Categories

Мыйзамсыз ташылып келинген кургатылган жемиштер кармалды

Ыкчам бажынын кызматкерлери тарабынан Ош областына караштуу Кара-Суу районунда Баткен-Ош-Бишкек жолунда Т. Д. А аттуу адамдын башкаруусундагы  “DAF XF” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа  чиркегичи менен токтотулуп, текшерүүгө алынган. Бул тууралуу  Бажы кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы текшерүүсүнөн тышкары чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган жемиштин түрлөрү табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 24 530,3 кг. баасы 500 000 сомдон ашык.

Бул учур Маалыматтарды каттоо журналына жана АИС ЕРППга катталып, материалдар Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келинген кездемелер кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 26-февраль күнү болжол менен кечки саат он жарымдарда Баткен областынан О.Т.Шнын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн караган учурда чек арага чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келинген “MARJAN INVESTMENT GROUP” соода маркасындагы 85 рулон кездемелер табылган, ар бир рулондун салмагы 19,8 кг. Жалпы салмагы 1683 кг.

Бул окуя Маалыматтарды каттоо журналына катталып, чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына мыйзамга ылайык чара көрүүгө өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келген 10 тоннадан ашык жүзүм кармалды

2019-жылдын 25-февралында болжол менен саат 16:00 чамасында  ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Лейлек-Баткен авто жолунда Ю. Ш. Энин башкаруусундагы “DАF” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотуп текшеришкен. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы текшерүүсүнөн тышкары чектеш мамлекеттен ташылып келе жаткан 10 тоннадан ашык 1490 желим кутучага салынган жүзүм табылган.

Бул учур МКЖга катталып, чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Контрабандалык жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүгө каршы иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында М.М.Снын башкаруусундагы «Хонда-фит» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген. Мындай кабарды аталган мекемеден кабарлашты.

Аталган автоунаанын салонун текшерүүдө 10 каробка ар кайсыл маркадагы тамеки продукциясы табылган. Бул тамеки продукциясы көмүскө жол менен чектеш мамлекеттен ташылып келе жатканы аныкталган.

Бул окуя МКЖга катталып, чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келинген товарлар кармалды

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү учурларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк – Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу “Достук” өткөрмө пунктуна жакын жерден , мүшөкө салынган эл керектөөчү буюмдар футболкалар, фартуктарды табышкан. Мындай маалыматты Бажы кызматынан кабарлашты.

Бул товарлар Өзбекстандан ЕАЭБтин бажы аймагына белгисиз адамдар тарабынан алынып өткөн, кармалган товардын наркы 500 000 сомдон жогору.

Бул окуя  Маалыматтарды каттоо журналына катталып, чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келинген 700 000 сомдук тамеки продукциясы кармалды

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районуна караштуу Марказ айылында А.Д. аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес – Бенц” үлгүсүндөгү автотранспорт каражаты токтотулуп текшерүүгө алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда атайын бекитилип жасалган жай аныкталган, ал жерди ачып текшерген учурда “CAVALLO” маркасындагы акциздик маркасы жок 28 каробка (14000 пачка) тамеки продукциясы табылган.

Кармалган товардын суммасы 700 000 сомду түзөт. Бул товар Республика Таджикистандан мыйзамсыз ташылып келинген.

Бул окуя Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материал Ош облустук прокуратурасына мыйзамга ылайык чара көрүүгө өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келинген 240 000 сомдук тамеки продукциясы кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областынын “Достук”  районунда А.С. аттуу жарандын башкаруусундагы “ДЭУ Калос” үлгүсундөгү автоунаа токтотулуп текшерилген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын салонун жана багажын караган учурда, Германияда өндүрүлгөн акциздик маркасы жок 4 000 пачка “Compliment” маркасындагы тамеки продукциясы табылган.

Кармалган автоунаанын айдоочусу А.С. ЕАЭБтин бажы аймагына тамеки продукциясын мыйзамдуу ташып келе жаткандыгын тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын орточо базар баасы 240 000 сомду түзөт.

Бул окуя “Түштүк-Батыш” бажысынын кылмыштарды каттоо журналына каталып, чогултулган материал Ош облустук прокуратурасына Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине каттоо үчүн жана мыйзамга ылайык чара көрүүгө өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келинген 18 тонна мандарин кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айлында ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз товар ташууга шектелип,  А.С.Снын башкаруусундагы “ВОЛЬВО FH12” жүк ташуучу унаа “ДАПА” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп, “Ыкчам” бажынын кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Жогоруда аталган автотранспорт каражаттынын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажыга тийиштүү документтери жок, Пакистанда өндүрүлгөн “ARSHAD” маркасындагы жыгач үкөктөргө салынган 2000 үкөк “мандарин” табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 18 000 кг жана орточо базар баасы 720 000 сомду түзөт.

Бул окуя боюнча чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Кытайдан мыйзамсыз ташылып келе жаткан чөнтөк телефондору кармалды

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү учурларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында,  Бажы кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районуна караштуу Фурхат айлында Кыргыз Республикасынын жараны Д.М.К. башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер 313” үлгүсундөгү автоунаа токтотулуп текшерүүгө алынган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда декларацияланбаган Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн 735 даана чөнтөк телефондор табылган, кармалган товардын орточо базар баасы 797 000 сомду түзөт.

Бул окуя боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келген 10 тонна күрүч кармалды

Товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү аракеттерин табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк – Батыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан товар ташып келүүгө шектелип Н.Ы. башкаруусундагы “Volvo FH12” үлгүсундөгү унаа токтотулуп текшерилген.

Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы контролунан тышкары Республика Өзбекстандан ташылып келе жаткан 10 тонна “Лазер” күрүчү табылган. Бул товардын наркы 500 000 сомдон ашык.

Бул иш боюнча материалдар Ош областы боюнча КРӨгө караштуу ЭККМК ТБга өткөрүлүп берилди. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 223-б. боюнча кылмыштардын белгилери боюнча КЖБРге катталган.