Categories

Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмеси жарыяланды

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмесин жарыялады.

Банктагы эсептер

 

1. “Кыргызкоммерцбанк”

2. “Кыргызстан” коммерциялык банкы

3. “Оптима Банк”

4. “Кыргыз-швейцария банкы”

5. “Капитал Банк”

6. Россия-Кыргызстан “Аманбанк”

7. “Толубай” акционердик коммерциялык банкы

8. “РСК Банк”

9. “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”

10. “БТА Банк”

11. “Дос-Кредобанк”

12. “ЭкоИсламикБанк”

13. “Евразия сактык банкы”

14. “Азия Банкы”

15. “Бакай Банк”

16. “Халык Банк Кыргызстан”

17. Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы

18. “Кыргыз инвестициялык-кредит банкы”

19. “ФинансКредитБанк”

20. “Айыл Банк”

21. “Росинбанк”

22. “Бай-Түшүм” банкы

23. “ФИНКА Банк”

24. “Чанг Ан Банк”

25. “Банк Компаньон”

Банктагы ячейкалар кимдерге таандык болгон? Юридикалык жана жеке тараптар

1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович

2. Атамбаева Раиса Минахмедовна

3. “Кыргызавтомаш” ААКы

4. “Апрель-ТВ” ЖЧКсы

5. “Апрель” коомдук фонду

6. “Редакция телерадиокомпании “Канал D” (“Канал Ди”) ЖЧКсы

7. “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеши” (“Республиканский общественный экспертный совет по вопросам устойчивого человеческого развития”) коомдук бирикмеси

8. “Ден соолук жана узак жашоо” медициналык-билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси

9. “Телерадиоуюмдарынын ассоциация” юридикалык жактардын бирикмеси

10. “Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси

Камакка алынган мал-мүлкү. Алмазбек Атамбаевге тиешелүүлөрү:

  • Toyota Land Cruiser, 2000-жылы чыккан;
  • Mitsubishi Pajero, 1997-жылы чыккан;
  • Toyota Land Cruiser, 1998-жылы чыккан;
  • MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа, 1993-жылы чыккан;
  • BMW X5, 2001-жылы чыккан;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, б/н көчөсү;
  • жер тилкеси, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айыл аймагы, квартал “Курорт-рекреациялык аймагы”;
  • жайыт, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • Ден соолукту чыңдоо борбору, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • турак үй, Аламүдүн району, Арашан айылы, Полевой көчөсү;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы, Татыр аймагы.

Раиса Атамбаевага таандык мүлк:

  • Toyota Land Cruiser, 2004-жылы чыккан;
  • Mercedes-Benz 600, 1994-жылы чыккан;
  • ГАЗ 3110, 1999-жылы чыккан;
  • батир, Бишкек шаары, Москва көчөсү;
  • турак үй, Бишкек шаары, Новооктябрь көчөсү.

“Кыргызавтомаш” ААКына таандык мүлк:

  • Бишкек шаарындагы Матросов көчөсүндө киши жашабаган 38 имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндө алты жер тилкеси;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү темир жолу;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү соода борбору;
  • Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү киши жашабаган имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 19 цех;
  • Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү үч батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү дүкөн;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү тогуз кампа;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү резервуар;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп бөлмөлүү үй;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы 17 батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү кеңсе;
  • Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

“Медиа Форум” ААКына таандык мүлктөр:

  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү адам жашабаган имарат;
  • “Форум илимий-өндүрүш фирма” ЖЧКсына таандык мүлктөр;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы жер тилке;

“Апрель-ТВ” ЖЧКсына таандык мүлктөр:

  • Радио, студия ТВ, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • Теле борбор, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • “Апрель” коомдук фонду;
  • “Канал D” (Канал Ди) телерадиокомпания редакциясы” ЖЧКсы;
  • “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш” коомдук бирикмеси;

“Ден соолук жана узак жашоо” медициналык билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси;

“Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси;

“Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси.

 

 
Categories

Курсан Асанов кызматтан алынды

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев кол кол койгон.

Маалыматка ылайык, 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.

 
Categories

Мамкаттоо кызматынын мурунку башчысы А. Шаикованы УКМК суракка чакырды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Андагы маалыматтарга караганда, Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-иши тергелип жаткандыгына байланыштуу  А.Шаикова айтылган кылмыш-иштин фигуранттарынын бири катары шектелүүдө.

УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан А.Шаикова жактоочусу аркылуу бир нече жолу суракка чакырылган.

Эгерде, 2019-жылдын 5-августуна чейин сурактан жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө келбесе,  Жазык-процесстик кодексинин 239-беренесине ылайык А.Шаиковны издөө жарыяланат.

 
Categories

Бишкектин экс-мэрлери 6-сентябрга чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 5-июлда Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму улантылды.

Мамлекеттик айыптоочулар УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагы мурунку мэрлерди камакта калтырууну суранды. Ал эми жактоочулар прокурорлордун өтүнүчүн четке кагууну суранышты. Алардын пикири боюнча, айыпталуучуларды камакта калтырууга негиз жок.

Жыйынтыгында судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучуларды 6-сентябрга чейин камакта калтырды.

Эске салсак, мурунку мэрлер Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, “Дастан” ААК каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталып кармалган.

