Categories

Акыйкатчы өмүрүнө кол салган аскер кызматкерлеринин жакындарына компенсация төлөп берүүнү сунуштады

 Акыйкатчы Кубат Оторбаев өз өмүрүнө кол салган аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүнү сунуштады.

Буга дейре парламенттин комитетинде аталган маселе талкууланган. Анда, кызматтык милдетин аткарып жатканда каза болгон аскер кызматкерлери менен катар өз өмүрүнө кол салган бул тармактын кызматкерлеринин да үй-бүлөсүнө акчалай көмөк көрсөтүү зарылдыгы айтылган. Акыйкатчы парламентти колдой турганын белгиледи:  

“Парламенттик комитеттин чечимин колдойм. Өз өмүрүнө кол салган аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү да көмөк алышы керек. Ата-эне балдарын аскерге жиберишет, жоокер кандай кырдаалда каза болбосун жоопкерчилик мамлекеттин моюнунда”, – деди Акыйкатчы.  

(Фото интернеттен алынды)

Булак: NewTV

 
Categories

Кыргызстанда эларалык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

2018-жылдын 4-апрелинде КР МУКК тарабынан эл аралык терорристтик уюмунун ЭТУ бантиттик түзүлүштөгү рекурттарды жиберүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, 1984-ж.т. «М.К.» аттуу КР жараны кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти. 

Кармалган жаран эл аралык террористтик уюмдун ЭТУ активдүү мүчөсү болгон. Сирия өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышуу үчүн ЭТУ бандиттик түзүмдүн курамында болуп, сирия-ирак аймагына жасалма документ менен өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды. 

Бул факт боюнча МУКК тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголду. 

Кармалган жаран МУКК Тегөө камак жайына киргизилди. 

Тергөө жүрүп жатат.

Булак: NewTV

 
Categories

Камакка алынган акын Темирлан Ормуковго мамлекет адвокат берген жок

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков мамлекет ага адвокат бербегенине нааразы. Анын жеке адвокат дайындоого каражаты жок.

Кыйноолорго каршы Улуттук борбордон билдиришкендей, Ормуков учурда СИЗО-1де кармалууда. Анын бул абакка даты жок. Ачкачылык да кармаган эмес. Ал 2017-жылдан бери анын иши боюнча бир да соттук жыйын толук кандуу өтпөгөнүнө кабатыр. Бишкек ШИИБинде өз ичин жарып салганы боюнча, тергөө учурунда акыбалы начарлагандыктан милиционерлерден Тез жардам чакырууларын өтүнгөндө баш тартышкан. Ошондо каршылык көрсөтүү иретинде өз ичин жарган.  


Булак: NewTV 

 
Categories

Дарыгерлер Текебаевди камерасына барып текшеришет

Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди дарыгерлер №47 абакка барып ден соолугун текшере турган болушту.

Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти.  

Текебаевдин ден соолугунан кабатырланышкан саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер аталган мекемеге кат менен кайрылышып, экс-депутатты шаардык ооруканага которуп дарылануу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранышкан.  

ЖАМКнын билдиргенине караганда, абакка дарыгерлер тобун жөнөтүшөт. Алардын текшерүүдөн кийинки корутундусуна карата саясатчынын дарылануу маселеси чечилет.  

 Булак: NewTV

 
Categories

Сапар Исаков спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 6-апрелде, Бишкек шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия Чемпионатынын жыйынтыгы менен өзгөчөлөнгөн спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлады.

Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

Өкмөт башчы спортчуларды ийгиликтүү таймаш көрсөткөндүктөрү үчүн куттуктап жана алардын жетишкендиктери атамекендик спорттун потенциалы тууралуу кабар берерин белгиледи.

Премьер-министр белгилелегендей өлкөнүн тарыхында грек-римдик стилдеги балбандар Азия чемпионатында командалык эсепте алгач биринчи орунду алганы – бүткүл республика үчүн сыймык. 

Сапар Исаковдун айтымында массалык спортту өнүктүрүүгө, коомчулукка денисак жашоо образын жайылтууга мындан ары дагы Өкмөт тарабынан өзгөчө көңүл бурулат. 

Ал дагы бир жолу «Жаны доорго – кырк кадам» Өкмөттүк программасынын багыттарынын бири атамекендик спортту мындан ары дагы өнүктүрүү болуп эсептелерин белгиледи. 

Премьер-министр спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында өзгөчөлөнгөн спортчу жана алардын машыктыруучуларына чын ден соолук, жаңы спорттук ийгилиликтерди каалап, аларга өкмөттүк сыйлыктарды тартуулап, акчалай сыйлык берди.

