Categories

Саясатчылар элди ойлойбу?..

Соңку күндөрү өлкөбүздө саясат жогорку чыңалууда турат.
Парламенттик шайлоону ыплас мыйзам бузуулар менен өткөргөн бийлик эл тарабынан жарым жартылай жазаланды.
Мындай дегеним президент Сооронбай Жээнбеков Акүйдөн куулганы менен дачасына жашынып иштеп жатат.
Өлкөбүздөгү кырдаал турукташып, баары мыйзам талаасына түшкөндө кызматымдан кетем деген президентти айрым саясатчылар менен жакын адамдары айткан сөзүнөн кайтууга үндөп жатат.
Эгер андай болсо анын кесепети канчалык кайгылуу жана өкүнүчтүү болоорун президент сезбей жатса анда чын эле абдан кейиштүү.
Кечээ Канат Исаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлоого жетишкен президент жана анын жан жөкөрлөрү кайра күчтөнүп баштадык дешсе чоң жаңылышат.
Парламенттен премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаровго жарлык чыгаруудан баш тартып, артка кайтаруусу чоң чырдын башталышына жол ачпаса болду.
Анткен менен президенттин антип артка кайтарууга укугу жок. Баш мыйзамда андай норма каралбаган.
Баш мыйзамда президент дайындайт же дайындабайт деген эле так эреже бар.
Үч күн ичинде президент кол койбосо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелип өкмөт иштей берет.
Демек Садыр Жапаровдун өкмөтү мыйзамга ылайык ишке киришти.
Демек президент жаңы эреже тапты.
Ушундан улам президент кырдаалды турукташтырмак түгүл кайра курчутууга жол ачты.
Өкүнүчтүү…
Анткени элдин маанайы такыр башка.
Жээнбековдун эл арасындагы кадыр баркы төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.
Демек анын мындан ары өлкөнү башкарууга такыр моралдык укугу калбады.
Ал азыр жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп коюуп кетем деген ойго келди.
Өткөн парламенттик шайлоону дал ушул президент таза, ачык өткөрө албай шерменде болдуго.
Анан эми кантип кайра шайлоо өткөрүүгө укуктуу болмок.
Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан борбордук аянтка чогулууда.
Кайрадан кооптуу абал жаралууда.
Саясатчылар бир пикирге келип, бардык саясий оюндарды токтотпосоңор болбойт.
Элди кыйнабагыла!
Элдин жашоосун, өлкөнүн экономикалык абалын ойлонгула!
Ансыз да көйгөйлөр өтө көп…

 
Categories

«КЫРК УРУУ ЖЕТИ ДУБАН» КЫЙМЫЛЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

«Кырк уруу Жети дубан» кыймылынын лидери жана анын тарапташтары аймактар аралык касташууну козутканы жана бийликти күч менен басып алууга чакырганы үчүн кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, социалдык түйүндөргө коомдук тартипти туруксуздаштырууну талкуулап жаткан жана бийликти күч менен басып алууга чакырган белгисиз адамдардын видеосу тараган. Аталган факт кечээ, 30-сентябрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 313-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) 2-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын жүрүшүндө видеодогу адамдардын өздүгү аныкталып, кечээ, 30-сентябрь күнү “Кырк уруу Жети дубан” кыймылынын 26 мүчөсү кармалып, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына алынып келинген. 26 жаран наркологиялык текшерүүдөн өтүп, анын жыйынтыгында 20 жаран баңгизат колдонгондугу аныкталган», – деп айтылат маалыматта. Учурда экспертизалар дайындалып, кыймылдын башка мүчөлөрүнө карата тиешелүү иштер жүрүп жатат.

