Categories

УЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮ

УЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮУЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮУЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮ

Дал ушул көз жоосун алган көркөм кийимдердин баардыгы алтын колдуу уз айым Ноорузбү Бекмурат кызынын  эмгегине таандык. Ал үч жылдан бери бир канча аялзатынын башын бириктирген «Нооруз этно» тигүү цехин  жетектеп келет. Айтымында өлкөнүн улуттук баалуулуктарына жан дүйнөсу жакын болуп калуусуна анын өзүнө энчиленген атынын да таасири чоң.

УЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮ

Ноорузбү Бекмурат кызы бала чагы айтылуу Талас жергесинин Түйтө айылында өткөн. Ал кичинесинде  шок кыз болгондугун, узчулукка анчейин маани бербегендигин а бирок ошол эле маалда бул кесипти аркалап калуусу жараткан берген канынан келген улуу касиет деп билет. Себеби, энеси Жаңылбүбү Бектурсунова  коолунан көөрү төгүлгөн уз айым болгон.          УЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮ

Ноорузбүнун  жасап жаткан адеми  буюмдары андагы саймаларга берилеген ар кыл формалары, тээ чоң энелерден бери келе жаткан  мазмуну терең сайма көчөттөрү бүгүн да көөнөрбөй, жаштар арасына таралып жатканынан, калк арасында  чыныгы уз, ашкере таланттуулар арбын экендигинен кабар берет. Бүгүнкү күндө этно стилге басым жасаган жарандар көп, а бирок санжыргалуу саймачылыкты өркүндөтүп, анын келип чыгышына маани-маңызына, саймалар саркечтелип сайылчу ордуна кылдаттык кыла билгендер санаалуу гана. Алардын бири Ноорузбү Бекмурат кызы . Жаш болсо да, эне жолун улай, саймалдарды аздектеп бүгүнкү күндө бир гана туш кийиз, көйнөк-кечелерге эмес, баш кийимдерге да ар кыл саймаларды сайып кооздоп келет.

УЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮУЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮ

Мындан сырткары «Нооруз этно» ишканасында  заманбап кийимдин ар кыл түрлөрү, кыз узатуу, үлпөт тойлорго, ар кыл кечелерге арналган этно стилдеги көйнөктөр, эне жана кызга арналган кыргыз кийимдер,  саймаланган элечектин бир канча турлөрү тигилет. Баардыгы колго бычылып, тигилип, шөкөөтөөлөт.

УЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮУЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮУЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮ

Ноорузбү Бекмурат кызы кесиби боюнча эколог. А бирок жан дүйнөсү узчулукка ыктагандыктан ал кесипти аркалаган эмес. Айтымында жашоодо кайра-кайра кесип тандоо мүмкүнчүлугү болсо да, дал ушул узчулуктан танмак эмес. Себеби, көргөн көздүн карек отун чачыратып, элибиздин үрп-адатын, салт-санаасын чагылдырган не бир сонун кооздуктарды жаратуу Ноорузбү айым үчун чоң сыймык. Кезинде бир канча ирет кыйналып, узчулуктан баш тарууну ойлогон күндө да улуттун улуу мурасын таштоого дити барбаганын айтат.

УЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮ

Учурда Ноорузбу Бекмурат кызынын кылган эмгектери өлкө ичинде гана эмес чет элдерде чоң суроо-талпка ээ. Уз айымдын кол эмгектери буга чейин бир канча көргөзмөлөргө, кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга татыган.

УЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮУЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮУЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮ

Учурда бүтүндөй бир ишкананы  жетектеп келе жаткан  Ноорузбу Бекмурат кызы бир гана жеке  ишкер эмес, кыргыздын салт-санаасын, үрп –адатын бийик койгон патриот аялзаты. Ошол эле маалда жолдошуна сүйүктүү жар жана балдарына мээримдүү эне.

УЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮ

УЗЧУЛУКТУН УЧУГУН УЛАГАН НООРУЗБҮ

 
Categories

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Сталбек Акматов Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Таш-Төбө айлынын кулуну. Бала чагы дал ушул тоолуу аймактын арчаларын аралап, жаратылыштын кооздугуна арбалып өткөн. Ошол ажайып аалам болчокто бүткүл зергерлердин башын бириктире турган инсанга өзгөчө шык, эргүү тартуулаган.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Сталбек мырза кесиби боюнча юрист бирок, устачылыктын улуу жолун тандап алганына быйыл 31 жылдын жүзү толот. «Көрө-көрө көсөм болот, суйлөй-сүйлөй чечен болот»- демекчи, каарманым алгачкы иш жолун балуу металлдарды алып –сатуу менен баштаган. Бара-бара зер буюмдарды жасоого өткөн. Убагында нечен кырдан аша албай кыйналганын, а бирок ошол өкүнүч толгон сыноолор зергерди улам чыйралтып, ийгиликке жетүүсүнө чоң түрткү берген. Бүгүнкү күндө ал бир гана «Кыргыз зергер» жеке менчик ишканасын жетектебестен, бүткүл зергерлердин башын бириктирген уюм түзүп, КРдагы зергерлер жана ишкерлер союзун да жетектептеп келет. Бул эмгектери кезинде экономика министрлигинин ардак грамотасына жана медалына татыган.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Зергерчилик фарсы тилинен келип чыккан. Ал кыргыз тилине которгондо «зер»  алтын, «гер» керектөөчү дегенди түшүндүрөт. Мындайча айтканда алтынды керектөөчү. Бул кесип байыртадан келе жаткан улуу жолдордун бири. Тарых барактарына көз чаптыра турган болсок, зергерлер өз алдынча устаканада узануудан сырткары, хандардын, колунда бар бай манаптардын үйлөрүн да шөкөттөшкөнү жазылат. Зергерчиликтин негизги материалдары темир, алтын, күмүш, жез ж. б. металлдар болгон. Алар жашытуу, эритүү, сыя төгүү,  чапкылоо,  тордоо, тогуз тоболоо, кертүү, согуу, эшүү жана башка ыкмалар менен устачылык кылышкан.  Зергерчилик өтө майда жумуш болгондуктан адамды сабырдуулукка, чыдамкайлыкка, токтоолукка, ошол эле учурда ой чабытын өстүрүүгө жардам берет. Зергерлер жөн гана устачылык кылышпастан бир эле учурда сурөтчү да болуусу шарт.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Дал ушундай адамдагы улуу сапаттарга ээ усталар иштеген «Кыргыз зергер»  ишканасында улуттун маданиятын чагылдырган оюу-чийимдерден тарта, этно жана  заманбап стилдеги буюм- тайымдар жасалат. ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Зер буюмдарды жасоодо усталар алгач китептерден керектүү делген буюмдун үлгүсүн тандап алышат. Андан соң гана аны жасоого киришишет. Тандалып алдынган үлгү кадимки эле компьютердин жардамы аркылуу кагаз бетине көчүрүлүп алынат. Эгерде кардарлар китептен сырткары буйрутма бере турган болсо,  зерегерлер коюлган талапты эске алуу менен сүрөт тартууга киришишет.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Үлгүнүн негизинде керектелүүчү күмүш тандалып алынат да, аны эритүү аракеттери көрүлө баштайт.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Эритилген күмүш атайын калыпка куюлат да, кайрадан аппараттын жардамы менен  жалпак формага келтирилет. Андан соң күмүштун бетине жогоруда чыгарып алган даяр үлгүнү желимдин жардамы аркылуу жармаштыруу кажет. Уста ошол үлгүнүн негизинде керектүү делген бөлүгүн кесип алат.  Кесүү үчүн атайын металл кесүүсү ара колдонулат.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Кийин чекесине керектүү делген кооздуктар шөкөөтүлөлүп ширетилет да сыртын тазалап өгөлөө процесстери башталат. Соңунда гана кайнак сууда тазалоо аракеттери көрүлөт.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Дал ушундай мээнетти талап кылган ажайып көркөм буюмдардын организмге тийгизген тааасири да жогору. Сиздер билесиздерби, ар бир кишинин организминде 10 микрограммга жакын алтын болот. Анын жарымы сөөктөрдүн курамына туура келип, алардын ийкемдүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет. А бирок, организмдин күнүнө канча көлөмдө алтын керектээрин окумуштуулар ушул күнгө чейин иликтей албай келишет. Дарыгерлер алтын адамды  депрессиядан чыгарып,  стресстин алдын алат деп келишет. Ал эми  күмүш болсо организмде мээнин, сөөк ткандарынын, кандын курамы үчүн маанилүү элемент дешет. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча адам бир суткалык рационунда 88 мг күмүш ионун кабыл алышы шарт. Ал үчүн жогоруда айтылган металлдардан жасалган буюмдарды тагынуу сунушталып келет.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Өлкө ичинде Сталбек Акматов өңдүү өз арабасын өзү тартып, өлкө экономикасын өргө карай сүйрөгөндөр арбын. А бирок айрым ишкерлер  зергерлерге салынган кошумча нарк салыгын жогорулугунан улам, көмүскөдө иш алып барууга мажбур. Анан да мамлекет алтын, күмүшкө бай болгону менен аны зергерлер сатып алып иштете алышпайт. Тагыраагы мыйзам жол бербейт дешет. Усталар көбүн эсе иштелип чыккан же жарым жартылай жасалган  алтын күмүштү Туркия, Россия өңдүү мамлекеттерден импорттого мажбур.  Мындан улам Кыргызстанда зергерчиликте 600дөй компания иш алып бара турган болсо  алардын 50дөйү гана зер буюмдарын иштеп чыгат калган 550сү алып-сатуу менен гана алектенет.

