Categories

Сирияда согушка катышкан жаран кармалды

УКМК менен ИИМ биргеликте эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) жана согушкерлердин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө каршы туруу максатында өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чараларынын алкагында 1991-жылы туулган  Р.У. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Ал маалыматтарга караганда, 2014-жылы Р.У. чет өлкөдөгү диний мекемелерден билим алып жатып, Эл аралык Террористтик Уюмдардын көзөмөлүнө түшүп жана үй-бүлөөсү менен биргеликте Сирияга кеткен. Кармалган адам ЭТУ лагерлеринин биринен аскердик машыгуудан өтүп жана Сирия Араб Республикасынын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук чыр чатака катышкан.

Бул учур боюнча Кыргыз Республикасынын тергөө органдары тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалган адам камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

 
Categories

ӨКМ: өрт кырсыгын алдын алуу үчүн эмнелерди сактоо керек?

Өлкөбүздө акыркы күндөрү көп катталып жаткан өрт кырсыктарынан улам, ӨКМ кыш мезгилинде тилсиз жоону алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоону  эскертет:

– ачык аянтта кургак чөптү, таштандыларды өрттөбөгүлө;
– от жагуучу мезгилге чейин мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн
тазалоо керек;
– бузук электр орнотмолорун, колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоңуздар;
– күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада
сактабагыла;
– балдарды кароосуз калтырбагыла;
– жанып турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын,
газ плиталарын кароосуз калтырбагыла;
– электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
– өрт катталган учурда учурда 112, 101 чалыңыз, чалуу акысыз.

 

 
Categories

Эл аралык террористтик уюмдун согушкери кармалды

2019-жылдын 29-январында УКМК тарабынан терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн контртеррористтик иш чаралардын негизинде, Кыргызстандын жараны М.Х. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал  кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинде каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

Такталган маалыматтарга караганда, кармалган адам 2015-жылы “джихад” идеологиясын көздөп Сирияга кеткен. Эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп, куралчан согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген.

 
Categories

Кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу  жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолдорунда 2019-жылдын 9-февралынан 12-февралына чейин  артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш – чарасы жүргүзүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми 10-февраль күнү ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан Чоң-Алай районунун Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Иш-чаралар 11-февраль күнү улантылат.

Мындан сырткары  ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан, 10-февраль күнү Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолдун 86-87-88-чакырымдарында кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Иш-чаралар 11-февраль күнү улантылат.

Жалпы 9-февралдан бүгүнкү күнгө чейин Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда 1200м3 кар көчкү түшкөн.

 
Categories

Премьер-министр М. Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун даярдыгын текшерди

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев  Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Мониторинг борборунун ишинин бардык баскычтары менен таанышты, жарандарды кабыл алуу бөлүмүн көрүп чыкты, мында жарандар менен иштөө уюштурулат жана «100» кыска номери боюнча тиешелүү маалыматты алуу үчүн бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилет. Тийиштүү маалымдама маалыматтар  Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтынын «Коопсуз шаар» бөлүмүндө жеткиликтүү болот.

Тутумдун долбоорду ишке киргизүүгө даярдыгы менен таанышкан соң, Премьер-министр долбоорду баскычтуу ишке киргизүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет. Аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айыппулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштеп, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек. Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү жана ири долбоор, ал жолдордо коопсуздукту камсыздоодо бурулуш боло алат. Алдыдагы долбоорду ишке киргизүү – биздин узак жана көп күчтү талап кылган эмгегибиздин натыйжасы, биз анын бардык баскычтарынын ийгиликтүү ишке ашырылуусуна жетишүүгө тийишпиз»-деди.

 
Categories

Д. Сагынбаев: “Р. Матраимовдун бир тууганы тергөөгө жардам бере албайт”

Учурда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бир жылдын жыйынтыгы боюнча “Кабар” агентигинде журналисттерге маалымат берүүдө. Алгач Дамир Сагынбаев өлкөбүздөгү коррупциялык чуулгандуу окуялар боюнча укук коргоо органдары жүргүзүп жаткан иштерге токтолду.  Андан соң жыйын суроо- жооп иретинде уланды.

Дамир Сагынбаев: “Райымбек Матраимов боюнча айтсам.  Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдын аягында журналисттер менен болгон маалымат жыйында анын мүлкүн текшерүүнү айткан. Ал текшерүу жүрүп жатат. Башкы прокурордун тапшырмасы менен иш жүргүзулүүдө. Анын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында иштеген бир тууганы тергөөгө таасири тийиши тууралуу коомчулукта маалыматтар айтылууда. Ал тергөөгө жардам бере албайт. Ал учурда эс алууда жүрөт”-деди.

