Categories

ЖК: С.Жапаровдун өкмөтүнүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитти.

Депутаттар менен жолугушууда Садыр Жапаров өкмөттүн жаңы программасын кийинчерээк Жогорку Кеңешке сунуштай тургандыгын айтты. Ал мурдагы өкмөттүн программасы менен дагы деле тааныштырып жаткандыгын белгиледи. Түзүм дагы өзгөрүүсүз калган. Бирок министрлер кабинетинин курамы дээрлик толугу менен жаңыртылды.

Өкмөттүн курамы:

Биринчи вице-премьер-министр – Артем Новиков;
Вице-премьер-министр – Равшан Сабиров;
Вице-премьер-министр – Максат Мамытканов;
Вице-премьер-министр – Аида Исмаилова;
Тышкы иштер министри – Руслан Казакбаев;
Юстиция министри – Марат Жаманкулов;
Ички иштер министри – Улан Ниязбеков;
Каржы министри – Кыялбек Мукашев;
Экономика министри – Санжар Муканбетов;
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Эркинбек Чодуев;
Транспорт жана жолдор министри – Бакыт Бердалиев;
Өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев;
Билим берүү жана илим министри – Алмазбек Бейшеналиев;
Саламаттыкты сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;
Маданият, маалымат жана туризм министри – Нуржигит Кадырбеков;
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Улукбек Кочкоров;
министр рангындагы өкмөттүк аппараттын башчысы – Бакыт Аманбаев;
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Жыргалбек Сагынбаев;
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Алтынбек Исмаилов.

Буга чейин Садыр Жапаров буйрукка кол койгон, ага ылайык Сагынбек Абдылдаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (каржы полициясы) төрагасы, ал эми Аскат Эгембердиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган. Алтынбек Торутаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулуп, Элнура Мамбетжунушева жаңы жетекчи болуп дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «балдарын» бажы органдарындагы иштен четтетүү жана алар белгилеген коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин токтомдору президенттин аппаратына жөнөтүлөт. Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка кол койгондон кийин өкмөт дайындалды деп эсептелет.

14-октябрда эртең менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогок Кеңешинин жаңы шайланган төрагасы Канат Исаевге кат менен кайрылганы белгилүү болду. Анда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров тарабынан 10-октябрда сунушталган Жогорку Кеңештин программасын бекитүү, өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча чечимдери, учурдагы мыйзам бузууларга байланыштуу президенттик аппарат тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылган. Жээнбеков бул маселени Жогорку Кеңештин кийинки жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштады.

Эскерте кетсек, 10-октябрда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн программасын, курамын жана түзүмүн бекиткен. Бирок, андан кийин дароо эле айрым депутаттар, саясатчылар жана юристтер отурумда кворум жок экендигин, андыктан чечим легитимсиз болгонун билдиришти. Жапаров тарап, өз кезегинде, ал мыйзамдуу шайланган деп жүйө келтирди. Вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөттүн программасын, курамын жана түзүмүн бекитүү жөнүндө жарлыкка кол коюп, Президенттин аппаратынын кароосуна жөнөттү. Бирок Сооронбай Жээнбеков дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон жок жана жыйында кворум жоктугун эске алып, документтерди Жогорку Кеңешке кайтарып берди.

 
Categories

Саясатчылар элди ойлойбу?..

Соңку күндөрү өлкөбүздө саясат жогорку чыңалууда турат.
Парламенттик шайлоону ыплас мыйзам бузуулар менен өткөргөн бийлик эл тарабынан жарым жартылай жазаланды.
Мындай дегеним президент Сооронбай Жээнбеков Акүйдөн куулганы менен дачасына жашынып иштеп жатат.
Өлкөбүздөгү кырдаал турукташып, баары мыйзам талаасына түшкөндө кызматымдан кетем деген президентти айрым саясатчылар менен жакын адамдары айткан сөзүнөн кайтууга үндөп жатат.
Эгер андай болсо анын кесепети канчалык кайгылуу жана өкүнүчтүү болоорун президент сезбей жатса анда чын эле абдан кейиштүү.
Кечээ Канат Исаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлоого жетишкен президент жана анын жан жөкөрлөрү кайра күчтөнүп баштадык дешсе чоң жаңылышат.
Парламенттен премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаровго жарлык чыгаруудан баш тартып, артка кайтаруусу чоң чырдын башталышына жол ачпаса болду.
Анткен менен президенттин антип артка кайтарууга укугу жок. Баш мыйзамда андай норма каралбаган.
Баш мыйзамда президент дайындайт же дайындабайт деген эле так эреже бар.
Үч күн ичинде президент кол койбосо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелип өкмөт иштей берет.
Демек Садыр Жапаровдун өкмөтү мыйзамга ылайык ишке киришти.
Демек президент жаңы эреже тапты.
Ушундан улам президент кырдаалды турукташтырмак түгүл кайра курчутууга жол ачты.
Өкүнүчтүү…
Анткени элдин маанайы такыр башка.
Жээнбековдун эл арасындагы кадыр баркы төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.
Демек анын мындан ары өлкөнү башкарууга такыр моралдык укугу калбады.
Ал азыр жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп коюуп кетем деген ойго келди.
Өткөн парламенттик шайлоону дал ушул президент таза, ачык өткөрө албай шерменде болдуго.
Анан эми кантип кайра шайлоо өткөрүүгө укуктуу болмок.
Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан борбордук аянтка чогулууда.
Кайрадан кооптуу абал жаралууда.
Саясатчылар бир пикирге келип, бардык саясий оюндарды токтотпосоңор болбойт.
Элди кыйнабагыла!
Элдин жашоосун, өлкөнүн экономикалык абалын ойлонгула!
Ансыз да көйгөйлөр өтө көп…

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралууда.

Коронавирус инфекциясынын пандемия шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.

