Categories

Кыргызстандан долларлардын чыгарылышы боюнча аты аталган Саймаитини атып кетишти

“Азаттыктын” Кыргызстандан миллиондогон долларлардын чыгарылышы боюнча иликтөөсүндө аты аталган кытай жараны, бизнесмен Айэркен Саймаитинин атып өлтүрүлгөндүгү тууралуу түрк маалымат каражаттары жазды.

Ал маалыматтарда, 10 –ноябрда Стамбул шаарынын мейманканаларынын биринен белгисиз бирөө ага карата ок чыгарган. Саймаити алган жаратынан улам ооруканада каза болгон. Учурда укук коргоо органдары ал ишти иликтөөдө.

Эске сала кетсек, “Азаттык” буга чейин аты аталган жарандын ысмы менен Кыргызстандан сыртка 700 млн. доллардын тегерегинде каражат чыгарылгандыгын жазган болчу.

 
Categories

ИИМ “Мадина” кафесинин ээсинин өлүмү боюнча билдирүү таратты

Анда мындай деп айтылат:  – “Мадина” кафесинин ээсинин өлүмү боюнча билдиребиз, аталган кылмыш ишин ачууга ИИМдин, Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын тажрыйбалуу кызматкерлери тартылган. Кылмыш белгилерин дыкаттык менен жашырууга  аракет кылгандары менен ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмышкерлердин изине түшүп, өзгөчө оор кылмышты жасоого шектелгендердин баарын кармашты.

Аталган коомдук кызуу талкуу жараткан кылмыш иштин ачылышы тарыхта кала берет. Тилекке каршы, “Мадина” кафесинин ээсинин өлүмүн алдын алууга үлгүрбөй калдык. Дайынсыз жоголгон ишкерди тактоо максатында көптөгөн иштер жүргүзүлдү. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мүлккө ээ болуу, опузулап талап кылуу, карактоо, адам өлтүрүү максатында адамды уурдоого шектелген бүтүндөй кылмыштуу топ кармалды.

 
Categories

«Мадина» кафесинин ээсинин өлтүрүлүшү боюнча сегиз адам кармалышты

Эки жума мурда “Мадина” кафесинин ээси 37-жаштагы Хуфур Абдурахеман “Дордой базарына BMW X5 маркасындагы автоунаасы менен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Андан соң анын жансыз денеси Кочкор районунан табылган.

5- октябрда бизнесмендин жакын тууганы милицияга арыз менен кайрылган. Бул кылмыш иши боюнча 18 – октябрда  сегиз адам кармалгандыгын Бишкек шаардык милиция бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Шектүү катары 55 жаштагы Нарын облусунун жашоочусу, 29 жаштагы Ысык -Көл облусунун жашоочусу, 33 жаштагы Казакстандын тургуну, 34 жаштагы кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсү жана башкалар кармалышкан. Учурда алардын баардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Өлтүрүлгөн адамдын денеси жерге көмүлүп, автоунаасы кара түскө боюлгон.

 
Categories

Алга Кылычев Атамбаевдин тарапташтары бийликти басып алууга аракет кылган деген таризде маалымат берген

Алмазбек Атамбаевге жакын адамдардын бири, учурда убактылуу кармоочу жайлардын биринде кармалып турган, КСДП мүчөсү Алга Кылычев экс-президентке жана анын жан жөөкөрлөрүнө каршы көрсөтмө берип жаткандыгы  туурасында жактоочу Замир Жоошев маалымдоодо. Анын маалыматтарына караганда, Алга Кылычев тергөө менен кызматташуу  тууралуу келишим түзгөн болушу мүмкүндүгү айтылат.

Алга Кылычев  Алмазбек Атамбаев,  Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев,   Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаевге мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алууга аракет кылган деген таризде маалымат берген.

 
Categories

Камчы Көлбаев сурак берди

Крим чөйрөнүн ана башы Камчы Көлбаев Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө чакыртылып, сурак бергендиги маалым болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан маалымдашты.

Ал маалыматтарга караганда, сурактан кийин ал кое берилген. Көлбаев уурулук боюнча күбө катары сурак берген.

Эске сала кетсек, Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары белгилүү. Ал көзөмөлдөгөн топто 400 дөн ашык мүчө бар экендиги айтылат. Ал эми АКШ бийлиги 2014- жылы дүйнөдөгү 7 ири наркоборондордун бири катары “кара тизмеге” киргизген.

