Categories

Чет өлкөлөрдө камакка алынган мекендештер. Миграция мыйзамсыздыкка жол ачабы?

Кыргызстандан чет 
өлкөлөргө иштеп, каражат табуу максатында кеткен мигранттардын саны 700
миң адамга жетти.   Алардын 2 миңи барган
өлкөлөрүнүн мыйзамдарын бузганы үчүн камакта отурушат. КР Тышкы иштер
министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө аларга юридикалык кеңештер
берилүүдө. Адистер Кыргызстанга келген башка өлкөнүн жарандары деле биздин мыйзамдарды
бузган учурлар катталганын, бирок биздин өлкөнүн мыйзамы башка өлкөлөрдүкүнө
караганда катаал эместигин белгилешет.

 

Курал-жарак сатууга шектелген кыргызстандык


Чет өлкөлөрдө камакка алынган мекендештер. Миграция мыйзамсыздыкка жол ачабы?



Акыркы учурларда мекендештерибиз башка өлкөлөргө барып
иштеп жүрүп мыйзамды бузушкан окуялар көп катталууда.
Жакында Кыргызстандын АКШдагы мурдагы
элчиси Замира Сыдыкованын уулу Америкада кармалды. Ал Чеченстанга контрабанда
иретинде курал-жарак жөнөтүүгө шектелген. Тенгиз Сыдыковдун кармалганы боюнча
Америка тарап кыргыз дипломаттарына кабарлашкан. 1-мартта соттук угуу Тенгиз
Сыдыковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

 

Атын чыгаруу
үчүн «жер өрттөгүсү» келгендер


Чет өлкөлөрдө камакка алынган мекендештер. Миграция мыйзамсыздыкка жол ачабы?


Тилекке каршы, бул мекендештерибиздин өлкө аймагынан сырт
жүрүп, мамлекетибиздин кадыр-баркына доо кетирип жаткан бир гана көрүнүш эмес.
Марттын башталышында Чикагодо таксист болуп иштеген  М. Элчиев 24 жаштагы жүргүнчүнү зордуктоого
аракет жасаган деп шектелип кармалган. Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинин
маалыматында, азырынча америкалык тарап 
аталган жарандын кармалганы тууралуу расмий билдирүү бере элек.   

 

 Үйүнөн
үйрөнгөн адат АКШда да калбайт


Чет өлкөлөрдө камакка алынган мекендештер. Миграция мыйзамсыздыкка жол ачабы?


 Дагы бир мекендешибиз Вашингтондогу
Авраам Линкольндун эстелигине жаза коем деп полициянын укуругуна илинген.
Бирок, анын визасынын мөөнөтү аяктап калгандыктан Америка мыйзамынын катаал
жазасынан кутулуп кетти. 
Анткен менен ал эми Америкага кайра бара албайт,
Мамдепартамент ага визаны жаңылап ачуудан баш тартты.

  

 Юристтердин
айтымында, эгер жаран мамлекеттин мыйзамын бузса, ал ошол мамлекеттин
мыйзамынын алкагында жазага тартылууга тийиш. Кыргызстанда да башка өлкөнүн
жарандарынын мыйзам бузган фактылары көп, бирок биздин өлкөнүн жазасы чет
өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ жумшак.

 

 Булак: Нью ТВ

 
Categories

Бишкек шаарын заманбап шаарга айлантууга канча турак-жай “курмандыкка” чалынат?

Калаа көркүн бузган мыйзамсыз
курулуштар иретке келтирилет. Бирок бүгүнкү 
күндө, мындай  курулуштардын так
санын эч ким билбейт. Мэриянын өкүлдөрүнүн берген маалыматтарына караганда,
бүгүнкү  күндө башкы  планга кирбеген обьектерди түрттүрүп салуу
демилгесин кабыл алышканы менен акыркы чечимди шаардык кеңештин депутататтары
чечишмекчи. Демилге дароо эле жүзөгө 
ашырылбайт.  Кызыл чийиктен чыккан
обьектерди түрттүрүү  менен аларга компенсация  төлөп берүү  дагы маселеси бар.


