Categories

КОҢШУ ӨЛКӨДӨН КӨМӨК

Кытай Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардам бергенин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Өлкөгө бир жолу колдонулуучу медициналык коргоочу кийимдер, хирургиялык резина кол каптар, медициналык бет каптар, көз айнектер, бахилалар, халаттар, өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттары жана ПЧР-анализ жүргүзгөн аппарат тапшырылган.

Жардамдын жалпы суммасы 63 миллион сомду түзгөн. Министр Алымкадыр Бейшеналиев кытай өкмөтүнүн COVID-19 менен күрөшүүдө өлкөгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле коңшу мамлекеттер ортосундагы достук мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө ишеним артканы айтылды.

 
Categories

ТАШИЕВ ЧАГЫМГА АЛДЫРБООГО ЧАКЫРДЫ

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө жооп кайтарып, чагымга алдырбоого чакырды.

1-апрелде ал “Фейсбук” аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, “Тажикстандык аксакал Хамрохон Зарифи мамлекеттик чек ара маселеси боюнча мен тууралуу өзүнүн таарынычын жазыптыр. Мен ачыктык киргизгим келет. Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын жетекчиси катары мен эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн көзүнчө кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке Ворух анклавы боюнча биздин сунуштарыбызды бердим. Андан башка биздин жакын коңшу өлкөнүн дарегине бир да сөз айтканым жок. Эмне үчүн анда Хамрохон аксакал пикирин абдан терс билдирип, каршылык мамилесин көрсөтүүдө? Балким менин өлкөмдүн кызыкчылыктарын чагылдырбаган сунуштарга макул болбогонум үчүндүр?” деп жазды.

Тажикстандын мурдагы ТИМ башчысы Хамрохон Зарифи 30-мартта “Фейсбукка” “Ворух жери Тажикстандын аймагы” деген билдирүүсүн жарыялап, Ворух тарыхый документтер жана саясий, географиялык карталар боюнча анклав болбогонун билдирген.

 
Categories

ӨКМӨТ БАШЧЫ «ЯШНАБАД» ТЕХНОПАРКЫНА БАРДЫ

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына жана «IT-Паркка» барды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Марипов жана Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов көргөзмө залдарын кыдырып, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукциялар коюлган күркөлөрдү жана өндүрүштүк цехтерди көрүп чыгышты.

Ал жерден делегация мүчөлөрү газ эсептегичтерин, өнөр жай кондиционерлерин жана муздатуу тутумдарын, суу насосторун, лифт жана эскалаторлорду чыгаруучу алты жогорку технологиялык завод менен таанышты.

Аталган технопарк жогорку технологиялык өндүрүштү түзүүгө, экспортко жана импортту алмаштырууга багыт алган өндүрүштүк ишканалар тобун түзөт. Өкмөт башчы Улукбек Марипов «Яшнабад» технопаркындагы өнөр жай өндүрүшүнүн жогорку натыйжаларын белгилеп, мындан ары карай ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады.

 
Categories

ТАШИЕВ ӨЗБЕКСТАНДА

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация кылынчу тилкелер боюнча маселени талкуулоо үчүн Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өзбек тараптан делегацияны өлкө премьер-министри Абдулла Арипов жетектеп, тараптар 24-25-март күндөрү жыйын өткөрөт.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында чек арадагы маселени аягына чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр болгон.

 

 
Categories

ЖАПАРОВ КАЗАКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2-мартта Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, алар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашкан.

Аскар Мамин боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, мамлекеттердин өз ара экономикалык пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Жапаров 2020-жылы таажылуу вирус пандемиясы маалында Казакстан мамлекети биринчилерден болуп кол сунуп, чоң колдоо көрсөтүп, эмгек мигранттарынын мекенине кайтып келүүсүнө “жашыл коридорлорду” түзүп бергендиги үчүн коңшу өлкөнүн өкмөтүнө кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирген.

Мамлекет башчы Казакстандын жогорку жетекчилиги эки элдин ортосундагы биримдикти жана тыгыз карым-катнашты чыңдоого зор салым кошуп жаткандыгын белгилеген.

 
Categories

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ФОНДУ ТҮЗҮЛӨТ

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн эки тараптуу жолугушууда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык талкууланды. Ушул жылдын 25-декабрына чейин биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чечим кабыл алынды. Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды. Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле буга чейин кол коюлган «Каржылык кызматташтык жөнүндө» макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү, бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюлду.

 
Categories

“КАРКЫРА” БЕКЕТИ ЖАБЫЛДЫ

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра”чек ара бекети 30-ноябрь күнү саат 18:00дөн тартып 1-мартка чейин жабылды. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады. Тараптар чек ара бекетинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында анын ишин убактылуу токтотууну чечкен. “Каркыра” чек ара бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында жайгашкан.

 
Categories

КАЗАКБАЕВ ТАЛАШ ТИЛКЕЛЕРДИ ТАКТООНУ ТЕЗДЕТҮҮНҮ ӨТҮНДҮ

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода 19-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Жолугушууда Руслан Казакбаев Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы маселелерди чечүүгө кызыкдар экенин белгилеп, кыргыз-тажик чек арасындагы талаш тилкелерди тактоону эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн делегацияларынын деңгээлинде тездетүүнү өтүндү. Тараптар өкмөттөр, министрликтер жана облус-шаар жетекчилеринин деңгээлинде байланыштарды жандантуу темасын козгошту. Кохир Расулзода соода-алака, товарларды ташуу шарттарын жаратуу, эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук-транзиттик потенциалы жөнүндө кеп кылды. Тажикстанда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри 19-ноябрда тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулаган. Анда тараптар чек ара маселелери боюнча өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги 17-жыйынын 2021-жылы Бишкек шаарында өткөрүүнү пландашты.

 
Categories

КОҢШУ ӨЛКӨ КЫРГЫЗСТАНГА КӨМӨК КӨРСӨТТҮ

Өзбекстан Кыргызстанга азык-түлүк жардамын жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, таажылуу вируска каршы күрөшкө жардам иретинде 3 000 тонна буудай темир жол менен жөнөтүлгөн. 17-ноябрда аны кыргыз тарап Ош шаарындагы станциядан тосуп алды. Мындан тышкары, жакынкы арада Өзбекстан Бишкекте жана Баткендин Кадамжай районунда 400 орундук жугуштуу илдеттер ооруканасын куруу үчүн модулдук курулуш конструкцияларын жөнөтөрүн билдирди. Эки өлкө буга чейин да бири-бирине гуманитардык жардам көрсөтүп келген.

 
Categories

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫ

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай эл республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен 16-ноябрда телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу сырткы саясат мекемеси кабарлады. Министрлер кыргыз-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, мурдараак жетишилген келишимдерди аткаруу маселелерин кеп кылышты. Кыргыз-кытай тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө-бекеттерин толук кандуу жандантуу темасын да талкуулашты. Кыргызстандын сырткы саясат мекемесинин жетекчиси кесиптешин макроэкономикалык жана коронавирустук жагдайда Кыргызстандын Кытайга болгон карызына жеңилдетүүгө көмөк кылуусун өтүндү. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мындан ары да Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба азыктарын алып кетүүгө жана кыргыз көмүрүн Шинжаң-Уйгур автоном облусуна ташууга Кытай тарап кызыкдар экенин билдирди.