 
Categories

Таласта индия марихуанасын эгип, өстүрүп жүрүшкөндөр аныкталышты

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан өсүмдүк түспөлүндөгү ири баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенишкен Талас облусунун тургундарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюга багытталган атайын операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин БМЖКККнын Ыкчам-иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тинтүү иш-чарасын жүргүзүүнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 49 килограмм 600 грамм салмагындагы марихуана баңгизаты табылып алынды. Андан кийинки жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө талаада индия марихуанасын эгип, өстүрүп жүрүшкөндүгү аныкталган. Жалпысынан ал жактан 2 тонна 5 килограмм каннабис алынды.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси баш башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 
Categories

Курсан Асанов кызматтан алынды

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев кол кол койгон.

Маалыматка ылайык, 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.

 
Categories

Улан Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн

Ички иштер министрлиги ыкчам кызматкерлеринин атайын кайтаруусунун негизинде Улан Саляновду өлтүрүү боюнча кылмыш ишине негизги шектүү болгон жаранды алып келген видеону көрсөтөт. Мурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Улан Саляновду өлтүрүү тууралуу кылмыш иши боюнча бардык шектүүлөр кармалгандыгын маалымдаган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 6-ноябрында түн ичинде бет капчан 3 белгисиз адам Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы коңушунда жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кол салгандар үйдүн бөлмөлөрүнүн биринен 1975-жылы туулган үйдүн ээси Улан Саляновго карата ок чыгарышып, андан соң изин жашырышып качып кетишкен. Ок атуучу куралдан алган жаракатынан улам У. Салянов ооруканага бара жатканда каза болгон.

Аталган окуя Аламүдүн РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси “Адам өлтүрүү” (эски кодекс) менен кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмыш ишин мындан ары иликтөө  ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.

2017-жылдын ноябрь айынын аягында кылмыш жасоого шектелип Чүй облусунун тургуну 1986-жылы туулган Э.Осмонкулов аттуу жаран кармалган. Ал мурда бир нече жолу каракчалык, тоноо боюнча соттолгон. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен Э. Осмонкуловго кылмыш жасагандыгы тууралуу айып тагылып, тергөөнүн материалдары сотко жөнөтүлдү.

2019-жылдын май айынын акыркы күндөрү Бишкек шаарына аба каттамы аркылуу Чүй облусундагы Токмок шаарынын тургуну, 1983-жылы туулган Абыкулов Асанэмир алынып келинди. Ал Улан Саляновду өлтүрүү боюнча кылмыш ишинде негизги шектүү катары жүрүп, мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Аны атайын кайтаруу менен ИИМдин КМКнын кызматкерлери алып келишти. Ал 2018-жылдын январь айында РФтин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралары учурунда Москва шаарында кармалган.

Соттук териштирүүнүн жана өзүнчө бөлүнүп алынган иштерди иликтөөнүн жүрүшүндө Көк-Жар жаңы конушунда Улан Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген багыт божомолдоолор каралууда. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча ыкчам тергөө-иш-чаралары жүрүүдө.

 
Categories

Издөө жарыяланган Казакстандын жарандары кармалышты(видео)

Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө өз өлкөсүндө экономикалык кылмыштар үчүн издөө жарыяланган Казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Издөөгө алынган жогорудагы жарандар Кыргызстанда жашырынып жүрүшөт деген маалымат түшкөн. Алардын издөө максатында Бишкекке Казакстан Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция департаментинен бир нече ыкчам кызматкерлер келишкен.

Жакында, Кыргызстандын күч түзүмдөрү менен  биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү. Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринен Казакстан Республикасынын 1990-жылы туулган Е.Ж. жана 1983-жылы туулган А.А. аттуу жарандары кармалышты.

Кармалган жарандар Жамбыл облусунун тургундары болушат. Алар экономикалык аткезчиликке жана улуттар аралык уюшулган кылмыштуу топту түзүүгө шектелишүүдө. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына камалышты. Мыйзамга ылайык жогорудагы учур боюнча топтолгон материалдар кийинки чечимдерди кабыл алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

 
Categories

Ат – Башы районунан экстремисттик уюмдун мүчөлөрү ок дарылары менен кармалды

2019-жылдын 19-июнунда мурун козголгон кылмыш-иштин алкагында «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөсү болгон 6 адамдын Нарын областындагы Ат-Башы районунда жашаган жерлерин тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Анын жыйынтыгында тыюу салынган экстремисттик «Хизбут-Тахрир» уюмунун адабияттары, уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу куралдар, 5,45 мм калибр гильзалары, ок-дары салынган темир идиш, курал пистондору жана чачмалар, ноутбук, телефондор жана сим-карталар табылган. Бул учур боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары  Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.