Categories

ТЫШКЫ КАРЫЗДЫ ТӨЛӨӨ ЖОЛУ

Финансы министрлиги Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачуу боюнча чыккан токтом долбоорун жарыялады. Анда бардык каалоочу жарандар, ишкерлер же юридикалык тараптар өлкөнүн карызын төлөө үчүн каражат которо алары жазылган. Эсеп ачууга калктын карыздан кутулууга көмөк көрсөтүү ниети менен кайрылганы негиз болгон. Мындай жол менен республикалык бюджетке келтирилген оорчулукту жеңилдетүү көздөлүп жатат. Финансы министрлиги 30-сентябрга карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 171 миллион доллар экенин билдирди. Ал эми жыл башынан бери 9 миллиард 991 миллион 400 миң сом төлөнгөн. Анын ичинен 7 миллиард 446 миллион 400 миңи — негизги сумма, калганы пайыздары. Бул сумма республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 8,4 пайызын түзөт. Финансисттер тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги 2025-2031-жылдарга туш келерин белгилейт. Ал учурда жыл сайын 400 миллион доллар которуп туруу шарт.

 
Categories

КАРЫЗДАН КАНТИП КУТУЛАБЫЗ?

Кыргызстан тышкы карызынан өз ресурстары менен кутула алат. Бул тууралуу 3-ноябрда “Region” телеканалына курган маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди. Ал тышкы карызды төлөө үчүн элден жардам сунуш кылынып жатканын, бул үчүн Финансы министрлиги президенттик фонд түрүндө атайын эсеп ачканын айтып, ал тууралуу эртең-бүрсүгүнү жарыяланарын кошумчалады. Ошону менен катар Жапаров бул маселени чечүүдө ички жаратылыш ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгиледи. Айтымында, өзүбүздүн эле ресурс менен кутулуп койсок болот. «Аны сүйлөшүүлөр жолу менен чечишибиз керек. Кайсы жерден кантип кутулсак болорун алдын ала болжоп койдук”, – деди Жапапров. Кыргызстан тышкы карызынын быйыл төлөнүүчү төрт миллиард сомдон ашуун каражатынын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатканын жакында Финансы министрлиги кабарлаган.

 
Categories

10 МИҢДЕН АШЫК КИШИНИН ЖАРЫГЫ ӨЧҮРҮЛӨТ

Эртең, 29-октябрдан тарта Бишкекте карызы бар 10 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Ишкана “Акылдуу эсептегич” орнотулган үйлөрдүн жарыгын аралыктан туруп эле өчүрөт. Ошол себептен карызды бүгүн төлөөгө чакырышты. Мекемеден билдиришкендей, карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, “БТА Банк”, ошондой эле UMAI, “Элсом” электрондук капчыктары, “Кыргызстан” коммерциялык банкы, “Айыл Банк”, “Дос Кредо Банк”, “БТА Банктын” терминалдарынан жана “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы аркылуу төлөөгө болот. Аталган компания Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын электр энергиясы менен камсыздайт.

 
Categories

Мамлекеттик карыздын көлөмү көбөйүүдө

Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин маалыматына ылайык 2021-жылы мамлекеттик карыздын көлөмү ички дүң өнүмдүн 65 пайызына барабар болот.
Тактап айтканда 415,7 миллиард сомду түзөт.
2021-жылдын мамлекеттик бюджеттинде тартыштык 7 миллиард 38,8 миллион сомду түзөөрү көрсөтүлгөн.
Бул маалымат өлкөнүн 2021 – 2023 – жылдарга карата фискалдык саясатындагы негизги багыттарында белгиленген.