 
Categories

Коомдук транспорт кайрадан мурдагы тартипте иштей баштайт

Бишкекте коомдук транспорт мурдагы тартипте иштеп баштайт. 1-сентябрдан троллейбус, автобус жана кичи автобустар таң аткандан түнгө чейин үзгүлтүксүз иштөө режимине өттү.

Коомдук автоунаалардын салонунда санитайзер жана башка дезинфекция каражаттарынын бар-жогу текшерилип турат.  Ошондой эле мэрия жарандарды санитардык эрежелерди сактап, беткап тагууга чакырат.

 
Categories

Бишкекте “Таза шайлоо үчүн” аталышындагы тынчтык акциясы өтөт

Күздүн алгачкы күнү борбордо “Таза шайлоо үчүн” деген аталыштагы тынчтык акциясын өткөрүү пландалууда.  Түштөн кийин өткөрүүчү акция Жогорку соттун имаратынын алдында болот.

Акцияны Улан Үсөйүн багыттаган “Баштан башта” кыймылы уюштуруп, алар бийликтен алдыдагы парламенттик шайлоону таза уюштуруучуну талап кылышмакчы.

4-октябрда боло турган шайлоо алдында чыккан бир катар чыр-чатактардан кийин, 29-августта “Таза шайлоо үчүн” коалициясы түзүлүп, ага жарандык активисттер, коомдук уюмдар жана бир катар саясий партиялар кирген. Алар саясий өнөктүктө жарандык көзөмөлдүн зарылдыгын белгилешүүдө.

 
Categories

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктайм.

Бүгүн — биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн.

Көз карандысыздыгыбыз — эң ыйык дөөлөтөбүз, эң бийик сыймыгыбыз.

Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз.

Эркиндигибиз — ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз.

Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз.

Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Быйыл, эгемендиктин жыйырма тогузунчу жылын, жалпы дүйнөнү каптаган пандемиянын учурунда белгилеп жатабыз.

Шартка жараша, жыл башында пландалган салтанатуу иш-чаралар болбой калды.

Эгемендүүлүк — бул эркин мамлекетте жашап жаткан эркин адамдардын — ар бирибиздин ички сезимибиздеги салтанат.

Биз бүгүн эгемен журт экенибизди ошол сыймык менен белгилеп жатабыз.

Урматтуу мекендештерим!

Жалпы дүйнөнү алдастаткан пандемия биздин мамлекетти да чоң сыноого туш кылды.

Кыйын күндөрдү өткөрдүк.

Бирок биз күрөштү тынбай уланттык.

Кол куушуруп, мүңкүрөп отуруп калган жокпуз.

Бул апааттан кутулуу — мамлекеттик бийликтин аракетинен гана эмес, коомдун биримдигинен жана жоопкерчилигинен көз каранды экенин көрдүк.

Биздин саламаттык сактоо системабыз менен экономикалык дараметибиз гана эмес, элибиздин ынтымагы да чоң сыноодон өттү.

Саламаттык үчүн болгон кармашта элибиз өзүнүн сабырдуулугун жана кайрымдуулугун көрсөттү.

Биз, Кыргызстан эли, коомдук тилектештикти туу туткан журт экенибизди бышыктадык.

Мына ушул күрөштүн жүрүшүндө ынтымак баарынан кымбат экенине дагы бир ирет ынандык.

Биздин элде „алам“ дегенден, „жардам берейин“ дегендер көп экенин көрдүк.

Дээрлик баардыгыбыз жардамга муктаждарга колубузду сундук.

Бүгүн биздин арабызда мына ушул күндөрү чоң күчкө айланган ыктыярчыларыбыздын эң кенжелери отурат.

Көзгө көрүнбөгөн душманды жеңүүгө кыялындагы жактырган буюмун алууга топтогон каражатын берген ушул балдарыбыздын келечеги кең болсун, тилектери ишке ашсын.

Кыргызстаныбыздын татыктуу уул-кыздары болуп чоңоюшсун.

Улутубуздун көөнөрбөс духу, ата-бабалардын руху жаңы тарыхта да татыктуу жашап жатканын жаштарыбыз далилдеди.

Дарыгерлерибиз, тартип сакчыларыбыз, аскерлерибиз, ыктыярчыларыбыз, ишкерлерибиз тикеден тик туруп, элдин өмүрүн жана саламаттыгын коргоого жан үрөп салым кошту.

Бүгүн жалпы элибиздин атынан баарыңыздарга терең ыраазылык билдирем!

Тилекке каршы, айрым мекендештерибизден, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө опол тоодой эмгек кылган инсандарыбыздан айрылдык.

Алардын ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Кудай буюрса, азыркы күндө бул илдетти толук жеңбесек да, басаңдады.

Бирок, кырдаал дагы деле кооптуу бойдон калууда.

Кайгылуу күндөрдү артка калтырып, кадимки жай турмушту калыбына келтирүү үчүн болгон күрөштү тынымсыз улантып жатабыз.

Ынтымакта болсок, бул апаатты, аны коштогон экономикалык кыйынчылыктарды сөзсүз жеңебиз.

Жакынкы беш жылга иштей турган парламентке депутаттарды шайлоону ачык-айкын өткөрөбүз.

Урматтуу мекендештерим!

Эгемендик жылдары баарыбыз тең чоң сыноолордон өттүк.

Өлкөбүз дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган тарыхый окуяларды башынан кечирди.

Кыргызстан өзүнүн мамлекеттүүлүгүн, эгемендигин сактап кала алабы деген суроо коюлган күндөр өттү.

Кудайга шүгүр, өзүнүн тарыхый орду, көз карандысыз мамлекети бар журт катары дүйнө коомчулугуна таанылдык.

Бизди эмне сактап келди?

Көп улуттан ширелген, ынтымакты бийик тутуп, достукту кастарлаган кайратман элибиз!

Кыйын кезеңде „бир муштум“ болуп бириге алган калкыбыз!

Тарыхы терең улуттук маданиятыбыз!

