Categories

Айыл чарба министри кызматына талапкер көрсөтүлдү

Коомчулуктун көңүлун бурган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлик кызматына ким барары белгилүү болду. Бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган министрликте министрдин орун басары болуп эмгектенген, 55 жаштагы Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетинин жыйынында сунуштады.

Ал эми өзүн-өзү аталган кызматка сунуштаган ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги колдоо тапкан жок. Өкмөт башчы министрлик кызматка иштеш үчүн тажрыйба болуш керектигине токтолду.

Ал эми  Санжар Мукамбетов да Экономика министрлик кызматына сунушталганы маалым болду.

 
Categories

Өкмөт Токтогазиевдин талапкерлигин колдогон жок

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин айыл чарба министрлигине талапкерлигин колдогон жок. Бул тууралуу Абылгазиев конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Парламенттин регламенти комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

“Тилек Токтогазиев — жаңыча көз карашы бар жаш ишкер. Күнөскана бизнеси чөйрөсүндө эмгектенет. Бирок жаштыгы менен билиминен сырткары анын тажрыйбасы да болушу зарыл”, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эске салсак, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиев өзүн көрсөтүп, анын  талапкерлигин  “Бир Бол” фракциясы сунуштаган.

 
Categories

Айыл чарба министрлигине өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн жаш ишкердин өмүр баяны

Айыл чарба министри болуп иштеп берүүгө даяр экендигин айткан жаш ишкер Тилек Токтогазиев 1990-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:2013-жылы Кыргыз-Россия славян университетин “эл аралык мамилелер” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2009 — алгач сүт коктейлдерин сатып, кийин медициналык жабдууларды ташыган “Лависта” ишканасын негиздеген;
  • 2012 — муктаж болгон үй-бүлөлөргө күнөскана иштетүү боюнча социалдык долбоорун баштаган;
  • 2014 — жабык жерде жер-жемиш өстүрүү менен алектенген “Жашыл чарба” компаниясын негиздеген;
  • 2018 — Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын, Кыргызстандын социалдык ишкерлер ассоциациясынын жана Бишкек ишкердик клубунун мүчөсү.

2017-жылы “Аракет – 2016” улуттук сыйлыгына “Жылдын эмгекчили” номинациясына татыган. Ошол эле жылы Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан “Экономикага кошкон салымы үчүн” Ардак грамота алган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Белгилей кетсек, 23-майда Айыл чарба министри Нурбек Мурашев отставкага кеткен.

 
Categories

Президент Панкратовду жана Мурашевди кызматтан бошотту

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, бүгүн, 27-майда, Панкратов Олег Михайлович Экономика министринин кызматынан жана Мурашев Нурбек Мурпазылжанович Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулушту.

Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

 
Categories

28 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев колдоо тапты

«Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу өзүн – өзү Айыл чарба министри кызматына сунуштаган  “Жашыл чарба” аттуу агрохолдингдин негиздөөчүсү, 28 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев колдоо тапты. Мындай дегенибиз, Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясы жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин  айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин кызматына  көрсөткөндүгү тууралуу  аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

Анда ал өкмөт башчысы бул сунушуту колдой тургандыгына ишенимин билдирген.

 
Categories

Жаш ишкер Айыл чарба министри болуп иштеп берүүгө даяр

Жаш ишкер Тилек Токтогазиев айыл чарба тармагына ири реформа керектигин жана өзү Айыл чарба министри болуп иштеп берүүгө даяр экенин өздүк баракчасына жазды.

Анда ал реформа жасоо үчүн долбоору даяр турганын да кошумчалаган.

“Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кызматына өз талапкерлигимди расмий түрдө көрсөтөм. Себеби, мен дагы көптөгөн фермерлерибиз сыяктуу эле өзгөрүүнү күтүп тажадым. Бул тармакты иретке келтирүү убактысы келди, айыл чарбаны өнүктүрүү керек”, — деп жазган ишкер Токтогазиев.

Белгилей кетсек, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Готов взять ответственность за проведение кардинальных реформ в сельском хозяйстве.Официально выдвигаю свою…

Опубликовано Тилек Токтогазиев Пятница, 24 мая 2019 г.

 
Categories

Экономика министри отставкага кетти

Экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Панкратов президент, премьер жана депутаттар тарабынан көп сын айтылгандыгы үчүн кызматтан кетүүнү чечкен.

Эске салсак, Панкратов өткөн жылдын 25-апрелинде кызматка киришкен.

 

 

 

 
Categories

Айыл чарба министри кызматтан кетти

Көптөн бери кызматы менен коомчулуктун купулуна толбой келе жактан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри  Нурбек Мурашев кызматынан кеткендиги маалымдалууда. Бул туурасында айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кечээ, да өкмөттүн жыйынында Нурбек Мурашев өкмөт башчыдан жеме уккандыгы маалымдалган болчу. Ал кызматтан өз арызынын негизинде кеткен. Премьер-министр арызды кабыл алган.

 
Categories

Абылгазиев Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев  Президент Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.

Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

 
Categories

Балыкчы шаарына 26 жаштагы Марат Кудайбергенов мэр болуп шайланды

Балыкчы шаарынын мэри болуп 26 жаштагы Марат Кудайбергенов шайланды.

Кудайбергенов Марат Сагынович – “Замандаш” депутаттык фракциясынан. 1993-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну. Билими жогорку – Ж. Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.

2011-жылдан 2017-жылга чейин – “Алыш Сервис” ЖЧКнын башкы директору;

2017-жылдын августунан КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;

2019-жылдан “КРнын Президентинин №2 мамлекеттик резиденциясы” ММнын маркетинг жана бош убакытты уюштуруу кызматынын начальниги.

Үй-бүлөлүк абалы – үйлөнгөн.