 
Categories

Аманкуловду айыптаган митинг

Бүгүн Бишкек шаарында “Биримдик” партиясысынын төрагасы Марат Аманкуловдун айткан сөздөрүнө каршы митинг өтүүдө.
Марат Аманкулов белгилүү бир чоң жолугушууда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирген сөздөрдү айткандыгы интернет айдыңында ызы чуу жаратып жатат.
Интернет эле эмес бүтүндөй кыргыз коомчулугу абдан тынчсыздануу менен Аманкуловду кескин айыптоодо.
Чындыгында Марат Аманкуловдун ал айткандары чыккынчылыкка тете сөз болуптур.
Ал Орусиянын депутаттары менен жолугушуу учурунда кадимкидей эле аларга жагынуу, кошомат таризинде айтылган сөздөрү кыргыз мамлекетинин көз карандыгына шек келтирген сөздөр экендиги көрүнүп эле турат.
Ушундай өз элинин чыккынчылары бийликчил партиянын башында тургандыгы абдан өкүнүчтүү жана коркунучтуу.
Андыктан Аманкуловду ал жетектеген партиянын Лидерлигинен жана шайлоо тизмесинен тез арада чыгаруу зарыл.
Антпесе коомчулук Аманкуловдун Евразиячыл чакырыктарынын артында чоң күмөндүү иштер бар экендигин жана анын артында бийлик турушу мүмкүн деген чоң кооптонуу жаралууда.

Аманкуловду айыптаган митинг Аманкуловду айыптаган митинг Аманкуловду айыптаган митинг Аманкуловду айыптаган митинг

 
Categories

Сел жүрүп 100 дөн ашык адам набыт болду

Кечээ Ооганстандын Парван провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин катуу сел жүрүп миңден ашык турак жайларды уратып, жүздөн ашык киши набыт болду.
Учурда дайынсыз жоголгон адамдар изделүүдө.
Провинциянын жетекчилиги дале болсо набыт болгондордун саны так эместигин жана дагыда сандар өсүп жатат дейт.
Ооганстанда жыл сайын сел жүрүшүнөн жүздөгөн адамдар набыт болушат.
Өлкө президенти Ашираф Гани жабыр тарткан элге тезирээк жетиштүү жардамдарды көрсөтүүнү буйруп, кырсыктын кесепетин жоюу үчүн зарыл тапшырмаларды берди.

 
Categories

Тынбай эле сел жүрүүдө

Акыркы апта ичинде өлкө аймагында мезгил мезгили менен нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрүүдө.
Тогуз-Торо, Кара-Кулжа, Нарын, Жети-Өгүз, Ноокен райондорунда сел жүрдү.
Аталган райондордун баарында бактыга жараша чоң кыйроолор болгон жок.
Анткен менен ички чарбалык көпүрөлөрдү, жолдорду бузуп кетти.
Селдин кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары ыкчам иш алып барды.
Негизи эле быйыл жаз алды менен Кыргызстандын көпчүлүк райондорунда сел жүрүп, жаратылыш кырсыктары токтобой эле болуп туру. Алардын эң эле чоң зыянга учуратканы Лейлек районунда болду.
Анда турак үйлөрдү, короо жайларды сел каптап, кыйроолорго учураткан.

 
Categories

Өткөн кылымдан бери бүтпөгөн мектеп (видео)

Чүй облусуна караштуу Чүй районунун Садовое айылында 1990-жылдардын аягында башталган Иса Үкүев атындагы 504 орунга ылайыкташтырылган орто мектептин курулушу бүгүнкү күнгө чейин толук бүтпөй келет.

Бул көйгөй менен биздин редакцияга жергиликтүү жашоочулар кайрылышты.

Маалыматка ылайык, 1997-жылы  мектептин курулушу толук бүтө элек кезинде 1-2-кабаты колдонууга берилген.

2001-жылдан баштап бүтпөгөн объекти мамлекеттик бюджетке киргизүү үчүн Билим берүү министрлигине, Каржы министрлигине бир нече ирет кайрылуу жолдонгон.

Натыйжада 2007-жылы мектептин 3-кабатын бүтүрүү иши мамлекеттик бюджетке киргизилген. Бирок курулуш компаниялары алмашып кетип, алар өз-ара келише албагандыктан курулуш иши улантылбай калган.

Буга чейин 360 окуучу эки нөөмөт менен окуп келишкен. Жаңы окуу жылында мектепке кире турган балдардын саны көп болгондуктан, класстар жетишпей калат.

Айыл тургундары мектептин бүткөрүлүшүн 20 жылдан ашык убакыттан бери күтүп келишет.

 

 
Categories

Баткенде өрүк мөмөлөрүн үшүк алды.

