Categories

УКМК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АТЫНАН ЖАЗЫЛГАН КАЙРЫЛУУНУ ТӨГҮНДӨДҮ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Жапаровдун атына кызматкерлеринин атынан жазылган кайрылууну төгүндөдү. Мекеменин басма сөз кызматы соцтүйүндөргө тараган кайрылуу жалган экенин маалымдады.

«Мындай билдирүүлөрдү чагымчыл, атайын кызматтын ишмердигин каралоону каалагандар таратып жатат. Акыркы убакта коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлүшү – пара алуу, опузалап акча алууга, бюджетти уурдоого, аткезчилик жана башка коррупциялык иштерге бут тосулганы – айрымдарга жаккан жок. Ошондуктан УКМКны шайлоо жараянына кийлигишип жатат деген маалыматтар да атайын жасалган чагымчыл калп. Атайын кызмат тескерисинче, шайлоодо саясий, административдик жана башка басым-кысымдарга жол бербөөнүн үстүндө иштеп жатат», – деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат билдирүүсүндө бийликтин кийлигишүүсү менен өткөн 2020-жылкы парламенттик шайлоонун аягы кандай бүткөнүн эскерткен. Буга чейин “Фейсбукта” президент Жапаровдун атына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн даттануу жарыяланган.

 
Categories

“Азаттык” түз эфир учурунда кокустан коюлуп кеткен шылдың, айкырык үндөр үчүн кечирим сурады

“Азаттык” радиосу бүгүнкү президенттин инаугурациясын түз эфирде чагылдыруу  учурунда коюлуп кеткен шылдың, кыйкырык үндөр боюнча түшүндүрмө берип, Эфирди компьютер аркылуу социалдык платформаларга чыгарган техникалык кызматкердин катачылыгы болгонун жана берүү кетип жатканда кызматкердин башка интернет- баракчаларын байкабастан ачып жибергендиги менен түшүндүрдү мындан улам “Азаттык” радиосу  техникалык мүчүлүштүктөрү үчүн элден кечирим сурады.

Бүгүн президент Садыр Жапаров ант берип, президенттик кызматка расмий түрдө киришти.

 
Categories

КЫРГЫЗСТАН – ДҮЙНӨБИЙ ӨЛКӨ. ТАЛАНТ МАМЫТОВДУН КАЙРЫЛУУСУ

Бишкекте 26-ноябрда «Азыркы дүйнөбий мамлекеттеги ислам: конфессия аралык кызматташтык тажрыйбасы» деген темада эл аралык конференция өттү. Аны уюштурган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, конференция дүйнөдөгү азыркы диний абалды, ислам дининин дүйнөбий мамлекеттеги ордун жана ролун, конфессиялар ортосундагы кызматташтыкты талкуулоону көздөйт. Ал диний тармактагы демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана диний негизде басмырлоонун же радикалдашуунун алдын алуу максатында өткөрүлдү. Конференцияда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун иш-чаранын катышуучуларына жиберген кайрылуусу окулду. Ал өз кайрылуусунда бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстан дүйнөбий өлкө экенин белгилеп, бир да дин мамлекеттик же карманууга милдеттүү деп таанылбай турганын, себеби дин тутуу эркиндигине Конституция менен кепилдик берилгенин айтты. Ар бир жаранга каалаган динин тутуу же эч бирин тутпоо укугу берилгенин, ошондуктан Кыргызстан көп конфессиялуу өлкөгө айланганын, түрдүү диндерди тутунган эл ынтымакта, биримдикте эгемен өлкө куруп жатканын белгиледи.

 
Categories

Кочкоров: “жумуштан өз каалоом менен кеткенимди” Интернеттен окудум

Улукбек Кочкоров кызматын тапшырганы жөнүндө кабарсыз болгонун билдирди. 29-октябрда Кочкоров “Фейсбуктагы” баракчасына видео кайрылуу таратып, акыркы кырдаал боюнча пикири менен бөлүшкөн:

“Менин өз каалоом, арызым менен жумуштан кеткеним жөнүндө сиздер сыяктуу эле мен да Интернеттен билдим. Бул – трагедия эмес. Мени өкүндүрүп, ойлондурганы Кыргызстандын бүгүнкү абалы. Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстан саясий, экономикалык, калктын жашоо деңгээли боюнча чоң коркунучта, туңгуюкка келди” – деди Кочкоров.

Ал өлкөдөгү айлык акы, жөлөкпулдарды көбөйтүү боюнча программа иштеп чыкканы менен мурдагы жана жаңы келген бийлик көңүл бурбаганын кошумчалаган.

Кочкоров өз тарапкерлерин дал ушул программанын айланасында биригүүгө чакырган.

Кочкоровдун өз каалоосу менен кызматтан кеткени ушул апта башында жарыяланган. Анын ордуна вице-премьер-министрлик кызматын тапшырган Аида Исмаилова көрсөтүлүп, бирок парламент аны колдогон жок.

“Жаңы доор” саясий партиясынын лидери Улукбек Кочкоров министрлик кызматка 2018-жылы октябрда дайындалган. Ал быйыл октябрдагы парламенттик шайлоого бийликчил “Биримдик” партиясынын тизмесинде катышкан.

