Categories

Бир өмүр катылган баян ( Котормо)

Ал күнү да үйгө кеч келдим. Бул жоругума үй-бүлөм деле көнүп калгандай. Жубайым кечки тамакты ичүү үчүн дасторкон салып жатыптыр, акырын келип колунан кармап, көзүнө карап туруп “Сени менен ажырашамын”, – дедим. Сөздөрүмө ачууланбады, жөн гана себебин сурады. Жооп бербей үнсүз тура бердим. Жооп бербегеним анын эми чындап жинин келтирди өңдөнөт, мага кашык, вилкаларды ыргытып ыйлап жатты. Бир учурда “Сен адам эмессиң”, – деди.

Ошону менен ал түнү сүйлөшкөн жокпуз… Ыйлап жатып акыры уктады. Ажырашуубуздун себебин аябай билгиси келип жатканын туюп жаттым. Аны сан миңдеген суроолор, ойлор кыйнап жатканын билсем дагы эмне деп жооп беришти билбей айлам кетти.

Жүрөгүмдү, акылымды Жане ээлегенден бери аялымдан көнүлүм калган. Ага жөн гана боорум ооругансып же балдарым үчүн жашагандаймын.

Терең ойлонуп, акыры чечим чыгарып  үйдү, унаамды жана фирманын  акциясынан 30% аялым жана балдарым ала турган кылып  ажырашуу кагазын даярдадым. Ал кагазымды окуп, окубай жатып майдалап ыргытып салды. Он жыл бирге түтүн булаткан аял, эми бейтааныш эле… Мен анын болгону бирге кетирген он жылдык өмүрүнө, эмгегине ичим ачышчу. Айтылган сөз, атылган ок эмеспи. Эмне болгон күндө деле айткан сөздөрүмдү кайра артка ала албайт болчумун.

Бир күнү жанымда биринчи күндөгүдөн дагы катуу бакырып ыйлады.  Негизи бул каршылыкты мен андан ажырашамын деп айткан күнү күткөн элем. Сооротподум, кандайдыр бир сөз айттууга акысы жоктой сездим өзүмдү.

Дагы бир күнү үйгө кеч келдим. Столдун үстүндө мага жазылган бир кагазды көрдүм. Тамак да жеген жокмун, дароо уктоочу бөлмөгө кирип кеттим…

Эртең менен аялым ажырашуу үчүн шарттарды койду. Менден бир дагы нерсе каалаган жок (материалдык байлык). Болгону ажырашканга чейин жашообузду бирге өткөрүп, артта калган бактылуү күндөрүбүз сыяктуу жашоону каалады.

Себеби болсо жөпжөнөкөй.

Балабыздын сынактары жакындашып жатат, бул окуя ага сокку болбосун деди.

Жаңы үйлөнгөнүбүздө мен аны үйгө колума кандай көтөрүп келгенимди эстетти. Сот боло турган күнгө чейин мен аны эшиктен уктоочу бөлмөгө чейин колума көтөрүп жеткирүүмдү каалады. Жинди болдубу, деп ойлоно баштадым. Алгач үйдө жаңжал чыкпасын деп ыңгайсыз болсом да сунушун кабыл алдым.

Биринчи күн, аялымды уктоочу бөлмөгө чейин колума көтөрүп баратканда экөөбүз тең бир кызыктай болдук. Балам болсо кубанып “Арстан атам! Апамы колуна көтөрүп жеткирди!”- деп кол чаап алкыштады.

Уулумун айткан сөздөрү түз эле барып жүрөгүмдү бычак менен тилип кеткендей болду.

Аялымды, уктоочу бөлмөдөн мейманканага, андан эшикке чейин колумда көтөрүп жүрдүм. Бир убакта көздөрүн акырын жумуп шыбырап “Ажыраша турганыбызды уулубузга айтпа”, – деди. Макул болгондой белги менен башымы ийкеп жерге түшүрдүм.

Экинчи күн, бул абалга дагы бир аз көнө баштадык. Көкүрөгүмө башын койгонунда көйнөгүндөгү атырдын жыты буркурап турду. Көп убакыттан бери аялыма башка аялдарды карагандай эч карабагандыгымды байкадым. Жүзүн бырыш басып, чачтары да буруул тартып калыптыр.

Төртүнчү күнү, аялымды колума көтөргөнүмдө ортобузда бир байланыш пайда болгонун сездим. Кучагымдагы аял мага жана үй-бүлөмө он жылын арнаган. Дал ушул күнү аялымды чындап аяп кеттим.

Бешинчи, алтынчы күндөрү ортобуздагы байланыш дагы да  жакындагандыгын байкадым.

Ажырашуу күнү жакындаган сайын ортобуздагы байланыш күчүнө кирип, аялым дагы көтөргөнүмдө жеңил сезиле баштады. Ага берген азаптарды сезип, айрымалай баштадым.

