Categories

4 032 килограмм кальян тамекилери кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түндүк-Чыгыш” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарында Т.Т. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “MAN26372” үлгүсүндөгү жүк ташуучу авто транспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Бажыдан алынган маалыматка караганда, автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 4 032 килограмм болгон, акциздик маркасы жок “Premium water pipe tobacco “Serbetli” маркадагы кальян тамекиси табылган.

Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матерbалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

 
Categories

Чек арадан мыйзамсыз ташылып келе жаткан курулуш материалдары кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктарынан Кыргызстанга аймагына жыгач жана башка курулуш материалдарын мыйзамсыз алып кирүүнү аныкташты. Салык кызматынын маалыматына караганда, “Чоң-Капка” контролдук-өткөрмө пунктунан жыгач материалдар менен 13 унаа кармалган. Кароонун жүрүшүндө ар бир унаада 20 кубметр жыгач материалдары болгон. Айдоочуларда ташып келинген жүккө эсеп-фактура жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко  берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 107 263 сомдук лимон кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен шаарында Ю.Э.Э. аттуу Кыргызстандын жараны башкаруусундагы “Вольво FH 24T ” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “Шмитц CARGBUL” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп текшерилген. Бажы кызматынан алынган маалыматка караганда, жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 14 764 килограмм болгон лимон табылган.

Айдоочу  ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 1 107 263 сомду түзөт.

Бул учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Жеңиш Разаков: Чек арадагы өткөрүү жайларында 5 автоматташтырылган тутум орнотулууда

Айрым адамдар менен компаниялар ЕАЭБ аймагындагы бажы жеңилдиктеринен пайдалануу аркылуу өлкө чек арасынан өткөн салыктар менен төлөмдөрдөн кутулуу максатында, товарларынын түрү менен көлөмү жөнүндө жалган маалыматтар берилип, контрабандалык кылмыштарды жасоодо. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жогорку Кеңеште “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат угулуп жатканда билдиргендигин Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы мааллымдады.

Вице-премьер-министр дүйнөлүк банктын колдоосу менен чек арадагы өткөрүү жайларында жүк ташыган автомашиналар менен жүктөрдүн көлөмүн эсепке ала турган 5 автоматташтырылган тутум орнотулуп жатканын, заманбап жабдуулар чек арадан өткөн жүк ташуучу автомашиналарды жана ташылган жүктөрдү он-лайн режиминде көрсөтүлүү менен бирге, жазылып кала турганын айтты. Жеңиш Разаков:  «Азыр ал тутумду «Коопсуз шаар» долбооруна туташтыруу чаралары каралып жатат», – деди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 825 500 сомдук жыгачтан жасалган эшиктер кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Ж.Ш.М. аттуу Кыргызстандын жараны башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “Шмитц” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп текшерилген. Бажы кызматынын маалыматына караганда, транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 4090 килограмм болгон 138 даана жыгач эшиктер табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 825 500 сомду түзөт.

Бул учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 664 580 сомдук жүзүм кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Н.Ы.Ж. аттуу Кыргызстандын жараны башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Бажыдан алынган маалыматка караганда, жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 9464 килограмм жүзүм табылган.

Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 664 580 сомду түзөт. Бул учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө  өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келинген16 398 735 сомдук кийим – кече кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери Чүй областында мыйзамсыз ташылып келинген жана декларацияланбаган жалпы салмагы 20 406 килограмм болгон, кийим- кече түрлөрүн кармашкан. Бажы кызматынан алынган маалыматка караганда, кармалган товардын орточо базар баасы 16 398 735 сомду түзөт.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча КРӨгө караштуу ЭКККБна өткөрулуп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 914 060 сомдук кондитердик азыктар кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында Кыргызстандын жараны А.А.Жнын башкаруусундагы “Мерседес-Бенс 1823” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Бажы кызматынын маалыматына караганда, жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 5344 килограмм  болгон кондитердик азыктар табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 914 060 сомду түзөт.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келинген 23 836 800 сомдук кальян тамекилери кармалды

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү  табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош шаарында мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 11 628 килограмм болгон, акциздик маркасы жок кальян тамекилерин кармашкан.

Кармалган товардын орточо базар баасы 23 836 800 сомду түзөт. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды

 
Categories

Кыргызстанга күнүнө 100 тонна күйүүчү май аткезчилик жолу менен келет

2018-жылы күйүүчү майлар боюнча 73 аткезчилик учуру аныкталып, 146 миң 530 литр  май алынган. Алардын жалпы баасы 5 миллион сомдон ашкан. Быйыл январдан июнь айына чейин мыйзамсыз түрдө 5 миң 777 тонна мунайзат алып кирүү учуру катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды.

Ал эми өкмөт башчы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматына караганда, Кыргызстанга күнүнө 100 тонна күйүүчү май аткезчилик жол менен алынып келет. Бирок, андан да көп болушу мүмкүн.