Бишкектин борбордук бөлүгүн заманбап архитектуралар менен
кооздоо маселеси мындан эки – үч жыл 
мурун эле көтөрүлгөн. Ал  кездеги
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 
ушул жааттагы мыйзамдолбоорун демилгелеп, шаардын борборунун аянтын
кеңейтүүнү, андагы эски жер тамдарды түрттүрүп, ордуна асман тиреген бийик
имараттарды куруу сунушун жолдогон. Бирок, бул демилге шаардын борбордук
аянтына кирет деп белгиленген аймактардын жашоочуларынын каршылыгын пайда
кылган. Каршылыктардан улам бул демилге андан ары жылган эмес. 


Булак: Нью ТВ

 
Categories

Ар кыл айтылган “ар кыл маселелер”: Ош базарындагы өрт атайын жасалган ишпи?

Ош базарында кимдин өчү бар?

Аз убакыттын ичинде Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Ош
базары эки жолу өрткө дуушар болду. Андагы бир нече ишкерлердин товарларын
күлгө айланткан тилсиз жоо тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында сөз болду.

Депутат Зиядин Жамалдинов өкмөттүн  аталган базардагы кырсыкка кабылган
ишкерлерге жетиштүү көңүл бурбай жатканын сынга алды.

“Ош базарында бир эмес, эки жолу өрт катталды. Жөн жерден
эле эки жолу өрттөнө бермек беле? Өрттүн чыгыш себебин иликтөө иштеринде да
ушул күнгө чейин талаш-тартыш көп. Кырсыктын 
кесепетинен ишкерлер 15 миллион сомдой каражатка зыян тартышты. Өкмөт
кыйынчылыкта калган жарандарга тийиштүү көңүл бурган жок”, – деп нааразыланды
депутат.

 

Чыгымды көбөйткөн чиновниктер

Депутат Тынчтыкбек
Шайназаров менен  Акылбек Жаманкулов мамлекеттин
казынасын ири чыгымдарга кептеп жаткан жетекчилердин жоопкерчилигин кароо
сунушун  беришти.  Бюджет тартыштыгы  20 млрд сом көлөмүн түзүп турганда, айрым
ээн- эркин басып көнгөн жетекчилердин мындай аракетин  чыккынчылык деп эсептешет.

 

Жол азабы

Бир жумадан бери
айдоочуларды түйшөлткөн  Бишкек-Ош жол көйгөйү.
Бул аймактарда кар көчкү түшүү
коркунучунан жолдон калып убара тарткан айдоочулардын көйгөйү  айтпаса да белгилүү. Көчкү  маселесине чекит коюунун жолу бар экендигин
айткан депутат Мирлан Бакиров ал сунушун өкмөт өкүлдөрү  менен бөлүштү. 





Булак: Нью ТВ

 
Categories

Кичинекей Лейла сизден жардам күтөт

3 айлыгында ооруга
чалдыгып, үч жашка чейин 6 жолу операцияны башынан кечирген кичинекей Лейла
жарандардын жардамына муктаж. Үнү чыкпай калганда калаадагы врачтар ага “папилломатоз гортани” деген
диагноз койгон. Кыргызстанда бул ооруну айыктыра албагандыктан азыр чет
мамлекеттен операция жасатыш керек. Ал үчүн 70 миң  АКШ доллары керектелет. Кызынын айыгып кетишин
калаган ата-энеси кайрымдуу инсандардан жардам сурайт.  
 

Наристенин 3
айлыгында үнү бүтүп, чыкпай баштаган. Ата-энеси бейтапканага алып барып
көрсөткөндө “ларингит”  деп диагноз чыгарып, врачтар ошол боюнча дарылай
берген. Кийин 9 айлык болгондо үнү таптакыр  жоголо баштаган. Кызын айыктыруу үчүн
жаш жубайлардын барбаган жери калбады.


