Categories

Айып пулга “Тез жардам” унаасы алынат

Премьер-министр Кубатбек Боронов коопсуз шаар долбоорунан түшкөн каражаттын бир бөлүгүнө Милдеттүү медициналык фонду аркылуу тез жардам унааларын сатып алаарын айтты.

Аталган максатка 145 миллион сом бөлүнөт дейт өкмөт башчысы.

Чындыгында тез жардам унааларынын жетишсиздиги курч бойдон калууда.

Анткен менен тез жардам унааларынын катышуусундагы кырсыктар баш калаабызда көп катталып, жараксыз абалга кабылган тез жардам унаалары да бар.

Андыктан бул терс көрүнүштү жоюу үчүн тез жардамдын айдоочуларынын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.

 
Categories

«Курманжан датка» тарыхий тасмасын тарткан башкы оператор каза болду

Мурат Алиев- советтик жана кыргыз кинооператору, жогорку категориядагы адис, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген маданият ишмери дүйнө салды. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал оорудан көз жумган.

1979-жылы Мурат Абдувалиевич Бүткүл союздук Мамлекеттик Киноинститутунун кинооператорлук факультетин бүтүргөн.Ал оператор, башкы оператор катары көптөгөн тасмалардын тарткан.

2014 жылы режиссер Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка» аттуу тарыхий тасмасында башкы оператор болгон.

Аталган фильм АКШнын киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгынын лонг-листине кирген.

2014 жылы Уфа шаарында өткөн Биринчи Улуттук «Ак бузат» фестивалында Г. Амиров атындагы «операторлук чеберчилик» сыйлыгына ээ болгон.

Казак элинин кинематографынын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

 
Categories

Тоют топтоо тоодой иш

Мал жандуу кыргыз эли кыштын камын жайда көрүп, ала жайы менен мал жандыктын убаракерчилигинде болот.
Жыл өткөн сайын төрт түлүк малдын туягы көбөйүп, жайыттар тарып, жайлоолор боз чаңга айланып баратыр.

Учурда тоют топтоо өнөктүгү кызуу жүрүүдө.
Анткен менен өлкөбүздүн түштүгүндө чөп жайыттары жакшы эмес.
Табигый чөптүн өсүмү жакшы болгон жок.
Себеби канчалык жаанчыл аба ырайы болгону менен, түнкүсүн суук болгондуктан чөп жакшы өсө албайт.
Ошентип быйыл түштүктүн көпчүлүк райондорунда бул маселе жакшы эмес.
Эми эле чөптүн баасы жылдагыдан кыйла кымбат болууда.

Ал эми өлкөбүздүн түндүк аймагында тоют  топтоо жылдагыдан жакшыраак.
Айрыкча Нарын облусунда кыйла жакшы.
Маселен Ат-Башы районунда ушул тапта бир түк  чөптүн баасы орточо 100-130 сомдон сатылууда.
Былтыр бул маалда 120-150 сомго чыккан.

Арийне түштүктүктөр жылда эле Чүйдөн тоют ташышат.
Анткени Чүйдө айдоо жердин аянты кенен болгондуктан, табигый чөпкө караганда беде, эспарсеп сыяктуу тоютка ылайыктуу чөптөр көп  айдалат.
Чүйдө азыр бир түк чөптүн баасы 100-110 сомдун тегерегинде сатылууда.

 
Categories

Президент менен премьер онлайн сүйлөштү

Бүгүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Өкмөт башчы Кубатбек Боронов өлкөдөгү соңку  кырдаалды онлайн талкуулашты.

Премьер-министр учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу президентке кеңири маалымат берди.

Боронов учурда өлкөдө дары-дармектердин тартыштыгын жоюу тууралуу ыкчам аракеттер көрүлүп, маселе оң жагына чечилип жаткандыгын айтты.

Өлкө башчысы С.Жээнбеков айрым дары-дармектердин тартыштыгына элдердин нааразычылыгы күчөп жаткандыгын белгилеп, медикаменттердин запасын жетиштүү камсыздап, чет өлкөлөр менен бул жаатта ырааттуу иш алпаруу тийиштигин баса белгиледи.

 
Categories

Боронов “бороон” болоор алдында

 

Өкмөт  башчы Кубатбек Боронов бүгүнкү  республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында аймактарды дары-дармектердин запасын кеңири  даярдоо тапшырмасын койду.

Өлкөбүздүн  кээ бир аймактарында эми эле айрым дары-дармектердин жетишсиздиги байкалууда.

Андыктан тез арада ушул маселенин үстүндө  иштөө  зарыл деп айтты.

Ошону менен катар тийиштүү  мекемелер дары-дармектердин баасын негизсиз кымбаттоосуна жол бербөөнүн алдын алууга тийиштигин белгиледи.

Ошондой эле чет жактан сатылып келип жаткан медициналык жабдыктарды, атап айтканда жасалма дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраторлорду ар бир аймакка тегиз бөлүштүрүүнү буйруду.

 
Categories

Карасартованын келгенинен кеткени тез болду

Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин башчысы Рита Карасартова өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды.
Бул тууралуу Рита айым өзү билдирди.
Баш аягы сегиз айча иштеп, эмнеге келип эмнеге кеткенин так айтпаптыр.
Акыркы убакта мамлекеттик кызматтын баркы кетип, кол жоолуктай эле болуп калды…

 
Categories

Мечиттер жабылбайт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин  чечими менен Жума намаздары убактылуу окулбай, анын ордуна пешим
намазы үйлөрдө  окула турган болду.
Анткен менен мечиттерде кадимкидей беш маал намаздары окула берет.
Болгону аралык сакталып, бардык  санитардык эрежелер так сакталууга тийиш.
Качан өлкөдөгү  эпидемиологиялык абал жакшырганда кайрадан Жума намазы мечиттерде окулуп баштайт.

 
Categories

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам президентке жетти

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам президенттин кол коюусуна киргизилди.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуш кылган бул мыйзам долбоорун парламент жарандардын, медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей мамлекет башчы мыйзамга бир айдын ичинде кол коюуга же вето коюуга укуктуу.

 
Categories

Облустар аралык унаалар токтотулат

Эртеңден тарта өлкөбүз боюнча облустар аралык унаа каттамдары толук токтотулаарын республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Кайра качан жандантуу мөөнөтү так айтылбай, эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин деп белгиленди.
Автобус, кичи автобустук каттамдар токтойт.
Демек, жеңил унаа каражаттары кадимкидей эле каттай берет сыягы.
Антпесе кан буугандай каттоолор тыйылса кандай жашоо болмок.

 
Categories

Атамбаев сакайды

Бул тууралуу УКМК атайын маалымат таратты.
Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев пневмонияга чалдыгып УКМКнын тергөө абагынан президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканага жаткырылып, дарыланып жаткан.
Бүгүн Атамбаевди дарылаган дарыгерлер өзүнчө консилиум кылышып, анын толук сакайгандыгын белгилешип, кайрадан УКМКнын тергөө абагына которсо болоорун белгилешкен.
Андыктан Атамбаев УКМКнын тергөө абагына кайтарылат.