Куламбаева кызматтан кетти
Бишкек шаарынын вице-мэри Асел Куламбаева өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Учурда вице-мэрдин милдетин мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев аткарууда.
Куламбаева вице-мэрлик кызматта өткөн жылдын июнь айынан бери эмгектенип келе жаткан.