Гүлүмкан Абдималикова,  Лейланын
апасы:

“Кызымс жөтөлүп
калганынан дарыгерге алып барсам, тамагы кызарып калыптыр деп дары жазып берди.
Биз суук тийди  дарылай бердик. Бирок
жакшы болбой эле бир нече айдан кийин тамагы буулуп, дем ала албай клады. Тез жардам
чакырып, ооруканага келип, ошондо биринчи жолу операция жасалды. Азыр тамагына
трубка коюлган. Кызым тамагын көрсөтүп, ооруп жатканын айтып алып салгыла дей
берет. Ансыз жашай албашын билгендиктен албайбыз. Замандаштарыбыздан жардам
сурайбыз. Кызым ойноп, күлүп, дени сак болуп чоңойушун каалайбыз”.

Кийинчерээк  шаардагы ооруканалардын бирине кайрылганда “папилломатоз гортани” деп
кайрадан диагноз чыгарган. Лейла 2 жолу оор абалда ооруканага  жаткырылып,  ал жактан трахестома коюу аркылуу өмүрүн
сактап калышкан. Азыркы күнгө чейин
6 жолу оор операцияны башынан өткөрдү. Бишкектеги
операциялардан кийин, папилломатоз
кайра кайра өсө бергендиктен азыр чет мамлекетке алып барып дарылатуу керек.

Лейланын атасы Русланбек
Минбаев бир топ жыл түштүк аймакта чек ара кызматында иштеген. Ал жерде айлык
акы аз болуп, кызын дарылантууга жетпегендиктен кызматын таштоого аргасыз
болгондугун айтат.  


Русланбек Миңбаев,  Лейланын
атасы:

“Биз жубайым экөөбүз
түнү уктабай кызымды карап жатабыз. Кокус бирдеме болсо өз убагында жардам
көрсөтүшүбүз керек. Кызым моюнундагы жараатын көрсөтүп, ооруп жатканын айтат.
Мекендештеримден абдан суранам- сиздердин жардамыңыздар керек, дарылоого
каражатыбыз жетпей жатат”.

  

Азыр кичинекей
Лейланын абалы күндөн күнгө оорлоп бараткандыктан, тез аранын ичинде операция
жасатуу керек. Бул чоң суммадагы акчаны талап кылат. Түштүк Кореяда беш  жолу   жасалчу операцияга 70 миң АКШ доллары
керектелет. Кайдыгер карабай, жардам берүүнү  каалаган кайрымдуу инсандар 0771 39 39 75
номуруна кайрылса болот.




Булак: Нью ТВ  

 
Categories

Өмүрүн тобокелге салып жашаган эл

Жаан-чачын жааган мезгилде тоолуу
райондорду жер көчкү жүрүү коркунучу көбөйөт. Көпчүлүк тургундар дагы деле
кооптуу аймактарда жашап жатышат, башка аймактарга көчүп кетүү ойлорунда жок. Алардын
көбү мамлекеттен ссуда да, жер тилкелерин да алышкан, бирок,
 көчүүгө
камыныша элек.

Буга дейре Ош облусунун Өзгөн
районунда 852 үй-бүлөгө бир топ коопсуз жайларга көчүү тууралуу эскертүү
берилген. Алардын 337си мамлекеттер жер тилке жана ссуда алышкан. Бирок, дагы
деле кооптуу аймакта жашоолорун улантышууда. Өткөн жылы эле бул аймакта жер
көчкүнүн алдында ондогон адамдардын калганын эстесек, өмүргө кооптуу аймак
экенин айтпаса да түшүнүктүү.

Аюу-Сай айылында болсо өткөн жылы
жер көчкүдөн 24 адам каза табышкан. Каргалашуу кырсыкка бир жыл толду, курман
болгондордун жакындарынын жүрөк жараты дагы да айыга элек. Коопсуз аймакка
көчүүдөн баш тартып жаткан тургундар мындай кежирликтин кесепети кандай
болоорун ойлошот бекен?

Аюу-Сай айылынын тургуну Момун
Сулайманов «ар ким колунан келген тиричилигин жасайт» дейт.

«Биз баарыбыз жер чарбачылыгы
менен алектенебиз. Ошондуктан бул жактан көчүп кеткибиз келбейт. Биздин бардык
тиричилигибиз ушул жакта. Эгер бул аймакка жакын аймакка көчүрүшө турган болсо,
макул болот элек. Акырын бул жерге келип жер чарбалыгыбызды улантып турмакпыз»,
-дейт жергиликтүү тургун Момун Сулайманов.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы
Гапуржан Каракозиев баш тарткан элди мажбурлап көчүрүүгө болбостугун айтат.

«Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул
жактан көчүп кетүүлөрүн, же жок дегенде убактылуу палаткада жашап турууларын
сурандык.  Болушпады. Күч менен көчүрө
албайбыз», – дейт айыл өкмөт башчы.

 

Адистердин айтымында, ал аймактын
кооптуулугун кайрадан текшерүүгө зарылчылдык жок. Бир жолу көчкү жүргөн жерде
экинчи жолу да болушу ыктымал.

Ошондо, Өзгөн районунун Зергер
айылындагы кооптуу аймакта 316 үй-бүлө жашап жатышат, анын 91и мамлекеттен
ссуда алгандар, бирок, алар да көчүүнү каалашпайт.

Бүгүнкү күндө ӨКМнын
кызматкерлери кооптуу аймактарга палатка орнотушту, жергиликтүү тургундар болсо
жаан-чачын мезгили өтүп кеткенге чейин болсо да ага барып жашай турууну
каалашпады.

Белгилей кетсек, Ош облусунда
кайсы убакта болбосун жер көчкү жүрүү коркунучуна кептелген 1296 кооптуу аймак
бар.

 

Булак: Нью ТВ

 
Categories

Баклажан уурдоого аракеттенген итальянец тогуз жылдан бери соттон сотко сүйрөлүп жүрөт

Италиянын Лечче
түштүк провинциясынын тургунуна карата сот процесси 2009-жылы башталган.
Кайтаруучулар аны башка бирөөнүн фермасынан корзинага баклажан салып чыгып
бараткан жеринен кармашкан.

Бул тууралуу РИА
Новости
жазды.

Биринчи
инстанциядагы сот беш айга камакка алуу чечимин кабыл алып, 500 евро айыппул да
салган. 49 жаштагы киши аппеляция берүү укугунан пайдаланып, мамлекеттик
жактоочунун жардамына чуркаган.

Кийинки сот анын
абак мөөнөтүн эки айга азайтып, айыппулду да 120 долларга кыскарткан.

Жыйынтыгында уурдалган
баклажан иши Италиянын борбор калаасына чейин жетип, жогорку Кассациондук сот
гана кишини жоопкерчиликтен бошоткон.

Соттор айыпталуучу
баклажанды үй-бүлөсүн тоюндуруу үчүн алганын, анын баасы бир нече евроцент гана
тураарын айтышып, ылдыйкы инстанциядагы соттордун айыптоодогу алсыз позициясын
айыпташкан.

 

 
Categories

Орусияда 28-март аза күтүү күнү деп жарыяланды

Орусияда президент Владимир Путиндин жарлыгы менен 28-март Кемероводогу “Зимняя вишня” соода борборунда өрттөн набыт болгондорду эскерүү күнү деп жарыяланды.

Буга чейин Орусиянын сегиз аймагында аза күтүү күнү жарыяланган. Москва, Санкт-Петербург баштаган бир нече шаарда маркумдардын элесине арналган иш-чаралар өтөт. Көптөгөн өлкө жашоочулары орусиялык элчиликтердин имаратына гүл көтөрүп келүүдө.

Өрттөн жабыр тарткандардын туугандары буга чейин аза күтүү күнү жарыяланбагандыгы үчүн бийликти кескин сындашкан болчу.

Кемероводо шейшемби күнү жүздөгөн шаардыктар облустук администрациянын алдына митингге чыгышты. Алар бийликтен кырсыкта канча киши өлгөнү тууралуу чындыкты айтууну талап кылышты. Көп кишилер өлгөндөрдүн саны көп болушу мүмкүн деп күмөн санашат. Нааразылыкка чыккандар куткаруучулардын ишин сындап, апаатты кылдат иликтөөнү талап кылышты.

Кемеровонун соода борборунда жекшембиде болгон өрттүн курмандыктарынын саны расмий маалымат боюнча 64 адамды түздү.