Кадырман аксакалдарыбыз!

Мээримдүү энелерибиз!

Билимдүү жана патриот жаштарыбыз!

Улутум кыргыз, урааным Манас деген улуу салтыбыз!

Уважаемые соотечественники!

Поздравляю всех вас с Днем независимости Кыргызской Республики!

В этом году праздник независимости отмечаем в условиях пандемии, которая охватила все страны мира.

Именно в таких суровых испытаниях наш народ показал свою сплоченность, свое единство.

Мы, не словом, а делом доказали, что наше общество — едино, что каждый человек важен, каждая жизнь дорога всем нам.

Мы еще крепче сплотимся перед памятью всех погибших.

Нас будут сплачивать наши общие цели, забота о наших детях — о будущем страны.

Мы укрепим независимость своей страны, где будут расти счастливые, здоровые и образованные дети.

У нашего многонационального народа — древняя общая история и общее будущее.

Единство общества, межэтническая солидарность — есть и будет нашей главной ценностью.

Для нас важны, как стабильность внутри страны, так и спокойствие в мире.

Мы будем развивать добрососедские отношения со странами региона, укреплять сотрудничество с нашими союзниками и партнерами, в том числе по СНГ, ШОС, ЕврАзЭС и ОДКБ.

Будем углублять дипломатические отношения как со странами Запада, так и странами Востока.

Урматтуу мекендештерим!

Ата-бабаларыбыз тагдырдын кыйын кезеңдерин татыктуу көтөрүп, далай сыноолордон намыс менен өткөн.

Биз азыр татаал сыноону баштан кечирип жатканда ошол көөнөрбөс көрөңгөдөн кубат алабыз.

Ар намысыбызды бийик кармап, чыйралабыз.

Эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө –у ар бирибиздин ыйык милдетибиз!

Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок.

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Эгемендүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун!

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештерим!»

 
Categories

Президент бир катар жарандарды сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду (тизме)

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу жарандарды сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ага ылайык төмөнкү жарандар сыйланат:

I даражадагы “Манас” ордени менен:

Кудаяров Дуйшө КудаяровичИ.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

II даражадагы “Манас” ордени менен:

Мамакеев Мамбет

Мамакеевич

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
Султанов Оморакын, коомдук ишмер;

III даражадагы “Манас” ордени менен:

Ашыралиев Кемелкоомдук ишмер;

“Даңк” медалы менен:

Джолдошева Салияпенсионер;
Рахимов Мамыржан ТойчиевичБаткен шаарынын мэри;
Рахимов Ахмаджон КаримовичКара-Суу балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу;
Султаналиева Рая МамакеевнаИ. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору;

“Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардак наам:

Алсеитова Шайгуль ТоктакуновнагаТ. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистине;
Бактыгулов Сталбек Алтымышовичкекомпозитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү, композиторго;
Ивакова (Момушова) Гульмайрам Момушовнагаырчы, аткаруучуга;
Малдыбаева Жылдыз Абдыласовнагакомпозитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;
Урманов УркангаА. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артистине;

“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” деген ардак наам:

Байгазиев Советбек Орозкановичкежазуучу, Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкерине;
Станалиев Самсак Станалиевичкежазуучу, “Ала-Тоо” журналынын башкы редакторуна;

“Кыргыз Республикасынын эл акыны”деген ардак наам:

Закирова Тазагүлгөакын, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардак наам:

Аликеев Малик ЖунушовичкеТ. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын
“Эл ырчысы–Эстебес тобу” фольклордук тобунун солистине;
Конушева Гульшан НиязбековнагаК. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын атайын фортепиано кафедрасынын башчысына;
Касымов ДуйшенбеккеТ. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артистине;
Кочорбаев Рахатбек СардарбековичкеБишкек шаарындагы № 5 балдар музыкалык мектебинин комуз классы боюнча мугалимине;
Стамкулова Феруза ИкрамовнагаА. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солистине;
Черикчиева Токтобубу Апышовнагаырчы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Аскер институтунун маданий иш- чараларды өткөрүү боюнча инструкторуна;

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наам:

Айтпаева Гульнара Амановнага“Айгине” маданий-изилдөө борборунун директоруна;
Асакеева Бурул Амантуровнагабалдардын “Рабаят” чыгармачылык бирикмесинин жана “Рабаят” кɵчмɵ куурчак театрынын жетекчисине;
Бостонкулов Маматибраимгеырчы-композитор, акын, драматург, жазуучу, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;
Джапаркулова Венера СамарбековнагаКыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын мугалимине;
Исабаева Жыпаркүл Ошуровнагажазуучу, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү, “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясынын маданият бөлүмүнүн башчысына;
Калилов КадыргаКыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Биринчи радио” коомдук радиоканалынын комментаторуна;
Калыбеков Нурланбек Осконалиевичкежазуучу, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;
Камчыбекова УулбүбүгөОш облусунун Ноокат райондук маданият үйүнүн ийриминин жетекчисине;
Касымова Мария АбдыжапаровнагаА. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балетмейстерине;
Мамбеталиева Орозган Асаналиевнагасүрөтчү, “Кыргызстандын сүрөтчү жана көркөм өнөр таануучу аялдар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрагасына;
Маткеримова Тилек Борончиевнагаырчы, хор уюштуруучу, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;
Оторбаев Түгөлбек Турпановичкеакын, журналист, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” жана “Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу” коомдук бирикмелеринин мүчөсүнө;
Пасанова Зинакангаакын, жазуучу“Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;
Турумбаева Чолпон Мукашовнагакомузчу, дирижер, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доцентине;
Чокиев Турдубек Асановичкекомпозитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” деген ардак наам:

Амангелдиева Канчайм АскаровнагаКаракол шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык-бактериологиялык лабораториясынын башчысына;
Болотбеков Бакытбек АбдылдаевичкеЧүй облустук бириккен ооруканасынын директоруна;
Дворкин Михаил ИцковичкеИ.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын доцентине;
Джузумалиева