Ошол мезгилде уулум чуркап келип, “Ата, апамды көтөрүү убактысы!” – деди. Ар күнү апасын колума көтөргөнүм уулумун жашоосундагы маанилүү нерселердин бири боло баштаган тура.  Аялым, уулумду кучагына бекем кысты. Мен болсо пикиримди алмаштырбоо үчүн башымды тескери буруп кеттим.

Аялымды колума көтөрдүм, ал моюнумдан катуу кучактады. Аны кучагыма бекем кыстым кудум эле үйлөнгөнүбүздүн алгачкы күнү сыяктуу.

Сот күнүнөн бир күн мурун аялымды дагы колума көтөрдүм. Алдыга кадам таштоого негедир кыйналып жаттым. Көпкө ойлонуп, акыры эмне кылуу керек экендигин чечтим… Жаненин бардым да ага, ” Кечирип кой Жане. Аялым менен ажырашууну каалабаймын”, – дедим. Кеч болсо да мен баардык нерсенин айрымасын билдим. Үйлөнгөнүбүздө биринчи күн аялымды колума көтөрүп үйгө алып келип, өмүрүм өткөнчө колумда көтөрүп жүрөмүн деп сөз берген элем… Үйгө барууга шашып, жубайыма гүл алып алууну ойлодум. Гүл сатуучу, кагазга эмне деп жазуу керектигин сурады, мен жылмайып ” Өлүм бизди айрыганга чейин сени колумда көтөрүп жүрөмүн”, – дедим.  Колумда гүл, жүзүмдө жылмайуу менен үйгө ашыгып келдим. Босогодон мени суук кабар тосуп алды… Көрсө, мен көчөдө жүргөндө аялым өмүр менен кош айтышып кете бериптир. Баарын кийин билдим, аялым бир нече айдан бери рак илдети менен алышып жүргөндүгүн. Мен Жаненин махабатына мас болуп, көзүм караңгылап жүрүп эч нерсени байкабаптырмын.

Каза болорун билген өңдүү, ошол себеп уулубуздун менден көңүлү калбасын деп, ажыраша турганыбызды ага байкатпашымды айткан тура. Аялымдын акылдуулугунан улам, мен уулумдун көзүндө аялын сүйгөн, сүйүктүү жолдош,камкор ата болуп калдым. Ошентип аялымды акыркы жолу колумда көтөрдүм…

Күндөлүк турмушта маанисиз жана көңүлсүз көрүнгөн нерселер негизи жашообузду көрктөндүрүп турат. Канчалык чоң үйүбүздүн, кымбат маркадагы унаабыздын болгону же болбосо банктык эсептеги акчанын көп суммада экендиги маанилүү эмес. Материалдык нерселер бактылуу болуу үчүн салым кошкон каражаттар болгону!…

Бирок эч бири бизге туруктуу бакытты бере албайт! 

Андыктан, сүйгөн адамыңызга жашоодо түбөлүк дос болуңуз. Ортодогу мамилени өрчүтүп, сактап калуу үчүн сиз дагы бир аз болсо да аракет кылыңыз.

Түрк тилинен которгон Гүлзада Абдырахманова

 
Categories

Күрүч ташуучудан,”Hyndai group”ка чейин (котормо)

Элестетип көрүңүз, бүгүн велосипедде дүкөндөргө күрүч таратып жүргөн жигит менен маектешип калдыңыз, ал сизге эмнелер жөнүндө айтып берген болот эле? Балким, жашоонун татаалдыгы, эртеңки күндүн караңгылыгын, так эмес пландарын…

Корея жарым аралынын түндүк бөлүгүндөгү эң четки айылдардын биринде, көп балалуу үй-бүлөнүн тун уулу Чунг Джу Юнг 1915-жылы жарык дүйнөгө келет. Баары аны “күрүч ташуучу” деп чакырат эле. Оор жумуш, агалык жоопкерчилик аны эрте чоңойтту. Башталгыч мектепти бүткөндөн кийин эле ата-энеси окуудан чыгарып, темир жол курулушуна жумушка орноштурат. Буга аябай ачуусу келет.

Кыялдарга карай…

Өспүрүм Чунг Джу Юнг кыялдарынын артынан борбор калаа Сеулга жол алат. Чунг Джу Юнг алгач дүкөндөргө күрүч таратат. Бир канча убакыт акча чогултуп, 1940-жылы кичинекей унаа оңдоочу устакана ачат. Бул жер, бүгүн дүйнө эли билген «Hyndai group» корпорациясынын бешиги болуп калды. Чунгдун лакап аты – Асан болчу. Ал 1990-жылдарда эки өлкөнүн мамилеси жакшырган соң Түндүк Кореяга расмий барган алгачкы түштүктүк коноктордон болгон. Сапардын урматына эки өлкө ортосунда болот көпүрө курулуп, Асандын Ата журтуна 1000 баш бодо мал белекке берилет.

Эмнеге бодо мал?

