунун ээси Муратхан Токмадини тааныбай турганын билдирген.

Казак прокуратурасы «Аблязорвду экстрадициялоо, жоопкерчиликке тартуу Казакстандын жана эл аралык келишимдердин алкагында чечилерин» билдирген.

Казакстандык ири бизнесмен жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада бозгунда жүрөт. Ал Казакстанда өзүнө коюлган бул сыяктуу айыптарды четке кагып келет.

 
Categories

Чүйдө жарандарды коркутуп акча талап кылган шектүү кармалды

Ал мурда соттолгон жана кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү болгон.  

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук ИИБинин кызматкерлери коркутуу жолу менен акча талап кылган кылмыштын бетин ачышты. Бейтааныш эркек күч колдонуп, коркутуп борбор калаанын тургунунан жана анын жакындарынан акча талап кылышкан. Бул факт ИИБдин кылмыштарды каттоо китепчесине катталган. Топтолгон документтердин негизинде тергөө кызматы кылмыш ишин ачкан.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүнү кылмыш үстүнөн кармоо операциясын жүргүзүшкөн. Мындан улам шектүү 20 миң сом акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Териштире келгенде, ал Токтогул районунун 34 жаштагы тургуну Т.И.болуп чыккан. Мурда баңгизат үчүн соттолуп, ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тураары белгилүү болду.

Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Чүйдө жарандарды коркутуп акча талап кылган шектүү кармалды

Булак: NewTV

 
Categories

Казакстанда «Сирияга кетүүгө аракет кылган» аялдын камактагы мөөнөтү узартылды

Караганда облустук соту террордук топтун ишмердүүлүгүнө катышкан жана анын катарына «жашы жете элек тууганын азгырган» деген айып менен февралда 9 жылга эркинен ажыратылган 30 жаштагы Жансай Таңатарованын аппеляциялык арызын карады.

Сот прокурордун нааразылыгын эске алып, Таңатарованын камактагы мөөнөтүнө дагы бир жыл кошту. Мурдараак прокурор биринчи инстанциядагы сот чечим чыгарганда ката кетиргенин билдирип, соттолуучунун камактагы мөөнөтүн 10 жылга чейин узартууну өтүнгөн.

Таңатарова Сирияга барууга аракет кылгандыгын моюнуна алып, бирок жашы жете элек тууганын «террордук топтун катарына азгырбаганын» билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 30 жаштагы Жансай Таңатарова «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарына кошулуп, өзүнүн 17 жаштагы тууганын Сирияга алып кетүүгө аракет кылган. Сотто белгилүү болгондой, ал Карагандадан чыгып бараткан маалда кармалган.

 
Categories

Экс-депутат Асия Сасыкбаеванын уулу психотроптук зат менен кармалды

31-мартка караган түнү Бишкекте 29 жаштагы жигит психикага катуу таасир бере турган заттар менен кармалган. Кармалган Марат Айтимбетов Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Асия Сасыкбаеванын уулу болуп чыккан.  

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.  

Маалыматка караганда, Марат Айтимбетовдон жалпы салмагы 0, 591 грамм психотроптук зат табылган.  

Басма сөз кызматы маалымдагандай, текшерүү учурунда ал 2 пакеттеги психотроптук заттарды байпагынын ичине салып алган. Экспертиза бул заттар “АЛЬФА РУР”га тийиштүү экени аныктады.  

Факт боюнча кылмыш иши ачылып, ал КР Кылмыш жаза кодексинин “Баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо, жүгүртүү, ташуу” беренесине негизделди.  

Шектүү тергөө изоляторуна эки айга камакка алынды.  

Булак: NewTV