Categories

Моквада жоголгон кыз тергөө абагынан табылды

Россияда жайгашкан Кыргызстандын ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн ишеним байланыш телефонуна 55-жаштагы Чуй облусунун тургуну Н.А. кайрылып өзүнүн дайынсыз жоголгон кызы Чуй облусунун 1998-жылы туулган  тургуну А.Сны издөө иштерине көмөк көрсөтүүнү суранган. Бул тууралуу ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирди.

Жарандын айтымында анын кызы 2019-жылдын декабрь айынын ортолорунда байланышка чыккан, бирок андан кийин белгисиз себептерден улам  туугандары менен байланышы үзүлгөн.

Ыкчам-изилдөө иштери жүргүзүлүп, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ал мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аныктамага караганда А,С аттуу жаран 2019-жылдын декабрь айынын ортолорунда Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 2-бөлүмүнүн “в” пунктунда ( ири өлчөмдө мүлктү уурдоо) каралган кылмыштардын негизинде шектүү катары кармалып укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган.  Тергөө иштери учурунда Москва шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Буга ылайык дайынсыз жоголгон жарандын издөө иштери токтотулган. Азыркы учурда аталган учур боюнча туугандары маалымдандырылып юридикалык консультация ала алышты.

 
Categories

Жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандарга айып пул төмөндөтүлдү

Жол эрежелеринин айрым талаптарын бузгандарга айып пулдун өлчөмү 3 000 сомдон 1 000 сомго чейин төмөндөтүлдү.Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алынган. Аталган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Алар:

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо;

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо, же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;

— каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).

Ошону менен бирге транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөзүлүп (айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин), бул укук бузуулуктун жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

 
Categories

Казакстанда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, 4 адам көз жумду

Казакстанда кыргызстандык жарандар жол кырсыгына кабылып, 4 адам каза болгон. Бул туурасында казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, кырсык, 16-январга караган түнү саат 2:30дар чамасында, Самара-Чымкент жолунда болгон.

Автоунаада жалпысынан беш адам болуп, алардын төртөөсү окуя жеринде көз жумуп, бирөөсү ооруканага жеткирилген.

 
Categories

Үй шартында лимонду кантип өстүрүү керек?

Лимондун мекени катары Индиянын тоолуу аймактары жана Кытай өлкөсү айтылып келет. Түбөлүк жашыл дарак болуп эсептелинген лимон,  цитрустар түркүмүнө кирет. Жакшы каралган бир чоң түп дарагынан 15-30 килограмм мөмө алууга болот.

Отургузуу: Лимондун даяр көчөтүн сатып келип өстүрүүгө болот. Же болбосо данегин топуракка көмүп коюңуз. Анан гүлдүн сабагы бир аз баш багары менен отургузуу зарыл. Дароо эле чоң идишке же кичирээк идишке атайын даярдалган ным топуракка салып өстүрсөңүз болот. Ал үчүн идиштин үчтөн эки бөлүгүн чым топурак , калганын кык, кесек кум жана бир аз жыгачтын күлүнүн аралашмасы менен толтуруу керек. Андан кийин үстүн кленка менен жаап, кээде гана суу куюп туруу керек. Өтө көп сугарып койсоңуз, чирип кетиши мүмкүн. Эки жалбырагы өсүп чыккандан кийин кленканы ачып, температурасы +18, +2- градустан төмөн эмес бөлмөдө багуу керек. Биринчи 2-3 айда эч кандай жер семирткичтердин кереги жок, андан кийинки убакта жумасына 1 жолу минералдык жер семирткичтерди берип турууга болот.

Сугаруу: Жумасына 1-2 жолу сууну кө куюп сугарып туруу керек. Жайкы мезгилде таза абада багуу туура.

Эскертүү: Күн нуру түз тийген жерге койбоңуз жана ордунан көп козгобоңуз.

 
Categories

Бишкекте 19 жаштагы кыз терезеден секирип кетти

Бишкекте 19 жаштагы кыз терезеден секирип кетти. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ күнү кечи саат 19:00 чамасында болгон. Жабырлануучу кыз азыр ооруканада жандандыруу бөлүмүндө.

Учурда тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

 
Categories

Жолго себилген туз унааларды чиритеби? (видео)

Бишкек мэриясы жолдогу кар жана муздарды эритүү үчүн буга чейин кум менен техникалык туздун аралашмасын чачып келген болсо, быйыл туздун өзүн себүүдө. Мындай ыкмага өтүү натыйжалуу болгону менен айдоочулардын нааразычылыгын жаратууда. Анткени алар унааларынын эрте чиришине кабатыр. Ошол эле учурда себилген туздун чачырандыларынан жол четиндеги чөп өскөн аянттар куурап каларын айтып шаар тургундары да тынчсызданышууда.

 
Categories

16-январга карата аба ырайы

16-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;

Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз -4…+1;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу райондордо -24…-29, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү жогорку температурасы -1…-3° болот.

 
Categories

Суукта унааны жылытып айдоо керекпи? (видео)

Кычыраган кыштын ызгаарында тоңуп калган унааны эрте менен канча убакытта жылытып айдап кетүү керек же, жөн эле айдап кетүүгө болобу? Мындай суроонун үстүндө айдоочулар бир топ баш катырышат. Пикирлер ар түрдүү. Бирок кандай жагдайда темир тулпар өз ээсиине көбүрөөк кызмат кылат деген суроого так жооп жок. Буга автомеханиктер эмне дейт?

 
Categories

Кыргызстандык мугалимдер эл аралык сынактан байгелүү кайтты

Кыргызстандык мугалимдер Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык сынактан байгелүү келишти. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Математика, физика жана информатика боюнча мугалимдердин жана олимпиадалык резервдин машыктыруучуларынын II Эл аралык IMPACT Olympiad ачык чыгармачылык конкурсунда мугалимдерибиз алтын, күмүш жана коло медалга татыктуу болушту.

Конкурска КМШ мамлекеттеринин математика, физика жана информатика мугалимдери катышты. Төрт мугалимден түзүлгөн Кыргызстандын командасынан экөө байгелүү орундарды алышты. Бишкектеги Ч.Айтматов лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров коло медаль алса, ушул эле мектептин информатика мугалими Кылычбек Ураимов биринчи орунга ээ болуп, алтын медаль утуп алды. Мындан сырткары Бишкектеги Келечек MIT мектебинин математика мугалими Ишматов Махамадхан күмүш медалды жеңген.

Мугалимдердин жана машыктыруучулардын бул IMPACT Olympiad чыгармачылык конкурсу 2019-жылдын январь айынан бери уюштурулуп келе жатат. Конкурстун негизги максаты – таланттуу, кесипкөй көндүмдөрүн оптималдуу түрдө көрсөтмөлүү колдоно билген чыгармачылык менен иштеген мугалимдер менен машыктыруучуларды табуу, колдоо жана сыйлоо болуп саналат.

 
Categories

Президентке кайрылган 70 жаштагы эне үйлүү болду (видео)

Президент Сооронбай Жээнбековго жардам сурап кайрылган нарындык 70 жаштагы Сүйөркан Самсалиева аттуу эне 4 бөлмөлүү заманбап үйлүү болду.

Өлкө башчынын тапшырмасы менен жалгыз бой энеге 2 миллион сомдон ашуун каражатка турак жай салынып, ачкычы тапшырылды. Жетимиш жаштагы эне  Ак-Талаа районунун Баетов айылында өзү турат. Анын жолдошу жана балдары каза болуп калган.