Чунг 18 жашында үй-бүлөсүнө таандык болгон уйду сатып, Сеулга качып келген. Кийинчерээк баары өз нугуна түшкөн соң, үй-бүлөсүн өз камкордугуна алган. Улгайган Асан жарым кылым өтүп, айылына 1000 баш бодо мал менен кайтканы сонун жаңылык болду. Асанды “болот кайрат ээси” деп айтышат. Бүгүн “Hyndai group” дүйнөнүн эң ири кемечилик, унаа чыгаруу жана ондон ашуун тармактарда жетекчилердин бири болуп саналат.

Күрүч ташуучуну өзгөрткөн 6 нерсе.

Кара жумушчу. Аны кореялыктар бүгүнкү күнгө чейин кара жумушчу катарында эске алышат. Ооба, ал ушунчалык мээнеткеч эле. Миллиардер болгон кезинде да жөнөкөй жумушчулар менен кара жумуш кылуудан кайткан эмес.

Эрте турган. Чунг Джу Юнгдун үй-бүлөсү ар күнү таңкы 5:30да эртең мененки тамакты ичкен. Өзү болсо, балдарынан 1 саат эрте ойгонгон.

Бекем ишеним. “Кыялдануу жана анын ишке ашуусун күчтүү каалоо байлап турат”, — деген болчу ал.

Жакын адамдарын кадырлаган. Ийгиликтүү күндөр башталар замат Асан ага-ини жана жакындарын бир жерге чогултуп, аларга баш болуп биргеликте иш алып барган.

Артка чегинүүдөн мурун, бир жолу болсо да аракет кылып көргөн. Бул ишти аткарууга жок дегенде бир ирет аракет кылып көрдүңбү? Ал ар дайым ушул суроону өзүнө берет эле. Жумушчуларын көйгөйгө эмес, анын чечимине көңүл бурууга чакырган. Ишеним жана тайманбастык, Чунг Джу Юнгдун мүнөзүнүн негизин түзгөн десек да жаңылышпайбыз.

Мекенчилдик. “Машиналар – дөңгөлөккө орнотулган улуттук желектер. Эгер биз жакшы унаа иштеп чыгарып, аны экспорт кылсак, ал бүтүн дүйнөгө Корея технологиясы жана өнөр – жайыбыздын кудурети жөнүндө кабар берет”, — деген эле бизнесмен.

Которгон: Дайыр Максыт уулу

 
Categories

Мугалимге кат… (котормо)

Кечээ саламыңды алдым. Эгер түрмөдө болбогонумда барып колуңду өөп, ушул сөздөрүмдү өзүңө айтаар элем. Менин атымды атап, «Ушундай бир айбандын мугалими болгонум үчүн уялам» – дептирсиң. Туура айткансың. Мендей жанды тарбиялаганың үчүн чынында уялышың керек. Себеби мен мактана турган эч нерсе кылган жокмун. Үй-бүлөмө, чөйрөмө жана жакындарыма зыяным гана тийди. Жаман иштерди жасап, адамдык абийирим булганды. Жыйынтыгы минтип түрмөгө түштүм. Бирок мугалимим! Менин ушул бактысыз жашоого туш болуума сенин да “салымың” бар. Сенин мамилең мени кандай гана таш боор жана ырайымсыз, роботко айлантканын сезсең.. Эх, мугалимим! Мени окуткан, мени тарбиялаган жана мени калыптандырган сенсиң. Сага карап түзөндүм, сенден өрнөк алдым. Сени менен беш жыл мектепте бирге болдум. Кийин окууну таштап, көчө балдарына кошулдум…Эмнеге дебейсиңби? Мага кылгандарыңды чогуу эстейли, балким таштай каткан жүрөгүң бир зырп этер… Мен апасыз чоңойдум. Өгөй апам мени аябай жек көрчү. Үйүбүздө тынчтык жок эле. Жумшай бергендиктен, жаным тынчу эмес. Сенин берген тапшырмаларыңды ушул себептүү аткара албай калчумун. Менин кандай күнгө туш болгонумду билип туруп такыр түшүнбөй койдуң. Дайыма басмырладың. Акыры окуудан да, коомдон да ажыраттың. Апам жок болгону үчүн таза, тыкан кийине албайт элем. Бул үчүн уруша берчүсүң. Кир же айрык шымымды, өсүп кеткен тырмагымды, же болбосо кесилип кеткен бетим менен таралбаган чачымды доскага чыгарып алып мыскылдайт элең. Андай учурда мага аалам тарып, кайдадыр көз көрбөгөн, кулак укпаган жакка сызып кетким келчү. Тапшырма аткарбасам сызгыч менен чаап калчусуң. Чыдабай ыйлап жиберсем “Эркек да ыйлайбы?” деп кулагымды толгоп… Ушунун айынан кийин сабакка да барбай калдым. Теңтуштарыма аралашып, эс ала турган жерим мектеп эле… Билим уясын мага ыраа көрсөң эмне… Эстейсиңби мугалимим, бир күнү атама арызданыпсың. “Сабак аткарбайт, дайыма бейбаштык кылат” деп. Атам ошондо мени катуу сабады. Ошол ирмем жүрөгүмө өчпөс так салды. Атамдын токмогуна эмес, арызданган сага катуу таарындым. Атам го мейли, окубаган караңгы адам эле. Ура берчү. Бирок сен… Эх, мугалимим! Мага бир карап, жылмайып койсоң эмне болмок? Абалымды сурап, чачымды бир жолу сылап, жүзүмө мээрим толгон алаканыңды тийгизип койсоң эмне болмок? Кыскасы, сен мага жакшы үлгү болбодуң. Жарык келечекке жетелеп, жол көрсөтпөдүң. Коомго зыяндуу инсан болушума орун даярдапсың. Жан дүйнөмө сен “отургузган” көчөттөр, кийин жемишин берди. Өзүмө да, коомго да коркунучтуу адам болуп чыга келдим. Бирок мугалимим менин… Эгер жараткан акыретте сени мен үчүн азапка тарта турган болсо, сенин бардык күнөөлөрүңдү алып, өзүм азап тартууга даяр болот элем… Анткени, кандай болгон күндө да сен менин мугалимимсиң.