Кулжамал Сардаровнага

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысына;
Кыргызбаев ЖекшенбеккеЫсык-Көл райондук аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнүн хирург-врачына;
Cарымсаков

Талантбек Бектемировичке

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун медициналык тез жардам бөлүмүнүн башчысына;
Тулегабылова Нургуль МукашевнагаКыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемесинин диагностика бөлүмүнүн башчысына;
Тилеков Эрнис АбдышевичкеКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директоруна;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу” деген ардак наам:

Джоошбеков Болотко“МАКСАТ” көп тармактуу өндүрүштүк фирмасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директоруна, Токмок шаары;
Иязалиев Тургунбек Токтосуновичке“Кант цемент заводу” ачык акционердик коомунун курулуш участкасынын начальнигине;
Кыдыров Абдыкайым Джалаловичке“Сандвич” жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна, Ош шаары;
Маралбаев Асылбек Осконбаевичке“ДСК “Азат” ачык акционердик коомунун “СМУ-3” жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүш боюнча директорунун биринчи орун басарына, Бишкек шаары;
Сагынбеков КарыпбеккеКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын курулуш-техникалык экспертизалар башкармалыгынын начальнигине;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардак наам:

Асанкадырова
Гулумкан Асанкадыровнага
Бишкек шаарынын А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстарынын мугалимине;
Аттокурова УрнисагаЧүй облусунун Чүй районундагы
А. Жансеитов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимине;
Бапышова НуржамалгаЖалал-Абад облусунун Токтогул районундагы И. Умаров атындагы
№ 9 орто мектебинин тарых мугалимине;
Байматов НуркалыйгаБишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы № 1 гимназия-интернатынын директоруна;
Джунушева Чолпон МелсбековнагаБишкек шаарындагы № 70 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбиялоо комплексинин директоруна;
Жаңыбаева Гүлжамал АкуновнагаЫсык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Ашымов атындагы № 20 Арал жалпы орто билим берүү мектебинин директоруна;
Селезнева Елена БорисовнагаБишкек шаарындагы № 26 француз тилин тереңдетип окутуучу гимназия-комплексинин директоруна;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” деген ардак наам:

Осконбаев Эмиль ЖолдошевичкеКыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басарына;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” деген ардак наам:

Джаилов Джумабек СатаевичкеМ. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин үзгүлтүксүз ачык билим берүү институнунун профессоруна;
Шамшиев НасирдингеКыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн макроэкономикалык саясаты башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү саясатын координациялоо бөлүмүнүн башчысына;

“Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наам:

Асанканов АбылабеккеКыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын
Б. Джамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология иститутунун директоруна;

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:

Алиев Аскербек ТукешовичкеБишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек наабайкана” муниципалдык ишканасынын директоруна;
Эгамбердиева Джумагулгө“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасына;

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:

Абдижаминов

Султанали Маматашимовичке

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысына;
Баймырзаева Шаазада КасымовнагаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысына;

“Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:

Омуралиева Мунаркан АзимовнагаБишкек шаарынын Биринчи май райондук бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна;

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:

Ситоленко Андрей ВладимировичкеБишкек шаарынын И.В. Гёте атындагы № 23 окуу-тарбиялоо гимназия-комплексинин директоруна;
Иметов БукарбайгаОш мамлекеттик университетинин музыкалык тарбиялоо усулу, теориясы жана хорго дирижерлук кылуу кафедрасынын профессоруна;
Шакеева Чынара АсановнагаКыргыз-Россия билим берүү академиясынын ректоруна;
Молдобаев Жусуп

Шералиевичке

Ош облусунун Ноокат шаарындагы
А. Абдуваитов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимине;
Халилов Абдыганы ДарманбековичкеЖ. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын доцентине;
Момуналиев СатканбайгаОш мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысына;
Эсенкулов Нурмамат ЖокеновичкеИ. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректоруна;

“Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:

Кадыров Суюндук Кадыровичке“Кант-Сүт” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун кеңешчисине, Бишкек шаары;

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:

Бакиров Турсунбек КамчыбековичкеКыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директоруна;
Досаев Ренад Абдулаевичке“Балык чарба ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин директоруна, Бишкек шаары;
Черныш Иван Васильевичке“Заря” айыл-чарба үрөнчүлүк кооперативинин башкармасынын төрагасына, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу;

“Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:

Орозбаев Маматкакоомдук ишмерге;
Садыкова Джылдыз Сейтбековнага“Рука в руке” аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин төрагасына, Бишкек шаары;

Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:

Астионов Александр Ивановичке“Avia Traffic Company” (Авиа Траффик Компани) жоопкерчилиги чектелген коомунун сапат жана коопсуздук стандарттары башкармалыгынын начальнигине, Бишкек шаары;

“Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:

Кенжебаев Байгазы БобуновичкеКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын улук машыктыруучусуна;
Нишанов АбдыгапыргаБаткен шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин волейбол боюнча машыктыруучусуна;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Абакирова Бурул АскарбековнаБишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык айымы;
Абдисатаров КамбаралиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Республикалык жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун алдындагы Ош-Баткен жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун директору;
Анаркулов Бектур СуйоркуловичБишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун № 1 травматология бөлүмүнүн башчысы;
Аширалиев ТөлөгөнНарын облусунун Нарын районунун А. Сыдыков атындагы № 9 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
Баймуратов Залкарбек АширбаевичБаткен облусунун Кадамжай аймактык ооруканасынын директору;
Байтакова Гульнара КалыбаевнаА. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын илимий катчысы;
Балбакова Джамалкан СултаналиевнаЧүй облусунун Токмок шаарынын
№ 11 жалпы орто билим берүүчү мектеп-лицейинин директору;
Ботокараев Бакытбек Пазылович“Жалалабат адистештирилген көчмө механизацияланган колоннасы” ачык акционердик коомунун директору, Жалал-Абад шаары;
Бубаева Тынар

