Categories

Сокулукта дүкөн тоногондор кармалды

2018-жылдын февраль айынын орто ченинде Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Сокулук айылындагы дүкөндөрдүн бирин белгисиз адамдар тоноп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Сокулук РИИБнын ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, текшерген учурда белгисиз адамдар дүкөндүн терезесин сындырып киришип, ичиндеги товарларын уурдап кетишкени маалым болгон.

ИИМдин билдиргенине караганда, бул окуя боюнча Сокулук РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 20 жаштагы Н.А., 18 жаштагы С.У. жана А.Д. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NewTV

 
Categories

БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 4-майында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кемин, Токтогул, Чаткал, Майлуу-Суу, Баткен, Ноокат жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ошентип: 

– Чүй облусунун Кемин шаардык кеңешиндеги “КСДП” партиясынан депутаты М. Омурбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – У. Нурсеитовго өткөрүлүп берилди; 

-Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин депутаты А. Рысбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Н. Жумалиевге өткөрүлүп берилди; 

-Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңешинин депутаты Э. Кошокбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Шаршенбек у. Э. өткөрүлүп берилди; 

– Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги “КСДП” партиясынан депутаты А. Батыркулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Э. Темирбаевге өткөрүлүп берилди; 

– Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү Прогресс” партиясынан депутаты М. Шералиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –И. Матазимовго өткөрүлүп берилди; 

-Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылдык кеңешинин депутаты А. Раимбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М. Расуловго өткөрүлүп берилди; 

– Ош облусунун Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Н. Рузалиев ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –М. Муталовго өткөрүп берилди; 

Булак: NewTV

– Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу М. Жуманазаров ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Р. Мамасадыковго өткөрүп берилди;

– Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Казак у. Э. ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Р. Топчубаевге өткөрүп берилди;

– Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинде соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Г. Мережко ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –С. Табалдиевге өткөрүп берилди.

 
Categories

Таласты баккан төө буурчакты өстүрүүчү жер аянты азайып, баасы ылдыйлады. Эмне себептен?

Кыргызстанда өткөн жылы 96 миң тонна төө буурчак чогултулганы менен анын 28 миң тоннасы сатылбай калган. Мындан улам бүгүнкү күндө төө бурчакты сатуу боюнча маселе актуалдуу болууда.

Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.  

Маалым болгондой, учурда төө буурчакты сатып алуу баасы сортуна жараша килограммы 42 сомдон 65 сомго чейин баалынып жатыптыр. Бул дүйнөлүк базар баасынан да көз каранды.  

Ошондой эле 2011-жылы кыргыз төө буурчагы 15 өлкөгө экспорттолсо, учурда бул көрсөткүч 26га көбөйгөнү да белгилүү. Министрлик буга кошо Таластагы айдоо аянттары жыл сайын төө буурчак эгилгенине байланыштуу массалык түрдө уулануунун акыркы стадиясында тургандыгын да кошумчалашты. Себебин бир түрдөгү өсүмдүк түрү айдала бергендин кесепети деп түшүндүрүшкөн адистер, эми акырындык менен айдоо аянттарын кыскартуу каралып жаткандыгын белгилешти. 

Булак: NewTV

 
Categories

Түркмөнстанда өзбек чек арасына жакын жердеги турак үйлөр бузулат

Түркмөнстанда Дашөгүз облусунун Өзбекстан менен чектешкен райондорундагы ондогон турак үй түрттүрүлөт. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бузула турган үйлөрдүн көбүн эки өлкөнүн чек арасын бойлой жайгашкан жана 2011-жылдагы демаркация маалында түрттүрүлбөгөн турак-жайлар түзөт. 

«Болдумсаз, Губадаг жана Героглы районунун акимчиликтери жашоочуларга турак-жайлары түрттүрүлө тургандыгы боюнча расмий кабар жөнөтүштү», — деп жазды басылма. 