Мынакей замандаш бул аянычтуу тагдырлардын бирөөсү гана. Мындай мисалдар оголе көп. Менин айтайын дегеним, жаш кезинде мээрим, сүйүү, жакшы тарбия көрбөгөн бала “күн көрбөгөн гүл болбойт” дегендей, эч качан жакшы инсан болуп жетилбейт… Үйдө болобу, мектептеби, көчөдөбү баланын назик сезимдерин оорутпайлы дегим келет…

(Халит Ертугрулдун “Өрнөк мугалим” чыгармасы)

Которгон:Иманбек Азизилла уулу

 
Categories

Паспорт жана улут (котормо)

Мен өздүк унаамда Америкадан азыркы учурда жашап жаткан журтум Канадага кайтканы жаткан элем. Чек арага келип, Канада паспортун текшерүүчү аялга сундум. Бир аз убакыт үн катпай туруп калды. Туулган жери деген графада «Сирия» деп жазылган эле.

Ал таң калып сурады:

— Кантип Сирия?  

— Буйруса, баары өз ордунда деген үмүттөмүн.

— Канадада качантан бери жашайсыз?

— Үч жыл болду.

—  Сирияга акыркы ирет качан бардыңыз эле?

— Үч жыл мурун.

Мага карап жылмайды да, «Кайсы өлкөнү көбүрөөк жакшы көрөсүз? Сирияныбы же Канаданыбы?» — деген суроо берди.

— Мен үчүн Сирия менен Канада – энем менен аялымдай. Аялымдын сулуулугун сүйүп тандагам. Бирок, анын көзүн карап, энемди унутта калтыра албайм. Ал эми, энени тандоо — менин ыктыярымдагы нерсе эмес. Бирок, анын койнунда мен бейпилдикке, ырахатка бөлөнөм. Ыйласам, бооруна башымды жөлөп ыйлайм. Көз жумсам, Жараткандан ошол жердин топурагын жазданууну суранам.

Ал паспортту жаап жатып, мени таңыркап карады да, мындай деди:

— Ал жерде азыр абал өтө оор, жашоо татаалдашып кеткен. Эмне себептен дагы эле Сирияны жакшы көрөсүз?

— Эмне себептен дагы эле энеңди жакшы көрөсүң дегиңиз келип турабы?

— Ооба, энеңиз дейли.

– Энемдин дары-дармекке да, дарыгерге да берүүгө акчасы жок чыгар. Бирок, ал кандай болгон күндө да, мени бооруна кысып, жылуулук чачып, мээрими менен кучагына алат. Анын жүрөгүнүн согуусу, энелик деми – мага күч-кубат болот.

— Мага Сирия жөнүндө айтып бериңиз.

– Сирия… Балким, сары чачтуу, көркөм, сулуу эместир… Бирок жүзүнө карасаң, ырахатка батасың. Анын көздөрү жашыл же көк эмес. Бирок тигилгениңде жан дүйнөңө бейпилдик тартуулайт. Көйнөгү — жөнөкөй, бирок, ал үстүнө аруулукту жана ырайымды кийип алган. Ал алтын, жакут менен кооздолгон эмес, бирок, моюнуна буудайдын машагынан маржан илип алган. Анысы ачка калганды тоюндурат. Уурулар аны уурдашты… Талкалашты… Бирок, жүзүнөн жылмаюусу кеткен жок…

Паспортту кайтарып берип жатып:

— Телевизордон Сирияны көргөм. Тилекке каршы, сиз айтып жаткандай эмес, — деди.

— Сиз, картадагы Сирияны көргөн турбайсызбы. А мен болсо, жүрөгүмдүн түпкүрүндө жайгашкан Сирияны айтып жатам.

— Үмүт кылам, сиз Канадага да, Сириядай көңүл бурасыз!  Тактап айтканда, энеңизге боорукер, кайрымдуу болгондой эле, жубайыңызга да ишенимдүү, боорукер болосуз дегим келди.