Искановна

Ош облусунун Өзгөн районунун
К. Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясынын физика мугалими;
Гайченя Раиса

Остаповна

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 35 жол тейлөө мекемесинин башкы адиси;
Давлетов Турдакун БакировичЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты;
Досалиев Султан

Ташболотович

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;
Екимовский Ян Александрович“TEZ JET” жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору, Бишкек шаары;
Жолдубаев Жеңишбек Кудайбердиевич“Ноокат үрөндүк картошка өндүрүүчүлөр кооперативи” айыл-чарба кооперативинин директору, Ноокат району, Ош облусу;
Жусупова Гульнара АдыловнаТалас облустук ВИЧ-инфекциясын алдын алуу жана күрөшүү борборунун эпидемиологунун жардамчысы;
Замирбекова Нуржан ЗамирбековнаИ.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын гигиена сабактары кафедрасынын ординатору;
Исираилов Бактыбек Мамбетович“Кант-Сүт” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун кеңешчиси, Бишкек шаары;
Исраилова Бермет КойчумановнаНарын аймактык ооруканасынын инфекцияны контролдоо боюнча адиси;
Каджиева Тамиля СергеевнаЧүй облустук китепканасынын директору;
Казыбаев Нурдин АлышбаевичТ. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директорунун орун басары;
Кенжебаева Гулбара КозубаевнаОш облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт станционарынын башчысы;
Кыргызбаева Гульзада КыргызбаевнаЫсык-Көл облустук бириккен ооруканасынын невролог-врачы;
Медетбеков Казбек МалабековичКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Молдалиева Махабат Орозбековнажурналист, акын, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Молдалиева Замиркуль АбыкановнаКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Балажан” республикалык эстетикалык тарбиялоо окуу-усулдук борборунун директорунун окуу-тарбиялоо бөлүгү боюнча орун басары;
Мусаев Бактыбек Имашевичсүрөтчү, “Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү;
Оморов Ашыркул ОрозбаевичКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма сөз- кызматынын улук консультанты;
Орозобеков

Барчынбек Орозобекович

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, “Чаек ынтымагы” фракциясынын лидери;
Осмонов Нурлан ИбраимовичКыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Пшеничников Михаил Алексеевич“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун маалыматтык технологияларды эксплуатациялоо боюнча департаментинин жетекчиси;
Райымбекова Лира КадыркуловнаТ. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын
А. Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” фольклордук тобунун артисти;
Рысов Аскат ЭшмаматовичИ.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы хирургия кафедрасынын ординатору;
Сагындыков Нурланбек АсанкариевичКыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү;
Сайдаев Аттокур ШарабидиновичЖалал-Абад облусунун Сузак районунун Т. Байзаков атындагы № 77 жалпы билим берүү орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
Самыйкожо Мирлан“Айтыш” коомдук фондунун теңтөрагасы;
Самыкбаева Зоя КалкановнаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын улук усулчусу;
Сатаев Кубанычбек Чубаковичырчы, обончу;
Сергеев Вадим
Юрьевич
“Garden Lake” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси, Ысык-Көл облусу;
Степанюк Богдан АнатольевичЧ. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын актеру;
Сыдыков Дɵɵлɵтбек Качкыновичманасчы;
Терещенко Михаил Александрович“Заря” айыл-чарба үрөнчүлүк кооперативинин механизатору, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу;
Тюлегенов Табалды Кадырович“Таара” фермасынын башчысы, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу;
Чекиров Кубатбек Асангазиевич“Кут Билим” гезитинин башкы редактору, ВВС кыргыз кызматынын редактору;
Чинбердиев Увайдилла СуюмбаевичЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, “Алис-Суу” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Ысманова ЗувайдаБаткен облустук мектеп-гимназия интернатынын информатика мугалими.
 
Categories

БЕКБОЛОТ ТАЛГАРБЕКОВ: «КЫРГЫЗ АЙЫЛ РЕФОРМАСЫНЫН ЖЕТИШКЕНДИГИ КЕМЧИЛИГИНЕН МИҢ ЭСЕ ЖОГОРУ»

Мурдагы айыл чарба министри, оппозиция лидери менен маек.

– Бекболот байке, бүгүн реформанын күнгөй-тескейине токтолсок. Кыргыз айыл жери түшкөн жолдун келечеги барбы?

— Колхоз-совхоздордун кыйроо процесси 90-жылдары постсоветтик баардык өлкөлөрдө жүргөн. Ал кризистен чыгуунун ар түрдүү жолдору сунушталган. Натыйжада алгач төрт өлкө (Литва, Латвия, Эстония, Армения, 1990-91-жж.), кийин Кыргызстан (1994-98-жж.), Грузия (2004-05-жж.) туура, келечектүү айыл жолуна түшө алышкан. Ал эми калгандары туура эмес жолго түшүп, анын азабын тартып келатышат.

 Түшүндүрүп берсеңиз. Туура жолу кайсы, туура эмеси кайсы?

— Туура жолу – жер жана агрардык реформа жүргүзүп, чакан жана орто дыйкан чарбаларын түзүү. Айыл элине жерди, мүлктү менчикке өткөрүп, аларга чарба жүргүзүү жана соода эркиндигин берүү. Туура эмес жолу – колхоз-совхоздорду акционерлештирүү, аларды физикалык жактар менен кошо юридикалык жактарга да сатуу. Ошондой эле айылда фермерлештирүү процессин жүргүзүү.

– Кыргыз айылы ал туура жолго кантип түштү? Башка варианттар да бар беле?

