Куудул Абдылда Иманкулов жакында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды.  Бул тууралуу Кабарлар.KG маалымат булагына айтып берди.

А. Иманкулов: “Сыйлык алганымдын таржы-макалы мындай. Көпчүлүктөр билген, уккан жок элем. Машинада кетип жаткам жана башка тиги, бу дегендей. Көрсө анын баары калп экен. Ошондо билдим. Себеби, сыйлыктарды алыш үчүн документтерди чогултуп бермейинче берилбейт экен.

Декабрдын ондорунда мага телефон чалышты. Тез арада документиңди тапшыр, президенттин тапшырмасы –дешти. Анан дагы он күндөй кармап жүрүп, анан тапшырдым.

31 – декабрда Ошто элем. Эрте менен саат 11 де Токтогулдан чалышып, сыйлык алганымды айтышты. Маалымат каражаттарына чыгыптыр. Береби, бербейби? -деп, жүргөм.

-Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алып жатканда өлкө башчысы кулагыңызга  шыбырап күлдүңүздөр. Табышмак болбосо эмне деп, айтты эле?

– Президент күлдү, мен да күлдүм. Ал жерде отургандарга билинбей калды. Үн күчөткүч алысыраак болуп. Себеби, биз бир интермедия ойногонбуз. Мен бир шляпа, плащ  кийип, ГАИ Кара – Кулжалыкмын десе “садага болоюн”- деп, жиберем. Ага чейин ГАИни абдан кыйнайм…

Маалымат каражаттары ошол эле жерин кесип көргөзүп жатышпайбы?

Президент да көрөт окшойт.чыгып келе жатсам,  “Оо садага болоюн, Токтогулдук кел эми”- деп, жатпайбы. Ошого күлдүк. Президент бизди караганга убактысы болобу, болбойбу? – деп, анча-мынча коё берчүбүз. Көрсө көрөт экен. Мындан кийин сагыраак болобузго…