— Канада экөөбүздүн ортобузда ант менен ишеним бар. Мен антты бузуучулардан эмесмин. Мага антка жана ишенимге бекем болууну энем (Мекеним) үйрөткөн!

P.S.: Башка өлкөдө да Күн чыгат… Ай толот. Шамал болот. Таттуу коон-дарбыз, түркүн мөмө, жылуу үй, бир пиала чай, бир кесим нан табылат. Балким, Мекендегиден да даамдуураак, жакшыраак болуусу мүмкүн. Бирок, бир да нерсе Мекендин бир ууч топурагынын ордун баса албайт. Өз өлкөңдүн желеги эркин желбиреп турганын көргөндөн өткөн бакыт жок бул дүйнөдө! Бекеринен Улуу Пайгамбар да «Мекенди сүйүү — ыймандан» деп айтпаган чыгар. Колубузда бар эркиндиктин, эгемендиктин баркына жетели! Урпактар үчүн аманатка алган Мекенди, желекти карегибиздей сактайлы.  Биздин, сиздин мүмкүнчүлүк болуп туруп, аткарбай койгон иштерибиз үчүн алардын жооп берип калуусунан сактаналы.

Которгон: Дайырбек Максыт уулу

 
Categories

Бир стакан сүт (Котормо)

“Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт”  (Ч.Айтматов)

Хорвард Келли, кедей бир үй-бүлөнүн уулу эле, өзүнүн кем-каржысын толуктоо үчүн үйлөрдү кыдырып жүрүп майда-чүйдө сатып иштечү. Ал күнү эч нерсе сата албады, курсагы аябагандай ачканын сезди. Кийинки барган үйдөн сөзсүз жегенге бир нерсе сурайм деп ойлоду. Кезектеги үйдүн каалгасын акырын какты, эшикти жаш, сүйкүмдүү аял ачты. Хорвард бир саамга уялып унукпай туруп калып, акырын: “Кечиресиз, ичкенге бир стакан суу бере аласызбы?” -деди. Мээримдүү аял баланын курсагы ач экендигин энелик жүрөк менен сезип турду. Үйүнө кирип кетип чоң стаканды толтуруп сүт куюп чыгып, кичинекей Хорвардга сунду. Ал сүттү бир аздан ууртап ичип бүтүп, “Чооң ракмат, канча карыз болдум? ” – деп кайрылды.

“Кагылайын, карыз болгон жоксуң”, –  деп сүйкүмдүү аял күлүп койду. Апам бизди ар бир жакшылык үчүн ыраазычылык иретинде бир нерсе жасоого үйрөткөн. Карызым жок болсо чооң ыракмаат сизге деп Хорвард аялга эркелеп карады.

Кайра сапарын улап жөнөгөндө бала өзүн ар тараптуу күчтүү сезип, өзүнө ишенимдүү бара жатты.

Арадан көп жылдар өттү. Мээримдүү аял чанда кездешчү ооруга кабылды. Көптөгөн докторлор аялдын дартын так аныктай албай, көпкө убара болушат. Акыры чоң бир шаардагы ооруканага жөнөтүшөт. Доктор Келли текшерүү үчүн келген оорулунун кайсыл жерден келгендигин көрүп, жүрөгү бир башкача туйлап, толкундануу сезимдери күч алды.  Ортодо күндөр айга, айлар жылга алмашып отуруп бир топ жыл өткөн эле. Ошентсе да Хорвард бир нече жыл мурун өзүнө бир стакан сүт берген аялды көздөрүнөн тааныды. Өмүрүн сактап калуу үчүн колунан келгенин жасоого аракет кылды. Акыры эмгеги текке кеткен жок, бир нече күндө аял куландан соо болуп, сакайып чыга келди. Бир күнү Доктор Келли мээримдүү аялдын ооруканага төлөй турган акчасы жазылган кагазды мед айымга алдырды. Андан соң кагазга кубанычтуу жүз менен кагазга бир нерселерди чиймелеп, оорулуу аял жаткан палатага жөнөттү. Ал учурда аял төлөй турган акчасы жок экендигин ойлоп, терезени телмире тиктеп олтурган. Мед айым кагазды алып келип аялга берди. Коркконунан колдору титиреп атып, аял кагазды араң ачты.  Кагазда, “Карызыңыз бир стакан сүт менен төлөндү!”– деген жазуу бар эле.

Көрсө адамдын жакшылыгы эч качан жерде калбайт тура.

Түрк тилинен которгон Гүлзада Абдырахманова.

 

 
Categories

Кыялымдын канатын сиз кырка албайсыз! (Котормо)

Атасынын жумушу себеп болуп баланын окуусу бир топ үзгүлтүккө учураган болчу. Мектепте 2-класста окуп жаткан учурунда мугалими чоңойгондо ким болгуңар келээри жөнүндө дилбаян жазып келгиле деди.

