Categories

Москвада оор кылмыш ишине шектелип Кыргызстандык кармалды

2019-жылдын март айынын аягында ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жарандары кайрылып, дайынсыз жоголгон Баткен облусунун Баткен районунун жашоочусу, 1981-жылы туулган Р.Ж. аттуу тууганын издөөгө жардам көрсөтүүнү суранышкан. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ал 2019-жылдын 23-март күнү Москва шаарынын Верхние көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегени жана чалууларга дагы жооп бербегенин айтышкан. Ошондой эле  дайынсыз жоголгон адам ошол күнү достору менен чыгып кеткен жана сары түстөгү “Форд Галакси” үлгүсүндөгү автоунаасы дагы токтоп турган жеринен жок болуп кеткен.

ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте дайынсыз жоголгон жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Иш-чаранын жүрүшүндө Москва шаарынын Домодедово шаардык округунун жанындагы жолго жакын жердеги талаадан азият түспөлүндөгү 40 жаштардагы белгисиз адамдын бетинде, моюнунда, артында жаракаттары бар жансыз денеси табылган. Аталган окуя боюнча соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган. Россиянын Тергөө комитетинин Москва облусу боюнча Башкы тергөө башкармалыгынынын аймактык тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Дайынсыз жоголду деп эсептелинген Р.Ж. аттуунун өлүгүн туугандары таанышкан.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, оор кылмыш ишине тиешеси бар жаран аныкталып, кармалган. Шектүү Москва облусу менен Москва шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип жүргөн Кыргызстандын жараны, Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун 1993-жылы туулган Т.А. аттуу жашоочусу болуп чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө сары түстөгү “Форд Галакси” үлгүсүндөгү маркумга таандык автоунаа такталып, кылмыш ишине бекитилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Азыркы учурда Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Т.А. аттууга карата кылмыш ишине шектүү катары айып тагылып, тергөө абагына киргизилди.

 
Categories

Крим дүйнөнүн атамандарынын бири “Дөө Чыңгыз” кармалды.

Эки күндөн бери коомчулукту уу-дууга салып жаткан крим дүйнөнүн атамандарынын бири “Дөө Чыңгыз” кармалды. Анын чыныгы аты Чыңгыз Жумагулов. Ал 38 жашта. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ч. Жумагулов борбор калаанын так ортосунда жайгашкан Исанов көчөсүнөн кармалган. ИИМдин криминалдык милиция кызматы жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам издөө аракеттеринин натыйжасында колго түшүрүлгөн.

Эске сала кетсек, ал эки кишинин өлүмүнө шектелүүдө.

 
Categories

Баңги заттарды ташып бара жаткан жарандар кармалышты

Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында  Ош эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин жарандары 1993-жылы туулган Ш.А, 1986-жылы туулган С.Г, жана 1987-жылы туулган С.С. кармалышты. Бул Тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган кылмыштуу топ Кыргызстан аркылуу баңги заттарды Орусия өлкөсүнө жеткирүү максатын көздөшкөн.  Багажды текшерүү учурунда жашыруун сактоочу жай, жалпы салмагы 3 килограммдан ашык 57 брикет табылып алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча спецификалык жыты бар, табылып алынган заттар «героин» баңги заты болуп эсептелинет. Бул учур боюнча  УКМК Тергөө органдары тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган адамдар Ош шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта  УКМК бул кылмыштын уюштуруучуларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды кармоого жана ошондой эле транзиттик каналдарына жана контрабандага бөгөт коюуга багытталган ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

 
Categories

Д. Бекешов: Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын арасында кармашуу  башталды

Бүгүн эрте менен Жогорку Кеңеш депутаттары тарабынан ар кандай маселелер айтылды.

Депутат Дастан Бекешов: “Россияда кылмышкерлерге байланыштуу бир мыйзам долбоору 3- окууда каралып жатат. Ал мыйзам боюнча криминалдык чөйрөнүн анабашылары өзүн ушул дүйнөнүн кожоюну катары эсептешсе, ал адам жоопко тартылат. Кылмыш аракет катары эсептелет. Бизге да ушундай мыйзам керек.

Учурда өкмөттүн астында ведомстволор аралык комиссия жаңы кылмыш кодекстерине өзгөртүү киргизүү боюнча  иштеп жатат. Аларга  ушундай мыйзамды жазганга тапшырма беришибиз керек. Болбосо Россия мыйзам кабыл алгандан кийин кылмышкерлер бизге качып келе башташат.  Грузия ушундай мыйзамды кабыл алганда кылмышкерлер Россияга качып кетишкен. Азыр Кыргызстанда кылмыш чөйрөсүнүн башчыларынын арасында кармашуу  башталды”-деди.