 

 
Categories

КР Президентинин м.а. Премьер-министр С. Жапаровдун расмий билдирүүсү

 

Урматтуу мекендештер!

Ушул күндөрү мамлекеттик бийлик бутактарына олуттуу милдеттер жүктөлүп жатат. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан мага өтө чоң жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктар берилди.

Мындан  улам, бизге ишеним арткан жалпы  журттун жүгүн көтөрүү үчүн бүгүндөн тартып мен расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарылайм. 

Максатым: 

– мамлекеттик бюджетти толтуруу, кошумча киреше алуу,

– өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз капиталды кайра кайтаруу,

– оффшордук эсептердеги акчаларды кайрып келүү,

– көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу,

– ишкердик чөйрөнүн баарына тең шарттарды түзүү,

– макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүү,

– өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу,

– мамлекеттик тышкы карыздарды төлөө.

Бул максатка жетүү үчүн:

Соңку 30 жыл бою эң кирешелүү тармактар болгон: энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен  ж.б. тармактарда:

– өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге,

– ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы чиновниктерге,

– ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен  мыйзамсыз ээ болуп алган атка минерлерге,

– салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга,

– кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге,

– мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна,

– министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине,

– бажычыларга жана финансисттерге –

30 КҮН УБАКЫТ БЕРЕМ!!!

Силер, өзүңөр деле, ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка   чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казнага кайтарып бергиле!

Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула.

Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла.

Жетишет!

Азырынча мен силерге УБАКЫТ  жана МҮМКҮНЧҮЛҮК берип жатам.

Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат.

Эскерте кетсем, бул иш-чара бир гана жолу болот.

Ошондуктан жогоруда аталган адамдар жакшылап ойлонуп, капиталына жана мыйзамдуу жүгүртүүдөн чыгарылган мүлкүнө мунапыс алуу үчүн ушул учурду колдонуп калышы керек.

Укук коргоо тергөө органдары менен кызматташып, ички инвестиция жасап,  акчаларды экономикабызга кайрып бергиле. Ошондо  баарыңарга административдик жана экономикалык кечиримдер болот. 

Мен декларациялануучу мүлктөр менен кирешенин  кол  тийбестигинекепилдик берем.

Мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде сыр сакталат.

Эгерде экономикалык амнистияны пайдаланбасаңар, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

Бул элдин талабы!

Бул мага ишенип тапшырган элдин мүдөөсү.

 
Categories

ПРЕЗИДЕНТ БИР ШАРТ МЕНЕН КЫЗМАТТАН КЕТҮҮГӨ ДАЯР

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. «Өлкөдөгү саясий кырдаал курч абалга жетти. Аны жөнгө салуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасайлы. Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоолор дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечимин кабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деп ишенем. Аны менен катар кризиске чейин иштеп келген Өкмөт башчысын жана өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирип, кийинки дайындоолорго мыйзамдуу жол ачуу керек. Жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана президенттин Жарлыгын чыгаруу зарыл. Мен тиешелүү Жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керек. Урматтуу мекендештерим, дагы бир ирет кайталайм — мен азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөйм. Мен үчүн эч бир кызмат мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес. Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, Өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң президенттик кызматтан кетүүгө даярмын. Саясий тараптарды элди бөлүп-жарбоого жана коомго бүлүк салбоого чакырам. Кудай колдоп, бардык саясий күчтөргө акыл-эстүүлүк, сабырдуулук берсин!”,- деп айтылат кайрылууда.

 
Categories

КР Премьер-министри Садыр Жапаровдун кайрылуусу.

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Бүгүн өлкөбүздө кырдаал кооптуу болуп турат. Себеби, жеке кызыкчылыгын көздөгөн топтор, жаш балдарга 2000 сомдон акча таратып, бүгүн, күндүзгү саат 13:00 гө Ала-Тоо аянтына элди топтоп, контрреволюция жасайбыз деген план түзүп жатышат.
Мисалы: Өмүрбек Бабановдун Жогорку Кенештеги депутаты Кенжебек Бокоев, кудасы Анарбек аттуу жаранга жана штаб жетекчиси Атакозуга, Таластан балдарды топтоп кел, акчасын берем деп жатат. Жогорку Кенештин депутаты, Бабановдун кан досу, Руслан Казакбаев, Улан Жээналиев аттуу жаш балага заказ берип, 30-40 бала топтоп кел деп, суранып жатат. Жогорку Кенештин депутаты Рыскелди Момбеков Камчыбек аттуу айылдаш агасына, Бишкектен жоро-жолдошторуңду алып чык, саат экиде биз ЖД вокзалдан, Бабановдор Азия Молдон, Атамбаевдер Форумдан, Алтынбек Сулайманов Кызыл Аскерден жөө жүрүш менен эл топтоп келип, Ала-Тоо аянтына топтолуп, Садыр Жараровду кан төгүү менен болсо да алмаштырабыз деп, план түзүп жатышат. Шылтоосу Садыр Жапаровду криминалдар да колдоп жатыптыр деген шылтоо экен.
Айланайын туугандар!
Бүгүнкү күнү мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн ким болсо да колдоого алса макул болот элем. Анткени стабилдүүлүк баарынан кымбат турат
Урматтуу аты аталган жана аталбаган туугандар! Эгер, бүгүн, ар кандай кандай баш аламандыктар болуп кетип, кан төгүлүүгө жол берилсе, анда ушул окуяга сиздер күнөөлүү болосуздар жана жоопко тартыласыздар.
Урматтуу жаштар!
Урматтуу туугандар!
Акча үчүн Мекениңдин келечегине балта чаппа!