— Ирети менен карайлы. СССРде 1989-жылдан тарта АКШ, Европаны көрүп, «фермерчиликке өтүү керек» деген сунуш айтыла баштаган. Бирок, мен агезде эле Кыргызстанга фермерчилик мүмкүн эместигин билчүмүн. СССРден отуздай аграрчылар 1990-жылы АКШда болуп, Айова штатында бир фермерге барганбыз. Ал өзү, аялы, үч уулу – бешөө иштешет. Менчик жери 440 гектар, арендага алганы 360. Бардыгы 800 гектарга жүгөрү, соя өстүрүп, ар жылда 800 торпок семиртип сатат экен. Мындай фермерчилик бизде мүмкүн эмес да. Салыштыралы. Мен 1989-жылы Базар-Коргон районундагы “Ленин” колхозунда илимий иш жүргүзгөм.

Колхоздо 4300 гектар жер, колхозчулардын саны 1200 адам болчу. Эми элестетели. Бул колхозду фермерлештирсек, анда 4300 гектарды болжолу жыйырма фермерге өткөрүп бермекпиз. Ал эми 1180 адамды кайда жөнөтмөкпүз? Бирок фермерлештирүү идеясы эгемен Кыргызстанга да жеткен. Өзгөчө колхоз-совхоздон тажаган, өз алдынча иштегиси келген адамдар талап коюшкан. Бийлик аларга «кайракы, таштак, каралбай жаткан жерлерди өздөштүргүлө» деген чечим чыгарып берген. Консерваторлор «айыл чарба Батыштын жолуна түштү»  деп чуу чыгарышкан. Бирок, 1990-93-жылдары фермерлер алган жер аянты жалпы айдоо аянттын жарым пайызына да жеткен эмес.

 Анда кыргыз айылында өзгөрүү кандай башталган?

— Россияны туурап, Чубайстын рецеби менен. Жаңы түзүлгөн КР маммүлк фонду программа кабыл алып, 1992-93-жылдары айыл чарбада да реформа жүргүзгөн. Чыгашалуу чарбаларды акционерлештирип, саткан. Айрым «жаңы кыргыздар» (мисалы Данияр Үсөнов, Юсуп Дунларов) бүтүндөй совхозду менчиктеп алышкан. Совхоздордун (бардыгы 187) сексен экиси же 45 пайызы сатылган. Бул реформа айыл жеринин кыйроосун күчөткөн. Бул жагдайда маммүлк фондунун жетекчилери, Чубайстын шакирттери менен биз, агрореформаторлор, айыгышкан күрөшкө чыкканбыз. Биз 1994-жылы жеңдик. Ал жылы 22-февралда биздин сунуш менен чыккан президенттин жарлыгына ылайык, жер жана агрардык реформаны жүргүзүү укугу маммүлк фондунан алынып, айыл чарба министрлигине өткөн. Айыл элине жер, мал-мүлк, техника үлүшкө берилип, дыйкан чарбалар түзүлө баштаган. Жер тагдыры так аныкталган. Жер айылдыктарга гана менчикке берилген. Чубайстын акционерлөө ыкмасы жана фермерлештирүү токтотулган. Биз айыл реформасынын социалдык, гумандык жана эволюциялык жолун тандап алдык. Өткөн чейрек кылым ал жолдун тууралыгын жана келечектүү экенин таамай тастыктады.

– Ал жолду коомчулук колдодубу, же сын айткандар да болдубу?

— Айыл эли колдоп берди. Ал эми сынчылар биз (агрореформаторлор) бийликтен кеткенден кийин (2005-ж.) пайда болду. Тарых үчүн айта кетели. Кийинки бийлик «реформа туура эмес болгон, колхоз-совхоздорду калыбына келтиребиз»  деп жар салды. Бирок, колдорунда толук бийлик, каржы булактары туруп, бир колхоз же совхоз түзө алышпады. Кур эле сөз экен. Дагы бир сынчы, экс-облаким теледен сүйлөп жатат: «Мен реформатор болгондо даяр болгон адамдарга колхоз-совхоздон жер берип, фермерчиликти өнүктүрөм»  деп. Дарбыз тандагансып, акимдер «сен жарайсың, сен жарабайсың» деп жер сурап келген адамдарды чекеге черткилеп турмак экен. Акыл болбосоң коё кал!

– Мал менчикке өткөндө «бир койду эки-үч бөтөлкө аракка

айырбашташкан»  деген сын да бар…

— Ал реформанын кемчилиги эмес. Колхоз-совхоздордо жатып ичер, ичкиликке берилгендер да болгон. Аларга үлүш берилбесе жаңжал салышмак да, туурабы? Азыр айылда коюн үч бөтөлкө аракка айырбаштаган бир келесоо барбы?

Ал эми «агрореформаторлор колхоз-совхоздорду кыйраткан» деп сайрап келаткандар болсо, алар же эч нерсе түшүнбөгөн дебилдер, же түшүнүп туруп беттырмаган акмактар.

– Айыл реформасына карата дагы бир сын бар. Ал «колхоз-совхоздорду дыйкан чарбаларга бөлбөй, дароо эле айыл чарба кооперативдерине айлантуу туура болмок» деген пикир…

— Ал сын түшүнбөстүктүн натыйжасы. Ооба, бизде да 1990-92-жылдары Россияны туурап айрым жерлерде колхоз-совхоздорду кооперативдер бирикмесине айлантуу жүргөн. Чарбанын фермалары «кооператив» деп жарыяланып, бир чарбада 20-30 майда башкармалар пайда болгон.

Эсимде, 1991-жылы ошондой бир жаңы башкарма мага жолугуп, борборго жаңы шляпа жана портфель сатып алганы келгенин айтканы. «Кооперативдин мүчөлөрү» эч нерсе түшүнгөн эмес. Бактыга жараша, бул кампания бат эле токтоду. Анткени ал башкармалардын шляпа, портфелдеринен башка каражаты болгон эмес. Айыл кооперациясынын маңызын түшүнбөстүк дагы эле уланып келүүдө. Кыргызстан сыяктуу жери тартыш, калкы жыш өлкөдө алгач колхоз-совхоздор жоюлуп, андан соң жеке иш-аракет, жоопкерчилик, тобокелчиликти баштарынан өткөргөн эркин дыйкандардын калың катмары жаралышы зарыл. Ага кеминде он жыл талап кылынат. Анан ошол эркин дыйкандар өздөрү кооперативдерди түзүп, башкарып, иштетишет.