 
Categories

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери кармалды

(ЭККМК) коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте Бишкек шаарынан 70 миң сом өлөмдөгү пара алып жаткан учурунда ЭККМК тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы,финансылык полициянын майору «А.Ж.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Тактап кетсек кармалган «А.Ж.» Кыргызстанда  иш-аракеттер менен алектенген ишкердин мыйзам бузууларына байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүк материалдар боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга коркутуу жолу менен 5000 (беш миң) АКШ доллар өлчөмүндөгү пара талап кылган.

Опузалап пара талап кылуу боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат

 
Categories

Атамбаевдин банк ячейкаларындагы каражаттары текшерилет

Биринчи Май райондук соту 2009-жылдан ушул күнгө чейинки банк ячейкаларындагы каражаттарды текшерүүгө уруксат берди. Бул үчүн атайын токтом чыгарды. Бул тууралуу  «Тазабек» жазды.

Бул токтомго экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын үй бүлөсү, туугандары, башка адамдардын банк ячейкаларындагы каражаттары илинет. Маалымат каражаттарында жазылып жаткандарга караганда, А . Атамбаев, Раиса Атамбаева, Атамбаев Кадырбек Алмазбекович, Атамбаева (Шагиева) Алия Алмазбековна, Атамбаев Сеилбек Алмазбекович, Атамбаев Сейтбек Алмазбекович, Атамбаева Диана Алмазбековна, Атамбаева Динара Алмазбековна, Шаршенов Нурбек Валибекович, Шагиева Луиза Фаритовна, Шагиева Альбина Рамильевна, Байбурин Артур Вилорович, Байбурина Лилия Тавфиковна, Рахмаджанова Жибек Манасовна, Сатыбалдиевой Аэлиты Жумабековны, Бектимиров Раис Эрикович, Шагиев Рамиль Минахмедович, Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич, Пархати Субихи Вуфуерович, Темирбеков Азиз Пайзуллаевич, Ахмет Кая жана Мусакеев Дамир Сагындыкович.

 

 
Categories

Соцфонддун жетекчисинин орун басары пара менен кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча Социалдык фонддун башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Соцфонддун жетекчисинин орун басары Р.М. аттуу жергиликтүү тургундан пенсияга чыгарууда документтерди толтуруу үчүн 22 миң сом талап кылган.  Ал буга чейин 13 миң сомун алып, 19-июнь күнү 10 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Шектелүүчү Жалал-Абад ОИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

 
Categories

Дүйшөбаев: «Атамбаевдин учурунда элдин бийликке карата ишенимине орду толгус доо кетти»

2018-жылы курултай өтүп, экс-президент Атамбаевдин мамлекет башчысы болуп тургандагы ишине баа берилген. Анда 19 бөлүктөн турган чечим кабыл алынып, иши канааттандырарлык эмес, элдик революциянын максаттарына каршы келет деп табылган. Бул тууралуу Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Кеӊешбек Дүйшөбаев Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн түзүлгөн комиссиянын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Кеӊешбек Дүйшөбаев: «Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда коррупцияга кеӊири жол берилди. Андай жосундарын ашкерелеген саясий жана коомдук ишмерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, алардын жакындары куугунтукка алынып, көптөгөн адамдар негизсиз эле камакка алынган. Азыркы учурда кыргыз коомчулугунда түзүлгөн анчалык жакшы эмес жагдай мына ошол кезде жүргүзүлгөн туура эмес иштердин кесепети болуп саналат. Ошондон улам, Атамбаев элдин бийликке карата ишенимине орду толгус доо кетирди», – деди.

 
Categories

Расул Умбеталиев Атамбаевге кимдер үй салып беришкенин айтты

Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев Атамбаев баш болгон аткаминерлердин Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо жаатында жасаган кылмыштуу иштерин ачыкка чыгарды. Бул тууралуу ал экс-президент Атамбаевди статусунан ажыратуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Расул Умбеталиев: «Эӊ башкысы Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо долбоору анын техникалык-экономикалык негиздемеси жасалбай туруп эле куруу иштери башталган. Кытай компаниясы өз билгенин кылып, моралдык жактан эбак эскирген технологиялык жабдуулар орнотулган. Кыргыз тарап анын ишине көзөмөл кылган жок. Ошондон улам, Бишкек ЖЭБ эски жана жаӊы болуп экиге бөлүнүп калды. Анын кесепети ири аварияга алып келди.

Казакстандын шабыркөл көмүрүнүн тоннасы жол чыгымдары менен кошо 36 доллардын тегерегинде турат. Бирок, ал Бишкек ЖЭБине 56 доллардан алынып келинген. Ортодогу айырма – 18-20 доллар. Анын пайдасын казакстандык ишкер Машкевич баштаган бир топ шылуундар менен Атамбаев көрдү. Алтургай, эл оозунда алар акысы үчүн Атамбаевге үй салып бергени тууралуу тууралуу аӊыз кептер да айтылып жүрөт», – деди.

Эксперт андан ары  Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы үчүн гана иштеп калганын белгиледи.

 
Categories

Депутаттык комиссия Атамбаевдин коррупцияга катыштыгын талкуулашат

Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия өз ишин улантат. Кечээ алар биринчи отурумун өткөрүшүп, саясий куугунтукка алынган саясатчыларды угушкан.

Ал эми бүгүн Атамбаевдин корруцияга катыштыгы талкууланат.