Жергиликтүү бийлик үйлөрдү түрттүрүү планын эки өлкө ортосундагы чек арага тикен зымдардын үчүнчү катарын орнотуу, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу үчүн курулуштарды тургузуу зарылдыгын менен түшүндүрүүдө. 

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, чек арадагы зымдардын алгачкы катары 2003-жылы, экинчиси 2011-жылы тартылган. Анын жыйынтыгында миңдеген үй-бүлө кышында үй-жайсыз калган. Ошондой эле чек арага жакын жерде миңдеген гектар айыл-чарба жери менчиктен ажыратылган. 

Түркмөнстан менен Өзбекстан чек араны тактоо иштерин былтыр мартта, Шавкат Мирзиёевдин Ашхабадга жасаган сапарынан кийин кайрадан башташкан. Андан бери чек араны аныктоо боюнча эки тараптуу мамлекет аралык комиссия бир канча жолу жыйын өткөрдү. 

 
Categories

Кыргыз депутатынын Казакстан абагындагы кармалуу мөөнөтү узартылды

Февралда Казакстандын түштүк аймактарында өткөрүлгөн атайын операциялар маалында кармалган кыргыз жана казак жарандарынын камактагы мөөнөтү узартылды. Алар чек ара аркылуу товарларды аткезчилик жол менен өткөрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Алматы соту кабарлады.

«Алмалы райондук соту Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын камактагы мөөнөтүн 16-майга чейин узартты», — деп жазылган соттун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө. 

15-16-февраль күндөрү өткөрүлгөн атайын операциялардын жыйынтыгында 35 шектүү кармалган. Алардын арасында үч кыргыз жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы болгон. 

Кыргызстандын жарандарына карата Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар жана башка предметтерди алып өтүү” жана “Трансулуттук уюшкан топко же трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 

17-февралда Алматынын Алмалы райондук соту депутат Дамирбек Асылбек уулун, аны менен бирге кармалган Улан Мурадиловдужана Чыңгыз Абакировду эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. 

16-апрелед Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендиги тууралуу маалыматтардан улам аны депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга чейин Казакстан ТИМи Асылбек уулунун казак паспорту бар экенин билдирген. Бирок анын туугандары бул маалыматты четке кагышкан. 

 
Categories

Жалал-Абадда сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери боюнча сабак өткөрүлдү

Бул тууралуу ӨКМнын суу коопсуздугу боюнча кызматынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Урматбек Шамырканов билдирди. 

Айтымында, 2-майда аталган кызмат Жалал-Абаддагы төрт орто мектепте сабак өтүшкөн. Ага 562 окуучу, 36 мугалим катышкан. Жалпысынан 26 класска сабак өткөрүлдү. 

Бул иш чаранын негизги максаты сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелери менен мугалимдерди жана окуучуларды кабардар кылуу болуп саналат. Ар кандай кырсыктардын келип чыгышына алыс сүзүү, шамал учурунда жана  мас абалда сууга түшүү, сүзгөндү билбөө, балондордун жарылып кетүүсү сыяктуу жагдайлар себеп болот. Ошондой эле, суу жээгине барганда ата-энелер балдарын кароосу калтырбашы керек. 

Булак: NewTV

 
Categories

Өлкө аймагындагы 4-10-майдагы болжолдуу аба ырайы

4-5-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен, Талас облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-майда күндүз Нарын облусунда 14 метрге жетет. 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

6-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, бирок  күндүзү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. 

7-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.   

8-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.      

9-10-майда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы жогорулайт.  

Булак: NewTV

 

 
Categories

Интернет-сойкулук менен алектенген 30 кыз кармалды. Алардын баары студенттер

Октябрь РИИБи порнографиялык буюмдарды жасоо жана сатуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Октябрь РИИБге кыздардын катышуусу менен порнографиялык материалдарды жасоо жана сатуу иштерин уюштуруп, интернет тармактары аркылуу сатып пайда көрүп аткандыгы боюнча Д.аттуу жарандан маалымат келип түшкөн.