– Айыл реформасы 1994-жылы башталыптыр. Анда эмне үчүн он жылдан кийин кооперация маселеси каралбады?

— Каралган. Мен 2004-жылы (агезде премьер-министр аппаратынын жетекчиси элем) президент Аскар Акаевге түшүндүрүп, Германиянын канцлери Ангела Меркелге анын катын жөнөткөнбүз. Себеби, немистердин «Райффайзен» айыл чарба кооперациясы дүйнөдөгү эң ийгиликтүү система. Меркель колдоп, каражатын да чечип берген. Он бештей Жогорку Кеңештин депутаттары жана адистер болуп Германияга барып, кооперативдер менен тааныштык. Кайтып келгенде бир депутаттын «Батыш немистери Германия Демократиялык Республикасындагы (ГДР) мамлекеттик чарбаларды айыл чарба кооперативдерине айлантышыптыр, биз да ошентсек болмок» деген маегин окуп таңгалгам. Депутат түшүнбөй жатса, анда катардагы жаран кантип түшүнөт?

– Аларда болсо, а бизде эмнеге болбойт эле?

— ГДР социализмдин эң өнүккөн өлкөсү эмес беле. Айыл жериндеги госхоздор биздин колхоз-совхоздордон 1,5-2 эсе натыйжалуу болчу. Жүз гектарга 15 кызматкер туура келчү. Ал эми Батыш Германия ГДРди өз курамына киргизип, зор каржы жумшап, реформа жүргүзгөндө, айылдагы калктын көбүнө башка жумуш таап берип, аларды айыл чарба тармагынан сүрүп чыгарган. Натыйжада жүз гектарга эки гана кызматкер калган. Демек, кооперативдерди түзүп койсо болобу? Болот. Бизге өтүп, дагы эле 1989-жылдагы Базар-Коргондогу “Ленин” колхозун алалы. Анын 4300 гектар жеринде 7-8 натыйжалуу кооператив түзсөк, анда аларда сексендей кызматкер калтырыш керек эле. Ал эми калган 1120 колхозчуга каяктагы жумушту таап бере алат элек? Же Батыш Германиядай бай демөөрчүбүз болбосо. Ушул жөнөкөй чындыкты отуз жылдан бери түшүндүрө албадык.

– Немистер дагы кандай жардам беришти?

— Эки профессору келди. Алар менен «Айыл чарба кооперациясы жөнүндөгү» мыйзам долбоорун даярдадык. Ал Жогорку Кеңеште кабыл алынды. Кийинки окуялар белгилүү. Соңку 15 жылда ал мыйзам турмушка ашмак турсун, окулбай, чаң басып жатат. Жаңы кыргыз дыйкандарына өндүрүш кооперативдери эмес, биринчи кезекте аларды камсыздоо, тейлөө, алар өндүргөн продукцияны сатуу, кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча кооперативдер аба менен суудай зарыл. Ал система жоктугунан айылдыктар кыйналып, азап тартып келишүүдө.

– Айыл реформа жүргөн 1994-98-жылдардан бери 20 жылдан ашык убакыт өтүптүр. Бүгүн көз салсак, кандай кемчиликтер кетти?

— Үч кемчиликти айтар элем: биринчиси, мисалы, акча реформасын өкмөт өзү эле жасаса болот. Ал эми айыл реформасы облустук-райондук жана чарба жетекчилери аркылуу гана турмушка ашырылат. Агезде баары коммунисттер болчу. Аларды кыйгап өтө албайсың. Алар реформаны ар кыл кабыл алды. Болжолу үчтөн бири колдоду, үчтөн бири ортозаар, ал эми калганы саботаж жасашты. Экинчиси, айыл реформасына жол ачкан президенттик жарлык чыкканда (22-февраль, 1994-ж.) аны турмушка ашыруу боюнча өкмөттүн токтому кабыл алынган. Агезде консерватор күчтөр үстөмдүк кылгандыктан ал токтомго «үрөн өндүрүүгө жана асыл-тукум мал өстүрүүгө адистешкен колхоз-совхоздор реформаланбасын» деген жобо кирген. Жогорку Кеңеш ал чарбаларга 1995-жылы 30 млн. сом бөлүп берген (азыркы күчү 600 млн. сом). Андан тышкары, өкмөт жылына дотация берчү. Натыйжасы кандай? Алардын токсон пайызы банкрот болду. Консерваторлор «бул реформанын жыйынтыгы!» деп баса беришти. Аныгында, реформа дал ошол адистешкен чарбалардан башталып, алардан үрөн өндүрүү жана асыл-тукум мал өстүрүү бөлүгүн өзүнчө алып чыгыш керек эле. Бул маселеде реформаторлор консерваторлорго утулуп калдык. Үчүнчүсү, агезде Чүй облусунун жетекчилиги айыл реформасына абдан каршы болушкан. Алар Россияны туурап, Чубайстын моделин кызуу колдошкон. 1992-93-жылдары облустагы 55 совхоздун жыйырма бирин маммүлк фондусу аркылуу акционерлеп салышкан. Биз, агрореформаторлор, Чүйдүн жетекчилери менен тирешип, жаңжал президентке чейин жеткен. Ал тиреште компромисс керек эле. Алардын «агрореформаторлор Чүйгө жолобосун!» жана биздин «Чубайстын акционерлештирүү модели колдонулбасын!» деген талаптарга макул болгонбуз. Чүйдө «дыйкан чарбаларынын бирикмеси» деген аты жаңы, заты эски чарбалар каттоодон өткөн. Натыйжасы кандай? Ал чарбалардын жүз пайызы банкрот болгон. Эгер, мисалы, Тоң жана Кочкор райондорунда мал сарайлар толук сакталып калса, Чүйдө алар фундаментине чейин талкаланып, тонолду. Банкрот чарбалардын далай техникасын таластык, нарындык жаңы дыйкандар арзан баада алып кетишти. Чүйдүн жетекчилери «Кант МИС» деген чарбага жылына дотация беришип, «мына советтик чарба деле рынок шартында мыкты иштөөдө»  деп семинар өткөрүп турушчу. Акыры ал да банкрот болду. Аны менчиктеп алган бир адамга үлүш катары 5 миң гектар жер берилди (өлкө боюнча орточо 30 сотка болгон). Айтмакчы, Чүйдүн жетекчилери он миңдеген гектар жерди жең ичинен аткаминерлерге бөлүп беришкен. Алар мыйзамсыз ээлеп алган, болжолу 50-60 миң гектар жерди кайра алып, айыл калкына, өзгөчө жумушсуз жүргөн жаштарга бөлүп берүү азыр да кеч эмес. Мен айткан үч кемчилик, албетте, айыл реформасын аксатты, жаман көрүнттү. Бирок чечүүчү мааниге ээ эмес.