Эске сала кетсек,  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан КРнын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлктөрүн текшерүү башталгандыгы маалым.

Буга чейин Райымбек Матраимов сот тарабынан бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайтарылган. Буга чейин Матраимовду ошол кездеги өкмөт башчысы Сапар Исаков – “анын иш-аракети саясый жетекчиликтин саясатына жана чечим кабыл алуусуна ылайык келбейт” деген формулировка менен ээлеген кызматынан четтеткен эле.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүдө. Күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жер казынасын сактоо,  жаратылыш байлыктарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи. Азыркы учурда тоо-кен казуу тармагынан  республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 12 миллиард сомго жакын  киреше түшөт.

Бул ички дүң продуктунун 8 пайызына жакын жана өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 44 пайызын түзөт. Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны тоо-кен казуу тармагынын өндүрүш ишине тартылган. Тоо-кен өнөр жайынын негизин алтын кен тармагы түзөт, чет элдик компаниялардын инвестициялары  негизинен ушул, алтын казуу  багытында болуп жатат.

Өлкө башчысы аталган тармакта лицензия берүүдөгү коррупциялык иш- аракеттерди жоюуу керектигине токтолууда.

 
Categories

Маалымат коопсуздугу боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тапшырмасын аткаруу максатында “Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун коркунучтарына жана тобокелдиктерине баа берүү” – деп, аталган теманын алкагында  тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик Аппараттын өкүлдөрү, өкмөттүн Аппараты, Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, илимий ишмерлер, эксперттер жана башка тараптар катышты.

Иш чара берилген тематика боюнча эксперттердин докладдары менен коштолду.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугу менен байланышкан маселелерди камсыз кылуу боюнча маанилүү маселелери баса белгиленип жана ошондой эле мамлекеттик маалымат мейкининде жана адамдардын коомдук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда концептуалдуу документтерди кабыл алуу боюнча пикир алышуулар болду.

 
Categories

Премьер-министр М. Абылгазиев: «Коопсуз шаар» долбоору боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл”

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыктар боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бөкөнбаев – Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде, Лебединовка айылында 7,6 км, 10 км чекте, Байтик Баатыр жана Манас көчөлөрүндө аппараттык-программалык комплекстер (АПК) орнотулган. Бул комплекстер тесттик режимде иштеп жатат.

Долбоордун биринчи фазасын жүзөгө ашырып баштоого бардык тиешелүү уруксат кагаздары алынган жана буга катар кийинки фазаларга уруксат кагаздарын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле белги салуу жана жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө.

2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун 1-фазасынын бардык тилкелерин тесттик режимде иштетүү максат кылынууда.

Премьер-министр М. Абылгазиев: «Жакын арада бардык уюштуруу-техникалык иштер аяктап, бардык зарыл инфраструктура даярдалышы керек, айыппулдарды башкаруу механизмдерин так иштеп чыгуу зарыл. Мамлекеттик органдар, почта кызматтары, банктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, автоинспекторлор жана унаа ээлеринин ортосундагы өз ара аракеттешүү механизмдерин, алардын ролун жана жоопкерчилигин иштеп чыгуу кажет. Бул үчүн түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүп жана коомчулукту жаңы киргизүүлөр тууралуу маалымдоо зарыл. Бул биздин өлкө үчүн абдан зарыл жана маанилүү долбоор, ал тартип орнотуп жана жолдордо коопсуздукту камсыздоону шарттайт», – деди.

Премьер-министр жарандар бузуулар кантип катталарын, айыппулдар жөнүндө эскертүүлөр кандай жөнөтүлөрүн жана аларды төлөө сервиси кандай иштей турганын билиши керектигине токтолду.

Эскертсек, Долбоорду ишке ашыруу 4 баскычка бөлүнгөн, ага ылайык, Бишкектеги 38 кесилишке фото- жана видеожабдуу жана 4 стационардык чектик АПК орнотулат, анын ичинде Чүй облусу боюнча 48 стационардык чектик АПК жана 20 көчмө чектик АПКны  орнотуу пландаштырылууда.

 
Categories

“Ала-Тоо” аянтындагы митингде кармалгандар 3 миң сомдон айып пул төлөйт

Кечээ, 17-январь күнү Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн митинг учурунда кармалгандарга 3 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу  ИИМдин маалымат кызматынан билдирди.

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайларга каршы өткөрүлгөн митинг саат 10:0дө башталып 13:0дө аякташы керек болчу. Бирок андан ары да уланып кеткен. Акцияда 15:00 чамасында тартип бузууга аракет кылгандар болгон.

Натыйжада 21 митингчи кармалып, айып пул салынып кое берилген. Эгер айыпка жыгылгандар бир айдын ичинде төлөбөсө, чара көрүлөт.