Баткенде өрүк мөмөлөрүн үшүк алды.
9-апрелден 10-апрелге караган түнү аба ырайы минус температура болуп, Баткендин байлыгы болгон өрүк мөмөлөрүн үшүк алды. Бул тууралуу Баткендик ишкер Турсунали Толомушев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Баткенде өрүк мөмөлөрүн үшүк алды.
Кичинекей өрүк горолорү үшүк алып, карарып суу болуп калды. Өткөн жылы ыссык алып түшүм начар болгон эле, быйыл суук алды, дейт.
Жараткандын сыноосуна сабыр кылгандан башка арга жок.
Баткенде өрүк мөмөлөрүн үшүк алды.Кыргызстандын Баткен өрөөнү өрүк менен таанымал. Акыркы жылдары өрүктөн эле эл 7 млрд. сом пайда көрө башташканын расмий бийлик жарыялап келет. Жергиликтүү тургундар чет өлкөлөрдө сатып жатышат. Анткени, бул аймакта өрүктүн көптөгөн түрү өндүрүлүп, анан абдан кургатылып КМШнын бир катар өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат.

Баткен өрүгүнүн өзгөчөлүгү – эттүү келип, аш болумдуу. Аймакта өрүкзар 7 миң гектардан ашык аянтты ээлейт. Анын 500 гектары “ак өрүк” сорту. “Ак өрүк” эрте бышып, сыртка эртерээк экспорттолот. 2-апрель Баткенде өзгөчө майрам, анткени дал ушул күнү “Өрүк күнүн” белгилеп, жаш көчөттөрдү отургузушат. Баткен өрүгүнүн түрү көп.

Булак САЛАМ МЕДИА

 
Categories

Ак-Босоголуктарды алдаган “Бактимир” курулуш компаниясынин ишин УКМК иликтейт

2017-жылы Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы “Бактимир” курулуш компаниясы «Ак-Босого» жаңы конушундагы канализациялык түйүндөрдүн салуу боюнча    20 млн. 387 миң 938 сомго келишим түзгөн.  Мэриянын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, курулуш иштери 2019-жылдын 15-апрелинде соңуна чыкмак. Бирок, Манас көчөсү менен Чүй 15 көчөлөрүнө 1000  метр жер калганда курулуш иштери токтоп калган.

Ошондой эле Тулебердиев жана Профессор Зима көчөлөрүндө  210 метр канализация түйүндөрүн салуу иштери токтотулган.

Тилекке каршы башкармалыктын дагы, Биринчи май акимиатынын кызматкерлери дагы, “Бишкексууканал” ишканасынын кызматкерлери дагы “Бактимир” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жоопко тарта алышкан эмес. Ал эми бул көчөлөрдүн жашоочулары ылай жол менен күнүгө басып келишет.

Жыйынтыгында бул ишке Бишкек шаарынын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр   Уланбек Азыгалиев аралашууга аргасыз болуп, материалдарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жиберди. Териштирүү иштери башталып, 2020-жылдын 3-мартында соттук отурум өтөөрү белгилүу болду.

 
Categories

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13,7 млрд кубметр

Токтогул суу сактагычындагы сунун көлөмү учурда 13 млрд 770,14 млн. кубметрди түзгөн. Бул тууралуу ААК «Электрдик станция» ишканасы тараткан маалыматта айтылат.

Ал эми бир жыл мурда ушул эле убакта 16 млрд. кубметрдин тегерегинде суу бар болчу.

Учурда сунун агымы секундасына 154 кубметрди түзгөн, чыгаша – секундасына 652 кубметр.

 
Categories

Токтогулда суу аз бирок, өлкөдө жарыкты өчүрүү болбойт

Учурда Токтогул суу сактагычында 14 млрд 580,45 млн. кубометр суу бар. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коому билдирди.

Ал маалыматтарга караганда, быйыл аба ырайынын шартына байланыштуу суу сактагычка куюлган суунун көлөмү аз болгон. Тактап айтканда, Токтогул суу сактагычында 2 миллиард куб метрге суу аз топтолгон. Бул – 2 миллиард кВт саат электр энергия дегенди билдирет.

Ошенткен менен  өлкөдө жарыкты өчүрүү болбойт.