 Анда жетишкендиктерге да токтололу…

— Айрымдарын санап берейин:

1. Кыргыз айылы 1994-98-жылдары туура, келечектүү жолго түштү. Ооба, биз

Прибалтика, Армениядан 4-5 жыл кечиктик. Бирок, мисалы, Грузия бизден 10 жыл, Өзбекстан 26 жыл кечикти. Ал эми орус, беларусь, түркмөн калкы качан туура жолго түшөт, белгисиз.

2. СССР маалында Кыргыз ССРнин колхоз-совхоздоруна жылына союздан

орточо 6,5 млрд. рубль дотация берилип турчу. Бул эгемен Кыргызстандын (1992-ж.) бюджетинин киреше бөлүгүнөн үч эсе көп болчу. Эгер айыл реформасы жүрбөгөндө, анда азыр кыргыз өкмөтү айыл чарбасына жылына 450 млрд. сом дотация берип турушу керек эле. Жаңы дыйкандарга бир сом берилбейт да. Бул кыргыз айыл реформасынын зор ийгилиги, тарыхый жеңиши! Тилекке каршы, муну түшүнгөндөр жокко эсе.

3. Кыргыз ССР айыл чарбасында 65 миң адам (!) башкаруу, тескөө, текшерүү орган-аппаратында иштешкен. Учурда алардын саны 5 миң. Бул дүйнөгө үлгү болгудай жетишкендик эмей эмне? Нарындык дыйкан Кайырбек Сарматов белгилегендей, «союз маалында азыр мен менчигимде кармаган малды кеминде элүүдөй киши багып, дагы элүүдөй аткаминерлер башкарып, текшерип турмак. Мен болсо жубайым, уул-келиним, эки жардамчым менен эле иштейм» («Майдан», 26.02.2020.).

4. Кыргызстанда өткөн 29 жылда айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 1,5 эсеге өстү. Малдын шарттуу башы 1,5 эсеге көбөйдү. Салыштырсак, бул мезгилде өнөр жай өндүрүшү 70 пайызга азайды.

5. Союз маалында билим берүү, дарылоо, үй менен камсыздоо мамлекеттин мойнунда эле. Бул кийин элге өтпөдүбү. Айыл калкыбыз уул-кыздарын контракт менен окутушат. Эки жүздөй орто жана жогорку окуу жайлар дыйкандардын эсебинен иштешет. Айыл эли уул-кыздарына шаарлардан турак жай сатып берип, курулуш тармагын өстүрүүдө. Дыйкандардын продукциясын шаардыктар сатып, кайра иштетип, экспорттоп киреше табышат. Мунун баары ички инвестиция. Соңку 20 жылда айыл эли шаарларга болжолу 15 млрд. доллар инвестиция салды.

6. Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорунда «ураалап» өндүрүлгөн продукциянын төрттөн бири чирип, бузулуп кетээр эле. Жалпы менчикке адамдар табиятынан кайдыгер да. Ал эми жаңы дыйкандардын бир тоголок картошкасы чирип же бир чака сүтү бузулуп кеткенин көргөн жан барбы? Менчик ээси кара терин төгүп тапкан продукциясын көз карегиндей сактайт эмеспи.

Мындай мисалдарды мен миңдеп санап бере алам. Бирок, тилекке каршы, айыл реформасынын биринчи этабы (1994-98-жж.) ары улантылбады. Кыргыздын жаңы эркин дыйкандары айыл чарба саясаты дайынсыз мамлекеттен эбак түңүлүп, өздөрү ысыкка күйүп, суукка тоңуп, бирде туруп, бирде жыгылып, эгемен өлкөнү багып, сактап келе жатышат.

 Рахмат байке, аман болуңуз!

Нургазы Анаркулов,

«Майдан» гезити
 
Categories

Жарык өчүрүлөт

Бүгүн “Түндүк электр” акционердик коому тарабынан өз убагында электр энергиясына акы төлөбөгөн 5000 абоненттин жарыгы өчүрүлөт.
Акчасын төлөгөндөн кийин акылдуу эсептегичтердеги маалыматтар аркылуу кайра дароо жарык берилет.

 
Categories

Сентябрда 11 мектеп ачылат

Республика боюнча 1- сентябрга карата 11 мектептин толук курулушу бүткөрүлүп жаңы окуу жылына ачылат.
Бул көрсөткүч акыркы 15 жылдагы эң аз сан.
Анткени быйыл пандемиядан улам каржы маселеси татаалданышына байланыштуу көптөгөн курулушу жүрүп жаткан мектептерге толук каржылоо болбой токтогон.