Categories

УРАН КЕНИН КАЗУУГА УРУКСАТ БЕРИЛБЕЙТ

Уран жана торий кендерин чалгындоого, казууга уруксат берилбейт. Ал эми талкууга коюлган мыйзам долбоорундагы уран жана торий боюнча пункт алып салынышы да мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады. Министрлик бул боюнча эки негиздеме берген.

Биринчисинде 2019-жылы кабыл алынган “Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзамы күчүндө экенин айткан.

Экинчи жүйөнү талкуудагы документте уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп так жазылган эмес деп келтирген.

Эскерте кетсек, Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-жылдын 3-сентябрында коомдук талкууга “КРдин жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө” мыйзам долбоорун койгон. “Анда уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп так жазылган эмес.

Тагыраагы, үлүшү 100 пайыз мамлекетке таандык компанияга гана, ошондо да экологияга зыян тийгизбей турган жана эл аралык талаптарга жооп берген технология менен иш жүргүзсө уруксат берилиши мүмкүн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда уран кенин иштетүү туурасындагы маселе такыр эле көтөрүлбөй калышы мүмкүн экендиги айтылган.

 
Categories

«КУМТӨР» «ЦЕНТЕРРАГА» ЖООП БЕРДИ

“Кумтөр голд компани” Centerra Gold Inc. компаниясынын “Кумтөрдүн борбордук карьерин суу басып кетти” деген маалыматына жооп кылып, адистердин пикирин жана суу дайыма болуп келгендигин далилдеген фотофактыларды берди. Бул туурасындагы маалымат аталган ишкананын сайтына жарыяланды.

Эске салсак, Centerra Gold Inc. алтын казылган Кумтөр кенинде суу борбордук карьерди басып кеткендиктен, ал рудникке жана анда иштегендерге олуттуу коркунуч жаратууда деген билдирүү тараткан. Бул боюнча компания сүрөттөрдү жарыялап, билдирүүгө видеоматериал да тиркеген.

Centerra компаниясына жооп кылган “Кумтөр голд компани” карьерде суу дайыма эле болуп келген, ал муктаждыктар үчүн колдонулат деген билдирүүсүн таратты. «Кумтөр» ар кыл жылдар аралыгында тартылган сүрөттөрдү тизмектеп, фотофактыларды келтирген.

 
Categories

Т.БӨЛТҮРҮК «КУМТӨРДҮН» СЫРТТАН БАШКАРУУЧУСУ БОЛДУ

«Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтор Голд Компани» ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалганы кабарланды. «Центерра» компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан мүчө Тенгиз Бөлтүрүк кендин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кызматын тапшырганын 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.

Кыргызстандын да, Канаданын да жараны Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматка былтыр декабрда дайындалып быйыл май айында кайра шайланган. Компаниянын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар.

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кенди иштетүү Кыргызстанга убактылуу өтсө, адистер ага даяр экенин айтып, Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки кишинин ысымын атаган.

 
Categories

ЖК: “КУМТӨРДҮ” ТЫШКЫ БАШКАРУУГА АЛУУГА МАКУЛДУК БЕРИЛДИ

Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.

Токтомдун долбоорун 91 депутат бир добуштан колдоп, каршы чыккандар болгон жок.

Кабыл алынган токтомго ылайык, Кумтөр алтын кенин сырттан убактылуу башкарууга өкмөткө укук берилет. Ошондой эле токтомдун дагы бир пункту менен мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы үч айга узартылды.

Учурда жетекчилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңиз Бөлтүрүк жана дагы бир вариант катары Мексикадан келген адис Абыл Сыдыков даярдалып жатканы айтылды.

“Кумтөр Голд” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия үч айда корутундусун чыгарып, бүгүн ЖКнын кезексиз жыйынында талкууланды.

 
Categories

КУМТӨРДӨН КЫРГЫЗСТАН КАНЧА ПАЙДА ТАПТЫ?

Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык “Центерра” компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан. Бул тууралуу «Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссия даярдаган Кумтөр кени тууралуу тасмада айтылат.

Тасма 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында көрсөтүлдү.Жогорку Кеңеш бүгүн Кумтөр боюнча маселени кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулду. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда.

