Categories

1,8 МЛН. ДОЛЛАР ЖЕТПЕЙТ. АЖЫЛЫККА ЧОГУЛГАН АКЧА

Мусулмандар дин башкармалыгында түзүлгөн атайын комиссия былтыр ажылык сапар үчүн чогулган акчаны ийне-жибине чейин эсептеп чыкты. Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиевдин колу коюлуп, Аалымдар кеңешинин “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланган документте чогулган акча кандай которулганы жана ушул тапта анын канчасы кемип турганы кенен жазылган.

2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9526 адам катталган. Мунун ичинен 5519 зыяратчы ар бири муфтияттын банктык эсебине 3350 доллардан төлөшкөн. Натыйжада чогулган жалпы 11 418 200 доллардын 1 894 155 доллары кемип турат. Былтыр пандемиядан улам ажылык үзгүлтүккө учурап, зыяратчылардын акчасы иштетилбей калган.

 
Categories

УЛУТТУК ВАЛЮТАНЫН КӨЛӨМҮ РЕКОРДДУК КӨРСӨТКҮЧКӨ ЖЕТТИ

Ушул жылдын март айынын аягында Кыргызстандагы банктарда улуттук валютанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 104 миллиард сомдон ашты. Маалыматты Улуттук банктын сайтынан көрүүгө болот. Башкы банк аманат катары жаткан акчаларды эсепке алууда. Кеп жеке жана юридикалык тараптар тууралуу болуп жатат.

Март айынын аягындагы маалыматтар боюнча, депозиттердин жалпы көлөмү 184 миллиард 359 миллион сомго жеткен. Анын ичинен 104 миллиард 61,3 миллиону сом менен, калганы чет элдик валюта түрүндө сакталып турат.

Буга чейин улуттук валютанын көлөмү болгону үч ирет 100 миллиарддан ашкан. Августта 100,6 миллиард сомдон көбүрөөк, сентябрда 100,6 миллиард сом, ал эми декабрда 103,3 миллиард сомдон көбүрөөк болгон.

 
Categories

«ӨЗҮБҮЗДҮ ӨРТТӨЙБҮЗ». ПРИГОРОДНОЕ АЙЫЛЫНДАГЫ ОКУЯ

Чүйдүн Пригородное айылында аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, талаптарын коюп жатышат. Алар насыясын төлөй албаганы үчүн үйлөрүн алдырып жиберебиз деп нааразы болушуп, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады. Окуя болгон жерге Чүй облусунун жана Аламүдүн милициясынын жетекчилиги менен кызматкерлери жөнөп кетти.

“Учурда милиционерлер жергиликтүү бийлик менен аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, кызматкерлер коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чараларды көрүүдө”, – деп билдирди Чүй ОИИБ.

Социалдык түйүндөргө тараган кадрлардан айыл өкмөтүн басып алган аялдардын колунда бензин куюлган бөтөлкө жана газ баллону бар экенин көрүүгө болот. Жерине Чүй облусунун башчысы да барганы айтылды.

 
Categories

ТАЛАПКЕРЛЕР ШАЙЛООГО КАНЧА КАРАЖАТ КОРОТУШТУ?

 

Жергиликтүү кеңештин депутаты болууга аттанган талапкерлердин шайлоо фондуна 155,2 миллион сом чогулуп, үгүт иштерине анын 150,2 миллион сому коротулду. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.

28 шаардык кеңешке шайлоого 59 партия катышып жатат. Алардын шайлоо фондуна 122 531 102 сом келип түшкөн. Үгүт өнөктүгүнө бул сумманын 120 337 305 сому коротулганы белгилүү болду.

Ал эми айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондуна 32 670 643 сом чогулган. Анын ичинен 29 912 159 сому жумшалган.

 
Categories

МИКРОКРЕДИТ АЛГАНДАР КӨБӨЙДҮ

Былтыркы жылы Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 13,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

“2020-жылдын январь-декабрь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан дээрлик 707 миң адамга 31,1 миллиард сом насыя берилген. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 13,2 пайызга, каражаттын көлөмү 3,2 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт”, – деп айтылат маалыматта.

Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош жана Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын, ошондой эле Чүй облусунун тургундарына берилген. Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 33,6 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат.

Экинчи орунга керектөөчүлүк, үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү чыкты.

 
Categories

АКЧА ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

Кечээ, 22-мартта Кыргызстанда акча жумалыгы башталды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жумалык өлкөнүн бардык аймактарында «Өзүңө сак бол, акчага бек бол!» деген ураан менен өтүп, 28-мартка чейин уланат.

Кыргызстан жаштардын каржылык жактан мыкты билим алуусуна мүмкүнчүлүк берүү, аларды акчаны туура жана сарамжалдуу колдоно билүү маданиятына үйрөтүү максатында Дүйнөлүк акча жумалыгын 2015-жылдан тарта өткөрүп келет.

Бир жума ичинде Улуттук банк, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар, анын ичинде коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары бардык санитардык талаптарды сактоо менен каржылык сабат боюнча жалпы билим берүү иш-чараларын: мектептерде каржылык сабат сабактарын, университеттерде көчмө дарстар менен тренингдерди, коммерциялык банктарда саякаттар менен ачык эшик күндөрүн, улуттук видеороликтер жана балдардын тарткан сүрөттөрү боюнча сынактарды, өзгөчө капчык сынагын өткөрүшөт.

 
Categories

ИПОТЕКА АЛУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТ ДАЯРДООГО КАНЧА УБАКЫТ КЕТЕТ?

Азыр мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга болгону жарым сааттык убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.

“Мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу. Азыр ар бир адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу жарым сааттын ичинде ишин бүтүрүп алат. Портал “Түндүк” системасына кошулган. Андыктан мурда жаран кезекте туруп, кагаз түрүндө алган документтерди азыр өзүбүз даярдап алабыз”, – деди Абжапарова.

Ошондой эле ал учурда бул багыт бир топ өнүккөн Азербайжан менен тажрыйба алмашуу болуп жатканын кошумчалады.

 
Categories

“ОШ ЭЛЕКТР” ААК ЖООПТУУ АДАМДАРЫ БЮДЖЕТКЕ ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН

“Ош Электр” ААКтын жооптуу адамдары мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. Ага ылайык, коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Ош Электр” ААКга карата сотко чейинки өндүрүш башталды. “Аталган ААКтын жооптуу адамдары Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп, жалпы аянты 619,66 чарчы метр болгон административдик имаратты сатышкан. Ош Электр” ААКтын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда “Ош Электр” ААКтын жооптуу адамдарын жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат”, – деп жазылат маалыматта.

 
Categories

БЮДЖЕТКЕ 62 МИЛЛИАРД 958 МИЛЛИОН СОМ ЖЫЙНАЛДЫ

Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 62 миллиард 958 миллион сом салык жыйнады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгиленген план 100,2 пайызга аткарылды же 107 миллион 3 миң сомго ашыгы менен чогултулду. 2019-жылга салыштырмалуу салыктар республикалык бюджетке 324 миллион 7 миң сомго көп жыйналды. Салыктар боюнча план өткөн жылдын ноябрь айында республикалык бюджетке Салык кызматы үчүн мурда белгиленген планды 3 миллиард 58 миллион 3 миң сомго көбөйтүү менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алганда ашыгы менен аткарылды.

 
Categories

ОШ: БАЛАТЫГА 700 МИҢ СОМ КОРОТУЛДУ

Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балатыны жасалгалоого шаардык казынадан дээрлик 700 миң сом жумшалды. Бул боюнча маалымат мамлекеттик сатып алуу боюнча расмий порталга жарыяланды. Балатыны жасалгалоону Ош шаардык маданият башкармалыгы 782 миң сомго баалап, тендер жарыялаган. Натыйжада буга чейин бир нече жолу уткан Беделов Бакыт бул ишти 699 620 сомго баалап алды. Буга чейин Ош шаарында жаңы жылды майрамдоого каражат бөлүнбөй турганы айтылган болчу. Аянтты кооздоо, балатыны жасалгалоо сыяктуу жумуштарга бир жыл мурун шаардык казынадан 1 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.