 
Categories

Опузалап акча талап кылган чет элдик жаран кармалды

УКМК кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 3 миң АКШ доллар өлчөмдө акча каражатын алып жаткан учурунда КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны А.Ю. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал маалыматка караганда, кармалган адам уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган.

Бул окуя боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинде “Опузалап пара талап кылуу” каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан А.Ю. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынды. Азыркы убакта ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

 
Categories

Жалал-Абадда кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалды (сүрөт)

Жалал-Абад шаарында ок-дары жана атуучу курал сактоого шектелген кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, батирди тинтүү учурунда документи жок, колго жасалган ок атуучу курал, 10-65 калибрдеги 8 даана ок-дарылар алынып, баллистикалык экспертиза дайындалган.

Тергөө учурунда жогорудагы мыйзамсыз ок атуучу курал жана ок дарылар, мурда тоноочулук жасап соттолгон Сузактын Чангыр-Таш айылынын тургуну,1988-жылы туулган Т.Ы.га таандык экендиги такталып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Факты боюнча калгандарга да кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

 
Categories

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерин алдын алуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө аталган уюмдун өкүлү Кыргызстандын жараны С.А. кармалды. Бул маалыматты УКМКдан кабарлашты. Ал экстремисттик материалдарды интернет аркылу коомдук тармактарга таратып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын  жасалма паспорттору менен камсыз кылып турган.

Ошондой эле, ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө террористтик мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдөгү, Кыргызстандын аймагында жасалма документтер менен жашынып жүргөн, Борбордук Азия мамлекетинин биринин жараны Б.Н. кармалды.

Азыркы убакта прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалган адамдар  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

 
Categories

Баңгизатын ташыган шектүү жаран кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы) ыкчам кызматкерлери тарабынан жазык аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын ташыган шектүү жаран кармалды. Мындай маалыматты  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 31-декабрь күнү болжол менен таңкы саат төрттөр чамасында белгисиз адамдар тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин аймагына баңгизатын ыргытышкан. Белгисиз адамдар уруксат берилбеген предметтерди ыргыткан соң издерин жашырып качып кетишкен.

Баңгизаттар белгисиз адамдардын көздөгөн жерине жетпей, мекеменин ички аймагына түшүп калып, көзөмөлдөөчү жеринен желим бөтөлкөгө салынган жашыл өңдөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүмү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңгизаттын ири көлөмүн ташууга аракет кылган белгисиз жактын өздүгүн тактоо жана жогорудагы баңгикылмышына тиешеси бар кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоого багытталган ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.Натыйжада ыкчам кызматкерлер шектүүлөрдүн изине түшкөн.ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин тиешелүү көрүлгөн чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган Ж.Б. аттуу жашоочусу кармалган. Ал мурда уурдоо жана бейбаштык беренелери менен соттолгон. ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турат.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жактардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүүдө. Иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

 
Categories

Ош базарында чөнтөкчүлөр менен “Москва” жеке күзөт мекемеси күрөшөт

Шаар тургундарынын жана конокторунун көптөгөн кайрылууларынын негизинде Ленин райондук акимиаты Ош базарынын айланасын иретке келтирүү иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Азыркы учурда “Ош базары” СБК жетекчилиги соодагерлердин жана кардарлардын коопсуздугун, чөнтөкчүлөрдөн коргоо үчүн “Москва” жеке күзөт мекемесин ишке тартты.

Муниципалдык администрациянын жана күзөт кызматынын биргеликте алып барган ишинин алкагында “Ош базары” СБКнин борбордук өтмөгү таштандылардан тазаланып, кардарлардын коопсуздугу үчүн тосмолор орнотулду.

Акимиаттын кызматкерлери сатуучулар жана кардарларга жерге коюлуп сатылган тамак-аштардын зыяндуулугу боюнча тушүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

 
Categories

Кара-Балтадагы атышууда жабыркаган эки адам ооруканада жатат

Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бириндеги атышууда жабыркаган милиционер да, кылмышка шектүү адам да ооруканада жатат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева билдиргендей, окуя 18-ноябрда таңкы саат алтыларда болгон. Криминалдык милиция менен атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери издөөдөгү кылмышкерди кармаганы барган кезде ал каршылык көрсөтүп, ок аткан. Натыйжада “Шумкар” атайын бөлүгүнүн кызматкери жарадар болгон. Кармоо учурунда шектүү да жараланып, экөө тең ооруканага жеткирилген:

Н. Имангазиева: “Бул факт боюнча Жайыл райондук тергөө тобу кылмыш ишин козгоду. Окуя “укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу” деген негизде териштирилип жатат, – деди.

Жабыркагандар дароо Чүйдөгү аймактык ооруканага жеткирилип, андан соң бири Бишкекке которулган. Милиция алардын абалы тууралуу маалымат бере элек.