Кичинекей бала үйүнө барган соң, түн бир оокумга чейин ойлонуп отурду. Акыры келечекте чоң бир ат фермасы болушу каалаганын түшүндүргөн 7 барак дилбаян жазды. Фермасы кандай  салынып, канча аты болорун, кандай үйдө жашагысы келгени жөнүндө толук маалымат ошол 7 беттин ичинде эле. Эртеси күнү мектепке абдан көңүлдүү келди. Эртең эле максатына жетчүдөй кыялдан канат байлап алган бала дилбаянын агайына берди.

Эки күндөн кийин тапшырмасын кайра колуна алды. Кагаздын алгачкы бетинде кызыл калем менен чоң бир “0” баа жана “ Сабактан кийин мага жолук! ”, -деген жазууну көрдү.

Эмне үчүн 0 алдым  деп тынчсыздануу менен бала мугалимине кайрылды.

– Бул сенин жашыңдагы окуучу үчүн, чындыкка жакындабаган кыял. Акчаң жок. Тентип келген үй-бүлөнүн баласы болсоң. Бул нерсени сенин кылышың мүмкүн эмес. Чындыкка дал келген дилбаян жазып келгениңде гана мен сага баа коюп берем,- деди агайы.

Бала үйүнө көнүлсүз, маанайы түшкөн абалда келди. Жалгыз калып көпкө ойлонду. Андан кийин баарын атасына айтууну эп көрүп, айтып берди.

-Уулум, бул темада чечимди өзүң кабыл ал. Сенин келечегиң үчүн өтө маанилүү чечим,- деди атасы.

Окуучу бир жума бою баарын ойлонуп, кийин кайра тапшырмасынын эч жерин өзгөртпөстөн мугалимине алып келип берип, мындай деди:

Сиз берген бааны өзгөртпөй эле коюңуз… Мен дагы дилбаянымды ушул боюнча беремин… Кыялымдын канатын сиз кырка албайсыз! 

Түрк тилинен которгон: Гүлзада Абдырахманова

 

 

 

 
Categories

Сиз өзүңүздү колу,буту жок бирок бактылуу адам катары элестете аласызбы? Ник Вуйчичтин баяны.

Сиз өзүңүздү колу, буту жок бирок, бактылуу адам катары элестете аласызбы? Дал ошондой адам биздин планетабызда бар. Ал мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабай мүмкүнчүлүгү бар адамдарга караганда бир топ ийгиликтүү. Ал, оратор, жазуучу, Ник Вуйчич. Төмөндө дал ушул адамдын өмүр баяны.

1982-жылдын 2-декабрь кычыраган кыштын чилдеси. Никтин апасы толгоосу башталып, төрөт учуру келип калган. Ага атасы да катышууга камынат. Көптөн күткөн наристе төрөлдү, бирок колу, буту жок. Баласын мындай абалда көрөмүн деп ойлобогон ата купкуу болгон өңүн жубайы көрбөсүн деп төрөт бөлмөсүнөн чыгууга шашат.

Мындай окуяга дарыгерлер дагы таң калат. Себеби бала энесинин ичинде дени сак экендигин алар айтып келишкен. Бирок тагдырдын жазмышыбы, айтор бала майып болуп төрөлөт.

Никтин эң эле ишенгени бутунун  бир кичинекей  бөлүгүнүн бар болгону. Анын жардамы менен ал көп нерсе жасаганды үйрөнгөн. Сүзгөндү, жазганды, скейтте ойногонду өздөштүргөн. Мектеп жашына келгенде  иүмкүнчүлүгү чектелген баласынын  окуусу үчүн ата-эне көп аракет кылган. Ник Вуйчич Австралиядагы толук кандуу мектепте окуган   биринчи майып  бала болгон.

Никке дайыма анын башкалардан айрымаланып турганы оор тийчү. Жашоого мындай абалда эмнеге жаралдым деп кейичү. Жада калса сегиз жашында ал өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок ата-энесин ойлоп,кайра  оюнан кайткан.  Ал өзүн дайыма жалгыз сезчү. Бир жолу апасы ага бир оор абалдагы оорукчан адамдын баянын окуп берди. Ал окуя Никтин жүрөгүн элжиретип, жашоосун өзгөрткөн. Андан кийин ал өзүн кандай болсо дал ошондой кабыл алууну үйрөнгөн. Өзүнө окшош тагдырларды окуп, көрүп, изилдей баштаган. Жетинчи класста окуп жатканында ал окуучулар кеңешинде кайрымдуулук тармагында иштегенге жарап калган.

Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң Ник Вуйчич окуусун улантып, эки жогорку билимдин ээси болгон. Ник 19 жашка чыкканда аны бир университетте студенттерге семинар өтүп берүү үчүн чакырган. Ал окуядан кийин Вуйчич жашоонун маңызын толук түшүнүп, өзүнүн бүт күчүн ,убактысын башкаларга дем, күч, шык берүүгө арнап баштаган.

