Categories

БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИНЕ ӨКМӨТ 700 МЛН. СОМ БӨЛДҮ

Тажикстандын агрессиялык аракеттеринен улам кыйраган Баткен облусундагы айылдарды калыбына келтирүү иштерине 700 млн. сом бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусунун Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын 500 млн. сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат. Ал эми калган 200 млн. сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат.

“Учурда келтирилген зыян көлөмүн баалоо боюнча атайы комиссия иш алып барууда, анын ишинин жыйынтыгы боюнча биз калыбына келтирүү ишинин активдүү фазасына киришебиз”, – деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Атап айтканда, Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында типтүү жалпы билим берүү мекемелери курулат, Максат айылында өрттөнүп кеткен мектеп калыбына келтирилип, бала бакча курулат, ошондой эле Кулунду айылында мектепке чейинки балдар мекемеси курулат.

Мындан тышкары, бөлүнгөн каражаттар жаңы жолдорду курууга жана Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Кок-Таш – Ак-Сай –Тамдык жолдорун оңдоого жумшалып, Ак-Сай – Рават, Кулунду – Максат – Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.

 
Categories

МУНАЙ ЗАТТАРЫН ЭКСПОРТТООГО ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Улукбек Марипов ички рынокто мунай жана мунай затынын баасын турукташтыруу максатында кол койгон.

Мамлекеттик Бажы кызматына, Мамлекеттик чек ара кызматына, Финполго, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине мунайды жана мунай заттарын мыйзамсыз ташыгандарга бөгөт коюу тапшырмалары берилген. Аталган чечим кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирди.

 
Categories

МАМОРГАНДАРДЫН ТУТУМУН РЕФОРМАЛОО

Өкмөт мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды күтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Учурда премьер-министрдин ушул жылдын 6-ноябрдагы буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы тарабынан мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп жана талдап чыгуу боюнча иштер улантылууда. Өкмөт жарандык коом өкүлдөрүн, бизнес-коомчулукту жана көз карандысыз эксперттерди мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча өз сунуштарын берүүгө чакырат. Сунуштарды (0-312) 96-01-73 же 96-01-76 номурлары аркылуу берсе болот.

 
Categories

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Ж. Абдраимов дайындалды

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Жарасул Абдраимов активдерге  вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров тааныштырды.

«Жарасул Абдураимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалсын деп өкмөттүн буйругу чыккан», – деди Сабиров.

Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчөдө туулган. Буга чейин ал ишкер, “Ишеним” партиясынын Саясий кеңешинин төрагасы, Нанотехнологиялар институтунун башчысы, футзал федерациясынын президенти, өкмөттү реформалоо боюнча атаандаш долбоордун автору катары да маалым

 
Categories

Мэр кызматынан бошотулду

Каниметов Адыл Жанкорозович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Бул чечим «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кабыл алынды.

 
Categories

Премьер-министр маалымат катчысын дайындады

Дюшекеев Дастан Станбекович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин маалымат катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды.

 
Categories

Саясатчылар элди ойлойбу?..

Соңку күндөрү өлкөбүздө саясат жогорку чыңалууда турат.
Парламенттик шайлоону ыплас мыйзам бузуулар менен өткөргөн бийлик эл тарабынан жарым жартылай жазаланды.
Мындай дегеним президент Сооронбай Жээнбеков Акүйдөн куулганы менен дачасына жашынып иштеп жатат.
Өлкөбүздөгү кырдаал турукташып, баары мыйзам талаасына түшкөндө кызматымдан кетем деген президентти айрым саясатчылар менен жакын адамдары айткан сөзүнөн кайтууга үндөп жатат.
Эгер андай болсо анын кесепети канчалык кайгылуу жана өкүнүчтүү болоорун президент сезбей жатса анда чын эле абдан кейиштүү.
Кечээ Канат Исаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлоого жетишкен президент жана анын жан жөкөрлөрү кайра күчтөнүп баштадык дешсе чоң жаңылышат.
Парламенттен премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаровго жарлык чыгаруудан баш тартып, артка кайтаруусу чоң чырдын башталышына жол ачпаса болду.
Анткен менен президенттин антип артка кайтарууга укугу жок. Баш мыйзамда андай норма каралбаган.
Баш мыйзамда президент дайындайт же дайындабайт деген эле так эреже бар.
Үч күн ичинде президент кол койбосо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелип өкмөт иштей берет.
Демек Садыр Жапаровдун өкмөтү мыйзамга ылайык ишке киришти.
Демек президент жаңы эреже тапты.
Ушундан улам президент кырдаалды турукташтырмак түгүл кайра курчутууга жол ачты.
Өкүнүчтүү…
Анткени элдин маанайы такыр башка.
Жээнбековдун эл арасындагы кадыр баркы төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.
Демек анын мындан ары өлкөнү башкарууга такыр моралдык укугу калбады.
Ал азыр жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп коюуп кетем деген ойго келди.
Өткөн парламенттик шайлоону дал ушул президент таза, ачык өткөрө албай шерменде болдуго.
Анан эми кантип кайра шайлоо өткөрүүгө укуктуу болмок.
Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан борбордук аянтка чогулууда.
Кайрадан кооптуу абал жаралууда.
Саясатчылар бир пикирге келип, бардык саясий оюндарды токтотпосоңор болбойт.
Элди кыйнабагыла!
Элдин жашоосун, өлкөнүн экономикалык абалын ойлонгула!
Ансыз да көйгөйлөр өтө көп…

