Categories

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан ЖККУнун дараметин арттыруу үчүн күч-аракетин жумшайт

Сооронбай Жээнбеков: «Кыргызстан Уюмдун дараметин жана ЖККУнун эл аралык аброюн мындан ары арттыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деди, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясында.

Сооронбай Жээнбеков ЖККУга натыйжалуу төрагалыгы үчүн казак тарапка, ошондой эле жолугушууну уюштурганы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн Президент  Нурсултан Назарбаевге ыраазылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков: «Тар курамда биз регионалдык жана эл аралык коопсуздуктун олуттуу проблемаларына тийиштүү бир катар маанилүү маселелерди талкууладык. Бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары боюнча келерди сессиялар аралык мезгилде ЖККУга төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт. Ушуга байланыштуу Уюмдун дараметин жана ЖККУнун эл аралык аброюн мындан ары арттыруу үчүн кыргыз тарап бардык  күч-аракетин жумшайт деп ишендиргим келет. Ошону менен бирге террористтик коркунуч сакталууда, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн көлөмү, мыйзамсыз миграция, кибермейкиндиктеги кылмыштар азайган жок. Ушунун баары Уюмга мүчө мамлекеттердин активдүү өз ара аракеттенишүүсүн улантуу зарылдыгын талап кылууда. Ушул контекстте мындан аркы жамааттык аракеттерди өтө олуттуу проблемалардын айланасына багыттоо керек. Биздин төрагалыгыбыздын артыкчылыктары мына ушундан келип чыгат», — деди.

Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык саясаттагы арсардыктын өсүшү, дүйнөдө, өзгөчө Жакынкы Чыгышта жана Афганистанда чыңалуу зоналарынын сакталышы регионалдык коопсуздукка терс таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.

 
Categories

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Астана шаарына иш сапар менен учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарына иш сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына тар жана кеңири курамда катышат. Сессиянын аягында жыйынтыктоочу документтерге кол коюлат.

 
Categories

Ташкентте “коопсуз шаар” долбоорун Англиялык компания ишке ашырат

Өзбекстандын борбору Ташкентте “коопсуз шаар” комплексин ишке ашыруу боюнча компаниялардын арасында өткөрүлгөн тендерге – Германия, Израил, Англия, Орусия, Кытай мамлекеттеринин компаниялары катышып, жыйынтыгында эл аралык рынокто 160 жылдан ашык мезгилден бери кызмат көрсөтүп келген, 168 миңден ашык киши иштеген? башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан, Ангилиялык «PWC – Прайсвотерхаус Куперс Консультирование» компаниясы жеңүүчү деп таанылды.

Ошентип, Өзбекстанда “Коопсуз шаар” долбоорун кылым карыткан тарыхы бар тажрыйбалуу компания иш алып барат.

Ал эми бизде бир канча жылдан бери ушундай долбоорду ишке ашыра албай, өткөрүлгөн тендерлерде болсо тажрыйбасы жок “бир күндүк” күмөндүү фирмалар тандалып чыккан көрүнүшөргө күбө болуп келебиз…

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Душанбе шаарына учуп келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп келди.

Аэропортто Мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимов тосуп алды.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынында уюмдун азыркы ишмердигинин маселелери, ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусунун келечеги талкууланат.

Саммиттин алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуу болжолдонууда.

 
Categories

Орусиянын калкы жарым жылда 100 миндей азайды

Орусия калкынын саны  2018-жылдын январь-июль айларында 91 миң 900 кишиге кыскарган. Бул тууралуу Росстаттын “Орусиянын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө” журналында айтылат.

Ошол эле маалда миграциялык өсүштү эске албаганда, калктын саны 170 миң 500 кишиге азайган.

Мындан тышкары 2018-жылдын жети айында төрөт көрсөткүчтөрү начарлап кеткен.

Орусия Статистика кызматы экинчи жарым жылдыкта да ушундай динамика сакталса, Орусия үчүн 2018 соңку тогуз жылдан бери биринчи жолу калктын саны кемиген жыл болуп каларын белгилейт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”