Кыргыз Республикасынын премьер-министри
Жапаров Садыр Нуркожоевич
09.10.2020. 05:54

 
Categories

ТҮРКИЯ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АБАЛ ТУУРАЛУУ…

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин болгон окуялар терең тынчсыздандырарын билдирди. Министрлик «ал окуялар курчуп кетпей, шайлоого байланыштуу бардык пикир келишпестиктер Конституциянын алкагында, коомдун жарашуусу жана акыл токтотуп жөнгө салынышын каалайбыз» деп белгиледи. «Биз Кыргызстан мындай маселелерди акыл токтотуп жөнгө салыш үчүн саясий жактан жетилгендигин көрсөтөрүнөн жана эл тилектештигин билдиреринен күмөн санабайбыз. Биз дос жана боордош кыргыз эли жана өлкөдөгү бардык саясий топтор бирге иш алып барып, мындай сезимтал мезгилде Кыргызстандын тынчтыгы жана өнүгүшү үчүн тилектештигин көрсөтөт деп ишенебиз», – деп айтылат билдирүүдө.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

 

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Кадырлуу калайык-калкым,

Урматтуу мекендештерим!

Дүйнө эли менен бирге, биз да капыстан келген илдетке туш болдук. Тарыхыбыздагы кыйын учурду башыбыздан өткөрүп жатабыз.

Бул апаат биздин элибизге да кайгы алып келди. Илдеттин кесепетинен ондогон мекендештерибизден айрылып калдык. Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн өмүрүн арнап, элим, жерим деп жашаган инсандарыбыз кайтыш болду.

Каза болгондордун жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Өз жакындарын жоготкон мекендештерибиздин аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

Дарыланып жаткан бейтаптарыбызга Кудай шыпаасын берсин деп тилейбиз.

Кадырлуу калайык-журтум!

Азыр элдин саламаттыгы үчүн аёосуз күрөш болууда. Бул күрөштүн ийгилиги — элдин биримдигинен көз каранды. Ынтымак, тилектештик менен ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти бийик сезсек, бул илдетти жеңебиз.

Бүгүнкү күндүн баатырлары — дарыгерлерибиз өз өмүрүн тобокелге салып, көзгө көрүнбөгөн душман менен жанын аябай, кармашып жатат. Алардын ак эмгегине таазим этип, терең ыраазылык билдирем.

Урматтуу кыргызстандыктар,

Адам өмүрү — баарынан кымбат. Өлкө президенти катары мен үчүн мындан өткөн ыйык да, бийик да түшүнүк жок. Ар бир жараныбыздын саламаттыгы — мамлекеттик мааниге ээ.

Жооптуу аткаминерлерден элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштешин талап кылып жатам. Азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдүн чечилиши жеке өзүмдүн, Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө.

Кайсы өлкө болбосун, элдин бийликке болгон талабы күчөөдө. Бул табигый көрүнүш. Бизде да элдин талабы, кайсы бир маселелер боюнча нааразылыгы ачык айтылууда.

Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп алардын тез чечилишин каалайм.

Бул 30 жылдан берки  топтолгон көйгөйлөр деп актанып отурууга, күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок. Ошондуктан, тынбай иштеп жатабыз.

Болгон аракет көрүлөт жана милдеттер аткарылат!

Урматтуу элим, кадырлуу калкым,

Эл башына түшкөн азыркы оор сыноо ынтымагыбызды чыңдады. Ишкерлерибиз, ыктыярчылар, деги эле кайдыгер эмес мекендештерибиз жардамдарын көрсөтүүдө.

Мындан ары да бекем ынтымакты, ширелген биримдикти, нукура тилектештикти көрсөтөлү. Жоопкечилик — ар бирибизде. Ар бир жаран — өз үй-бүлөсү, балдары үчүн жоопкер. Менин жоопкерчилигим — элимдин алдында. Сиздердин колдооңор менен бул кыйынчылыктарды жеңебиз. Мен сиздерге ишенем, урматтуу мекендештерим.

 
Categories

“Катардагы солдатмын”- К.Ташиев кайрылуу жасады

Буга чейин эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшкөн Камчыбек Ташиев Facebook социалдык тармагындагы баракчасынан элге кайрылуу жасады.

Элимдин дубасы, ак тилектери, Аллахымдын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды! Миңдеген адамдардын телефон, ватсап жана башка суроолоруна, каалоолоруна жооп бере албадым, туура түшүнүңүздөр, баарыңыздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды. Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы солдатымын! Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта жеңебиз!” – Камчыбек Ташиев  09.07.20ж.