Categories

Чек арадан 9 тонна ун, 50 тонна буудай, 35 баш ири мүйүздүү мал кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан контролдук убактылуу пункттарынан ун, буудай, түтүктөрд, ири мүйүздүү малдарды жана башка товарларды алып келүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирди.

Алсак, 9 тонна ун, 50 тонна буудай, 35 баш ири мүйүздүү мал, ар биринде 40 тонна көлөмүндөгү күйүүчү май ташуучу 2  бочкасы бар автомашина кармалган. Импортоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес. Ушул эле жерде 14,8 тонна түтүктү ташып келүү фактысы аныкталган. Текшерүүдө коштомо кагаздагы маалыматтар эсеп-фактуранын маалыматтарына ылайык келбегендиги аныкталган.

Ушул эле постто 708 даана автотетиктер, 24 жасалма газондун түрмөгү, 155,7 миң чарчы метр кездеме, 1 тонна латекс жиптерди өткөрүү аракетине бөгөт коюлган. Импорттоочуларда товарды алып келүүгө уруксат документи болгон эмес.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

 
Categories

780 000 сомдук жүзүм Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында Кыргызстандын жараны А.К.Снын башкаруусундагы “Renault Premium” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “Шмидц”  маркасындагы чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.

Аталган мекеменин маалымат кызматынын маалыматына караганда, жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 780 000 сомдук жүзүм табылган. Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 780 000 сомду түзөт.

Бул учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз 47 тонна кездеме кармалган

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Чалдовар автожолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 1,6 млн сомго 26,1 тонна түрмөктөлгөн кездеме жана 1 млн сомго жакын суммадагы 21 тонна жасалма комплекстүү жиптерден кездеме алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалган.

Салык кызматынын маалыматына караганда, импорттоочуларда электрондук эсеп-фактуранын кагаз көчүрмөсү Казакстан Республикасынын салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондой эле СТ1 формасындагы товарлардын келип чыгуу сертификаты жок болгон. Коштоочу кагаздагы тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын көрсөтүлгөн коду товарларды алып коюунун тизмесинде бар, башкача айтканда бул товарлар Казакстандын аймагында сатуу үчүн гана арналган жана ЕАЭБнын башка өлкөлөрүнө алып чыгууга болбойт.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Казакстанга 180 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып бара жаткандар кармалышты

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Ак-Тилек автожолу” контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук текшерүү жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ири мүйүздүү малдарды мыйзамсыз алып келе жаткандарга бөгөт койду. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Атап айтканда, 180 баш ири мүйүздүү малды ташыган машиналар кармалган. Импорттоочулардын салыктык каттоо жөнүндөгү салык органынын маалымкаты жана башка документтери болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

 
Categories

2 892 720 сомдук кургатылган жемиштер жана жаңгактар кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан ОШ шаарында  А.А.Бнын башкаруусундагы “DAF 105” үлгүсүндөгү таранспорт  текшерилген. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы суммасы 2 892 720 сомдук кургатылган өрүк, мейиз, компот аралаштырмасы, тазаланган жаңгак жана өрүктүн данектери табылган.

Айдоочу ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Бул учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Тарыхий баалуулугу бар буюмду алып кетип бара жаткан Кытай жараны кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 14- сентябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортунда “Бишкек –Үрүмчү” каттамы боюнча уча турган жүргүнчүлөрдү бажылык контролдон өткөрүүдө Кытай Эл Республикасынын жараны мыйзамсыз буюмдарды алып кетип баратканда кармалды.

Сары металдан гранулалар (болжолдуу алтын), курулуш гели менен куюлуп табууга кыйындык жаратуу үчүн термостун капкагына жашырылган. Металдан жасалган жаанын огунун учундай буюм, тарыхий жана башка баалуулука ээ болушу мүмкүн. Таштар, тарыхий жана башка баалуулука ээ болушу мүмкүн.

Бул окуя Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 909 400 сомдук кургатылган жемиштер кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында Кыргызстандын жараны Т.Н.Снын башкаруусундагы “МАН 12232” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2640 килограмм мейиз, 490 килограмм кургатылган өрүк жана 3840 килограмм компот аралаштырмасы табылган. Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 909 400 сомду түзөт. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 
Categories

“Чоң-Капка автожолу” пунктунан 47,2 млн сомдук конрабандалык товар кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Чоң-Капка автожолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 47,2 млн сом суммасында 2 даана генератор үчүн системаны (СТС-РЭМ) алып келе жаткан 2 машинаны кармашты. Импорттоочуларда коштомо кагаз жана товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы маалымдады

Ошол эле өткөрмө пунктунан 120 кубметр жыгач материалдарын ташып кирүү учуру аныкталып, текшерүү учурунда иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр менен эсеп-фактурадагы маалыматтардын дал келбегендиги  белгилүү болду. “Ак-Тилек автожолу” контролдук-өткөрмө пунктунан салык органынын каттоо жөнүндө мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 80 миң суу түтүктөрүн алып келе жаткан авто унаалар кармалган.

Бул боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

 
Categories

19 663 200 сомдук кальян тамекиси кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан  “Дордой” базарынын аймагында жайгашкан “А.Т.К” кампасында «Serbetli» маркасындагы 11200 килограмм кальян тамекиси жана «Fumari» маркасындагы 1200 килограмм кальян тамекиси табылган. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

19 663 200 сомдук кальян тамекиси кармалды

Соода – өнөр жай палатасынын берген корутундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 19 663 200 сомду түзөт. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Мыйзамсыз ташылган 70 млн. сомдук тамеки блоктору кармалды

????????????????????????????????????

УКМК тарабынан өткөзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.И. аттуу жарандын башкаруусундагы «Mercedes Sprinter» маркасындагы автоунаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган авто унааны текшерүүдө 79 кутудан турган акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы тамеки блоктору табылып алынды. Табылып алынган тамеки заттары Кыргызстандын жараны А.Б. таандык болгон.

Ал мамлекеттик бажы кызматынын жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары менен жең учу менен сүйлөшүп алып, жакынкы чет мамлекеттерге, алардын арасында Орусия жана Казахстан өлкөлөрүнүн аймагына мыйзамсыз жолдор менен ташып, сатып  турган. Бишкек шаарындагы жайгашкан сактоочу кампасын тинтүү учурунда акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы 5000 миң куту тамеки табылды.

Алдын ала маалымат боюнча кармалып табылып алынган товарлардын баасы болжол менен 70 млн. сомдон (1 000 000 АКШ доллардан ашык) ашык сумманы түзүп, жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 24 млн. сомдон ашык каражат түшпөй калган.

Бул учур боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-п. (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда А.Б. жашаган жерин аныктоо жана ошондой эле табылып алынган тамекилердин жалпы баасы жана башка төлөөчү жерлерге жана баажы кызматтарына төлөнбөгөн чыгымдардын баасы аныктоо иштери жүрүп жатат.