Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бейшенов Жанат Саматович Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри болуп дайындалды.
Жанат Бейшенов 1970-жылы Фрунзе шаарында туулган.
1993 — Кыргыз архитектуралык курулуш институтун аяктаган. Адистиги “инженер-куруучу”.
Кесиптик тажрыйбасын 2007 — 2010 — жылдары Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин окутуучусунан баштаган.
Кийинчерээк 1993 – 1996 — “Альтаир” өндүрүш жекке чарбасында, 1996 – 1997 — Россия менен биргелешкен “Эржан” компаниясынын директорук кызматын аркалаган.
Ал эми мамлекеттик кызматтарда иштөөнү 1997 – 1998 — жылдары премьер-министринин аппаратында референт болгон. 2000 – 2005 — Кыргызстандын Чехиядагы соода өкүлү;
2005 – 2006 — Транспорт жана коммуникация министринин орун басары. Акыркы эки жылдан бери Евразиялык экономикалык кеңештин Транспорт жана инфраструктура департаментинин темир жол бөлүмүнүн жетекчиси болгон.