Categories

Кыргызстан келерки жылдан Евро 4, Евро -5 стандарттагы майды колдонууга өтөт

Учурда өлкөбүздө күйүүчү майлардын сапаты төмөн экендигинен эч кимдин күмөнү жок. Мындай сапаты төмөн майлардын ташылып келүүсүнө Кыргызстанга Казакстан тараптан контрабандалык жол менен ташылып келиши негизги себеп болууда.

Тилекке каршы ага карата чара көрүлбөй келет. Ал эми Кыргызстан план боюнча 2019-жылдан тарта Евро 4, Евро -5 деген стандарттагы майды колдонууга өтөт. Бул азыркыдан кыйла сапатуу май колдонулат дегенди билдирет.

Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча Кочкор-Атада гана жылына 170 миң тоннага жакын мунай продуктусу өндүрүлөт. Учурда өлкөнүн бир жылдык орточо керектөөсү болсо 1 миллион бир жүз миң тоннага жетет.

 
Categories

«Манас» аэропортунан ири өлчөмдөгү дары таблеткаларынын партиясы кармалды

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК тарабынан «Манас» эл аралык аэропортунан контрабандалык жол менен ташылып келген ири өлчөмдөгү дары таблеткаларынын партиясы табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Табылып алынган «Прегабалин» («Лирика») таблеткалары Ачык Акционердик коомунун биринин жетекчисине таандык экендиги аныкталган. Табылып алынган 170 миң даана эки кап таблетканын жалпы салмагы 115 кг түзүп,Түркия мамлекетинен ташылып келинген.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча контрабанданын жалпы баасы 25 млн сомду түзгөн.

Алынган дары таблеткалар трикотаждык буюм катары документтештирилген.

2018-жылдын 16-октябрында бул факт боюнча КР УКМК Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүнүн 5-пункту (Контрабанда) жана 316-берененин 1-бөлүмү (Шалаакылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Азыркы учурда контрабандалык товарларды ташуудагы бардык катышуучуларды белгилөө боюнча ыкчам-издөө жана тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Маалымат: Прегабалин (соода аталышы «Лирика», «Габана», «Альгерика», «Неогабин», «Линбаг») эпилепцияга каршы дары.