 
Categories

Өзбекстанда ажатканадан мобилдик телефонду алабыз деген үч киши мерт болду

Өзбекстандын Наманган облусунда үч киши аңга түшүп кеткен мобилдик телефонду алабыз деп, газга ууланып набыт болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуя 26-мартта Пап районундагы үйлөрдүн биринде болгон.

Үй кожоюну мобилдик телефонун ажатканага түшүрүп жиберип, кошунасын жардамга чакырган. Ал аңга түшүп, эс-учун жоготуп койгон. Аны куткаруу үчүн дагы эки эркек аңга түшкөн. Баары деми кысылып, мерт болгон.

Өзбекстан ӨКМи буга окшогон кырдаал жаралса, куткаруучуларды жардамга чакырууга үндөйт.

 
Categories

Астанада сот жоолукчан окуучулардын ата-энелеринин арызын канааттандырган жок

Астана шаардык соту 27-мартта жоолугун чечпегендиктен өткөн жылдын сентябрь айынан тарта мектепке кире албай жүргөн ондогон кыздын ата-энесинин доо арызын канааттандырган жок.

Ата-энелер сот аркылуу Казакстандын Билим жана илим министрлигинин №13 буйругун жокко чыгарууну талап кылышкан.

Министрликтин буйругунда “мектеп формасы светтик мүнөздөгү билим берүүгө ылайыктуу болушу керек, диний белгилери бар кийимге уруксат берилбейт” деп жазылган. Доочулардын билдирүүсүнө караганда, бул буйрук Жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пакттын 18-беренесине каршы келет.

Астана шаардык сотунун коллегиясы бул ишти карап, доо арызды канааттандырган жок. Юрист Миржан Габдуллин Казакстандын Жогорку сотуна кайрылууга ниеттенип жатканын, эгер ал жактан да терс жооп болсо, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кат жөнөтөрүн билдирди.

Акыркы жылдары Казакстанда окуу жайларга хижаб кийген окуучу кыздар сабакка киргизбеген учурлар көбөйдү. Казак бийлиги диний белгилери бар кийим кийүүгө тыюу салып келет.

 
Categories

Армияда миллиондогон акчалардын уурдалганы ачыкка чыкты

Кыргызстандын аскердик прокуратурасы Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетте жана анын бөлүктөрүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү казына каражаттары кымырылган фактылардын бетин ачты.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2015-жылы бюджеттен ошол кездеги Коргоо министрлигинин эсебине аскер аэродромун оңдоого 70 миллион сом которулган. Бирок министрликтин жана “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары анын 37 миллион сомун башка курулуш объектилерине мыйзамсыз жумшаган.

Ошондой эле курулуш материалдарынын баасын ашыкча көргөзүү менен 9 миллион сом уурдалганы аныкталган. Аскер прокурору Нуркамал Набиев бул кылмыш ишинин жагдайына төмөндөгүчө токтолду:

– Бул иш мындан үч жыл мурда болгон экен. Анын жагдайлары эми ачылып жатат. Биздин прокурорлор изилдеп таап, азыр тергөө иштери башталды. Тергөөнүн жыйынтыгы чыкканда кимдин күнөөсү болсо, ошол адамдар жоопко тартылат. Бул жерде мыйзамсыз колдонулган 37 миллион сомдун ичиндеги 9 миллион сом акчаны алар жөн эле “жеп” коюшкан. Ал эми акчанын калган бөлүгү бюджетте “бир багытка жумшалсын” деп бөлүнсө, аны башка жакка пайдаланышканы аныкталган. Мыйзам бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну талап кылат эмеспи. Ошондуктан анда дагы одоно мыйзам бузуулар бар.

Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-308-беренелериндеги “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу” кылмыш белгилери боюнча иш козгоду. Бирок аскер прокуратурасы бул кылмыш иши Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин кайсы кызмат адамдарына козголгонун ачык жарыялаган жок.

Буга чейинки коргоо министри Таалайбек Өмүралиев каражатты максатсыз пайдаланганы аныкталып, сот андан 5 миллион сом өндүргөн. Ошондой эле ал 2011-жылы ыйгарылган “генерал-майор” аскер чининен ажыратылган.