Дал ушундай катаал шартка карабастан иш алып барып келе жаткан каарманымдын кол алдында бир нече адамдар нан таап иштеп келет. Андан сырткары үйрөнүүнү каалган жарандар үчүн да ишкананын эшиги ачык.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

 
Categories

ӨЛКӨДӨ ТАШТАН БУЮМ ЖАСАГАН ИШКАНА АЧЫЛДЫ

 

Ааламдын ажайып кооздугун өзгөчө анда орун алган таштарын аздектеп, таштан буюм жасаган инсанды көрдүңүз беле? Курбан Исмалиов устачылыктын бул түрүн колго алып, үй буюмдарынын баардык түрлөрүн иштеп чыгарат. Баардыгы табигый таштардан эч кандай кошулмасыз болгондуктан ден соолукка пайдалуу келип, адамдагы терс энергияны тартып алуу касиетине ээ.

 
Categories

Сыртка чыга албаган 74 жаштагы актёр макарон менен сүрөт тарта баштады

Түркиялык белгилүү актёр Эмин Олжай карантинге байланыштуу сыртка чыга албагандыктан, үйүндө отуруп, макарон менен сүрөт тарта баштады. Ал 74 жашта.

“Макарон искусствосу” менен алектенип жаткан актёрго жубайы Хаят Олжай дагы жардам берип жатат.

Эске салсак, Түркияда пандемиянын жайылышына каршы күрөшүү үчүн 65 жаштан жогорку жарандардын көчөгө чыгуусуна тыюу салынган.

 

 

 
Categories

Бишкек шаарында тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтөт

Бишкекте 7-ноябрдан  16-ноябрга чейин Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтөт. Анын алкагында КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда мода жумалыгы жана жогорку деңгээлдеги форум өтөт. Бул текстиль-тигүүчүлүк өнөр жайы тармагынын өнүгүүсүнө арналган Кыргызстандагы биринчи масштабдуу иш-чара болуп саналат. Бул туралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 жумалыгынын алкагында Кожомкул атындагы спорт ордосунда 7нен 11-ноябрга чейин жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн тигүүчүлүк өндүрүштөрүнүн жарманкеси өтөт. Кыргызстандын компаниялары өздөрү чыгарган кийимдерди, бут кийимдерди, аксессуарларды жана кездемелерди тартуулашат.

13нөн 16-ноябрга чейин “Жаннат” мейманканасында мода жумалыгы өтөт. Анын алкагында “The Next Fashion” аталышындагы жаш дизайнерлердин сынагы өтөт, андан сырткары “Fashion Brand” өндүрүш компанияларынын сынагы өткөрүлөт. Ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын дизайнерлеринин “Алтын тоос” сынагы өтөт.

13нөн 14-ноябрга чейин “Жаннат” мейманканасында текстиль-тигүүчүлүк тармагынын өнүгүшүнө арналган тегерек үстөлдөр өткөрүлөт.

Тегерек үстөлдөрдүн жүрүшүндө чыгарылган жыйынтыктар жана сунуштар премьер-министрдин катышуусунда өтө турган “КРнын текстиль-тигүүчүлүк өндүрүшүнүн имиджин жана улуттук маанисин жогорулатуу үчүн жакшы шарттарды түзүү” аталышындагы жогорку деңгээлдеги форумда 16-ноябрда тартууланат.

Иш-чараны КРнын өкмөтү, “Легпром” КРнын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы, фешн дизайнерлердин ассоциациясы, “Дайры” коомдук фонду, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана бир катар уюмдар уюштурууда.