16-майда “Центерра” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады. 12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

 
Categories

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Сталбек Акматов Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Таш-Төбө айлынын кулуну. Бала чагы дал ушул тоолуу аймактын арчаларын аралап, жаратылыштын кооздугуна арбалып өткөн. Ошол ажайып аалам болчокто бүткүл зергерлердин башын бириктире турган инсанга өзгөчө шык, эргүү тартуулаган.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Сталбек мырза кесиби боюнча юрист бирок, устачылыктын улуу жолун тандап алганына быйыл 31 жылдын жүзү толот. «Көрө-көрө көсөм болот, суйлөй-сүйлөй чечен болот»- демекчи, каарманым алгачкы иш жолун балуу металлдарды алып –сатуу менен баштаган. Бара-бара зер буюмдарды жасоого өткөн. Убагында нечен кырдан аша албай кыйналганын, а бирок ошол өкүнүч толгон сыноолор зергерди улам чыйралтып, ийгиликке жетүүсүнө чоң түрткү берген. Бүгүнкү күндө ал бир гана «Кыргыз зергер» жеке менчик ишканасын жетектебестен, бүткүл зергерлердин башын бириктирген уюм түзүп, КРдагы зергерлер жана ишкерлер союзун да жетектептеп келет. Бул эмгектери кезинде экономика министрлигинин ардак грамотасына жана медалына татыган.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Зергерчилик фарсы тилинен келип чыккан. Ал кыргыз тилине которгондо «зер»  алтын, «гер» керектөөчү дегенди түшүндүрөт. Мындайча айтканда алтынды керектөөчү. Бул кесип байыртадан келе жаткан улуу жолдордун бири. Тарых барактарына көз чаптыра турган болсок, зергерлер өз алдынча устаканада узануудан сырткары, хандардын, колунда бар бай манаптардын үйлөрүн да шөкөттөшкөнү жазылат. Зергерчиликтин негизги материалдары темир, алтын, күмүш, жез ж. б. металлдар болгон. Алар жашытуу, эритүү, сыя төгүү,  чапкылоо,  тордоо, тогуз тоболоо, кертүү, согуу, эшүү жана башка ыкмалар менен устачылык кылышкан.  Зергерчилик өтө майда жумуш болгондуктан адамды сабырдуулукка, чыдамкайлыкка, токтоолукка, ошол эле учурда ой чабытын өстүрүүгө жардам берет. Зергерлер жөн гана устачылык кылышпастан бир эле учурда сурөтчү да болуусу шарт.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Дал ушундай адамдагы улуу сапаттарга ээ усталар иштеген «Кыргыз зергер»  ишканасында улуттун маданиятын чагылдырган оюу-чийимдерден тарта, этно жана  заманбап стилдеги буюм- тайымдар жасалат. ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Зер буюмдарды жасоодо усталар алгач китептерден керектүү делген буюмдун үлгүсүн тандап алышат. Андан соң гана аны жасоого киришишет. Тандалып алдынган үлгү кадимки эле компьютердин жардамы аркылуу кагаз бетине көчүрүлүп алынат. Эгерде кардарлар китептен сырткары буйрутма бере турган болсо,  зерегерлер коюлган талапты эске алуу менен сүрөт тартууга киришишет.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Үлгүнүн негизинде керектелүүчү күмүш тандалып алынат да, аны эритүү аракеттери көрүлө баштайт.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Эритилген күмүш атайын калыпка куюлат да, кайрадан аппараттын жардамы менен  жалпак формага келтирилет. Андан соң күмүштун бетине жогоруда чыгарып алган даяр үлгүнү желимдин жардамы аркылуу жармаштыруу кажет. Уста ошол үлгүнүн негизинде керектүү делген бөлүгүн кесип алат.  Кесүү үчүн атайын металл кесүүсү ара колдонулат.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Кийин чекесине керектүү делген кооздуктар шөкөөтүлөлүп ширетилет да сыртын тазалап өгөлөө процесстери башталат. Соңунда гана кайнак сууда тазалоо аракеттери көрүлөт.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Дал ушундай мээнетти талап кылган ажайып көркөм буюмдардын организмге тийгизген тааасири да жогору. Сиздер билесиздерби, ар бир кишинин организминде 10 микрограммга жакын алтын болот. Анын жарымы сөөктөрдүн курамына туура келип, алардын ийкемдүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет. А бирок, организмдин күнүнө канча көлөмдө алтын керектээрин окумуштуулар ушул күнгө чейин иликтей албай келишет. Дарыгерлер алтын адамды  депрессиядан чыгарып,  стресстин алдын алат деп келишет. Ал эми  күмүш болсо организмде мээнин, сөөк ткандарынын, кандын курамы үчүн маанилүү элемент дешет. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча адам бир суткалык рационунда 88 мг күмүш ионун кабыл алышы шарт. Ал үчүн жогоруда айтылган металлдардан жасалган буюмдарды тагынуу сунушталып келет.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Өлкө ичинде Сталбек Акматов өңдүү өз арабасын өзү тартып, өлкө экономикасын өргө карай сүйрөгөндөр арбын. А бирок айрым ишкерлер  зергерлерге салынган кошумча нарк салыгын жогорулугунан улам, көмүскөдө иш алып барууга мажбур. Анан да мамлекет алтын, күмүшкө бай болгону менен аны зергерлер сатып алып иштете алышпайт. Тагыраагы мыйзам жол бербейт дешет. Усталар көбүн эсе иштелип чыккан же жарым жартылай жасалган  алтын күмүштү Туркия, Россия өңдүү мамлекеттерден импорттого мажбур.  Мындан улам Кыргызстанда зергерчиликте 600дөй компания иш алып бара турган болсо  алардын 50дөйү гана зер буюмдарын иштеп чыгат калган 550сү алып-сатуу менен гана алектенет.