Булак: NewTV

 
Categories

Мамлекеттик курулуш мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары дайындалды

Акматалиев Мирбек Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Бул тууралуу   өкмөттөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Акматалиев Мирбек Акматалиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

 
Categories

7-апрелде Элдик апрель революциясынын Күнүнө арналган президент катышкан бир катар иш-чаралар өтөт

 Эртең, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл коюу аземине катышат.

Иш-чарага өлкөнүн экс-президенттери Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева, Жогорку Кенештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева чакырылган.  

Иш-чарага 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышат.  

Ошол эле күнү Президент Сооронбай Жээнбеков 2002-жылы Аксы окуяларынын учурунда жана 2010-жылы Апрель окуяларында “Ала-Тоо” аянтында курман болгондордун элесине арналган Эл эркиндиги үчүн монументке гүл коёт.  

Булак: NewTV 

 
Categories

Тажикстанда чет өлкөгө акча которуу жеңилдетилди

Тажикстандын Улуттук банкы чет өлкөлөргө акча которууга киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетти. Мындан ары тажик жарандары банк аркылуу башка өлкөлөргө күнүнө 10 миң АКШ долларына чейин жөнөтө алышат. Буга чейин уруксат берилген сумма 3 миң доллардан ашпашы керек болчу.

Маалыматка караганда, чет өлкөгө акча которуу системасына сунушталган өзгөртүүлөр быйыл мартта даярдалып, Юстиция министрлиги тарабынан жактырылгандан кийин өлкөнүн бардык банктарында иштей баштады. 

«Буга чейин жарандар чет өлкөгө күнүнө 27 миң гана сомони жөнөтө алышчу. Азыр болсо 87,5 миң сомони жөнөтүүгө мүмкүн болуп калды. 10 миң доллардан ашык сумма жөнөтүү үчүн банктан эсеп ачуу керек болот, калган учурларда андай зарылчылык жок», — деди Душанбедеги «Эсхата» банкынын өкүлү Анвар Сатторов. 

Улуттук банк кызматкеринин айтымында, чет өлкөлөргө акча которуудагы чектөөлөр былтыр, өлкөнүн банк системасында маселелер жаралганда киргизилген. «Өткөн жылы өлкөдөгү эки ири банк кризиске кептелип, каражаттын чет өлкөгө агымын токтотуу үчүн ушундай кадамга барганбыз», — деди ал. 

 

 
Categories

ЕККУ Казакстандагы ММКлардын куугунтукталышын айыптады

5-апрелде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) өкүлү Арлем Дезир Алматыда Ratel.kz жана Forbes Kazakhstan басылмаларынын журналисттери менен башкы редакторунун кармалышын жана Ratel.kz сайтына бөгөт коюлганын сынга алды.

«Жаңылыктарды тараткан онлайн-ресурска бөгөт коюу — бул өз пикирин билдирүү эркиндигин чектөө. Ишкер менен басылма ортосундагы талаштан кийин журналисттерди камакка алуу, алардын кеңсеси менен үйлөрүндө тинтүү жүргүзүү коркутуу болуп эсептелет. Бул Казакстандагы сөз эркиндигине зыян алып келчү өтө тынчты алган окуя», — деди Дезир. 

Полициянын маалыматына караганда, эки басылма атайылап жалган маалымат таратуу беренеси боюнча айыпталууда. 

2014-жылы Кылмыш кодексине киргизилген бул берене эл аралык укук коргоо уюмдары менен жергиликтүү жарандык коом өкүлдөрү тарабынан сынга кабылган. Алар берененин киргизилиши менен иликтөөчү журналисттер куугунтукка кабылышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан. Бул берене менен соттолгондор үчүн эң катаал жаза 10 жыл эркинен ажыратуу. 

Казакстанда аталган редакциялардын кеңселеринде тинтүү иштери 2-апрелде, мурдагы каржы министри Зейнулла Какимжанов «атайылап жалган маалымат таратуу» боюнча арыз жазгандан кийин жүргүзүлгөн. Ал аталган сайттарга акыркы беш жыл ичинде чыккан өзү тууралуу макалалар «кара пиар» жана «жалган» экенин билдирүүдө. Макалаларда Какимжановдун коррупциялык иштерге байланышы бар экендиги айтылган.

 
Categories

Башпрокурор Индира Жолдубаева оппозициялык фракциянын жыйынына келбей койду

Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынына келбей койду. Оппозициялык фракция Башкы прокуратуранын 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун угушмак.  

Фракциянын депутаты Бахадыр Сулейманов бир жылда бир жолу болчу отчет берүүгө башпрокурордун келбей койгонуна нааразыланды. “Анын бул кылыгы такыр эле чектен ашты”, – деди депутат.  

Башкы прокуратурадан келген өкүлдөр Индира Жолдубаеванын ооруп жатканын айтышты.  

Булак: NewTV