Кыздардын иштөө принциби веб-модель катары видеочат менен дене мүчөлөрүн жылаңачтап порнографиялык шоу көрсөтүп алектенип жүрүшкөн. Кыздарга керектүү жабдыктары бар бөлмө берилип, белгилүү өлчөмдөгү акчага интернет аркылуу кардарлардын баардык талаптарын аткарып турушкан. Студияда бир канча нөөмөт менен иштешип жана аткарган жумуштары үчүн эмгек акысын алып турушкан.

Бул факты боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 262-беренеси (порнографиялык материалдарды жасоо же сатуу) менен кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө кызматы тарабынан экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишинин негизинде батирдин ичи күбөөлөрдүн жана бул мыйзамсыз иш-аракеттердин уюштуруучу 1990-жылы туулган А.Д. аттуу жарандын көзүнчө жүргүзүлгөн текшерилген. Батирдин ичинде жогорку окуу жайларда окушкан 30 чукул кыздар болгон. Ар бир бөлмө эки кишилик керебеттер, веб-камерасы менен мониторлор жана компьютерлер менен жабдылган. Батирди текшерүү учурда 16 компьютер, 150 дөн ашык интимдик буюмдар табылган. Текшерүү иштеринен кийин жогорку көрсөтүлгөн жарандар Октябрь РИИБине жеткирилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NewTV

 
Categories

Нариман Түлеев Атамбаевден бир нече жолу кечирим сураган: Мени кечирип коюңузчу, байке…

Коррупция беренеси боюнча соттолуп бир нече жыл абакта отуруп чыккан Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевден буга дейре бир нече жолу кечирим сураганы белгилүү болду. 

КСДП партиясынын билдиргенине караганда экс-мэр  Атамбаевге кат жолдоп, анда “көп нерсени түшүнгөнүн, Атамбаевдин жардамына муктаж экенин” билдирген. 

“Атамбаевде андан кечирим суратуу тууралуу ой жок болчу, ал турмак соттолуучу кылмышы үчүн кечирим сураарын күткөн эмес”, – деп билдирет аталган партия. 

Эске салсак, мындан аз убакыт мурда Түлеев маалымат каражаттарына берген маектеринде абактан чыккандан кийин ага Атамбаевдин адамдары жолугуп чогуу иштешүү сунушун жолдогонун, бирок андан баш тартканын айтып, “Биз ага эми керек болдук, а бизге анын эми кереги жок”, – деп бекемдеген. 

Булак: NewTV

 
Categories

Казакстандык студенттин Москвадагы өлүмү иликтенүүдө

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада окуу жайдын терезесинен кулап кеткен казакстандык студент кыздын өлүмү боюнча иликтөө иштеринин чоо-жайын билбейт.

«Тергөө дале уланууда, чоо-жайы азырынча белгисиз», — деди мекеменин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков. Анын айтымында, кыздын ата-энеси Москвага барып, учурда аларды казакстандык дипломаттар коштоп жүрүшөт. 

21 жаштагы Томирис Байсафа окуу жайдын төртүнчү кабатынан кулап, Москва шаардык илимий-изилдөө институтуна жеткирилгенден кийин 3-майда эртең менен каза болгон. 

Орусиянын тергөө комитети окуя боюнча «Өз жанын кыюуга чейин жеткирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Маалыматтарга караганда, тергөөчүлөр бул иш боюнча Дагестандын мурдагы өкмөт башчысынын 22 жаштагы уулу Муртузали Межидовду суракка алышты. Күбөлөрдүн айтымдарында, ал окуянын алдында Томирис Байсафа менен бирге аудиторияда болгон. 

Жайнаков казак дипломаттары учурда кыздын сөөгүн мекенине жеткирүүнү уюштуруу иштери менен алектенип жаткандыгын кошумчалады.