 
Categories

Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан премьер-министр болуп бекитилген Садыр Жапаров Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 12-октябрда билдиргендей,  Өлкө ири саясий жана экономикалык реформалардын алдында турат деп билдирди С.Жапаров.

“Өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн стабилдүүлүктү сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар кадимкидей иштеши керек. Биздин алдыбызда турган милдеттер, анын ичинде мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана ишкердикти колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу кыска убакыттын ичинде чечилиши керек », – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде:

– күз-кыш мезгилинин туруктуу өтүшүн камсыз кылуу;

– коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү;

– бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууну уюштуруу;

– донордук уюмдар менен жолугушуу өткөрүү;

– социалдык төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу;

– салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;

– коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.
Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү

 
Categories

Туруктуулук саясатчыларга керек эместей

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин толкундоолору менен учурдагы бийлик дээрлик кыйратылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков элден бекинип, жашынып иш алып барууга аргасыз болду.
Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов дароо эле арызын жазып берип, кызматын таштай качты.
Эгерде Кубатбек Бороновдо кадыр барк, мекенчилдик сезими болгондо жөн эле кетип калбай, тескерисинче демилгени колго алып нааразы болгон элге чыгып, партия лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк.
Ага Бороновдун духу жеткен жок.
Андыктан элдин толкуну Садыр Жапаровду Өкмөт башчылыкка алып келди.
Жогорку Кеңештин депутаттары ары кетип, бери кетип жатып акыры Жапаровду премьер-министрликке бекитти.
Анткен менен Садыр Жапаровдун премьер-министрликке бекилишин бир катар саясатчылар, айрым депутаттар легитимсиз, мыйзамсыз деп чыгышууда.
Анткени сессияда жетиштүү кворум болгон жок деп чыр салышууда.
Таң калыштуусу ошол депутаттар неге элдин, мамлекеттин тагдыры чечилип жатканда сессияга барышпай койду.
Себеби аларга элдин, өлкөнүн тагдыры эмес жеке кызыкчылык, мансап зарыл болуп турат.
Абдан өкүнүчтүү!
Эгерде ошол чычалаган саясатчылар чындап эле мсмлекеттибиздеги туруктуулукту каалашса унчукпай демин ичине басып тынчтануулары керек.
Антпесе ызы чуулар дагы да токтобой улана берсе мамлектүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучу жаралат.
Андыктан ынтымакка келип, жаңы шайлоого даярданып, толук кандуу ишенимдүү бийликти орнотууга киришели.
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берели.
Азыр ызылдаша турган убак эмес. Экономикалык абалыбыз күндөн күнгө оорлошуп бара жатат.
Таажылуу вирус кайрадан кулачын жайды.
Кылычын көтөрүп кыш келип калды.
Ойлонолу, ойгонолу кыргыз элим!

 
Categories

БАТКЕН: А.Абдрахманов менен Б.Калпаев бир пикирге келишти

Алишер Абдрахманов КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары толук кандуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
Буга чейин 6-7-октябрь күндөрү, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын, убактылуу аркалап турган Бактияр Калпаев ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановду мыйзамдуу облус башчысы катары тааный турганын айтып, анын облус башчысы катары ишин улантуусуна каршы эмес экенин билдирди.
Ошондой эле, Калпаев акыркы күндөрү өлкөдөгү орун алган кырдаалга байланыштуу, Баткен облусундагы туруктуулукту камсыз кылууга, мыйзамсыз иш аракеттерге жол бербөөгө чоң жоопкерчилик менен карап, болгон күч аракетин жумшаганын билдирди.
Алишер Абдрахманов, Бактияр Калпаевдин кабыл алган чечими, анын мыйзамды сыйлагандык жана кырдаалды туура түшүнүү менен жасаган аракет катары баалады.
Алишер Абдрахманов менен Бактияр Калпаев облустагы коомдук коопсуздук жана облустун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири сүйлөшүп, бир бирине жакшылыктарды каалоо менен, алдыда аймакты өнүктүрүүдө жасаган иш аракеттерине колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

БАТКЕН: А.Абдрахманов менен Б.Калпаев бир пикирге келишти