2005-жылы “Жылдын эң жаш австарлиялыгы” деген жогорку сыйлыкты алган.

Учурда Никтин жашы 37ге келип калды. Колу, буту жок болгону менен алты саны аман адамдарга караганда көп нерсеге жетишкен. Кайрымдуулук уюмдун президенти болуп эмгектенет, жеке өзүнүн мотивация берүүчү компаниясы бар. Ал дүйнө жүзүн кыдырып, өзүнүн жашоосу менен миллондогон адамдарды шыктандырып келет.

Ал ар дайым жолугушууларында: “Кээде силер ушундай абалда кулайсынар”- деп столдун үстүнө бети менен кулап түшөт. Андан ары: “ Жашодо ар кандай кырдаалдар болот, чалынып, кулап, кайра турууга күчүң жоктой сезген күндөр бар. Менин колум дагы, бутум да жок. Бирок мен эгер  кулап түшсөм,кайра турууга 100 жолу  аракет кылам. Эч качан үмүтүмдү үзбөйм. Ийгиликсиздик- баары бүттү деген кеп эмес. Негизгиси силер маарага кандай жетүүнү каалаганыңар. Жеңиш менен жеткиңер келсе, кулаган жерден кайра турууга күч табасыңар”,- дейт.

Бул сөздөрдү угуп, көзү менен көргөн адамдар көздөрүнө жаш албай койбойт.

2012-жылы 12-февралда Ник Канаэ Миахаре аттуу сулууга баш кошкон. Учурда алардын  ден сак эки уулу бар.

Ник 25 тен ашуун дүйнөдөгү өлкөлөрдү кыдырып, миңдеген университеттерде семинарларды өтүп келет. Ал телешоулорго катышып, китептерди жазып, бир нече документалдуу тасмаларды тарткан.

Кээде менде тоскоолдуктар жаралып, же жасаган жумушум ийгиликтүү болбой жатса Никтин баянын эстейм. Рахмат сага Ник, сен адамдарга кыйынчылыктын алдында токтоп калбоо керек экендигин үйрөттүң. Сенин  өмүрүң миллиондогон адамдарга чоң сабак.

Которгон :Гүлзада Абдырахманова

 

 
Categories

Эгер электрондук дарегим болгондо “Microsoft`тун” тазалык жумушчусу болмокмун (Котормо)

Жумуш издеп жүргөн бир адам, ” белгилүү ишканага тазалык жумушчусу керек”,- деген жарыяны окуп, “Microsoft” компаниясынын каалгасын кагат. Жумушка алуу бөлүмүнүн кызматкери жылуу кабыл алып, алгач иши боюнча тест өткөрүп,  “ жумушка алындыңыз,  мага электрондук почтаңыздын дарегин берсеңиз ишке кирүүчү анкета менен качан келүүңүз керек экендигин билдиремин ”,- дейт. Айласы кеткен адам, компьютери жоктугунан улам электрондук почтасы да жок экендигин айтат.  Компания кызматкери таң калып, анда жумушка ала албай тургандыгын билдирип, кечирим сурайт. Ага кошумча электрондук дареги жок болсо, өзү да адам катары саналбай тургандыгын кошумчалайт. 

Мындай сөздү угуп, үмүтү өчкөн адам, айласы түгөнүп,  жолуна түшөт. Чөнтөгүнө колун салса араң эле 10 $ чыгат. Ошол учурда оюна бир идея келип, өзү да кубанып кетет. Жол четиндеги азык-түлүк дүкөнүнө кирип, 10 кг помидор алып, үйлөрдү кыдырып сата баштайт. Баарын  2 саат ичинде эле  сатып түгөтөт. Ал күнү кечке чейин помидор алып,сатып иштейт. Кечинде үйүнө келгенде капчыгында 60$ бар эле. Жумушка жолу болбогону менен, өз эмгеги менен акча тапканына абдан кубанат.  Өзүнүн ишин эми чындап тапканын түшүнүп, өркүндөтүүнү максат кылат. Ошол күндөн баштап таң эрте туруп, кеч кайтып ишин жолго салат. Топтогон акчасына чакан унаа алат, андан соң жүк ташуучу унаалуу болот. Талбаган эмгектин аркасы менен өз  ишканасын түптөйт.

Мезгил зымырап учуп, арадан 5 жыл убакыт өтөт.  Бир кездерде “Microsoft`то” тазалык жумушчусу болууну кыялданган адам эми, бир эл аралык тамак-аш өндүрүш ишканасынын башчысы эле. Үй жай күтүп, мал-мүлкүн камсыздандыруу үчүн компания издеп, тапкан соң келишим түзүп баштайт. Белгилүү жолугушуудан кийин, камсыздандыруу кызматкери электрондук дарегин сурайт. Ишкер адам почтасы жок экендигин айтат. Бирок аталган ишкананын ишчиси аябай таң калып, “бир электрондук дарегиңиз жок туруп, мындай ийгиликтерди кантип багындырдыңыз, эгер сиздин почтаңыз болгондо дагы кандай бийиктиктерге чыкмаксыз ойлонуп көрсөңүз”,- дейт. Бул сөздөрдү угуп, мындай деп жооп берет:

  • Microsoft компаниясында болгону тазалык жумушчусу болмокмун!