Дал ушундай катаал шартка карабастан иш алып барып келе жаткан каарманымдын кол алдында бир нече адамдар нан таап иштеп келет. Андан сырткары үйрөнүүнү каалган жарандар үчүн да ишкананын эшиги ачык.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

 
Categories

Жетим-Тоо, жетим ушак

Акыркы убактарда Жетим -Тоого байланыштуу укмуштуудай ушак айыңдар желдей тарап жатыр.
Айрыкча президенттик шайлоого катышып жатышткан айрым талапкерлер шайлоодогу негизги талапкердин дарегине кара көө жабуу максатында ыплас ыкмаларды пайдаланышууда.
Дүйнөдөгү эң ири темир кору катталган он кен байлыктардын бири болгон Жетим-Тоону азыркы бийликтегилер тышкы карзлы жабуу үчүн Кытайга берет экен деген негизсиз ушак таратышууда.
Анын баары жалган экендигин Өкмөттүн вице-премьер-министри Максат Мамытканов бүгүнкү атайын маалымат жыйында так кесе айтты.
Анын айтымында Жетим-Тоо кенин иштетүү боюунча өкмөт өзүнчө иш алып барып жаткандыгын, ага ылайык ачык акционердик коом түзүлөөрүн, ал мамилекеттик ишкана болоорун белгиледи.
Мындай болгон учурда аталган ишкананын ишмердиги коомчулукка ачык айкын жүргүзүлөөрүн билдирди.
Учурдагы бийликтин башкы максаты калкка жаңы жумуш орундарын түзү менен бирге аталган кенди өлкөнүн экономикасын жакшыртуу багытында пайдалануу экендигин да баса белгиледи Мамытканов.
Ушундан улам бүгүнкү бийликтин дарегине ар кандай арам ыкмалар аркылуу апыртылган ушак айыңдарлы таратуу жеткен наадандык болуп жаткандыгы жан
кейитет.
Калың эл азыркы бийликтин коррупция менен астейдил күрөшүп жаткандыгын, уюушкан кылмыштуу топтордун жок кылынып жатышын кош колдоп кубаттап жатат.
Андыктан ар кандай арык аттап, суу кечпеген , ойдон чыгарылган ушак айың, каралоолорго эл ишенбейт!
Элибиз ач кыйкырык, куру саясаттан чарчап, эртеңки күнгө зор үмүт артып турат.