Интернет жашоонун көйгөйлөрүн чечүүчү жалгыз курал эмес.

Которгон: Гүлзада Абдырахманова

 

 

 

 
Categories

“Тентек” Генри Форд (котормо)

Америкадагы металлдын мекени болгон Детройтто бир жигит электр компаниясында механик болуп иштейт эле.

Ал күнүнө 10 саат эмгектенип, жумасына болгону 11 доллар акча алчу. Ага карабастан бул жумушу өзүнө жакчу.

Күндүз иштеп, түнү үйүндөгү устаканада кыймылдаткыч куроо менен алектенчү. Атасы баласынын кылган ишине канааттанбай, убактысын текке коротпоосун эскертеткенден жадачу эмес. А кошуналары болсо, аны тентек деп аташчу.

Эч ким жигиттин колунан бир иш келээрине ишенчү эмес. Ага бир гана жубайы ишеним көрсөтчү. Аялы жолдошуна түнү иштегенде жардам берип, сааттап жанында керосин лампаны кармап, жарытып турчу.

Колдору май болгондо, тазалап арчып койчу, суукта үстүнө жылуу кийимин жабып коюп, ар дайым жанында болчу. Ал жолдошун кандай гана жагдай болбосун колдоп, кубаттап жүрдү.

Жылдар өтүп бир күнү кошуналар таң калуудан нес болуп эле калышты. Анткени тентек деп эсептешкен жаш механик көчөгө жаңы куралган унааны айдап чыкты.

Ат минип үйрөнгөн адамдарга бул кызыктуу машина чыныгы керемет эле. Бул кошуна жигиттин аты-жөнү бат эле эл арасына тарады. Генри Форд…

Форд атактуулука жетишти. Аны ысымы менен унаалар чыгарыла баштады.

Журналисттер ага ар кандай суроолорду беришчү. Алардын катарында төмөнкүдөй суроо да бар эле:

-Айтыңызчы, урматтуу мырза, кийинки жашооңузда ким болуп төрөлүүнү каалайт элеңиз?

-Ким болуп төрөлүүмдүн айырмасы жок. Болгону жубайым жанымда болсо, ошол жетиштүү! – деп Генри жылмайып жооп берди.

 

Которгон: Дайыр Максыт уулу

 
Categories

Мээримдүү жүрөгү жашоосун өзгөрткөн кайырчы бала (Котормо)

Кээ бир адамдардын колунда байлыгы, бийлиги жок болгону менен алардын мээримге толгон жүрөгү бар.

 Бул окуя Кениянын борбор шаары Найроби калаасында болгон. Өңү кара, кийген кийими эскилиги жеткен баланы ким көрсө да ууру же көчөнүн кайырчысы деп ойлойт. Ооба, ал көчөдө жол боюнда өткөн машиналардан кайыр сураган бала. Өспүрүмдүн ысымы – Жон. Ал күнү да Жон күндөгүдөй унаалардан кайыр сурап жүргөн. Кезектеги машинага келип, козун созуп туруп калды. Ал унаада өпкө оорусунун эң оор этабы менен ооруган Гледис Каманде бар болчу. Кычкылтек (кислород) бере турган кичинекей кошумча моторду  көргөн Жон анын эмне экендигине кызып сурады.  Гледис өзүнүн дарты жөнүндө  айтып бергенде ал үнсүз ыйлай берди. Дал ушул күнгө чейин ал өзүнүн көчөдөгү өмүрүн эң кыйын, эң оор өмүр  деп эсептечү. Бирок оорулуу аялдын абалын көргөн соң өзүнүн абалынан дагы Гледистин абалы оор экенин түшүндү.   Көз жашын токтото албаган бала оорулу аялдын колун кармап, кудайдан анын айыгып кетүүсүн тилейт. Кийин өзүнүн кайыр тилеп жыйнаган акчасынын баарын аялдын колуна карматат. Бул көрүнүштү  кокусунан сүрөткө тартып алган адам  окуя тууралуу социалдык тармактарга жарыялайт.
Натыйжасында социалдык тармактарда миңдеген адамдардын жүрөгүндөгү сезим ойгонот. Болгону 4 күндүн ичинде 3млн шиллинг (30 миң доллар) жыйналат. Андан соң, акчага Гледис Индияга барып эмделип, айыгып келген соң көчөдө кайыр сурап жүргөн Жонду асырап алат. Мектепке сабакка кирген Жондун өмүрү түбү менен өзгөрөт. Азыр анын үйү да, апасы да бар.
Кайырчы болсо да баланын аракети адамзат үчүн акча менен байлыктан да жогору, чын пейил менен ак көңүлдүк баарынан да кымбат экенин айкындаган эле…..

Которгон: Баян Дүйшөбаева